Ризван Исмаилова: Жоргонун тетирленген кербези барбы? (1-макала)

  • 21.04.2020
  • 3789

Ырас, Нуралы Капаров ыр дүйнөсүнүн тилин, дилин, жан дүйнөсүн, даргөйүн, ташпиш-көйгөйүн... ал гана эмес поэзия ааламынын (улуттук жана дүйнөлүк адабияттагы) сырларын аңдап-билип,  жаратман үчүн эмне кызык, акындын  ыр жаратуудагы вазыйпасын жакшы түшүнгөн, андан өзүнүн жеке стилин, жеке манерасын  кашкайтып көрсөтүп, изденүүдөн чарчабаган мээнеткеч акын.

Поэзия менен прозада эки тизгинди  эриш-аркак тутуп, эки жанрда тең  кажынып иштеген,  күттүргөн-күтүлбөгөн табылга, саамалыгы, жаңылыгы  менен окурмандарын дүркүрөтө кол чаптырганы да бар. Мезгилдин күрөө тамырын тарттырган  соңку жылдардагы  чыгармаларындагы изденүүдөн  жаралган табылгаларын кыштай кынап, дубалдай түздөп отуруп, ойдун  ток этерин кармап калууга жандалбасы күчөйт. Же элестүү айтканда, чабандес марага жетчүүдө кандай чебеленип, жанын үрөп, канын дүрбөткөн эргүүдөн ыракатка батса, так ошондой ой чабыты, фантазиясы, кыялы,  эргүү-элирүүнүн  күүсү менен сөз  берметин, ой кереметин  ылгап-терип,  жыйнап, жекече стилдик куржунунун оозун чечип коюп, четинен  жарыкка чыгарып жаткандай сезим калтырат...

Академик  В.Радлов кыргыздар эпикалык дастандарга бай эл деп айткан сөзүн эстесек, мындай энчи табиятынан  берилгенби же кесерип жүрүп өзүн-өзү өстүрүп-өнүктүргөнүнөнбү, айтор, Н.Капаровдун чыгармаларында  дастанга, төкмөлүк  өнөргө  мүнөздүү шык-касиеттер оозун “а-аа” деп ачканда эле куюлушкан саптар кайыптан келгендей төгүлүп-чачылып, жабалактай чачырап  тургансыйт... Сүрөттөөгө алган нерсени, объектисин баш-аягын мындай коюңуз, ичек-чабагын да чубап таштайт, болгондо да ууздар оюмун оюп, өрмөкчүлөр өрүп бергендей, кыңыр-кыйшыгын таба  албайсың. Биз муну талдоонун жүрүшүндө тактаганга аракеттенебиз.

Нуралы Капаровдун чыгармаларындагы оргиналдуу мүнөз, типтер, ыр саптарында өтө жыш учураган  лексикалык-морфологиялык параллелизмдер, ыр курулушундагы  муун топтору, ыргактык  бөлүктөрдүн жуурулушу, ыр түрмөгүнүн (строфа) салттык формадан эркин формага көчүп, экөөндө  тең жемиштүү иштеп жатканынын сырларына кол тийгизбегенимди моюнга алып,  акындын поэзиясы  турган турпатында поэтикалык алкагын  кандайча кеңейтип-байытып, окуганыңда кандай көркөм дүйнөсү, уютку-маңызы  менен акыл-эсти, жан дүйнөнү багынта аларына, кыскасы, идеялык-көркөмдүк нарк-насилине назар таштайлы...

Акындын Көкүмбайдын кетмени деген ыры бу дүйнөгө келгени эч бир  куулук-шумдук  менен иши жок, жашоосунун маңыз-максатын эмгектен тапкан Көкүмбайдын образын даана, так, элестүү, кетменчиге гана  таандык кулк-мүнөзүн, жан дүйнөсүн чебер түзүп берген. Чоң-Кеминдин  чаңкаган талааларын гүлдөткөн сугатчынын баскан-турганы, иш десе ичкен ашын жерге  койгон жоопкерчилиги “катыра чаап, аңтара чаап, каңтара чаап”(этиштин кыймыл-аракетин ар түрдүү ракурста карап) майын чыгарып иштегенин, Теңирментинин суусун буруп келип, Чүйдүн кумсарган  талаа-түзүн  сууга карк кылганы даңазаланат. Ал жөн эле  кетменчи эмес, сугаттын  сырын билген, иштин көзүн тапкан иш билги, сугарган суусу да жортуп-бөртүп, бейсалакай кетпейт, даарымдап койгонсуп, булак байлагандай... Мүнөзү кара  жер кандай болсо, так ошондой жөнөкөй, карапайым, кирчимел, көтөрүмдүү, кайрымдуу, мээнетин соодалашпай-доолашпай кылат. Анын улуулугу ушунда... Чын эле ушундай экенине  өзүңүз төмөнкү саптарды окуп, ынансаңыз керек.

Жумуш десе жумшарбас катаал адам,
жортуп-жыртып суу кетпей баш-аламан,
буулуккан суу бузалгыс булак байлап,
кара чөбү талпынып канат байлап,
картошкасы кана ичип какабаган...

Ушул  түрмөктөрдү  бири-биринен ажыратыш өтө кыйын. Сууга кана тойгон талаадагы ар бир чөптүн, өсүмдүктүн, жер-жемиштин  тили чыгып, “бак-таалайын” ырдап  тургандай сезилет... Булар  жандуудай, буларга тил бүткөндөй, “картошка какабай, кара сойлок хахалап каткырып, кара чөптүн канат байлашы” акынга мүнөздүү эмоционалдык дем-шыктын жамгырдай төгүлгөнүнөн “тизесинен суу кечип буудайлары” (катыгүн, сууну ашыкча көлдөтсө, суу чагып  таштабайбы?..) деген апыртмасы да байкалбай, жыбыраган толкун сымал  жалп-жалп эткен арпа талаалары көз алдыңызда көгүлтүр көлдөй жайкалат.

... кара сойлок суу бүркүп ха-ха-лаган,
калың беде суу ичип чакалаган,
тизесинен суу кечип буудайлары,
таманынан сыз өтүп куурайлары,
алды жагы суу ичсе караңгыда
таң алдына туш келип арка жагы,
жайылган суу жүгүрсө таманына
“жалп! жалп!” толкуп турчу эле арпалары!

Бирок бир суроонун башы ачылбайт, кайсы мезгилдин Көкүмбайы? Эгемендик алган мезгилдинби же союз кездинби? Эгер өз үлүшүн гүлдөткөн Көкүмбай дегенге ооз барбайт. Ырдын башында баяндалгандай, кеңсеге кебелбей басып, иш сурап келгенине караганда “мал…” – десе чалыр көзү чакырайган”, \ “Уй бак!” – десе уюңду көксөбөдү, \ “Кой бак!” – десе кой багып темселеди”, мал-кой багып көргөн. Эч бир иштен качпаган  элеттеги эмгекчил  жан. Өзү жашаган, туулган жериндеги  айыл өкмөттүн кеңсесинен иш сурап жатпайбы деген ой келди.

Акын кетменчинин образын эле эмес, анын мээнетинен жаралган алп эмгектин,  жайкалган  данга, мөмө-жемишке толгон талаанын, булак болуп байланган суунун да образын жанаша, паралеллдүү тартат. Албан эмгектин шаңы шайкеш келип, көркөм туундуга бай, (“чоң сугаттын айланды Манасына”, “бөгүп чуркап бөксөрдү кайран дайра, \ сойлоп “чуркапсорулду көк чөбүнө”) эпитеттер, троптун жөнөкөй жана татаал түрүн  тутамдаган, турмуштагыдай реалдуу картина жаралат.Текстин ар бир сабындагы деталь, штрих, ыргак менен муун өлчөмү  өрүлгөн чачтай, ойдун, ыраатын, маңызын  кезек-кезеги менен бири-экинчисине сунуп отургансыйт. Ырдын тулкусунан  сыдырылып келип,  уңгусу менен мүчөсүнө тамчыдай сиңип, таралып, айтайын деген өзөктүү ойду утуру-утуру  кайрап-бүлөп  курчутуп-чыйралтып  берет. Кенеп жиптей чыйралып, чатырап бышып жетилген, чыңалган ойдун уюткусу жарк эте жадырай түшкөнүн мына бул саптар шаңшып бергенсийт.

Жулкулдашып булуттуу көктөм менен,
Жакалашып жаансыз кездер менен,
дүң түшүрүп турчу эле кайран Көкөм
дүйнө сырын оодарып кетмен менен.

Жогорку эки саптагы “ Жулкулдашып булуттуу көктөм менен, \ жакалашып жаансыз кездер менен” деген ыр түрмөгү сугатчынын ички сезим-туйгусун болгону эки сөз менен таасын, көркөм, куюлуштура психологиялык абалын кошо туюндуруп кетти. Акындын  образ түзүүдөгү чеберчилиги кейипкердин тышкы көрүнүшүн сүрөттөп эле бербестен, каармандын мүнөз-кыялын, ой дүйнөсүн кошо ачып таштады. Элдин  арасында Көкүмбайга окшогон кейипкерлер ондоп, жүздөп  саналат. Айтса-айтпаса эмгекке башын байлап, эмгектен эргип, эмгегинин үзүрү көз алдында турса, ушуга бактылуу болгондор азбы? Бул сезимдер мээнеткеч адамдардын жүрөгүнөн байыр алган, көкүрөгүнөн түнөк тапкан, эч нерсе менен алмаштыра алгыс эмгек ыракаты деп аталат.

Эки мамлекеттин чегарасында бир ныптасын кыргыз, бир ныптасын казак туугандар ээлеп турган, Чүй суусунун илгертенден бери ата-бабалардын канча муунун карытып келатканына карабай, бешене-тагдырына жазылган жазмышка акынчалык маани берип, акындай күйүп-бышып, бир боорундай сүйүп, бир жатындашындай күйүп, аны тирүү адамдай, тирүү жандай жанына жакын алган бирөө-жарым болду бекен дейсиң – “Чүй суусу” деген ырын окуп баратып...

Башталышында  алп акын Барпынын “Аккан суусуна” окшош, үндөш, талапташ, мүнөздүү ойлор айтылат. Суунун суу аталганы анын  кыбыр эткен кыймыл-аракетинин ар бир учуруна  жан киргизип, тирүүлүктүн түбөлүктүү категориясындай чынчыл мамиле жасайт. Кандай сүрөтттөгөнүн кайталап отурбайлы... (Сайрап, кайнап, куушуп, сойлоп, тойлоп, жоолап, оонап, буркулдап, эмне деген элестүү салыштыруулар) Чыгыштын акындарында келаткан ойду байытып, ойдун көп кырларын ачып отуруп эле ага  сезгич, баамчыл (автордун табылгасы, жаңылыгы, суу жөнүндө ырдаган башка акындардан айырмасы) адамдагы  ички сезимдердин гаммасына; сүйүү, тамшануу, тан берүү, аёо, аздектөө, жан тартуу, күйүгүү, кызгануу, жек көрүү ж.б. ушул сыяктуу түрлүү-түрлүү туюмдарын,  ой дүбүрттөрүн бириктирип таштайт.

Асман менен үн алышкан мөңгү-муздардан топтолуп, Кочкор менен Кеминдин кең жайлоолорунан буралып аккан суулар казактын какыраган талааларын, тактап айтканда, Бетпак, Отор чөлүнө айласыз ашыгып агып кетип  жатканына  жаны кейийт... Колунан келсе кыргыз жеринен мөңгүсүнөн жаралган “албан сууну, балбан сууну” таберик баалуулугун  кеберсип суусуз жаткан, багылбай кысыр калган, кетмендин тиши тийбей иштетилбеген жерлерине бургусу келет. Сүрөткердин  симпатиясынан жаралган “эрке суунун” кадыр-кымбатын өз жериндегилер баалай албаганына  көңүлү кирдейт. Суу мекени Кыргызстандын суу жетпеген, суусу таңкыс, суудан мукураган, суу чыкпаган  жерлери, талаа-түздөрү, бетеге-белдери  канча... Акын турмуш чындыгынан алыстай албай, сууга канчалык кушу түшүп, бапырап-шатырап эргип ырдабасын, турмуш акыйкатына,  жашоо чындыгы чыркыраган фактыларга көз жумуп койгонго жүрөгү даабайт.

Эрке суунун образы жан эргиткен сүйүүгө, мээримге, суктануу менен тамшанууга  “мелт-калт” болгонуна карабай (адам тагдыры сымал), бөтөн жерде, бөтөн элде аянычтуу тагдыры менен  көңүлдү  кирдетет, жүрөктү эзет. Тууган жеринде беш көкүл кыздай  көзүн карап, көкүлүн тарап, көңүлүн көтөрүп, наристедей эркелеткен  “бактылуу балалыгын” жоготкон суу  чоочун журтка барганда тооктун жумурткасын уурдап, ур-тепкиге алынган  иттин абалына окшошуп  кетет... Аттиң- ай... Эрксизден “колдо бар алтындын баркы жок” деген эл макалы эске түшөт.

кайкып учкан канатын кескилешип,
өпкө-боорун өзөртө тепкилешип,
куйрук-жалын молойтуп жулгулашып,
тоодой бетон, таш менен ургулашып,
колу-бутун коройтуп үзгүлөшүп...

Ар бир адамдын турмушунун күңгөй-тескейи, жакшы- жаманы өзүнө маалым. Элде “ит пейилдүү” деген сөз бар, ким аны кандай түшүнөт өз эрки деңиз, аның сыңарындай  “Жибек аялдын” башкы каарманынын образы  эл айткан (автор эмес) атка (караңыз, маанилик жагынан окшошуп кеткен көркөм сөздөгү метонимиянын  кылдат иштелгени таңыркатат...) мүнөзү жибектей созулган “жибек аялдын”  аркасында ачык, эринин ит кыялын көтөргөн назик, жумшак “жибек аялдын” көлөкөсүндө таасын, качан болбосун чайын кайнатып, тамагын асып, кабак-кашын көрсөтпөгөн камбыл, мээримдүү “жибек аялдын”  турмуш-тиричилигинде таамай  ачылат. Эгер “жибек аял” болбосо, жүргөн бир эркек аттунун  бири болуп калмак... Эч ким карап да коймок эмес, көңүл да бурбайт эле. Автордун  фантазиясынын күчү дейбизби же турмуштагы боло келген  күбөлөрдүн таасириби, бир өмүрдү коштогон  башкы ойдун маңызы  жоргонун  жүрүшүндөй  жеңил, жагымдуу, элпек, элестүү тил менен  жазылган  көлөмдүү  ырда семичкедей чагылат.

Автор башкы каарманына атайылап  мүнөздөмө бербейт, анын күндөлүк  турмушунан, жашоо образынан алып берет. Иштесе иштин майын чыгарат, тамекисин  тартып, машинасын зуулдата  айдайт. Ойносо аялдардын  койнуна кире калып, өзүн “манап” сезген, кенедей айылды зыркыраткан жагы да бар. Мушташса  жини кайнаган жолборсту элестете бериңиз, төпөштөгөн  кишинин көзүн чыгарып, башын жарып, айылдагы ызы-чуу басылгыча  үйдөн чыкпай “калың тыштуу роман”  окуп жатып алат. Кыскасы, же  чекеге чыккан чыйкан – түгөнгүр экенин же бир туруп колу ачык,  айкөл, ак ниет, жанда жок боорукерлигинен  кандай адам экенин  ажыратыш кыйын  “Жараткан жаратыптыр  бул пендесин жаман да, же  жыргатаар  жакшы да эмес” - деп  автор өзү да мойнуна алат.

Жакшы-жаманын терип-тепчигенден пайда жок, турмушта ичиндегиси сыртында мындан тажаал, көк бет, чоң муштум, такмаза  же тескерисинче ичинде ит өлүп жатса да билдирбеген, ичимен тап адамдар бар. Анын бир айыбы бар, ал туубас аялын жанындай жакшы көрөт. Сүйүүнү жаза берип, акындардын тили тешилгидей болду, буерде экөөнүн сезими, ынактыгы, кыйышпастыгы, кечиримдүүлүгү  сюжеттин баштан-аяк тулкусунда билинбей чырмалып, көзгө көрүнбөгөн кыл жипке  байланып калганы  такыр байкалбайт. Окуп баратканда зөөкүрдүн иш-аракетинен  башка тыянакка келесиң, жаңжал менен зөөкүлүктөн таанылган күйөөсүнө  аялынын агрессивдүү  мамилесиң күтөсүң... Бул табыйгый нерсе, турмуштагы кадимки көрүнүш, эри ылжып мас болуп келсе, айылдын кулагын кызытып тополоң тозутса, эчтеме болбогондой  тосуп алган  же эмоциясын  билдирбеген аялзатын жолуктуруш кыйын.

“Оо, кудай, аял эмес, мунуң түгөт,
 оо, кудай, аял эмес, мунуң жибек!”
 деген сөз көп айтылып турар эле.
 Чынында аял эмес, чүрөк болчу!
 Чынында аял эмес, жибек болчу!

Жинигип, каары кайнап, мушташып-тиштешип келсе да, чайын даярдап, оозунан бир жаман сөз чыкпай, эрин өзүнө дубалагандай азгырган, баш ийдирген назик аялынын кумарлуу образын тартат. Ал  жарынын алдында өзүн “чиркейдей” сезет, маралдай керсейип баскан аялдын артынан  дөбөттөй болуп ээрчип алган эпизодду өзүңүз окуп көрүңүз.

Кош өрүм чачын таштап чалкасынан,
маралдай алга басыш адаты анын.
Дөбөттөй башын салып,
аркасынан
күйөөсү ээрчип кетип баратканын
көргөндөр шыпшынышып айтаар эле,
зөөкүргө назик аял жарашканын.

Ырдын көлөмдүү болгону негизги ойду бергенге жакшы болуптур. Бирок ойлордун кайра-кайра  кайталана, түрлөнө бериши  мисалы (Карабай алды-артына, соо-масына, Карабай кары-жашка, дос-касына) деген саптар (бука баш айбан болуп калчу кургур) дегенге чейинки  айрым түрмөктөрдөгү куплеттерде  айтылып келген. Мындайда автор жымсалдабай так, таамай сүрөттөөнүн кунарын качырып, таасирин тайыздатып коёрун эске алганы оң.

Акындын  “Жибек аялы” мыкты  ырлардын катарын толуктап, өзүнүн өмүр көчүндөгү  сапарынын ченемин  өзү аныктап койгон.Мында  акын  орой эркек менен  жумшак мүнөз аялдын  турмуш  образына караганда сүйүүнүн көз чендебес алкагын, кыялды кылгырткан назик кылдарын,  сөз менен жеткире  алгыс аялуу, купуялуу сырларын, ооз жүзүндө эмес, жүрөк элжиреткен, дене-бойду  калтыс абалга кабылткан  жагдайларын  таанытып берет.

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти.

2020-жылдын 20-апрели

ЖИБЕК АЯЛ

(Поэма)

Кыш эле кычыраган, бороон эле.
Күз эле күтүрөгөн, шамал эле.
Оо ал бир орой эле, орой эле,
оо анда көптөр чыны чабал эле.

Жалтанып койгон эмес бычагыңан,
мылтыктан, чокморуңан, ушагыңан.
Туткунун жеңип далай көр турмуштун,
кебелбей чыккан азап тузагынан.

Төкмөнү төкчү кээде нөшөрлөтүп,
кара сөз жазчу кээде өчөңдөтүп,
бир чыгаан болот эле бул ойронуң
талантты бербегенде кечеңдетип.

Ырдаса ыры мукам үнү булбул,
иштесе оозу дудук, жаны дулдул.
Ичкенде булбул да жок, дулдул да жок,
бука баш айбан болуп калчу кургур.

Кубалап же бир куулуп көргөн эмес,
жеңилген же бир жеңип көргөн эмес.
Бүттү деп үмүт үзгөн жерден дагы
бүлүнбөй аман чыккан, өлгөн эмес!

Аңдоосуз айкөл, ак ниет, албан эле,
боорукер, боз чалбаган жандан эле.
Кайгырса кабагына күүгүм кирип,
каткырса карегинде таң бар эле.

Укчу эмес, укмак түгүл басчу да эмес,
Куучу эмес, кууса бирөө каччу да эмес.
Жараткан бул пендесин жаратыптыр:
жаман да,
же жыргатаар жакшы да эмес.

Күржүйүп гүлдөп коюп, “чаңдап” коюп,
Күпүлдөп машинесин айдап коюп.
“Күр” куюп, эки жүздү басып алып,
Кызыр эм тайдын жалын чайнап коюп.

Сөккөндө… жетээр жерге жете сөгүп.
Тарсайып тамекини тандап чегип.
Алдынан чыккандарды коен санап,
Турчу эле өзүн дайым жолборс сезип.

Карабай алды-артына, соо-масына,
Карабай кары-жашка, дос-касына.
Кармаса кара жини карк түкүрүп,
Качырып кирчү мушташ коогасына.

Асылып… аш-тойлордо жөөлөп чыгып,
Койсо эгер…
бирөө-жарым башка кылып…
Көз чыгып, баш айрылып, балакет бас!
“Барс!” сынып турар эле кашка жилик.

Айылды каптап анан… жалаң жалын,
ошо чуу, ошол жалын басылгыча
үйүнө жатып алып, сыртка чыкпай,
роман окуур эле жалаң калың.

Бир айбы, жарым айбы?.. Ууу-чуу өчүп,
калганда көнгөнүнө кайта кетип…
Түнөрүп туш келгенди зырылдатып,
жалгыз бой жесирлерди байкелетип,
дембе-дем бопоросун бурулдатып,
байлануу көк дөбөтүн ырылдатып,
заңк этип,
атын атап,
папылдатып,
өкүртө газды басып,
дүрүлдөтүп,
бул зөөкүр катын уулап таң аткыча,
кенедей айылын чыкчу зирилдетип.

Акжаркын аялы бар эле анын,
ал үчүн бардыгына жүргөн чыдап.
Айтам деп күйөөсүнүн кылыгынан,
аңкылдап бирөө келсе…
аста гана
жылмайып койчу дагы мыйыгынан,
бир укмуш мээрим менен турчу сылап,
майкечен күйөөсүнүн ыйыгынан.

Канча жыл жашап келет,
күйөөсүнө
Айтчу эмес: “Аның эмне?! Мунуң эмне?”
Эри да момун эле жалгыз гана
аялы менен болгон мамилеге.
Күтүүсүз күйөөсүнүн айыбынан,
кан жалап,
кызып калса мушташ жүрүп,
карабай атасына-жотосуна,
аюудай жер коңторуп,
четтен кырып,
талкалап…
бет келгенин чаап-жулуп,
жүлүндөй темирлерди толгоп-толгоп,
билектей темирлерди кычкач кылып
турганда…
кирип келсе аялы анын
жини сууп,
калаар эле тып басылып.

Кош өрүм чачын таштап чалкасынан,
маралдай алга басыш адаты анын.
Дөбөттөй башын салып,
аркасынан
күйөөсү ээрчип кетип баратканын
көргөндөр шыпшынышып айтаар эле,
зөөкүргө назик аял жарашканын.

Көп эле кекенгендер: “Оо кудайым,
көпкөндүн кара көзүн кашайт, кашайт!”
Анан да айтышчу эле:
“Алган жары
капырай кантип коркпой бирге жашайт?”

“Оо, кудай, аял эмес, мунуң түгөт,
оо, кудай, аял эмес, мунуң жибек!”
деген сөз көп айтылып турар эле.
Чынында аял эмес, чүрөк болчу!
Чынында аял эмес, жибек болчу!

Жибектей алган жары салтты кармап,
үлбүрөп турар эле болбой айгак.
Жумуштан келген эрин тосуп алчу,
боркулдап чайы кайнап,
көзү жайнап…

Оо деги одурайган дөөдөй зөөкүр
канчанын коюнунда болду манап.
Бир гана аялынын маңдайында
турчу эле өзүн дайым чиркей санап.

Жалбарып, беш бүктөлүп, дөөдөй түгөт
аялын бир башкача ысык сүйөт!
Табышчу табышкандай суулар сайды…
Желбиреп, туйлаар эле
туудай жаны.

Бир арман!
Жибек аял жибек бойдон
шуудурап турду дагы…
туубай калды.

Таноосунан кетпеген “байтал” деми,
туубайсың деп айткан жок шайтан эри,
зөөкүрсүң деп айткан жок Жибек аял,
сен-мен дешпей ал экөө жашай берди.

Турмуш кандай акылман! Элдештирип,
айып чукуп, сынаптай “мелдештирип”,
туубаганга зөөкүрдү жоюштуруп,
зөөкүрүнө туубасты теңештирип!

Мезгил келсе көнбөскө айла барбы?!
Мезгил менен алар да “майдаланды”.
Жибек аял кенедей кемпир болду,
Бая зөөкүр чүкөдөй чалга айланды…

Көрдөй кылбай үйүнө чырак жагып,
Келатышат ал экөө улам карып…

Эгиз козу – ээрчишип, жобурашып,
баласы да, эри да – жалгыз чалы
маңдайында чай ичип, кобурашып…

Кемегеге от жагат көкөлөтүп!
Келатышат ал экөө жетелешип…

Зөөкүр деген ат өчкөн. Баары кайыл.
Эстегенде: “Жибектей ошол аял
бала эмес, эр баккан” дешет айыл…

Нуралы КАПАРОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз