Эгерде адамдын көлөкөсү алдыда баратса, аны сөзсүз эле өз көлөкөсүн ээрчип жүрөт дешке болбойт.
* * *
Мурду чоң адамдын баары эле жыт билбеген сыяктуу, эстүү адамдын баары эле акылдуу эмес.
* * *
Досуңдун жакшылыгын тез унутуп койгон сыяктуу эле, душманыңдын жакшылыгын унутуп коюу кыйын. Душмандардын гана жакшылыгына жакшылык кылабыз; жамандык жасаган душманга да, доско да кастыгыбызды артабыз.
* * *
Үй-бүлөдөгү уруш-талаштар – бул үй-бүлөдөгү өчүп бараткан сүйүүнү оңдоого болгон аракеттер.
* * *
Жинди өзүн акылдуу сезгенден эле акылдуулардын саны көбөйбөйт; акылдуу адам өзүн акылдуу сезе баштаганда, акылдуу адамдардын саны бир адамга азаят.
* * *
Математикада гана эки бөлүктү кошсо, бир бүтүнгө барабар. Жашоодо таптакыр башкача: мисалы, акылы жок эркек менен акылы жок аялы – бир үй-бүлөнүн бөлүктөрү экени талашсыз, бирок алар кошулганда эки акылсыз боюнча кала беришет жана эч качан экөө биригип бир акылдуу адам боло алышпайт.
* * *
Жакшы колукту эрге тиерде эрин бактылуу кылсам дейт, жаман колукту – эринен бакыт күткөн үчүн тиет.
* * *
Акылдуу адам менен акылсыз адамдын айырмасы бир эле нерседе: биринчиси ойлонуп, анан айтат, экинчиси айтат, бирок эч качан ойлонбойт. Биринчисинин тили анын оюнун катчысы, экинчисиники ушакчы жана чагымчы.
* * *
Эркек аялдын алдында анын жыгылышына жардам бериш үчүн гана тизелейт.
* * *
Көп сүйлөгөндөрдүн эки түрү болот: биринчилери – эч нерсе айтпас үчүн көп сүйлөсө, экинчилери – эмне айтышарын билбей сүйлөй беришет. Биринчилери эмне ойлогонун жашырыш үчүн сүйлөсө, экинчилери баштары каңгырап бош экенин жашыруу үчүн сүйлөйт.
* * *
Жиндилердин да эки түрү бар: бирөөлөрү бардыгы түшүнгөн нерсеге түшүнбөйт; экинчилери башкалар түшүнбөгөн нерселерди түшүнөт.
* * *
Бул жашоодо эң акылдуусу – баары бир ажал окшойт, анткени ал жашоодо кетирген бардык жаңылыштыктар менен каталарды оңдойт.
* * *
Сүйлөй билүү өнөрүнүн жеткен чеги – убагында унчукпай коюу.
* * *
Адамдар өздөрүн айбандардан акылдуубуз деп ойлошот; бирок айбанаттардай акылсыз жашоо өткөзгөндө, адамга дагы көбүрөк окшошмок.
* * *
Жаш жигит сүйгөн кызын колуктум ушул болсо деп кыялданат, а карыган адам анын бир кезде аял болгонун эстеп сагынат.
* * *
Кээ бир адамдардын эч нерсе кылбай койгону эле алардын адамзатка кылган чоң жакшылыгы.
* * *
Эр жүрөк адам менен коркок адамдын айырмасы – биринчиси, коркунуч келгенде коркууну билбейт, а экинчиси, коркунуч келе электе эле корко баштайт.
* * *
Бир нерсеге бийиктен, жогорку көз караш менен караганда ал нерселердин өзүн эмес, анын геометриялык сөлөкөттөрүн гана көрөбүз.
* * *
Жакшы иштерди жасаган эле адам жакшы эмес, жамандык жасай албаган адам жакшы адам.
* * *
Кээде күчүн сактап калуу үчүн ошол эрежени бузууга туура келет.
* * *
Батыш Европанын акылын өз акылыбыз менен жашоону үйрөнүү үчүн алалы деп ойлогонбуз, бирок биз өз акылыбызды аны менен алмаштыра баштадык.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ