Мукагали Макатаевдин ырлары кыргыз тилинде

  • 02.07.2020
  • 4109

ОКШОШТУК

Эми эле толготуп бүткөн Эне.
Талаа да көктөмдө буу чалып,
Эгиз сыңар окшошкон мынчалык.
Толготуп талаа,
Эсен-соо Эне уул төрөп.
Көктөмдү көкмөк булут жаап,
Тердеди Эне,
Талаа да терге чулганып,
Тамыры ийип,
Мээримин чача колго алып,
Эне чайына,
Талаа нөшөргө канып,
Талаага – баба дыйкан,
Энеге адал жолдошу,
Тыныгып кетсе тезирек деп,
Аярлап турат аны чебелектеп.
Өскөндө сабы Энеден ачып көрнөгүн,
Талаада тай-тай кадамын жаяр көк эгин,
Жерди – Энеме,
Энемди Жерге теңедим,
Окшошсуңар экөөңөр эриш эгерим,
Капарымда байкабай жүргөмүн го?
Канат бүтүп баратат күндөн-күнгө.
Бул өмүрдөн бир кетип, бир келдим го.
Түсү бөлөк баягы гүлдөрүндө,
Кийимиңде, күн менен түндөрүндө.
Ушул мен…
Такыр башка адам болуп өзгөрдүмбү?
Бал аарыдай кайнаган айланамдан,
Жоро-жолдош, курбулар кайда калган,
Буура минип турганда пайдаланган.
Кайдасың жокту кууган максаттарым?
Кайран максат, бүтпөс арман.
Арыба жаным!
Акыл-эстүү, чыгар Күнүм,
Өлүп кайра тирилген сыяктуумун,
Жаркын өмүр, жан өмүр, жашыл майса,
Алдыңарда силердин уяттуумун.
Алып учуп баратат канаттарым,
Күндү узатып, күтөмүн таң атканын.
Дал ушундай саатыңдан чаташтырбай,
Адаштырба, суранам, Жаратканым!

КЕЙИБЕ, ИНИМ

Кейибе, иним,
Сен тарткан муңду мен тарткам,
Кеткемин анан,
Өзүмдү-өзүм эзип-жеп,
Энебиз жоомарт,
Берешен бабам дейсиңер,
Ыйлабай жатсак,
Эмчегин сага ким бермек.
Кейибе, иним,
Кездешкен муңга алгачкы,
Кесепет күндүн болбосун эми алды-арты,
Кып-кызыл чоктон сууруп алып зергерлер,
Салганда сууга болотто сапат алмашты.
Кейибе, иним,
Керемет күндөр алдыда,
Кемсине бербе,
Жазмышың жазган тагдырга,
Жыгылган кезде, мөгдөбөй кайра чамынгын,
Топ жарып өтүп, алдыны көздөй камынгын.
Келипсиң иним,
Кеңешип кайттың көктөмдө,
Кейитпес элем,
Болбоду бийлик тек менде,
Жулмалап, тоноп, калтырып мени кеткен бейм,
Убайым-дартым сага эми жылып жеткен бейм.

ЭРГУЛ ДОСУМ-ОЙ

Эргул досум-ой, эргул досум,
Не дейин сага, кантейин,
Көрүнгөн ишиң,
Ачылса болду көөмөйүң,
Жакшы да сени дебейин,
Жаман да сени дебейин,
Кашымда жүрчү ар качан,
Өзүңдү көрүп турайын.
Адамга деген жакшылыгын да шамалы,
(Жоктон көрө жогору),
Кейитип жанды,
Кез-кезде сенин түсүңдөн,
Мупмуздак, шумдук, үшкүрүк аяз согору.
Кез-кезде мына куйтуңдап күлгөн көзүңдөн,
Бир шумдук жаттык сезилет,
Жыйрылып денем, куулана түшкөн өзүңдөн,
Жийиркене түшөм жан досум деген сөзүмдөн,
Пейил-мүнөздү түрлөнтпөй,
Бир келген ушул өмүрдө,
Болсоңчу досум бир беткей.
Жакшы жагың дагы бар,
(Жамандан көрө жогору.)
Жамандыгың да,
Жакшылыгың да
Жанымдан менин жүрү кетпей.

МЕН ТООЛУКМУН

Мен тоолукмун!
Тоодо мени тоо жүрөк Эне тууган,
Мен тоолукмун!
Тоодон мен жаратылгам.
Кийиктин сүтүн ичип эр жеткемин,
Кубат алып кыраан куш канатынан.
Мен тоолукмун,
Тоодон мен жаратылгам.
Булут кийип, жай аптабын ала туулгам.
Күн алгачкы саамайын мага чачып,
Мага келип түн катат кара туман.
Тоо уулумун,
Тоо – менин чоң бешигим.
Мен анын абасымын, жарыгымын.
Аска-зоолор терметип бешигимди,
Бир оромун агытып селдесинин.
Мен – тоолукмун!
Тоодон мен жаратылгам.
Тоо деген эне жүрөк зоодой тууган.
… Тоого кетип,
Көккө сызып кетсем бекен,
Тагып алып кыраан куш канатынан.

МЕНИН АНКЕТАМ

- Туулган жериң?
- Уланымын Карасаз айылынын.
- Туулган жылың?
- 1931. Шамилдин досу болом.
- Жынысың ким?
- Эркекмин го, эркекмин!
Жана да жигиттин гүлү болом...
- Партияда барсыңбы?
- Жокмун.
Бирок коммунистик көз караштамын.
- Тегиң ким?
- Шаруамын.
Баарынан аны жогору санаймын...
- Билимиң кандай?
- Орточо.
Бирок өзүм жогоруга баалаймын.
- Эне тилиң?
- Казакча.
Кысталганда орусчасы, немисчеси да бар.
- Кайда иштедиң?
- Алдагы “Эмгек китепчемди” карап ал.
Окубаган, дипломсуз эле дебесең,
Бир башымдан көп адистик табылар.
- Аскерге милдеттүүсүңбү?
- Милдеттүүмүн.
Биз кичинекей жаш кезде,
Москва үчүн жанын кыйган,
Алааматта атам жүрүп аскерде.
- Сөгүш алып көрдүң беле?
- Ал жагынан периштемин деп айта албайм.
Оомал-төкмөл өмүрдө болуп турат жаңылуу.
Тирүүлүктө маңдайда көп нерселер жазылуу.
- Чет жерде болдуң беле?
- Болгонум жок.
Алар деле мага мурду бүткөнү жок.
Өз жеримде өлсөм болду, көңүлүм ток.
Ата-журттан мага башка өтөрү жок.
- Жашаган жериң?
- Жашаган жерим – жер менин.
Жерде жүргөн акын деген пендемин.
Калем, кагаз, убакыт бер тек мага,
Мен өмүрдү ырга салып келгемин.

ЭНЕКЕ, СЕН БАКТЫЛУУСУҢ

Энеке,
Сен бактылуусуң!
Ыйлабагын.
Жай түшүп жатканда да кулабадың.
Жараткандан мен эле го сураганың,
Ошого сен ыйлаба, ыйлабагын!
Мен бармын,
Мен тирүүмүн,
Кашыңдамын.
Өлбөсмүн, мен өзүңдөй асылданмын!
Түйшөлүп, өзүңдөн-өзүң шашылбагын,
Байыркы берекеңди качырбагын!

Эки ыр жазсам, анын бирин сага арнап,
«Энеке» деп ырдын башын сага жаздап,
(Жараткан кече көрсүн кесиримди)
Асманга жазам сенин ысымыңды!!!
Энеке!
Сен бактылуусуң, термете бер,
Куба талдай ийилген бешигимди…

Казакчадан оодарган: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз