Дилазык: Сократтын шакирттерине берген сабагы

  • 07.07.2020
  • 3965

Сократтын достору Сулуу жигит деп каймана ат коюп алган Евдием аттуу жаш шакирти бар эле. Ал тез эле атын чыгаргысы келип, кой-айга көнбөй Элдик жыйында чыгып сөз айтууга камына баштады. Сократ анын шашылып жатканын туура көргөн жок.

– Евфидем, сен айтчы, акыйкаттык деген эмне экенин билесиңби?

– Албетте, кантип ошону билбей калайын, жакшы билем...

– А мен саясаттан алыс жүргөн кишимин, ошондуктанбы, жакшы ажыратып биле албай жүрөм. Айтчы, калп айткан, алдаган, уурдаган, адамдарды кармап барып кулдукка саткан туурабы?

– Албетте, бул туура эмес!

– Макул, а эгерде мыкты кол башчы жоонун чабуулунун мизин кайтарып, алардын аскерлерин туткунга алып, анан аларды кулчулукка сатып жиберсе, бул акыйкасыздыкпы?

– Жок, муну акыйкаттык десек болот.

– А эгер ал тигилердин жерин талкалап, тоносочу?

– Бул дагы акыйкат иш.

– А эгерде согуштук айла-амалдарды колдонсочу?

– Ал дагы туура, акыйкат иш. Ооба, мен жана туура эмес айтыптырмын: эгерде душмандарды алдаса, аларга калп айтса, уурулук кылып талап тоносо – бул туура, акыйкат иш, ал эми ошондой мамилени досторуңа кылсаң – бул акыйкатсыздык.

– Эң сонун! Мен эми бир нерсе түшүнө баштадым окшойт. Бирок Евдием, эгерде кол башчы өз аскерлеринин душмандарынан сүрдөп, шаабайлары түшкөнүн көрүп, мына-мына өнөктөш армия жардамга келип калат деп аларды алдап, алардын көңүлдөрүн көтөрсө, мындай калп кандай болот?

– Бул учурда ал туура кылган болот.

– А эгерде баласы дары ичкиси келбей жатса, ал дарыны көргөзбөй тамагына кошуп берип айыктырып алса, минтип калп айканы туура эмеспи?

– Жок, анын кылганы туура.

– А эгерде кимдир-бирөө досунун жашоодон аша кечип, өзүнө кол салгысы келгенин байкап калса, анын кылычы менен канжарын катып салса, мындай уурулукту кандай баалайбыз?

– Ал туура кылган болот. Ооба, Сократ, мен дагы туура эмес айтыптырмын: душмандарыңа калп айтуу, алдоо жана алардан уурдасаң бул туура экен, а досторуңа ошол эле нерселерди жакшы болсун деген ниет менен айтсаң – ал туура, ал эми аларга жамандык кылайын деген ой менен айтсаң, бул акыйкатсыздык десем туура болчудай.

– Абдан жакшы, Евфидем. Туура иштерди жасаш үчүн мен ак менен кара иштерди ажырата билишим керек экен. Эми, муну сен жакшы билесиң да?

– Билем деп ойлойм, Сократ, бирок эмнегедир минтип айтыштан да коркуп турам.  – А бул жөнүндө өзүң эмне дейсиң?

– Анда угуп тур, мисалы ден-соолугуң жакшы болсо – бул байлык, а оору – бул каргаша; ден-соолукту чыңаган тамак-аш, – бул пайда, а оорулуу кылып, денеңди ууландырса анда, – зыян.

– Абдан жакшы, тамак-аш боюнча түшүнүктүү болду, балким ден-соолуктун өзү жөнүндө да дал ушинтип айтсак туура болуп жүрбөсүн: ал жакшы иштерге алып барса, бул жакшы, а жаман иштерге алып барса зыяндыр?

– Сен эмне деп жатасың, Сократ, кантип эле мыкты ден-соолук адамга зыян кылсын?

– Мисалы: жөндөн-жөн тынч жаткан элге согуш ачып, албетте, жеңилип калышты дейлик; ден-соолугу мыкты жигиттер согушка барып кайтпай калышты, ал эми оорулуулар, майыптар үйлөрүндө калып аман жүрүшсө, анда ден-соолуктун пайдасы тийдиби же зыяныбы?

– Ооба, Сократ, бул жолу да сеники туура болуп чыкты. Бирок адамдын акылы – бул сөзсүз чоң байлык!

– Дайыма эле ошондой деп ойлойсуңбу? Мына, перс падышасы өзүнүн хан сарайына гректердин жана башка элдердин акылмандарын, окумуштуу өнөрпоздорун чогултуп, мекендерине жибербей кармап жүрөт. Алардын акылдары өздөрүнө кандай кызмат кылып жатат деп ойлойсуң, пайдасы тийип жатабы же азапка малынтып койдубу?

– Андай болсо сулуулук – бул күч, ал эми байлык – атак-даңк!

– Бирок кул сатуучулар сулууларды көп уурдашат, анткени сулуулар кымбатка сатылат. Күчтүүлөр көпчүлүк учурларда алы жетпеген иштерге асылышып, анын азабын тартышат. Байлардын көздөрүн май басып, ар кандай таза эмес оюндардын курмандыктары болуп өлүп тынышат; атак-даңк ич күйдүлүктү жаратып, көптөгөн жамандыктарга кабылтат.

– Андай болсо, – деди шаабайы сууган Евфидем, – кудайга кантип сыйынышты да билбей калдым.

– Капа болбо! Жөн гана сен азырынча элге эмне деп айтышты биле элексиң. Бирок элдин өзү жөнүндө бирдеме билесиңби?

 – Билем деп ойлойм, Сократ.

– Эл ичинеде кимдер бар?

–Байлар жана кедейлер.

– А сен кимдерди кедей, кимдерди бай деп эсептейсиң?

– Кедейлер – кыйналып, жетишпеген турмушта жашагандар, а байлар – колунда байлыгы бар, кенен-кесир өмүр сүргөн адамдар.

– Аз  болсо да болгон нерсеге каниет кылган кедейлер, болгон сайын болсо деп бүт дүйнөнүн байлыгына көзү тойбогон байлар жок эмеспи?

– Андайлар сөзсүз бар! Толтура казынасы турса да ага тойбой, элден мыйзамсыз акча жыйнаган бийликте олтурган залимдер да жолугушат.

– Анда эмне? Ал залимдерди кедейлердин катарына, ынсаптуу кедейлерди байлардын сабына кошсок болобу?

– Жок, андай кылбай эле коёлук, Сократ. Көрсө бул жерден да жаңылып жатыптырмын.

– Кайгырба! Эл жөнүндө дагы ойлонуп көрөсүң, бирок өзүңдүн келечектеги чечен жолдошторуң жөнүндө албетте көп эле жолу ойлонсоң керек. Кана эмесе айтчы: элди алдап, аларга зыянын тийгизген чечендер да болот. Кээси муну өзү байкабай жасаса, атайылап жасагандары да кезигет. Булардын кайсынысы жакшы да, кайсынысы жаман?

– Менин оюмча Сократ, атайылап жасаган алдамчылар жаман да, коркунучтуу да келишет.

– А атайылап ката жазып, ката окуган адам билимдүүбү же байкабай ката кетирип алган билимдүүбү?

– Атайылап ката жазган адам билимдүүрөк болуш керек, анткени ал кааласа катасыз жазып, туура сүйлөй алат да.

– Демек, атайылап жасаган алдамчы, байкабай ката кетирип алган адамга караганда мыкты экен да, анткени ал кааласа элди алдабай сүйлөшө алат турбайбы?

– Болду, Сократ, мындан ары улантпай эле кой, мен эми сенсиз эле эч нерсе билбесимди жана унчукпай эле олтура бергеним жакшы экенин түшүндүм!

Ошентип Евфидем шылкыйып үйүнө кайтыптыр.

Бакыт тууралуу ой жоруулар

Бир жолу Сократ элге кайрылат:

– Жашоодог эң негизги нерсе эмне?

Айланасындагы адамдар бул маселе боюнча өздөрүнүн ойлорун айтып жатышты. Бирөө мындай деди:

– Жашоодогу эң негизги нерсе – бул ден-соолук.

Дагы бири мындай дейт:

– Эң жакшысы – кебетең келишимдүү болуп, ургаачылар артыңдан калбай ээрчип жүрсө, бакыт эмей эмине.

Анда үчүнчүсү айтты:

–Эң негизгиси – көп акчаң болуп, коомдо ордуңду тапсаң ошол бакыт.

Андан кийин алар Сократка кайрылышты:

– А өзүң бул жөнүндө эмне деп ойлойсуң?

Сократ мындай жооп узатты:

– Менимче, бул жашоодогу негизги нерсе – бул бактылуу болуу! Силер кандай дейсиңер, дени сак кишинин баары эле бактылуубу?

Угуп тургандар бир ооздон жооп беришти:

– Жок, Сократ, сөзсүз эле андай эмес.

– А кебетеси келишимдүү болуп, ургаачылар артынан калбай ээрчип жүргөн адам сөзсүз эле бактылуу адамбы?

 – Жок, Сократ! Андай адам сөзсүз эле бактылуу боло албайт.

– Анда айткылачы, – деп улантты Сократ, – көп акчалуу болуп, коомдо орду бар болсо эле ошол адам бактылуу боло алабы?

– Жок, Сократ, – дешти тигилер, – тескерисинче, андай адамдар көпчүлүк учурларда жалгыздыктан жапа чегишет.

– А бул адамдардын ичинен кимисин сыйга татыктуу деп ойлойсуңар? – деп суроосун улантты Сократ. – Элестетип көргүлө, силер дарыгердин кеңешине муктажсыңар деп коёлу. Кайсы дарыгерге барат элеңер?  Коомдо орду бар бай дарыгергеби, аялдар жакшы көргөн келбети мыкты дарыгергеби же бактылуу жашаган дарыгергеби?

Бардыгы бир ооздон бактылуу жашаган дарыгерди тандашты, анткени ал көбүрөк сыйга татыктуу деп чечишти.

– Ошентип, бардыгыбыз бакыт – бул эң чоң байлык экенин мойнубузга алдык, ошондуктан аны турмуштагы эң маанилүү нерсе деп эсептеп, ага жетүүгө бардык күч аракетибизди арнашыбыз керек, – деп сөзүн жыйынтыктады Сократ.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз