РИЗВАН ИСМАИЛОВА: АЛЫСКА БАРАР АРГЫМАК ДҮБҮРТҮ

Жаш акын Мирлан Алтымыш уулунун ырларына талдоо.

Адабиятка батыл аралашкан калемгерлер сейрек кездешет. Дээринде угуту, сөзгө көрөңгөсү, акындык шыгы, таланты барлары “чу” деген жерден өз үнүн, дареметин тааныта алат.

Жаш акындардын бири Мирлан Алтымыш уулунун ырлары колума тийгенде, “бетке айткан сөздүн заары” жок дегендей, жымсалдабай, кагазга ороп этияттанбай эле шарт-шурт бетке айткан, курч мүнөздүү “Калкка сунуш” аттуу ыры окурман көңүлүн өзүнө бурганын айт. Ырдын өзгөчөлүгү – эгемендүүлүккө ээ болгон отуз жылдын,   отуз жылдагы окуялардын элеси кино тасмасдай көз алдыңызга тартылат да, чейрек кылымдан бери өнүгө албай, элин тентитип, жерин алдырып, карыздан башы чыкпай, жакырчылык сазынан көтөрүлө  албай жаткан мамлекетибизди “КАРЫЗСТАН”, “АЛКАШСТАН”, “КРИЗИСТАН”, “МИТИГСТАН” (эли-жерине күйүп жанып, жаны кашайып) атабайлыбы деп какшыктаганы орунсуз деп ким айта алат?..

Ырдын автору  байыртан “кыл арканга өтпөгөн кылычы бар” элдин, түпкүлүктүү улуттун ушундай абалга жетип калганын таамай саптары, таамай фактылары, таамай ой өнүмдөрү, ой чабыттары  менен көзгө сайып, бүжүрөп-бүшүркөбөгөн тайманбастыгына салат,  ачуу чындыктын дасмиясын алдыңызга тартып берет. Он эки куплеттен турган саптарга ашыкча комментарийдин  кереги  жоктой, өзүнүн тулкусундагы ойлорду өзү айтып, өзү ашкерелеп, какшыктуу бүтүмдүн  “акыйкаттыгына” айласыз  ынандырат. Ишенбесеңиз, окуп көрүңүз:

Аңтарылбай тоолордун бар байлыгы,
Ата-баба мурасын чачпайлыбы.
Карызы көп чет элге Кыргызстанды
“КАРЫЗСТАН” деп атап албайлыбы.

Ар-намысты жоготуп жойбойлубу,
Аккуланы  аш-тойго сойбойлубу.
Кредитти көп алып өлкөбүздү
“КРИЗИЗСТАН” деп атап койбойлубу.

… Нарын суунун агымын бурбайлыбы,
Наркыбызга кыянат кылбайлыбы?
“Ак молдону”  “Ивандан” аша ичип,
“АЛКАШСТАН” өлкөсүн курбайлыбы.

Өзү жашап турган замандын куулук-шумдугу менен былык-чылыгынын бет пардасын сыйрып таштап, “киндиктерди өзүбүз кеспейлиби, \ кементайың жыртылды чечпейлиби” деп кол куушуруп, көр оокатка алданып жүрө бербей, өлкө тагдырына кайдыгерликти токтотолу деген ой чачырап турганынан, эртеңкиден үзүлбөгөн үмүттү көрөбүз. Кокту-колотко,   ууру-ууруга бөлүнүп-жарылып жүрүп,  эмне таптык, эмнеге жетиштик,   бир ууч кыргыз “жети дубан жетимишке бөлүнүп кетсе” не деген абийирибиз калат, эмне деген улут, эл болобуз деп жан күйгүзөт. Ырас, бул кан какшап айтылып келаткан  эле ойлор болчу, бирок акын муну ырга салганда анын жугумдуулугу, таасирдүүлүгү, жан кейиткен маңыз-мааниси ого бетер тереңдей түштү.

Жаңы аталыштагы сунуш  жүйөлүүбү же жүйөсүзбү – ар ким  өзү чечсин. Какшыктын кан буугандай күчүнөн  окурмандын сезим-туйгусу курчуду, күчөдү.

Азыр китеп окулбай калды деп эле кейиген жан көп. Мындай турмуш чындыгын айткандан эч нерсе өзгөрбөдү, сабатсыздыкка  каршы чечкиндүү күрөшө албай жатабыз (бирдеме деп көр, демократияны бетиңе кармап, сазайыңды колго берет), эч нерсе жасай албагандан кийин  ыкшоолук менен кенебестикке жаны ачыган, чыдабай  эмоцияга алдырган акын айткан дил  байлыгы болгон  китепти  “ОТ ТАМЫЗГЫ”, “ААРЧЫГЫЧ” кылып алууга дити барган муундан (азыркыбы, кийинкиби – кандай айырмасы бар?) эмнени күтүүгө болот?..

Жаш калемгердин жазуу манерасындагы утугу, ыр жазууда  чайналып- чарпылып,   кыйналып-кысталып отурбай эле (уйкаштыкты куубай,  жасалма ыргакка салбай), “ала кушту атынан атаган жакшы” дегендей, ойлорун эркин,  марттык, тартынбаган тайбастык менен айта алгандыгында. Анын дагы бир калемине мүнөздүү сапат мыскыл-тамашага салган жумшак  ирония ырларынын акыркы куплеттеринде “тишинин агын” көрсөтүп күлмүңдөп коёт (Буга да токтолобуз).

Мирландын ырларынын тематикасы ар кыл, Ата-Мекен, жаратылыш, сүйүү жана башка темалар. Бир топ ырларынын ичинен өзгөчө бөлүнүп, калемгерлик талантынын кандайча өсүп, чыйралып, кандай жаңылыгы, табылгасы менен окурмандарынын бүйрөсүн кызытып  келатканына үңүлдүк. Бул ыры “Сараң болуп баратам” деп аталат.

Автордун ачыктыгы, шатыра-шатман маанайдагы ойду кесе айтуу, бутасыз, түз мамилеси анын ырларынан таасын байкалат.

Сен карабай жүргөн кезде күйгүзүп,
Мен тажабай ашыктыгым билгизип, – 
деп сүйгөнүнө майрам сайын гүл берип, кафеге киргизип, көлөкөсүндөй  чуркап жүрүп үйлөнгөндөн кийин баягы ашыктык кездеги мүнөздөрү жоголуп, эмнеге сараң болуп баратканынын себебин  чечмелеп берет. Бул ыр эпизод сыяктуу эркин окулат, анткени бир жаш үй бүлөнүн турмуш  картинасы көз алдыга келет. Турмуш чындыгынын  жүйөлүүлүгү, талабы, “ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей, мына бул саптарында ачык, так, ишенимдүү айтылат:

Айлык алсам өзүмө алам дебеймин,
Сага көйнөк алперсем деп жөнөймүн…
Багытымды орто жолдон өзгөртүп,
Батир үйдүн  ижарасын  төлөймүн.

Үнөмдөймүн, кем-карчыңды бүтөйм дейм,
Айлыгым аз, өп-чап жетет… Түтөйм мен.
“Бир букет гүл” сага алперем  деп кирип,
“Ун, нан, шекер” алып чыгам дүкөндөн…

Автор турмуш чындыгын ушундай бир чеберчилик, кылдаттык жана ийкемдүүлүк менен ачып таштады. Ырдын элестүү сюжети каармандын (ал ким болбосун) образын кыйма-чиймелүү сызыктар менен тартып койду. Бапыраңдаган колу ачык жигит жашоонун ыргагынан, муктаждыгынан сараң болуп баратканы бекеринен эместиги таасындалды. Турмуш чындыгынан жаралган саптардын таасири окурмандагы  реалдуу нерселерге болгон ой чабытынын кеңейишине, калыс жана акыйкат бүтүмгө жетелейт. Ал эми ырдын тарбиялык маанисин  акыл-эси зирек, кунттуу окурман дароо илип алат.

Жаш акын өз автопортретин (десек коошпой туру) чийип бергенге далалаттанган “Атам” жана “Мирландын кыялы” деген эки ырына токтолуп кетпесек болбойт. Мирлан  азыр 22 жашта экени ырларынан байкалып калды. Өзү жөнүндө маалыматым болбогон үчүн жаңылышсам, туура түшүнөсүздөр деп  ойлойм…

Кеп жашта болбогону менен  поэзиядан өзүнө орун издеп, жолун тапканга жан үрөп жүргөн жаштарды эске алганда, чынында эле жаш деймин. Адабиятка дымактуу, ишенимдүү, такылдап тартынбай кадам таштаганына караганда, ушул таризде кетсе, чарчабай изденсе, калемин такшалдырып отурса алыска-алыска барат, чоң акындардын  катарын  толуктайт деген  изги үмүттүн  шооласы жанат.

Чыгармаларында (эгерде ушул калыбынан жазбай, көп окуп, көп изденип, дүйнөлүк адабияттын шедеврлеринен байып отурса) мекенчил, ойчул, лирик, пейжазист акын катары өзүн таанытууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

“Атама” деген ыры  мурда-кийин окулуп-жазылып жүргөн “аталарга” такыр окшошпойт. Ар бир ыр сабындагы динамикалуу ыргактан атанын  уулу, “копияңмын”  дедирген  сыймыктануу, кубаттануу,   акын болуп калышында  атанын  ролу үлкөн экени,  таалим-тарбияга болгон балалык ыраазычылык сезиминде жазылган.

Жүз жылдык эмгегиңди,
Жүрөктөн сунасың ээ!
Мен үчүн жан берүүгө,
Дапдаяр турасың ээ!

Ушундай көтөрүңкү маанай менен жазылган үч куплеттен кийин тарбиянын артыкчылыгындагы таасир же ата-баланын купуя сыры сыяктуу (ыр жыйынтыкталып жатпайбы) айтылбастан, биздин  кулакка сиңип бүткөн шаблондуу  “Кулуну болсоң экен, кутмандуу эл-жеримдин” деген тапталган ойдун кулагы чыга калды…

Бир чети тамаша,  бир чети мыскыл деп айтууга боло турган ырын “Мирландын кыялы” деп атаптыр. Эки аял алуу маселеси бир мезгилдерде Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, дүйнөлүк  коомчулуктун  кулагын кызытып турганда, кудай  жалгап  мыйзамдаштырылбай калганы  эсибизде. Эркек аттуулардын арасында кызуу талданган тема ушул. Мирлан аны кылдаттык,   этияттык менен “кыял” дептир. Коомчулукта муну жашоодогу актуалдуу темага  айландырган  фактылар да кездешип турат.

Акын деген сезгич, кыраакы болот эмеспи, жалпы  кепке айланып, күн тартибинен түшпөй келаткан  эки-үчтөн ( аялдыкка алуу) төшөк жаңыртуу маселесин мыйзамдаштырууга көзү  каткандардын  тилегин, оюн шылдыңдагансып, майин мыскыл менен ырына  минтип чекит коёт:

Көргөн сайын сулуулардын чырайын,
Көзгө сүртөр дары кылып турайын.
Баарыңарды  алуу үчүн  сулуулар,
Байыгандын аракетин  кылайын.

Акын ким? Ушул суроо улуттук адабиятыбыз пайдубалын түптөгөндөн бери ар бир чыгармачыл инсан жооп  издеп,   акындар өздөрүнүн  тыянагын чыгарып, оюн айтып келет. Акындык кесиппи же тагдырбы, акындын  жашоодогу озуйпасы эмне, акын атка конгондор башкалардан, кадыресе адамдардан кандай касиет-сапаттары менен айырмаланат? — деген соболдун жообу  айтылар деген үмүттө отурат окурман.

Улуттук адабиятта от жүрөк акын деп таанылган  Жолон  Мамытов “Акындын монологу” деген ырында:

Шырдамал куралгандай кыйыктардан,
Мүнөздөр-кыял, жорук, кылыктардан
Дүйнөгө ырлар тартуу  кылабыз биз
чогултуп  бир  бүтүндү сыныктардан

…Бул үчүн бизди желдет атып  жатат,
Күн тийбес түрмөлөргө катып жатат.
Винодой, бирок, аалам биздин сөздү
Айланыш жолдор менен татып жатат.

Акын  бардык куплеттеринде акындын жүрөгү тынчсыз, жашоодогу ак-каранын күрөшүнө  жөн карап тура албаган, ой-санаасы,   кыял-үмүтү элдин турмуш-тагдыры менен жуурулушуп,  кошоктошуп калганын  ынанымдуу айтып берген. Орустун улуу акыны А. Блок “Акындар өз ара окшоштугу менен эмес, айырмаланышы менен кызык” дегендей, акындар эмнени ырдап жатканынан да, өзүн-өзү кандайча ачып бергени, кандай ашуу белдерден өзүн таанытканы  чоң мааниге ээ эмеспи.

Мирлан так ушул ойго окшош ойду “Акынтаануу” (демек илимдин бир тармагы) деген ырында муун өлчөмдөрү 5-6 ыргактан ашпаган  кыска, бирок нуска ойлору менен кескин, таамай, омоктуу жооп айтат. Анын жаштыгы, турмуштан кагылып-согулуп, чалынып жыгылбай  жатып, поэзиянын көз чендебес алкактарына бой таштоого камынган  аракети катары баалоого болот.

Акындар алар кимдер?
Дүйнөсү такыр  бөлөк.
Өмүрлүк жубайындай
ырларын жакшы көрөт.

Акындын сырдашы туулган жердин тоо-ташы, Ата-Мекендин тоолорго курчалган табылгыс табияты экенин айтып келип, акынга гана таандык касиет, таланттын  күчү менен акын гана сезе алган  ички сезим-туюмдун кабылдоосунан жаралган  назик, жумшак, жагымдуу, элестүү “Кумурска кулагынан,   күлкүсүн көрүп турат”, “Көз менен көрбөйт алар, көкүрөк менен көрөт”, “Чиркейдин жүрөгүнүн кагышын уга да алган”, “Тарагы – мээлүүн шамал, чачтарын сылап турган” деген  ажайып салыштыруулары менен  ырдын  көркөмдүк-эстетикалык  деңгээлин бийикке  көтөрө алган.  Көркөм ойду туюнтуудагы көркөм сөз каражаттарын эптүү, ыктуу пайдалана алышы акындын сөзгө болгон ынтызарлыгын, жоопкерчилигин да айгинелейт.

Мүнөзү  кээде  катаал
а кээде мелмилдеген.
Жүрөктө сүйүүсү бар
төрт мезгил тең гүлдөгөн.

Кылымдап турган тоолор —
акындын куракташы.
Ак сүйүү, арман, сезим —
Акындын классташы.

Мына ушул куплеттеги  акындын “ куракташы, классташы “ деген сөз айкашы көп нерсени туюнтуп, чылгый ойлорду салаалап, алакандан алаканга салып берет. Ырас, акын үчүн  жылдын төрт мезгилине карабай, жарыкчылыктын  ак шооласы менен ак жарыгын табууга  же  неликтен  Ата журттун кара түн менен  кара булут каптаган  асманын айтууга кудурети жеткен акындык  шык, талант, дем, жүрөк бар. Ал сөзү, ыры, поэзиясы менен жан дүйнөнү аңтар-теңтер кыла ала турган күчкө да эгедер.

Бирок, ырдын башындагы биринчи куплетиндеги суроону акыркы куплетинде кайра кайталайт да, жообун мындайча узатат:

Жулунуп дүйнө дебей,
журт жүгүн жонуна артат.
Топчудай чындык үчүн
Тоодой чоң түйшүк тартат.

…Алмадай сүйүү үчүн
ажалга башын берет.

Жаш калемгер “топчудай, алмадай, тоодой” деген  литотаны (троптун бир түрү) окурмандын эмоциясын козгоо, ойготуу үчүн элпек  колдонгонуна карабастан, ырдын башындагы  ширелишкен, куюлушкан, кынтыксыз куралган, “кыздын чачындай сулуу өрүлүп” келаткан саптардын ыргагын тык токтотуп, темпин басып, акындарга мүнөздүү ашыкча элирүүнүн  жетегине жеңдирип коёт. Жогорудагы (калайык-калктын кайсы жүгүн, кайсы түйшүгүн же кайсы ой-санаасын тартты?) ойдун маңызы ачылбай, ой  аксап, бүдөмүк тартып, уйкаштык үчүн  эле жабыштыра койгону билинип турат.

Дагы бир өзгөчөлүк жаш акынга жумшак ирониялуу маанай мүнөздүү. Биз айтып жаткан “Акынтаануу” деген ырдын акыркы куплети “Акылсыз кыз экенсиң, акынды сүйбөй чанган”, “Элегиядагы” “Ал адамың Пайгамбар уулу беле? \ Аның деле мага окшош пенде билем!”, “Мирландын кыялындагы” “Баарыңарды  алуу үчүн  сулуулар, \ Байыгандын аракетин  кылайын.”, “Антитеориядагы” “Маймылдан адам жаралып чыккан” деп элге, \ Мас болуп Дарвин адашып айтып алганбы?” — деген, ж.б. ыр саптары  жылуу-жумшак, орундуу айтылган идиректүү  калемгердин табылгасы катары кароого болот.

Жаш акындардын дээрлик көпчүлүгү адегенде эле адабиятка баш бакканда, арзуу лирикасынын артынан жүздөрүн ачып алганы адатка айланган,  көнүмүш көрүнүш. Мирлан деле сүйүү темасына арнап жазган ырларында “Таманында калыптыр ээ тагдырдын, “Таза, аруу сүйүүбүз бар”- дешкен күн”, “Тоону  ашат” деген толкун токтоду, \ Томуктай бир тоскоолдукту аша албай” сыяктуу антташып, шерттешип жүргөн сүйгөнүнүн башка бирөөгө кетип калышына ичинен сызылып, сүйүүдөн көңүлү калганда жазган “мендин”  ички абалын ачып берүүгө жакшы аракеттенген, жакшы дегенибиз, бирөөлөрдү кайталап, кулакка жедеп сиңип калган ойлорду башкачараак, өзүнүн сөзү менен  айтканы сезилет.

Жүрөктөрдү аруу сезим байырлап,
Жүргөн кезде алоолонуп жалындап,
Жалындаган өчпөй турган сүйүүнүн
Жалгандыгын мезгил койду маалымдап.

Сезимдин ачуу даамына  уулуккан “мендин” ошол бактылуу күндөрүнүн элесинби же (“Эски күндөр эстелип” деген ырында) эски күндөр эмнеси менен эсте калганын  айтаар экен деген ойду шарт өчүрүп (ойду бурмалап, бечара кейпин кийип алып),   ырына  макалдын мааниси коошсо, коошпосо да  чүргөй салат. Өзүңүз баамдап көрүңүз:

Башымды аттап жары болуп бирөөнүн,
Басып кетсең жанчылды эле жүрөгүм.
Ал кезекте сүткө оозум күйгөн бейм,
Айранды  азыр үйлөп ичип  жүрөмүн.

Бир жаман жери, өзү ашык болгон Айжамалдын образын издеп, лупа менен да таппайсыз. Автор өзүнүн кайгы-касиретин айткандан тажабайт, ырдан ырга алып өтөт. Чоң акындардын, айрыкча Пушкин, Лермонтов, биздин Алыкулдун ырларында бир сапта же сөз айкашында ашыгынын мүнөз-келбети, кыял-жоругун же мамилесин кыскасы, элесин кыстарып өтөт.

Мындан башка  “Сен тараптан бакыт жаап”, “Айыгайын, жаңырайын”, “Бактылуумун бүгүн мен” ырларында сезимге мас болгон каармандын ички туйгусун,   бактына балкыган абалын (ошол акынды ыр жаздырып жатпайбы), чеберчилик менен  берилген саптар арбын кездешет.

   Жолугушуп  мен сенден алган сыйдын,
Деми менен шаттанып калгансыймын.
Бир колума көктөгү Күндү кармап,
Чөнтөгүмө Ай салып  алгансыймын.

Ал эми  “Мүрөк болдуң соолуган өмүрүмө, \ чүрөк болдуң сен жагып көңүлүмө” деген саптар (сезимдин оорусуна чындап кабылган адамдын абалын билдире албайт), кечээ эле сүйүүдөн сокку алган жан, бүгүн башканы көрүп эле, эсин жоготкудай болуп, жаңысына  жалындап-жалбарып  отурса, тоок сүйүү болуп калбайбы… Тез эле сүйүп, тез эле сезимден көңүлү калган неменин  ырлары сүйүүгө чаңкап жүргөндөргө кантип дабаа боло  алат?

Элде ырдалып жүргөн “Аруузатым” деген ырдын  кайрыгынын таасирине да кабылган.  Эки  ырдын  башындагы  куплеттерде  уйкаштыгына  карап кулакка сиңип бүткөн саптар менен  жамактатып  койгону мына  ушуга окшогон  бир канча тизмектерде, мисалы: “Тагдырыма кайрадан ыраазымын, \ Таалайыма сендейди жолуктурган” деген  саптардын инерциясынан  оркоюп көрүнүп калган.

Дагы бир жери, башкаларды тууроо адатынан арыла албай жатканынан  пафостуу саптар (пейзаждык, сүйүү ырларында арбын) мындайча айтканда, шаңдуу угулганы, көтөрүңкү маанай,  чыңалган эмоция менен айтылганына карабай, карманган ою чоркок, алсыз, тажатма аныктамасы менен көңүлдөн түнөк таба албайт.

Поэзия айдыңына ишенимдүү кадам таштаган жаш акын Мирлан Алтымыш уулунун чыгармачылыгына берилген баа катары  түшүнбөй, жогоруда  айтылган мүчүлүштүгүн  айтыла элек, жазыла элек эртеңки ырларында эске алып, калемин чыйралтып-курчутуп,   өз стилин бекемдеп, жазуу манерасын өстүрүп, маарага чыккан аргымактай  жан терге түшүп  эмгектенсе, ушул тапта кол чаап отурган окурмандарынын үмүт-тилегин эки эсе  актайт деген тилекти билдиргим келет.

Ризван Исмаилова, Филология  илиминин  кандидаты, ОЮИ доценти, жазуучу, журналист

 2020-жылдын 16-февраль

Комментарий калтырыңыз