Адабий ийгиликке жетүүгө эмнелер тоскоолдук кылат?

Жеңишке жеткирүүчү сапат бар, андан азгырып кетүүчү да сапат бар. Адабий ийгиликке жетүүгө өзүбүздү алдообуз, кыйындыгыбызга катуу ишенип алганыбыз тоскоолдук кылат. Андай азгырыктарды жок кылып, даңкы чыккан авторлордун тизмесине кирүүгө кандай терс сапаттар жолтоо болорун биле жүрөр кез келди.  

Жазуучу кутулушу керек болгон терс сапаттар

Жалкоолук – абдан жаркын үмүттөрдү күңүрттөтүүчү жана көптү убадалаган талантты мүдүрүлтүүчү терс мүнөз. Эгер жазгандан эринсең, кантип жазуучу болосуң? Бул жерде баары түшүнүктүү, айта турган деле сөз жоктой, бирок биз жалкоо авторго камчы салып, аны аракеттенүүгө мажбурлоону каалайбыз. Ошондуктан эскертип коёлу: бир жазуучу диванынан ышынып тургуча башка калемгерлер анын куймагын бөлүп жеп кетишти, ал тургай аны аш кылып, кайра курсактары ачып, жаңы тамак буйуртмалашты. Ал эми жалкоо автор жумшак диванында чоң ийгиликтерди кыялданган бойдон заманбап адабий жараяндан сырт калды.

Демилгесиздик жана ишенимсиздик

Мындай “ооруга” чалдыккан чыгармачыл инсан эч кандай аракеттерге барбай калат, максатка умтулбайт (Мени жайыма койгулачы, эргүү жок болуп атса эмнени жазмак элем деген шылтоону карманат). Ушундай аракетсиздиги менен кандай иш болбосун аягына чыгарбайт, жазуучулук кесипте эмгек башкысы экенин билбей бардык иштерди баштайт да, таштайт, кандай сюжет болбосун улантпайт, эмне текст болсо да теңинен оодарбайт. Эргүү келе калганда эдиреңдеп киришет, шынаарлап келген ойлору ак баракка шыгырай тизилип келатып кандайдыр такала түшүп эле тык токтойт, жылбайт. Кандайдыр калпыс ойдон же капыс уккан кабардан улам көңүлү чөгөт, чыгармачыл жылдызы түшөт, жазайын десе да жаза албай, ишине болгон ички каршылыгы ойгонуп, өзүнө карата ишеними жоголот, ийгиликке жетерине күмөндөнө баштайт.

Мындан улам бир-эки күндүк тыным алуусу бир нече айга созулат. Мындай терс сапаттын пайда болуусуна башталган тексттин улантылышына каалоо жоктугу, кызыкчылыктын ойгонбогондугу, максатка умтулбоо себепкер. Мындай кылса көнүмүш жашоосун өзгөртүүгө туура келет, күрөшүүгө, тынчсызданууга мажбурланат. Демилгесиз жазуучуга баш көтөрбөй жазып, чыгарма жаратып, аны жарыкка чыгарганга караганда өзүнүн улуу жеңиштери, чоң адабий сыйлыктары жөнүндө кыялданып жашоо оңой.

Ооруга айланган даңкты сүйүүчүлүк

Атак-даңкты жакшы көрүүчүлүк көбүнчө таланттуу, чыгармачыл адамдарга мүнөздүү адат. Жазуучулар өзүлөрүн адамдарга акыл айтып, дүйнөгө таасир этүүгө, ойлору менен аны байытууга татыктуубуз деп эсептешет. Алардын өз идеяларын чыгармалары аркылуу адамдарга таңуулагысы келгени табигый көрүнүш. Бирок да өзүн тийиштүү деңгээлге көтөрүлдүм деген ойдон улам жаралган аракетсиздигинен жана ашынган даңкты сүйүүчүлүгүнөн улам алар бир эле жолду таптап, андан ары өспөйт. Мындай жазуучу өз чыгармасы боюнча адабиятчылар тарабынан сын угуп, окурмандын терс пикирине кабылды дегиче катуу арданат, өзүн жоготуп, жөнсүз каяша айтат, шылдыңдалгандай сезет, акыры багынып берип, мүңкүрөйт.

Даңкты сүйүүчүлүгү ооруга айланган чыгармачыл адамдар менен иш алып баруу кыйын. Анткени алар кандай сын болбосун шылдың катары кабылдап, аны өлүмгө тете иш сыяктуу жүрөгүнө жакын алышат. Натыйжада, даңкты сүйүүчүлүгү ооруга айланган жазуучу ачууга алдырып, окурмандар, сынчылар, журналистер ал тургай туугандары менен жөнсүз жерден чырдашат, мындай аракет кайсы адамдын болбосун сезимин бүлгүнгө учуратат.

Жайбаракаттык жана бошоңдук

Зарыл аракеттерди өз учурунда жасоо, күчтү тездик менен жыйноо, чечимди ыкчам кабыл алуу сыяктуу жакшы сапаттар жазуучулар үчүн да абдан зарыл. Кол жазма бүтсө да аны китепке даярдоо иштеринин үстүндө жайбаракат иштөө, “кайсы басмаканага бастырам, дегеле китеп чыгарыш керекпи?” деген сыяктуу ойлор менен көпкө чайналуу, басмакана менен сүйлөшүүнү создуктуруу болочок китептин элге таралышы менен жазуучунун таанылышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

“Шашкан шайтандын иши” деген сөздүн жүйөсү бар болсо да азыркы шартта даяр кол жазманы ыкчам жарыкка чыгаргандан өтөрү жок. Анткени, ушул эле темада жазылган китепти кимдир-бирөө чыгарып жибериши ыктымал, басмаканалар бааны көтөрүп же басып чыгарылчу китептердин санын чектеп, капысынан жаңы каатчылык каптап, басмакана базары кулашы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда, жайбаракаттык менен шалаакылыктан жакшылык жок. Бирок сапатсыз текстти жараткан жана автор үчүн зыяндуу келишимди түзгөн шашмалык да жакшы эмес. Ошондуктан тең ортолукту табуу керек.

Ээрчимелик, өз жүзүн издебөө

Адабий салттуулуктар менен агымдардын таасиринен чыкпоо, атагы чыккан автор сыяктуу жазуу, учурда даңкталып жаткан чыгармалардын уландысын жаратуу же ага окшош сюжеттерди түзүү, жазуучулардын белгилүү бир мектебинин өкүлү катары чыгуу, кыскасын айтканда, көпчүлүктүн бири катары көрүнүүгө умтулуу жаш жазуучунун өз жүзүн табуусуна жолтоо болот. Мындай аракетке басмакана жана сынчылар менен окурмандардын көңүлүнө карап жазуу да кирет. Анткени, таланттуу авторлор көп учурда башкаларды туурай алышпайт. Мисалы, Лермонтов ошол кездеги жаш акындардай болуп Байронду жакшы туурай алган эмес, анткен менен чыгармаларында романтика күчтүү, ал гениалдуу орус жазуучусу катары тарыхта калды. Ахматова Гумилев менен Мандельштам сыяктуу ийгиликтүү акмеистчи боло албаган. Анткен менен ал азыр бааланып жаткан интимдик лириканын негиздөөчүсү катары тарыхта калды.

Ушундан улам мындай бүтүм чыгарсак болот: жазуучуга кандайдыр адабий агымдар же эрежелер боюнча чыгарма жаратуу кажетсиз, эгер мүмкүнчүлүк болсо атамекендик адабиятты эч кимдикине окшобогон тексттер менен байытуудан өткөн эрдик жок.

Адабий ишмерликтеги күжүрмөндүк, жигердүүлүк

Көптөгөн адабий блогдорду жүргүзүү, жазуучулардын тармактык форумдарына катышуу, акындардын ийримдерине баруу, жазуучулар союзунун иш-чараларына катышуу жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө жигердүү аракеттерди жасоо менен ушул эле учурда жаңы тааныштарды, калемдештерди күтүү, улуулардын насаатын угуу же жөн гана максатташ адамдардын чөйрөсүндө убакытты көңүлдүү өткөрүү алдыдагы максаттарга жакындатпайт, тескерисинче, жазуучуну эң негизги иши болгон чыгарма жаратуудан алаксытат.

Эгер жаш жазуучу чыгарма жаратуу эмне экенин билсе, көңүлүндө ойлору оргуштап турган болсо, анда аларды кагазга түшүрүш үчүн баш көтөрбөстөн талыкпаган мээнетке баш байлаганы оң. Ал негизинен мурдагы тапталган жана эч жакка алып барбаган жолдордон чыгып, өз чыйырын салышы керек. Жазуучу үчүн мына ушул маанилүү. Ал эми адабият теориясы жана эрежелери алеки саатта ар бир адам өздөштүрүп алса боло турган нерсе.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Пиши.про для писателей сайтынан алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз