Франц Кафка: Калем – жазуучунун куралы эмес, организми

  • 24.04.2020
  • 3951

Франц Кафка менен Густа Яноухтун маегинен үзүндү

Ф.К.: Акындын буту жерде болгону менен төбөсү көктө каалгып жүрөт деп сиз аны ушунчалык алп сыяктуу сүрөттөдүңүз. Албетте, бул кибирегендердин көзкарашы менен шарттуу мааниде айтылган кеп. Кыял түпкүрүнөн жаралган мындай ой-мүдөөлөр чындыкка такыр коошпойт. А чын-чынында акын дегениң катардагы пендеден да бир канча майда, мажүрөө жан. Ал ошонүчүн жер үстүндө болгонду абыдан кылдат сезип, сергек баамдайт. Анын канкакшап жаагын жаныганы – чыңырык эле. Чыгармачыл адам чыгармачылыктын жардамы менен бир кайгыдан кутулуп, кайра экинчисин тартат. Чыгармачылык – бүтпөс кайгы. Ал алп эмес, болгону жаралган жасаты үчүн капаста камалган гана кооз чымчык.

Г.Я.: Сиз дагыбы?

Ф.К.: Мен болгондо да калдаңдап учкан таанмын. (Kavka – чех тилинде таан дегенди билдирет. Кафка.) Бирок биртууганымдын жашоосу меникине караганда алда канча керемет.

* * *

"Сиз алдыдагы адабий пландарыңыз туурасында эмне айтасыз?" деген "Прагер пресс" аттуу адабий басылма чыгарган анкетаны Кафканын алдына түрткөндө Г.Яноухтун алган жообу:

- Бул – аңкоолук. Мындай суроого жооп айтуу мүмкүн эмес. Алдын ала жүрөгүң кандай сого турганын айтууга мүмкүнбү? Калем – болгону бир жүрөктүн сейсмограф грифели. Жертитирөөнү алдын ала каттоого болот, бирок кайсы саатта балээ басарын айталбагандай эле кеп да.

* * *

Г.Яноух В.Хазенклевер менен А. Шницлердин Прагадагы немис сахнасында коюлган эки пьеса жөнүндө айткан пикирине Кафканын жообу:

- Прагадагы немис театрынын тагдыры ыйлай турган абалда. Баары айланып келип финансы жана адам милдеттеринин күчү менен эле кармалып турат. А чыныгы театр күйөрмандары жок. Бул– жерпайысыз пирамида сөлөкөтү. Себеби, актерлор режиссерлорго, режиссерлор жетекчилерине, жетекчилери театр комитеттеринин жоопкерчилигин алган бирикмелерге көзкаранды. Кудум төңөлүк сыяктуу бир-бирине чырмалышып, чиркелишип, кошоктолгон балээ. Бул жерде чыныгы немистер болбогондон кийин дайыма эле театр десе жандилин берчү эч ким жок. А немис тилинде эбиреп-жебиреп жүргөндөр –еврейлер. Ложа менен партерде отурган немистер болсо Прагага туруксуз келип-кетип жүргөндөр, анан студенттер. А балкондо делдейип отургандар –бийлик десе жулунуп-жутунуп баарын сатчу шүмшүктөр. Алар өнөр сүйүп жыргатпайт. Мындай кырдаалда чыныгы чыгармачылык ийгиликтерди күтүүнүн кажети жок. Күч жумшаганың көзгө көрүнбөйт. Мен ошонүчүн театрга басып барбайм. Чөгүп турган көңүлүмдү ансыз да чөктүргүм келбейт.

* * *

К.Эдшмиддин Кафка жөнүндө жазган пикирине айткан жооп:

- Эдшмиддин айтуусуна караганда, мен бир конструктор экенмин. А чындап келгенде даяр нерсени да кыйратып өздөштүрө албаган ортозаарлардын биримин.

* * *

Поэзия – температура болуп аткан денедей. Температураң ылдыйлаганы – сенин сакайып кеткениң эмес. Тескерисинче, денең ысып, алдастап турсаң, айжаркын ойлор келет.

* * *

М.Горькийдин чех тилинде жарык көргөн Л.Толстой жөнүндөгү пикирине Кафканын айтканы:

- Горький адамдын кулк-мүнөзүнө өз баасын бербей, сыртынан сүрөттөп эле, бейнесин ачып койгонуна айран таңмын. А Ленин жөнүндө эмне деп жазмак, мага ошол абдан кызык.

Г.Я.: Дегеле Ленин жөнүндө Горькийдин эскерүүсү барбы?

Ф.К.: Жок, али жазалек. Бирок качандыр бир кезде сөзсүз жазат деп ойлойм. Анткени, Ленин экөө дос да. Горький баарын калемдин учу менен көрө да билет, туя да билет. Мен аны Толстой жөнүндө жазганынан байкадым: калем – жазуучунун куралы эмес, организми экенин.

* * *

Г.Я.: Күнөө деп эмнени түшүнөсүз?

Ф.К.: Биз сөз эмне, иш эмне экенин билебиз, бирок эс-акыл, туюм дегенди жоготтук. Мүмкүн ушунун өзү башыбыз баткан күнөө, кудайдын каргышы болуп жүрбөсүн...

* * *

Экспрессионист акындардын антологиясы боюнча айтканы:

- Бул китеп көңүлүмдү чөктүрүп жиберди. Акындар адамдарга жолугушууга кол сунгусу келет. Бирок адамдарга жакшы ниет менен сунулган колдору калч-калч эткен муштумдай көрүнөт. Ал муштум адамдардын жүрөгүнө, как маңдайына кеселгендей туюлат.

* * *

Ф.К.: Яноухтун портфелиндеги китептердин арасынан детектив жанрындагы романды көрүп калып, айтканы:

- Эмне окуп атканыңыздан кысынып-кымтынбай эле коюңуз. Чындап келсе, Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романы деле детектив. А Шекспирдин "Гамлетичи". Бул пьеса деле детектив.

* * *

"Алдыда баары жайында болот, баары өзгөрөт" деген Г.Яноух санаторийде жаткан Кафка менен кош айтышып узаарындагы сөз (Кафка колун көкүрөгүнө коюп):

- Алдыда болчу нерсе мынабу көкүрөгүмдө. Бирок айыгып чыкканды деле каалабайм. Бир оорудан айыксаң, баары бир экинчиси чыгат.

Г.Я.:Сакайып чыгууну эмнеге каалабайсыз? Анда эмне санаторийге келдиңиз дейм да?

Ф.К.:Соттолуп аткан ар бир адам деле "жаза мөөнөтүм" кийинкиге жылдырылса дейт.

Кыргызчалаган О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз