Чыңгыз Айтматов: Ар бир тил – өз элине улуу

Адабият белгилүү өлчөмдөгү улуттук табиятынан сырткары өмүр сүрө албайт. Ал кандайдыр бир түрдө белгилүү бир тил менен, анын өнүгүшү менен, кандайдыр этникалык чөйрө жана маданият менен байланышта болот. Ал турсун аябай эңсеген күндө да, жалаң күч аракеттин аркасы менен ал касиеттерден “кол үзүп” кетүү мүмкүн эмес. Бирок бир жагынан өзүн-өзү обочолотуп алуу коркунучу да бар экени бышык. Чындыгында сени өз гана эмес, “өзгөлөр” да түшүнгүдөй болуш керек.

*     *     *

Жалгыздык – жазган киши үчүн азап эле. Ал эми ага атайылап умтулуу – сандырактык.

*     *     *

Жазуучу деген аудиторияны кызытыш үчүн өзү кол чаба баштаган эстрада ырчысына окшошпош керек! Тилекке каршы, мындай боор ачыткан, осол аракеттер адабиятта да кездешет.

*     *     *

Ар бир адам – өз алдынча эркин мамлекет эмеспи, анын адеп-ыйманы жагышы да, жакпасы да мүмкүн, бирок аны менен эсептешүү керек.

*     *     *

Сын чыгармачыл иштин өз алдынча бир уруусу экенин далилдөөнүн зарылдыгы барбы. Ал адабият менен, чыгарма жазуу менен коюн-колтукташ жашайт. Сындын өмүр сүрүшү – көркөм адабияттын жана анын өсүп-өнүгүү кыймылынын зарыл шарты.

*     *     *

Биздин улуттук чөйрөдө чечилбеген бир да проблема жоктой кылып сүрөттөөнүн кереги жок. Ошондой эле бештен белгилүү нерселерди мисалга тартуу да кажетсиз, азыр алар жөнүндө ой жүгүртүү анчалык да зарыл эмес. А көрөкчө биздин интернационалдык түзүлүштүн системасындагы улуттук маданият, улуттук аң-сезим канчалык терең жана демократиялуу өнүгүп жатат.

*     *     *

Интернационализм – арифметика эмес, кошулуучулардын суммасы эмес, ал өз алдынчалыкка ээ көптөгөн улуттук маданияттардын алгебрасы.

*     *     *

Орус тили – улуу тил, бирок бул башка улуттук тилдердин ички мыйзам ченемдүүлүктөрүн эсепке албай, ага асыресе орус сөздөрүн болсо-болбосо деле сүйрөп кирүүгө болот дегендикти билгизбейт. Кыргыз тилинде чыккан эки областтык эки газетанын аты буга аргасыз жылмайта турган мисал болуп берет алат: бири “Ысык-Көл правдасы”, бири “Нарын правдасы” деп аталат. Булар менин ар-намысыма шек келтирбей койбойт. Айтса-айтпаса, миңдеген жылдарды камтыган тарыхы бар, бирок “акыйкат”, “чындык”, “адилдик” деген сөзү жок, эмне деген калк?! Минтип орус тилин мүдүрүлтүп, “правда” түшүнүккө тете, маанилеш ондогон сөздөрү бар кыргыз тилине шек келтирүү кимге керек?!

*     *     *

Өз базасы жок эмне деген улуттук маданият болушу мүмкүн?

*     *     *

Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил – өз элине улуу. Биздин ар бирибиз бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошушубуз керек.

*     *     *

Альберт Швейцер: “Турмуштун маани-маңызы жөнүндө жөн эле ой жүгүртүп коюунун өзү чоң байлык” деген.

*     *     *

Адам өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш болот. Кээде ал ага чыгып барат, демек тирүү калышы табийгый нерсе, кээде чыга албай ара жолдо калат.

*     *     *

Элге билим берүүдөн үнөмдөштүн кереги жок, ал өзү болбогон иш.

*     *     *

Бир мугалимдин элүүдөй баланы окутуп жатышы – бул билим берүү эмес да, бул окутуу ишинин бурмаланышы.

*     *     *

Билимдүүлүктүн деңгээли канчалык жогорулаган сайын, тарбиялоо да ошончолук кыйындап, татаалдана берет, демек, бул иште кыраакы да, кылдат да болуу керек.

*     *     *

Бүгүнкүнүн казанында жок нерсе келечектин чөмүчүнөн чыкмак беле.

*     *     *

Оңтойлуу ыкманын оңтойсуз экенин сыпаттаган акылы жетиктер чыгат.

*     *     *

Биз көптөгөн иштердин тетигин тескери бурап, бузуп алабыз.

*     *     *

Ашыкма – нигилисттерди унчукпай колдоп олтургандар эмнени болбосун сатып кетүүгө даяр. Кейпи биз адамдардын ушундай жамаатын да тарбиялап алсак керек.

*     *     *

Жазуучулук иште бухгалтердик эсеп жүргүүзүнүн кереги жок. Жазуучунун кандайлыгы – анын китептеринин саны менен өлчөнбөйт.

*     *     *

Бардык замандар үчүн жарактуу, бип-бирдей идеал болуп кала турган китеп жок.

*     *     *

Дүйнөдө кем акылдар азбы, андайлар жазуучулар арасынан да учурайт. Жазуучу бой көтөрүүчүлүккө берилбей, ооз көптүрбөй, кара терге түшүп мээнеттенгени, издегени оң.

*     *     *

Ар бир жазуучу өз жолун издегенине не жетсин. Мейли, туурап болсо да жаза беришсин, кептин баары жазылган чыгарманын түпкү натыйжасында, анын кандай чыгышында.

*     *     *

Көралбастыкпы же башкабы... турмуштун андай арзыбас майда-чүйдөлөрү туурасында баш катырганга менин убактым жок – алга басышым керек.

*     *     *

Кыйынчылык – убакыттын кадырына жетүүгө үйрөтөт.

*     *     *

Атак тууралуу эч качан ойлонбоо керек, анткени ал өткүнчү нерсе.

*     *     *

Күрдөөлдү эмгек ордуна күпүлдөгөн сөздү каада тутуп келе бергенде кандай күнгө туш болмогубузду ойлосоң үрөй учат.

*     *     *

Билсеңиз көпчүлүктөй эле мен дагы демократиянын аргасыз тардыгын, атүгүл жоктугун дайым сезип келгем.

*     *     *

Жек көрүү адамдын акылын киргилдентет.

*     *     *

Адам деген аты-затына төп келген шарттарда жашап өткөнү жакшы.

*     *     *

Ишти бирөөгө шылтаганда же бирөөнүн жасашын күткөндө кедерине кетүүнүн, жылбай дымып туруп калуунун бүтпөс убаракерчилиги башталат.

*     *     *

Адабиятта айкындык аба сыңары зарыл.

*     *     *

Мен жоопкерчиликти өзүңдүн жеке ой пикириң аркылуу элдин ой-пикирин калыптандыруунун жооптулугу деп билем.

*     *     *

Өмүрдүн логикасы – анын өнүгүшүнүн гарантиясы – алга арымдоо.

*     *     *

Улуттук негизи жок адабият болбойт. Кандай гана сөз бобосун, ал кандайдыр бир улуттук булактан сызылып чыгат.

*     *     *

Жазуучунун тагдыры сыяктуу эле ар бир чыгарманын тагдыры бар.

*     *     *

Эркиндик, теңдик жөнүндө дегеле көп сүйлөгөн менен эч нерсе жасабаган адамдар бар. Эркиндик эмне экендигин караманча түшүнбөгөндөр да бир топпу деп ойлойм. Кээ бирөөлөр оюна эмне келсе ошону жасап, оозуна эмне келсе ошону оттой берүүнү эркиндик деп билишет. А эркиндик деген улам жаңы рухий мейкиндикке эгедер болуу, адамдын адеп- ахлактык, социалдык жактан жетилүүсүндөгү жаңы баскыч.

*     *     *

Адам башка бирөөнүн кайгы-муңуна, күйүтүнө боору ооруп, аларды тең бөлүштүрүүгө, өзүнө алууга даяр турса гана өзүнүн адамдык сапатын сактап калат.

*     *     *

Анык сүрөткер укум-тукумга даанышман чыгармаларды гана эмес, өз өмүрүн – баа жеткис, эч нерсеге салыштыргыс искусство чыгармасын да калтырат.

Сүрөткерден мурда адам болот. Искусстводон мурда сүрөткер болот.

*     *     *

Сүрөткерди доор жаратат, ал эми сүрөткер кезегинде ошол өз доорунун идеялары менен  таламдарын чагылтат.

*     *     *

Устат дегенибиз жаныңда туруп, “андай кыл, мындай кыл” деп сөөмөйү менен сайып көрсөткөн адам эмес, өзүнүн иши аркылуу ак-караны айра тааныткан киши.

*     *     *

Чындыктан жаралган чындык, жер катмарынын силкинүүсүнөн пайда болгон туу чокулар, заман өзү жараткан азамат уулдар болот.

*     *     *

Кең ааламга көз чаптырып караш үчүн, адам рухунун кадырын кастарлап, алар менен үн алыша, үзөңгүлөш жүрүш үчүн – рухий кароол дөбөгө ээ болуу зарыл.

*     *     *

Өзү үчүн гана жашап жана өз үйүнөн чыкпаган бир да адабият улуу атана албастыгын Ауэзов жакшы билген.

*     *     *

Тил деген – бул элдин автопортрети макалдуу. Ар бир тил өз жөнү менен, ордунда турганы менен улуу, ар бир тил жалпы адамзаттык нарк-зыйнаттардын кампасындагы кымбат баалуу жана кайталанбас казына.

*     *     *

Сүрөткер менен эл – эки өркөч тоодой өзөктөш, эгиз нерсе. Талантты эл жаратат, анын чебер өкүлдөрү түзгөн бардык көрөсөн иштердин баалоочусу да, сактоочусу да эл.

*     *     *

Өлүм күйүтүн тирүүлөр тартмагы парз...

*     *     *

Акындар азыр аз эмес, көп, андан да аларды акын деп аваз кылгандар көп.

*     *     *

Сөз. Сөз стихиясы. Сөз менен биз адам атанып, алдыбызда жайылып жаткан жарык дүйнөнү да сөз менен аңдап билебиз. Сөз жок болсо адам жок, адам жокто сөз да жок. Сөз менен тил жаныбызга тең бүткөн шыбага, улуттун, элдин таалайлуу энчиси, орток байлыгы. Сөз атасы – ыр делсе, сөз зергери – акын делет.

Топтогон “РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз