Жазуучуга адабий билимдин кереги барбы

  • 08.07.2020
  • 4612

Төмөндөгү суроолорго жооп издейбиз: жазуучуга «адабий» билим керекпи? Ал жаңы жаза баштаган авторго жардам береби? Таланттуу автор адабий билимсиз ийгилик жарата алабы?

Жазуучуга кесиптик билим алуунун зарылчылыгы барбы деген суроонун тегерегиндеги талаштуу талкуу чыгармачыл адамдардын ортосунда эзелтеден бери эле кызуу жүрүп келет. Ал эми адабиятты окуп-үйрөтүүчү программалар жылдан жылга көбөйүп барат. Биз жазуучу болгусу келгендер адабий билим алышы керекпи же сүйлөм түзгөндү, текст жазганды үйрөнүп алса эле жетиштүүбү деген суроолорго жооп издедик.   

Кудайдан берилген касиетти билим менен күчтөөгө болобу?

Дарыгерге же юристке, инженер менен мугалимге кесиптик билим керекпи? Мындай суроого ким болсо да ойлонбой туруп “керек” деп жооп берет. Ал эми жазуучу болуш үчүн билим керекпи? – деген суроо талаш жаратат. Жазуучулуктун табиятын түшүнбөгөн бирөөлөр: “Билимсиз кантип жазуучу болсун?” - деп айтышы мүмкүн. Албетте, жазуучу чыгарма жаратуунун жолдорун, сабаттуу жазганды, текст түзгөндү, адабий жанрлардын табиятын билүү сыяктуу айрым кесиптик зарылдыктарды билиши керек. Ошентсе да бул билимдер жазуучу үчүн негизги эмес. Кантип эле негизги болбосун дегендерге төмөндөгү мисал жакшы жооп болот ко дейм. Жазуучу сабатсыз болгону менен ичиндеги оргуштаган ойлорун кимдир-бирөөгө айтып берип жаздырса, анча-мынча убаракерчилик жаралса да чыгарма жаралып атпайбы. Мындай чыгарманы академиялык билими бар, бирок таланты жок адам жарата албасы айдан ачык.  

Ооба, адабият деген өзгөчө иш, кандайдыр чыгарма жазыш үчүн билимден мурда талант керек (болбосо филология же адабият боюнча билим алгандардын баары эле чыгарма жарата бермек). Ал эми хирург болуш үчүн ким болсо да тиешелүү билим алса, өздөштүрүүгө дитин койсо, эмгектенсе, тырышса акыры бул кесипти өздөштүрүп кете алат. Жазуучу сыяктуу талант талап кылынган чыгармачыл кесиптерди эч ким мындай аракеттери менен үйрөнө албайт. Талант деген айтылуу акын Анна Ахматова айткандай сөөл сыяктуу, кайсы жерди кааласа ошол жерге чыгат. Ушул сыяктуу эле ал эч кандай академиялык билими же мамлекеттик даражасы жок кишиден ойгонушу мүмкүн.

Адатта ушундай сөздөрдөн кийин эч кандай адабий билим албаса да укмуштай чыгармаларды жараткан акын-жазуучулар Жек Лондон, Рэя Брэдбери, Лев Толстой, Сергей Есенин, Владимир Высоцкий, Иван Бунин жана Михаил Шолохов сыяктуу (акыркы экөө Нобель сыйлыгына арзыган) адабият дөө-шаалары эске түшөт (кыргыз адабиятында да булар сыяктуу таланттар бар).

Ошентсе да 19-кылымдагы интеллектуалдык элитанын ортон колдой өкүлү Лев Толстойду билимсиз деп эч ким батынып айта албайт. Же билим алуу зарыл экенин билип, Калифорния университетине өтүп, бирок окуу акысын төлөгөнгө акчасы жоктугунан аны таштап кеткен Жек Лондондун диплому жоктугунан ким шек санайт?

Сергея Есенинге келсек, бул улуу акындын билим алуу жолун бармактайында эле ата-бабасынын тексиздиги аныктап жана чектеп койгон. 1904-жылы төрт жылдык Констановский айыл мектебинде окуп, бүткөн соң чиркөө алдындагы мектепте (чиркөөдө ырдоо, жазуу, окуу, эсеп жана тарых сабактары өтүлгөн), андан соң эки жылдык мугалимдик окуу жайда билим алган. Москвага келген соң шаардагы А.Л.Шанявский атындагы элдик университеттин тарыхый-философиялык бөлүмүнүн эркин угуучусу болгон.

Ал эми Владимир Высоцкий болсо МХАТтын мектеп студиясын бүтүп, «драма жана кино актёру» деген диплом алган.

Жогоруда аты аталган адабият генийлеринин биринин да филологиялык билими болгон эмес. Бул жүйөгө таланттуу акын-жазуучуларды беш-алты жыл керексиз билимди алууга мажбурлагандар, диплому жок, бирок чымыны барларга үстүдөн караган төрөпейилдер жана окусам жакшы чыгарма жараткыдай деңгээлге көтөрүлөм деген жаштар көңүл бурса пайдалуу болот эле.  

Романтикалуу салт

Көпчүлүктүн кенен түшүнүгүндө акын-жазуучу деген ким? Батыш европалык романтиктерден мурастаган орус адат-салты боюнча жазуучу – бул жогорку күчтүн таасири менен көөлгүгөн эргүү абалында чыгарма жаратуучу. Акын – бул чындыкты көрө билген пайгамбар. Поэтикалык чыгармачылык менен диний олуялык бир булактан чыгат. Акындын мындай бийиктиги жөнүндөгү бүтүмдү 18-кылымдын романтиктери чыгарышкан. Бул ой негиздүүлүгүнөн улам ушул убакка чейин жашап келет. Эгер сен жогорку күч тарабынан берилген өзгөчө ойлорду алууга жөндөмдүү чыныгы акын болсоң жана сенин оозуң менен Жараткан сүйлөсө окуп-үйрөнүү жөнүндө ойлонбошуң да, сөз кылбашың да керек. Тескерисинче, мындай акын элди үйрөтүшү кажет. “Акындар – дүйнөнүн таанылбаган мыйзам чыгаруучулары”, - деген британ романтизминин классиктеринин бири Перси Биши Шелли.

Ошентип романтиктер акындарга Кудайдын эркин кабыл алып, аны элге жеткирүүчүлөр катары карап баркын көтөрсө, классицизмчилер акын окуп, дайыма өсүүнүн үстүндө болуп, өз деңгээлин көтөрүп, чыгармаларын да өркүндөтүүнүн үстүндө болушу керек деп эсептешкен. Андыктан окуп-үйрөнүү клацистикалык адабий мектеби үчүн кадимки көрүнүш болуп саналган. Бирок бул тууралуу таптакыр унутуп койдук. Ал эми романтикалык түшүнүк азыркыга чейин жашап келет. Качан гана жазуучуга адабий билим керекпи же жокпу деген талаш жаралганда биз жүйө катары дал ушул романтикалык түшүнүктү көтөрүп чабабыз.

Дворяндык тарбиянын пайдасы

Пушкин, Толстой жана Буниндин адабий билими жоктугуна шилтеме келтире турган болсок, бул таланттардын ата-теги дворян болгонун, бала чагынан эле алар ак сөөктөрдүн маданиятын өзүнө сиңиргенин эстегенибиз маанилүү. Дворяндык доордун жазуучуларынын бармактайынан алган ар тараптуу билими азыркы гуманитардык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүкүнөн ашса ашчу, асты кем калбачу.  Жаштайынан эле алар французча өз эне тилинен кем эмес сүйлөшкөн, ал эми англис тилин кошумча тил катары үйрөнүшсө да өз ойлорун эркин түшүндүрө алышкан жана жаза билишкен. Көп балдар латынчанын негиздери менен байыркы грек тилин үйрөнүшкөн. Байыркы адабият чеберчилигинин биринчи теоретиги Аристотелди окушкан. Алардын жалпы маданий деңгээли азыркы заманбап окуу жайларынын ортосаар бүтүрүүчүлөрүнүкүнөн кыйла жогору болгон.

Башкача айтканда, бүгүнкү күндө студенттер университеттерде алып жаткан билимди дворян-жазуучулар бала чагында эле алышчу, жогорку маданият алардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болчу.

Анан да алардын күнүмдүк кат жазышуулары жөнүндө унутпаш керек. Кат жүзүндө ойду билдирүүлөр күнүмдүк сүйлөшүүлөрдөн айырмаланган. Сабаттуу жана ойду жыйынтыктай билген тексттерди жазууга дворянин милдеттүү эле. Бул анын ийгиликтүү иштери менен жакшы жашоосу үчүн да керек болгон. Каттарды алар кызматтык милдеттерин аткаруу менен айымга сүйүүсүн билдириш үчүн эле эмес, күнүмдүк иш максаттары үчүн да жазышкан, мисалы, иш башкаруучусуна, тикмечисине, акчасын айландыруучу сүткорго, чарба жүргүзүүчүсүнө, баласынын тарбиячысына жана досторуна кат жазышкан. Алар дайыма эле жагдайды түшүндүрүүчү же айрым ойду билдирген узун каттар болбогон, көп учурда буларды кыска жазууга туура келген. Бирок мындай кат жазуулар бүгүнкү билдирүү жазышууларга караганда алда канча кеңири мааниде болгон.  Андыктан өз ара кат жазышуулар аларга адабий машыгуу болуп берген. Ал эми азыркы авторлор ишти жөн гана өз ойлорун сабаттуу түрдө жеткире билүүдөн баштагандары оң.

Диплом

Рэй Брэдбери өзүнүн «Дзен китеп жазуу искусствосу» китебинде адабий ийгиликтери кезектешип келген кокустуктардан улам жаралганын мойнуна алат. Жаңы жазып жүргөн аны кокус жолугуп калган адабий агент туура жолго салып,  Нью-Йорктогу өзүнөн күчтүү адабий агентке жиберген. Ал бул жаш авторду ийримдерге катыштырып, өзү сыяктуулар менен аралаштырганда көптөгөн кеп-кеңештерди угуп, чыгармачылык жактан абдан жакшы өсүш алган. Кыйла тажрыйба топтогон жазуучулар менен адабиятчылардан атайын курстарда сабак алышы чыгармачылыгына бир топ жардамын тийгизген.

Ооба, кээ бир күчтүү таланты бар жазуучулар кесиптик билими жок эле чоң адабиятка жол сала алышкан. Бирок колдоого муктаж таланттуу жазуучулар да болот.

Жаңы жаза баштаган автор сезимтал келет, ал болбогон эле бир сындан улам жакшы чыгарма жаратууга болгон ишенимин жоготуп коёт. Айланадагылардын калп мактоосу, адабиятты түшүнбөстүктөн улам туура сын же кеңеш укпоосу аны адаштырат. Анан кокус айтылган катуу сын аны сындырып коюшу мүмкүн. Мындай жаш калемгерге өзү сыяктуулардын чөйрөсүнө аралашуусу, адабиятты түшүнгөн устаттардан сабак алуусу жакшы пайда берет. Албетте, мындай чөйрө филологияны же журналистиканы окуткан факультеттерди байырлайт. Ушул сыяктуу чөйрөлөрдө автордун өзгөчө иштөө усулдары, стилистикасы, жазган тексттеринин башкаларга окшошпой өзүнө гана тиешелүү болушу керектиги жөнүндө сөз болот. Ошондой эле жазуучуга сөзсүз пайдасын тийгизе турган дүйнөлүк гуманитардык билим берилет, жалпы адабияттын теориясы жана тарыхы өтүлөт, стилистика, культурология жана башка илимдер окутулат...

Адабий билимдин пайдасы

Адабиятты окутуу программасы адабият теориясы жана тарыхы боюнча системалуу билим берет, улуу устат катары таанылган жазуучулардын чыгармачыл ыкмаларын үйрөтөт, башкача айтканда, болочок жазуучуну адабият тууралуу орто мектепте өтүлбөгөн билим менен камсыз кылат.

Ооба, азыркы күндө жазуучу үчүн зарыл болгон кесиптик билимди ал тургай үйдө отуруп деле алса болот. Бирок бул жагдай жаңы баштап жаткан авторлор үчүн түзүлгөн билим программасынын баркын түшүрбөйт. Биз жогорку окуу жайдын аудиториясынын босогосун аттабай туруп, жазуучулук кесипти өздөштүрүүгө зарыл билимди алса болорун айтканыбыз менен жаш чыгармачылдар үчүн арналган окуу программасын жабууну демилгелебейбиз. Же болбосо акыркы кезде адабиятта ийгилик жараткан Стив Жобс жогорку кесиптик билим албаганын үлгү катары карманбайбыз. Болгону адабиятка азыр кандайдыр бир себептерден улам башка талаптар коюлуп жатканын айта кетмекчибиз.

Ошол эле учурда жогорку билим кандайдыр билбестиктин жыртыгын жамаачылай алаарына ишенебиз. Анан көптөгөн таланттуу жазуучулардын диплому болбогонун жүйө катары бекем кармана бергенибиз акылсыздык болорун да айта кетмекчибиз. Ооба, Жазуучулар Союзунун мүчөлүк билетин алса эле адам жазуучу болуп кетпегендей эле диплом да жазуучулук шык тартуулай албайт. Баардык эле филология жана журналистика факултетинин бүтүрүүчүлөрү жана creativewriting программасын өздөштүрүүчүлөр жазуучу боло алышпайт. Кээде абдан таланттуулар да алга талпынычуулугу, изденүүчүлүгү, көктүгү жоктугунан улам акын боло албай айылдык жамакчынын деңгээлинде кала беришет.

Андыктан жазуучулук чымыны барларга кесипкөй билим зыянын тийгизбейт. Бир эле дүйнөлүк адабияттын тарыхы менен таанышуу жаш жазуучуга адабий иште кубаттуу сүрөө болуп бере алат.   

Күчтүү таланты жана тиешелүү билими, ийгиликке чоң көксөөсү бар жаш жазуучу талыкпаган эмгектин арты менен дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган улуу чыгарма жарата алат. Мындай ийгиликке жетишкен жаш адам азыркы кезде диплому же алга сүрөгөн тилектештери жок эле пайдалуу байланыштарды түзүп, өзүн натыйжалуу көрсөтүүгө кудурети жетет.  

Макалабыздын башында Лев Толстой баш болгон адабий билими жок жазуучуларды мисалга тарттык эле, эми орус элинин «адабий» билими бар көрүнүктүү филолог жазуучуларын жаза кетмекчибиз:

Александр Грибоедов, Иван Тургенев, Иван Гончаров, Фёдор Тютчев, Афанасий Фет, Александр Блок, Иннокентий Анненский, Владимир Набоков, Николай Заболоцкий, Виктор Пелевин, Борис Окуджава, Сергей Довлатов, Вениамин Каверин, Ирина Токмакова, Захар Прилепин, Евгений Водолазкин, Майя Кучерская, Андрей Аствацатуров жана башкалар.

(ПРО для писателей сайтынан алынды).

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз