Жазуучулук ийгилик: Максатты тактайбыз, кыялды чактайбыз

Жатып алып кыялдын күлүк атын минип чапкылагандар эмес, кыбырай баскандар кыр ашат. Бул сыяктуу сөздөр айтыла берип тамтыгы чыгып, сыртынан кургак акылга окшосо да, ичинде чындык уюп жатат.

Ийгилик менен бакыт жомоктогудай болуп кимдир-бирөөнүн алаканына өзү эле куюлуп түшкөнү эң эле сейрек, жол болуу кумурска менен аары сыяктуу иштермандарга жакын келет. Эгер сен жазуучу болом деп кыялданып жаткан болсоң, өйдө болуп ойду жыйнап, калемди колго алганың оң. Ал эми кандай жол менен жазуучулук ийгиликке жетишти кеңеш катары биз айтып бере алабыз.

Куулугу жок иштер

Ийгилик аракетсиздикти эмес ишкерликти жактайт. Бул турмуш чындыгы. Аракетчил адам жолу болбой жатса да жатып албайт. Элчилеп кызыл-тазыл кыялдарга батканы менен кыбыраса да жыла берет. Ал эми жалкоолуктун жаман кесепеттери жөнүндө биз көп сүйлөшүп, аны чечкиндүү түрдө жоюу бүтүмүнө эбак эле келгенбиз.  

Бүгүн жазуучу болом деген кыялды ишке ашырууга даярдык көрүү тууралуу жана биз көп маани бербеген жөнөкөй иштер жөнүндө сөз кылабыз. Чындап келсе мындай көп куулугу жоктой аракеттерден жогору карай жылуулар башталат.  

Сокур кыялдар

Сиз адабий бийиктиктерди багындырып, кесиптик жана чыгармачылык ийгиликтерди жаратууга, жалкоолукту жеңип, жазуучулуктан ырыскы таап, ал тургай май талканга ээ болууга даярсызбы? Бирок эмнени каалап жатканыңызды даана элестете албасаңыз бул күрөш узак жана жеңишсиз болушу мүмкүн. Көптөгөн даңкка татыктуу жана келечектүү авторлор көрүнүктүү жазуучу болобуз деп атышып өз каалоосунун капканына түшүп калышат. Өзү эмнеге умтулуп жатканын жана ага кантип жетишти даана-так билбегени мунун негизги себеби болуп саналат.

Негизинен жазуучулук жөндөмгө ээ мындай адамдар, калемдин жардамы менен күнүмдүк ташпиштерден кол үзүп, бала чактан берки кыялдарын орундаткысы келет. Бирок мындай авторлордун азыркы адабий жараяндар менен жазуучулук кесип боюнча түшүнүгү жок болгондуктан, башкача айтканда, абстарктуу ойлордун туткунуна айлангандыктан шар жаза албай көпкө чайналышат, кээ бирлери ишке чыгынып кирише албагандыктан чоң романдын сюжетин жөн гана көңүлдөрүндө сактап жүрө беришет. Ошентип алардын белгилүү жазуучу болуу максаты жөн гана кур кыял бойдон калат. 

Алар болжолдуу түрдө төмөндөгүчө өзүлөрүнүн каалоолорун калыптандырышат: “Адабий жөндөмүмө жараша акча да иштеп тапсам, чыгармачылыгымды да өркүндөтсөм”, “Чыгармачылык өсүүлөрдү каалайм”, “Атактуу жазуучу катары чоң чыгармалардын үстүндө иштесем дейм”, “Адабиятта ийгиликке жетишким келет”, “Талантымдын арты менен акча тапкым келет”.

Көрүнүп тургандай бул каалоолордо ишмерликтин дареги даана көрүнүп турган менен алар кийим менен кошо жуулуп кеткен кагаздагы жазуудай бүдөмүк жана алдамчынын куру сөзүндөй ишенимсиз. Такталган максаттар менен жасалчу иштердин ордун акылга таянбаган күчтүү сезимдер менен адабий ийгиликтерге жетишүү, атактуу жазуучулардын катарынан орун алуу сыяктуу куру кыялдар ээлеп алган. 

Мындай кооз каалоолордун болгону жакшы дечи, бирок туура түзүлбөгөн, аткарууну милдет кылган пландарга таянылбаган. Алар чын жүрөктөн чыккан сезимди чагылдырганы менен кесиптик жана карьералык жактан өсүүгө, чыгармачылык пландарды түзүүгө салым кошпойт, ал тургай жазуучуга өз дараметин талдоого жол бербейт. “Жазуучу болуу” – бул миллионер болуу, президенттикке шайлануу жана бактылуу болуу сыяктуу эле ааламдык мааниге ээ чоң максат.

Максат машинасы жана анын жүрдүргүчтөрү

Узакка созулган ийгиликтерге жетиш үчүн жасалар аракеттер менен максаттарды даана-так көрө билүү керек. Кыялды тактап, жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Каалоону дараметиңе жараша ченеп, алдыга так максат коюу кажет. Болбосо биздин чыгармачылык пландарыбыз көңүлүбүздө башаламан оргуштап агып жаткан каалоолорубуз менен кыялдарыбыздын дарыясына чөгүп кетет. Болбосо кытайлар айткандай, караңгы бөлмөдөн кара мышык издеп калабыз. Издегенибиз ал жайда жок болсо ого бетер кыйналабыз. Ал эми ийгиликке жетиш үчүн ага барчу жолду билип, ой-чуңкурларын тактап коюш керек.   

Ойду ооздуктоо, кыялды тазалоо

Ойлор күлүк болгону менен кайдадыр ала качып кетип максаттарга жеткирбеши мүмкүн. Кыялдар таттуу болсо да какатып салышы ыктымал. Андыктан ойлорду максаттарга жаккыдай кылып үйрөтүп, кыялдарды сөңгөгү менен кабыгынан тазалоо зарыл. Алар болушунча даана-так көз алдыга келгенде сиздин алдыдагы айкын жана алысты мелжеген максатыңыз болуп калышат. Кыялдарыңыздын чоңдугунан чочулабаңыз, алардын бир тарапка багытталбаганынан, башкача айтканда, эки коёнду кубалап бирине да жетпей калуудан коркуңуз, эң негизгиси ойлорду тактап максатка айлантыңыз. Мисалы, жылына төрт роман жазып жарык көргөзгөн, калем менен жан баккан жазуучу болосузбу же адабият менен кошумча жумуш катары алектенип, аз бирок саз жазган үлгүлүү жазуучу болгуңуз келеби?

Эгер бул сыяктуу суроолорго жооп таба албай чайналсаңыз, максатыңыз мурдагыдай эле бүдөмүк болсо анда төмөндө келтирилген суроолорго жооп издеп көрүңүз. Бул сизге жардам берет деген ойдобуз.

1. Кандай жазуучу болгуңуз келет? Белгилүү, таланттуу, таанылган жазуучу болгуңуз келери түшүнүктүү. Бирок ким үчүн жазгыңыз келет? Кайсы жанрды тандайсыз?  Интеллектуалдыкпы, курч окуялуубу, сезимди козгоочубу, тарыхыйбы, фантастикабы, детективби, триллерби, илимий-популярдуу чыгармабы же ар кандай кеңештерди берүүчү адабиятты жараткыңыз келеби?

2. Кол жазманы даярдоого канча убакыт коротосуз? Жумасына канча сөз жазасыз? Жылы бою тынбай жазууга кудуретиңиз жетеби? Үзгөрбөй жазган автор боло аласызбы же чыгармачылык өмүрүңүздү мыкты жазылган беш романга гана арнайсызбы? Жазуучулуктан акча иштеп таап, туруктуу жумушка айланта аласызбы? Же жазуучулук сиздин негизги кесибиңиз болбогондуктан жан багыш үчүн башка киреше булактарын издейсизби?

3. Кайсы басмаканалар менен иштешесиз? Басып чыгаруучулар менен өзүңүз сүйлөшөсүзбү же акы төлөнүүчү ортомчуну, башкача айтканда, адабий агент жалдайсызбы?

4. Китебиңиздин чыгышына өз чөнтөгүңүздөн каражат сарптай аласызбы?

5. Азыр эле отура калып тынымсыз жазып киргенге даярсызбы?

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

“Пиши.про писателей” сайтынан алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз