Жазуучулардын эки базары

Таанымал жана белгисиз жазуучулар жөнүндө

Таанымалдуулук – таңсык товар сыяктуу, андыктан баардыгына тегиз жете бербейт. Эгер китеп дүкөндөрдүн саткан товары боюнча талдай турган болсок, адабият арабасын жыйырмадай жазуучу гана тартып бараткансыйт. Ушул эле учурда Орусиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү катары миңден ашык жазуучу катталганы белгилүү. Ошентсе да белгилүү жазуучуларга караганда көбүнчө калың элге белгисиз Жазуучулар союзунун мүчөлөрү мазмунга бай адабий жашоо кечиришет. Жагдай сынчыл мамилеге татыктуу, анткени жыйынтыктай келгенде жазуучулар бир максатты көздөшсө да бири-бирине көз карандысыз жана өз алдынча эки базар жүргүзүшөрүнө күбө болобуз.   

Адабий кененчилик

Башкасын айтпаганда да орустун эки борборунун адабий жашоосу кайсы доор болбосун дайыма жалбырттап турчу, бирок азыркы абалды өткөн кездер менен таптакыр салыштырып болбойт. Анткени учурда иштеп жаткан кандай автор болбосун (кайсы жанрда иштесе да), ал тургай жаңы гана чыгарма жаратууга киришкен чийки калемгер болсун, өз чөйрөсүн же үзөңгүлөштөрүн таап, адабий кызыкчылыгын канааттандыра алат.

Орусиянын Жазуучулар союзу жана анын аймактардагы бөлүмдөрү бардык каалоочуларга өтө көп сандагы семинарларды, мастер класстарды өткөрүп турат, китеп басып чыгаруу тармактары акын-жазуучулар менен жолугушууларды байма-бай уюштурушат, музыкалык клубдар (анын ичинде түнкү клубдар да) дагы жазмакерлерди чогултуп жүрөт. Андыктан авторго жандуу адабий жашоо өткөргүсү келсе бул кыйынчылык жаратпайт.

Адабий иш-чараларда көрүнүктүү адабиятчылар менен, адабий журналдардын редакторлору менен жолугушуп, калемдеш досторду таап, алардын окуусундагы ырларды угуп, китептеринин бет ачар аземдерине катышууга болот. Эгер Жазуучулар союзунда уюштурулган адабий иш-чараларга же кандайдыр бир секцияларга үзгүлтүксүз катышып турсаң, алардын жетекчилери менен чын дилиң менен иштешсең акыры өз китебиңди чыгарып (өз акчаңа), анан жакшынакай күндөрдүн биринде Жазуучулар союзуна мүчө болуу бактысына ээ болосуң. 

Мына ал – бир эмес бир нече китеп чыгарган, чыгармалары адабий журналдарга байма-бай жарыяланган, бул эмгектери үчүн калем акы алган, адабий конкурстарга катышкан, жазуучулардын жолугушууларынан калбаган Жазуучулар союзунун жаңы мүчөсү.

Ушунун эле башка тарабы

... Мына анын дагы бир калемдеши. Анын жашоосу таптакыр башка өңүттө уюштурулган. Күнү бою ал кол жазмасынын үстүндө үңүлүп отурат, жаңы чыгармасы бүткөндө гана басмакананын редактору менен жолугуша баштайт, ушул эле китеп чыгаруучу ишканага калем акы үчүн же китебинин мукабасын талкуулап, ага чапталчу сүрөтүнүн фотосессиясына барат, анын бет ачар аземинде окурмандардын суроолоруна жооп берет, колтамгага кол коёт, гезит үчүн маек берет, деңизге эс алганы барып келет да кайра эле жаңы чыгарманын үстүндө баш көтөрбөй иштеп баштайт. Бул таанымал жазуучу.  

Бул жердеги акылга сыйбай турган жагдай: анын эч кандай жигердүү түрдө адабий жашоо сүрбөгөнү, башкача айтканда, ал эч кандай акын-жазуучулардын жолугушууларына барбайт, Жазуучулар союзуна мүчө болбойт. Анын жогору карай кеткен жолу китеп басып чыгаруу сыяктуу убаракечиликтер менен байланышпашы мүмкүн. Басып чыгаруучу авторду өзү издеп таап, кандайдыр чыгармасын китепке айлантыш үчүн келишим түзөт, калем акысын бычат. Ушул эле план боюнча басып чыгаруучу авторду таанымал кылыш үчүн жарнамалоо кампаниясын жүргүзөт. Башкача айтканда, басып чыгаруучу жазуучунун ийгилигинин коштоп-сүрөөчүсү болуп саналат, жок эле дегенде ал калемгер менен окурман ортосуна көпүрө болуп берет.

Анткен менен автордун китебин сатып алуу же сатып албоо менен акыркы өкүмдү окурман чыгарат.

Эки ача жолдогулар

Мына базарын өз-өзүнчө жүргүзүп, ача жолдо бараткан эки адабий дүйнө. Жагдай акылга сыйбагыдай – окурманга белгилүү жазуучулар дүйнөсү менен бирге тигил же бул авторго ишеним арткан басмаканалар заманбап адабий жараянды калыптандырышат. Ал эми Жазуучулар союзуна мүчө болуп, анын чогулуштарына, иш-чараларына катышып, калемдештерди күткөн авторлор чөнтөк үчүн эмес жан дүйнө үчүн иштешет, ушундан улам да өз эсебинен китеп чыгарышат, өз чөйрөсүнө чыгармачыл кечелерди өткөрүшөт, бирок элге белгисиз бойдон калышат. Алардын жолу көп учурларда жазуучулук даңкка жеткирбейт, китеп дүкөндөрдүн текчелерине алып барбайт, андыктан адабий жараяндарга таасир этпейт, анткени мындай авторлор окурмандарга белгисиз бойдон калат.

Ал эми басмакалардын баамына урунууну бардык авторлор бакыт кушун кармап алууну эңсегендей кыялданышат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

“Пиши. про писателей” сайтынан алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз