Жазуучулар доору

Ар бир мезгилдин өз аты бар. Азыркы кезди тартынбай эле жазуучулар доору деп атай берсек болот. Анткени бүгүнкү күндө (бир аз апырта айтчу болсок) сабатсыз киши эле өзүн жазуучу атабай калбаса, эки сөздүн башын кошкондордун баары эле өзүн акын-жазуучу сезе баштады.

Жазуучулардын үстөл кучактап чыгарма жаратууга талпынгандарын кошпогондо дагы башкача түрдөгү калемгерлер (интернет торунда өз оюн билдирүүгө тили менен колу кычышып тургандар, анча-мынча чымыны дыңылдаган шыктуулар, жамакчылар, блогерлер ж.б.д.у.с) көзгө көбүрөк чалдыкчу болду. Жазуучулук мода болуп бүтүп, ар экинчи адамдын чыгарма жараткысы келген дымагы көнүмүшкө айланганы калды.

Эгер мурда жаш кезде баары ыр жазары тууралуу айтылса, ал тургай ырдалып жүргөн болсо, азыр бардык курактагы түркүн авторлордун калеминен поэзия болсун, проза болсун жарала берери жөнүндөгү кеп кенен-кесири жүрүүдө.

Бирок бизди таң калдырганы – элдин баары жазып жатканы эмес (интернет желесинде ар бир адамдын жазуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн шарттар жаралганын эске алганда бул табигый көрүнүш) авторлордун өзүн кандай көрсөткөнү, “чыгармачыл жаратындыларын” эмне деп атап, кандай көтөрмөлөгөнү болуп жатат. Гезитке бир-эки аңгемесин жарыялагандар же акчага ыр жыйнагын бастыргандар уялбай туруп өзүлөрүн акын-жазуучу атачу болду.

Албетте, жазуучу тарых алдында чыгармаларынын саны менен эмес сапаты үчүн жооп берет (“Китептер жакшы жазылган жана жаман жазылган деп экиге гана бөлүнөт. Болду, мындан башка сөз жок”, - деген экен О.Уайльд). Эптеп эле чыгарма аты бар, көркөмдүк сапаты абдан төмөн немелерди жазгандардын өзүлөрүн жазуучу санап, көтөрө чаба мактаганын түшүнсөк болот. Анткени алар ушул сыяктуу эле, ал тургай сапаты боюнча мындан да төмөн чыгармаларды окуп адабий табитин калыптандырышкандар.

Ушундан улам да алар колдоруна калем алып чыгарма жаратууга батынышат. Ошентип окурман авторго айланып,  чыгармасын миңдеген нускада жарыялап, китебин акча табыш үчүн жерге-сууга тийгизбей жарнамалаган басмакананын сүрөөсү менен элге кеңири таанылып, адабиятты түшүнбөгөн окурмандардын мактоосу менен жана башка ыңгайлуу себептерден “жазуучулук” деңгээлге чейин өнүгүп өсөт. Эгер жарыяланган текст чындап эле төмөндөн жогору болсо, адабий эрежелер сакталып, чыгарманын баш-аягы байкалып, эптеп эрмек тапканына сүйүнгөн окурманды анча-мынча канааттандыра алса, автордун өзүн жазуучу санашын актайт эле. Бирок иш жүзүндө андай эмес, бир жакшы жазуучуга Сальвадор Далиникиндей дымагы бар, бирок чыгармасында бир да “бүдүрү” жок жыйырма чымындуу туура келет.

Жазуучулук кандайдыр бир кайыптан буйрулган өзгөчө кесип болгондуктан аны менен таланты зордугунан улам жазбай койо албагандар алектениши керек. Бирок жогоруда айтып кеткенибиздей акыркы жылдары чыгарма жаратууга урду-берди мамиле жасоого жол ачылгандыктан жазуучулуктун баркы кетти. Аны менен даңкка оңой жеткиси келгендер менен талантынын деңгээлин өлчөй албаган дардаңпоздор шугулданчу болду. Буга Союз убагындагыдай адабиятка көзөмөлдүн жоктугу да жол ачты. Балким изденүүнүн үстүндөгү орус чыгармачыл дүйнөсүнүн муну басып өтүшү зарылдыр. Анткени Батыш Европада ушундай көрүнүш өткөн кылымдын 80-жылдарында орун алганын Милан Кундер өз эмгегинде белгилеп өтүптүр.

Азыр эми батышта “кол өнөрчүлөрдүн” (кесипкөй эмес жазуучуларды ушундай аташат) чыгармачылыгына абдан дыкаттык менен байкоо салышат.

Ал жакта окурманды терең ойго түртпөгөн окуялуу романдар менен үй кожойкелеринин мемуарлары абдан чоң окумдуулукка ээ. Ошондой эле “Сооданы кандайча туура жасоо керек”, “Күйөөдөн жакшы атаны кантип чыгарабыз”, - деген сыяктуу кеңеш берүүчү адабияттардын өтүмдүүлүгү жогору. Эгерде батышта тажрыйбаланган иштер  акыры жүрүп отуруп бизге келерин эске алсак, анда талыкпай иштеген жана изденген калемгерлерге окурмандардын сүйүүсү менен байгер жашоо буйруларына пайгамбарлык кыла берсек болот. Ошондой эле кара жумуштан качкандар менен оңой даңкка умтулгандар кайсы учур болсо да жазуучулуктун каалгасын каккылап келе берерин түкшүмөлдөсөк жетиштүү. Анткени элибиз чымындуу, ар бир экинчи жараныбыз жамактап ыр жазганды, кооз сүйлөгөндү билет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Пиши.про писателей сайтынан алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз