Михаил Жванецкийдин жашоо жөнүндө монологу

  • 02.07.2020
  • 4080

Жашоо кыска. Жашаганды билиш керек. Жаман фильмден чыгып кеткенди бил. Жаман китепти ыргыт. Жаман киши менен сүйлөшпөй койгонду үйрөн. Алар абдан эле көп. Жарабаган иштерди ташта. Керек болсо ортозаар адамдардан кач. Алар да аябай көп. Убакыт кымбат. Андан көрө уктап ал. Тамак же. Андай адамдар менен сүйлөшкөндөн көрө күйүп аткан отту, ойноок балдарды, сулуу аялдарды, шар аккан сууну кара.

Музыка азыркы учурда адамдын душманына айланды. Кайда барсаң ызы-чууга толгон музыка. Жатсаң дубалдын ары жагынан даңкылдайт. Шыптан, полдон угулат. Музыканын жана синтезаторлордун даңкылдагы менен дем алабыз. Бийик үнү көкүрөгүңдү соксо, даңкылдагы тишиңдин пломбасын солкулдатат. Спектаклдерге барсаң азыраак, бирок ансыз баары бир болбойт... Жасанат, Чымчылайт, Чалма салат. Жагууга далалаттанат. Компьютер ач арбактай бир жабышса коё бербейт, чыгыш базарындай азгырып өзүнө тартат. Үңүлүп кирип, издей бересиң, издей бересиң. Балким, бир нерсе табасың, аны колдонгого аракет кыласың, жарабай калат, ыргытасың, кайра башынан түшөсүң, бир нерсе табасың, башыңда бир аз сактап, унутасың. Жаңы ой жок. Жалпыга бирдей сөздөр. Жок! Жашоо кыска.

Китеп гана сыпайы. Текчеден аласың. Барактайсың. Ордуна коёсуң. Ал жутунбайт. Ал жабышпайт. Текчеде туруп алып, качан жылуу колдор келип алат деп күтүп турушат. Алсаң ачылып ички сырын төгүп берет. Адамдар ушундай болсо эмне. Биз көппүз. Баарын барактай албайбыз. Бирөөнү да барактап бүтпөйсүң. Ал тургай жакын адамыңды да. Ал эмес өзүңдү да.

Жашоо кыска. Кээ бир нерселер өздөрү ачылышат. Бир нерселерге эреже иштеп чыгасың. Калгандарына убакыт жетпейт.

Мыйзам бир: кетиш керек, ташташ керек, чуркаш керек, эшикти катуу жаап, экинчи ачпаш керек! Башкага арналган ошол көз ирмемди, эч кимге бербеш керек!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз