Жазуучу Саша Готти сюжет түзүү, эргүү жана фантастика жанры жөнүндө айтып берди

Жалпы нускасы 60 000ден ашкан 15тен ашык фантастикалык китептин автору, чыгармачылыгында чоң ийгилик жараткан жазуучу Саша Готти “Пиши.про писателей” сайтына маек куруп, жазуучулук карьерасынын башталышы тууралуу, сюжет түзүү технологиясы жана жазуучуга китеп окуунун пайдалуулугу жөнүндө, ошондой эле фантазия жанры эмне үчүн мурдагыдай эле окумдуу экенин айтып берди.

Биринчи китептин басылышы жөнүндө

Редакция: Саша, жазуучулук карьераңыздын башталышы менен биринчи китебиңиздин басылышы жөнүндө айтып берсеңиз. Биринчи кол жазмаңызды китепке айлантууда кыйынчылыктар жаралганбы? Алгачкы басып чыгаруучуңузду кантип тапкансыз?

‑ Мен эч кандай жазуучулук карьера жасагым келген эмес. Дегеле жашоодо кесибим боюнча ким болом деген суроого келгенде абдан чайналып, бир чечимге келе алчу эмесмин. Мен музыкалык дагы, көркөм өнөр боюнча да билим алгам. Алардын баарын каякка алып бармак элем? Эгер гуглдан «Ощущение умения летать» деп жазып сурачу болсоңор клип түрүндөгү бир ыр чыгат. Бул ошол жылдарда менин эмне менен шугулданганымдын мисалы. Музыканы өзүм жазып, өзүм ырдачумун, сценарийим боюнча түзүлгөн клиптерди анимациялаш үчүн адистер менен иштешчүмүн. Анан дагы эрмек жана көңүл ачыш үчүн китептин бир бөлүмүнө жарачу кандайдыр бир ойдон чыгарылган сюжеттердин негизинде көркөм тексттерди жазып, интернетке чыгарчумун.  Анан капысынан эле ачык күндө чагылган чартылдагандай болду: беделдүү басмаканадан “биз сиз менен иштешкибиз келет, кызматташууга даярсызбы?” – деген кат алдым. Демек мени басып чыгаруучу өзү тапты, буга мен кубанычтамын. Ага жараша китептин чыгышы кыйынчылык жараткан жок. Мен жаздым, алар басышты.

Р: А сиз кайсы сайттарга алгачкы сюжеттериңиз боюнча жазылган тексттерди жарыялачу элеңиз?

‑ Ал кезде менин multer.ru. деген сайтым бар болчу. Аз эмес адамдар кирген анда менин мультиктерим, ырларым, клиптерим чыгарылчу. Анан күндөрдүн биринде эле өзүмдүн каармандарымдын жоруктары боюнча баяндарды жазгым келип, бул каалоомду ишке ашырдым. Бул 2008-жылдын нары-бериси болчу. Ал баяндарымды окугандар уландысын сурай башташты. Ошентип көркөм тексттерим узарып кеткенин өзүм да байкабай калдым. Аңгыча жана айтканымдай капысынан эле басмаканадан сунуш түштү. Кол жазмаларымды топтоп, иреттеп, кайра карап чыгып басмаканага тапшырып, дароо эле жарык көрдү.  Ал китепти мен “Фрир” деп атагам. Ушундан кийин дагы китеп жазуу жөнүндө ойлонбой тынчып калгам. Анан бир күнү жанагы китептин нускасы боюнча кандайдыр кагазга кол коюп кетүүм үчүн басмаканага чакырышты. Ошол жерден кайрадан мага башкы редактор дагы бирдеме жазып чыгарып чогуу иштөө сунушун киргизди. Окуяларды ойлоп таап, жактырган темам боюнча чыгарма жазсам баарыбызга жакшы болорун айтты. Мен ойлонуп көрмөй болдум.

Бул сүйлөшүү катуу таасир этти окшойт, үйгө келатканымда эле оюмда окуялардын ирети түзүлүп, сүйлөшүүлөр кулагыма угулуп, каармандар элестей баштады... Ошентип коркунучтуу дүйнөнү баяндаган “Вампирдин күнү” чыгармам жаралды. Бирок анын уландысын жаратмак болгонумда китебимди карап чыккан редактор эмне үчүн капысынан эле чоңдор үчүн жазып киргенимди сурап, өспүрүмдөргө арнап жазсам жакшы болмоктугун айтты. Ошондон кийин ушул кеңешти эске алуу менен “Влада жана Караңгылык кутуму”, - аттуу чыгармам өспүрүмдөр үчүн жазылды.

Ал эми ошол эле жылдын октябрында бул чыгарманын жетинчи бөлүгү болуп саналган “Влада. Көлөкөлөр учуру” жарык көрдү. Вампирлер менен желмогуздар каарманы болуп саналган чыгарманын бул бөлүгүндө андагы өспүрүмдөрдүн эр жеткен кези сүрөттөлөт. Баса, айтып кетишим керек: мындан эки ай мурда биринчи Влада (ага мен кошумчаларды киргиздим) жетинчи ирет кайра басылып чыкты.

Мен билгенден өлкөбүздөгү эң чоң басмаканалардын бири саналган АСТада эч ким мынчалык көп кайра-кайра басылып чыккан эмес.  

Адабий билим жөнүндө

Р: Жазуучунун кесиптик билимине (б.а. адабий билимге) кандай көз караштасыз? Анын жоктугу сизге жолтоо болобу же тетирисинче жардам береби? 

‑ Мага тоскоол болбойт. Мен адабий билимди үйдөн алгам. Бала чагымда оорукчан болчумун, сыртка чыга алчу эмесмин, андыктан эрмек үчүн колума тийген китептин баарын окуй берчүмүн. Үйдөгү классикалык, фантастикалык адабияттарды, жомокторду жаттагыча окучумун. Мисалы, Гоголдун “Диканькага жакын кыштактагы түндөрүнө” ушунчалык таасирленгем дейсиз, өзүмдү ошол жакта жүргөндөй сезгем, сыйкырлуу түндөргө суктангам, кара күчтөрдүн жоруктарынан бир туруп коркчумун, кайра күлчүмүн. Ал тургай жаа-жебе менен куралданып, Сат-Окко кошулуп, түндүк токойлорун аралап жүгүрчүмүн. Карлсон менен бирге көңүл аччумун, капитан Немонун кемесине түшүп саякаттачумун...

Ошондуктан менде текст жаратуу, сюжет түзүү боюнча кандайдыр бир деңгээлде билим бар, бирок бул билим туюмга байланышкан.  

Р: Сиз жазуучулар үчүн жазылган китептерди окуйсузбу? Алардын жаңы баштап жаткан авторго таасири канчалык?

– Жазуучулар үчүн кеңештерди жана китептерди мен абдан көңүлдөнүп окуйм. Ал тургай үч китебим чыгып, анча-мынча ийгиликке жетишип калганымда да жазуучулардын тренингдерине барып жүрдүм. Мен көбүнчө логикалык ой жүгүртүүдөн кыйналам. Чыгарма мейли фантастика болсун, мейли мистика болсун, акыл-эске сыйышы керек. Кээде бүтөйүн деп калган чыгармаң болбогон катадан улам жокко чыгып калышы мүмкүн. Андыктан логикалык ой жүгүртүү менен ойноп болбойт. Мындай ката авторду экинчи ойлорун топтоп, эркин жыйнай албагыдай кылып чаап түшүшү мүмкүн. Ошондуктан  да олчойгон романды акыл-эске чак келгидей, окурман ишенгидей кылып жасап чыгуу абдан кыйын.

Башкалар айткан ойлорду кантип айланып өтүү керек, байкабай бөлөк бир чыгарманы кайталап жазып албоо керек деген сыяктуу суроолорго жооп табууга тренингдер менен жазуучулар үчүн жазылган китептер жардам берет. Алар сюжет түзүүдө кандайдыр бир жардамын тийгизишкени менен акыры келип аларды өз чыгармачылыгыңа тууралап колдонушуң керек. Алардан керектүүсүн жана өзүңө зарылын алышың кажет.

Мисалы, кайсы бир жолу мен “кар бүртүгү” ыкмасы жөнүндө окуп калдым да дароо эле бул жакшы нерсе экенин түшүндүм. Анткени китепти эрте баштап алсаң караңгы бөлмөдөн кара мышыкты издегенсип карбаластай бересиң. Алдыда дагы кандай ой-чуңкур бар экени түшүнүксүз. Ал эми бул жерде мээңе планды алдын ала чийип аласың, чыгарманын бүтүшүн дагы көрүп турасың. Андыктан мага бул ыкма жакшы жардам берди. Албетте, анан өз башың өзүндө болушу керек. Мисалы, кандайдыр бир мода болуп жаткан жанрды жан дүйнөң кабыл албаса көпчүлүктүн шары менен жазбай эле койгонуң оң. Өзүңдүкүн гана иштешиң кажет.

Р: Сиздин коомчулук менен байланыштыруучу жана басмакана менен иштешүүчү маркетолог, юрист жардамчыларыңыз барбы? Же сиз ишти өз алдыңызча алып барасызбы?

‑ Орусияда жазуучулардын тапканы азырак экени көптөргө белгилүү болсо керек. Андыктан мындай адистерди жалдоого акча жетишпейт. Анткен менен жакшы кеңештери менен жардам берүүчү достор көп.

Мукаба жасалгалоо

Р: Сиз башынан бери эле китебиңизди өзүңүз жасалгалап келесиз. Бул басмакананын сиз менен көңүлдөнүп иштөөсүнүн дагы бир себеби болсо керек. Ушул жасалгалоочулук өнөрүңүз жөнүндө айтып бербейсизби.

‑ Алгачкы китебим “Вампирдин күнү” менен “Владдын” биринчи чыгарылышынын мукабасын өзүм көркөмдөйм деп милдетин алып алып абдан кыйналгам. Менин сүрөт тартуу стилим академиялык эле, ал эми китептин мукабасына көздү арбагыдай ачык-жарык сүрөт керек болчу. Андыктан бир-эки жумача фотошоп боюнча онлайн сабак алууга, көптөгөн көрүнүктүү китептердин мукабалары менен таанышып, маанисин түшүнүүгө аракет кылууга туура келди.  Ал эми иллюстрацияга келсек, мен көркөм графика боюнча бөлүмдө окугам. Графикадан кыйналчу эмесмин, андыктан бул ишке алты-жети күнүмдү гана коротом. Бул басмаканага ыңгайлуу болсо керек.

Китеп жаратуу технологиясы жөнүндө

Р: Чыгарманы баштан-аяк кантип ойдон чыгарасыз? Жаңы китеп үчүн сюжетти кантип түзөсүз? Кол жазманын үстүндө кантип иштейсиз?

‑ Сюжет көңүлдө жаралат, мен аны жазып алам да, бүткөндөн кийин кайра карап чыгам, жакса оңдойм-түздөйм. Баяндалган окуядан көз ачыла түшчү болсо - бутага дал тийгени ошо. Кол жазманы окугандан кийин ал кандайдыр эргүүнүн күчүнө салынган жөөлүүгө окшобосо анда баары жакшы, иштетсе болот.

Тексттин үстүнөн бөлүп-бөлүп иштейм. Бөлүмдүн окуясын ачык-даана көрүп турсам ал жазып жатканымдан он бөлүмдөн кийин келсе да, ал тургай ал китептин жыйынтыктоочу бөлүмү болсо да жазып калууга аракеттенем. Китеп жазылып бүткөндөй сезилип, бирок майда мүчүлүштүктөрдү жоюу менен текстти жасалгалап чыгуу иштери абдан кыйынчылык менен жүрөт. Кыскасы, текстти көңүлүмдөгүдөй болгуча ийлеп иштейм.  

Р: Сизге иштеш үчүн сөзсүз эле жакшы шарт түзүлүшү керекпи? Балким сутканын кайсы бир учуру жемиштүү иштешиңиз үчүн ыңгайлуудур?

‑ Албетте, иштеш үчүн жакшы шарт керек. Кечинде, түнкүсүн да көп иштейм. Тынчтык сөзсүз керек. Ал тургай телевизор да жолтоо болот. Иштешиме мышыктарым жардам берет. Кээде иштен алаксып кофе кайнатып ичкени кетсем мышыктарым ноутбуктун үстүндө кубалашып ойноп, жаңы файл ачып, он чакты бет жазып жиберишкен болот. Эгер мышыктардын басмаканасын тапсам бул шедеврлерди жарыкка чыгарам. Бул эми тамаша.

Р: Сиздин чыгармачылыгыңызда иш жүрүшпөй токтоп калуулар болобу? Мисалы, сюжеттин жаңы өнүгүшүн ойлоп таба албай чайналган учурлар, каармандардын сүйлөшүүлөрү эп келишпеген кездер же кээде эч себепсиз эле иштеги келбей калмайлар болбойбу? Мындай учурлар менен кантип күрөшөсүз?  

‑ Ар кандай болот. Менде диалог түзүү боюнча көйгөй жок. Көбүнчө жыйынтыктоо бөлүмүндө көп кездешчү мушташты сүрөттөөдө кыйналам.

Ошентсе да кээде таң калычтуу жагдайлар жаралат. Сейрек эмес учурларда туюкка кептелгенсийсиң. Эзилип отурасың, жинди болуп кете жаздайсың. Анан убакыт өткөн соң көңүлүңдөн керектүү көрүнүш өзүнөн өзү эле өсүп чыга калат. Анда ал тургай каармандардын өз ара сүйлөшүүлөрү, дегеле бүткүл жагдай даяр болот. Тим эле булардын баарын бирөө баштан аяк айтып бергендей. Аларды мен тез жазып алам. Булардан соң чыгарманын башка бөлүктөрү өзүнөн өзү эле көңүлүңө кылактап келе баштайт.

Ал эми жөндөн-жөн туруп эле ишке көңүл чаппай калуу менен күрөшүү абдан кыйын. Көбүнчө ал чыгарманын сюжетинин жоктугунан эмес өзүң дагы түшүнбөгөн бир туңгуюк сезимге кабылганыңдан, жөнү жок капалануудан улам колго калем кармай албайсың. Мындайда ары татаал, ары оор жумуш сыяктанган бул ишиңден эч кандай жакшылык жоктой сезилет. Жарым барак жаза албай шалдырап отуруп каласың.

Анан бир маалда эле ушундай бир өзгөчө эргүү келет дейсиң алактап, далактап каласың. Тимеле бул абалыңды сүрөттөп комедия жазсаң болот. Ооба, мен кааласам комикс да жаза алам. Бул иш чындап эле көңүл чөктүлүктөн арылтат.

Р: Сиз эргүүнү каяктан аласыз?

‑ Илхам кудугунан эргүү чакасы менен сузуп алам.

Фантастика жанры жөнүндө

Р: Сиз алектенген жанр фантастика. Ушундай адам фантас авторлордун кимисинен эргүү алат болду экен?

‑ Лукьяненконун чыгармаларын окуганды жакшы көрөм, ал эми Стругацкийдин фантастикаларын бала чагымдан бери сүйөм.

Р: Фантастика жанрынын жаралгандан бери окумдуулугу түшпөй келет, бул эмнеден улам деп ойлойсуз?

‑ Анткени көпчүлүк адамдар өз өмүрлөрүндө жок эле деген бир-эки жолу мистика менен кагылышат. Бирок алар жылт этип көрүнөт да көздөн далдаа кетет. Мисал үчүн мистикалык берүү кимдир-бирөө үйдүн ээсин көрүп калганынан, кайсыл бир жерден көрүмчү байкалганынан, асмандан НЛО учуп өткөнүнөн түзүлөт. Бирок алардын чындыгын эч ким далилдеген эмес. Мындай талкуулардын аягына кайра эле суроо белгиси коюлат же алар “эгер андай сырдуу жандар болсо...” деп бүтөт. Кыскасы так жооп жок. Бирок канчага чейин ушинтип жүрөбүз? Ал эми фантаст-жазуучу теманы алат да анын бардык көмүскө жактарын ачат, бырыштарын жазат. Адамга муздак көлөкөсү түшүп өткөн дүйнөлөр менен көрүмчү сыяктуу жандарды көз алдыга тартат. Окурманга окуп ойлонуу гана калат.  

Р: Эмне биринчи жаралат: сырдуу дүйнөбү, каармандарбы, сюжетпи же окуянын өзүбү?

‑ Философиялык суроо. Жооптун бардык варианттары туура же туура эмес.

Р: Сиздин азыркы окурмандарыңыздын көпчүлүгү жаштар. Чыгармаларыңызда дагы жаш кыздар менен балдар жөнүндө баяндалат. Башында сиз ушундай каармандарды жаратуу менен жаш окурмандарды көбүрөк тартууну максат кылгансызбы? Же бул жагдайга жараша болуп калдыбы?

- Мен чындык сыяктуу жомокту жазгым келди, өспүрүм кезде баштан өткөн окуяларды мистика менен кооздогонго аракет кылдым. Бул темалар мени өзүнө тартып кетти. Аны кадимки август кечтеринде Питердин кадимки эски үйлөрүнүн биринде, окуу жылы башталар алдында баштагам. Мен өзүм да Петербургдун борборундагы эски мистикалык үйдө өскөм. Анда көрүмчүлөр бар болчу, ач арбак каңгып жүрүүчү, кыскасы, жашоочулардын көзүнө эмнелер гана көрүнбөдү. Ошондуктан мен аларды жазбай койо албадым...

Андан ары теңтуштар менен ойноп жүргөндөгү баштын томуйганын, денеде да, жан дүйнө да калган тактарды, күтпөгөн кишиден капыс алган жараттарды, кетирген каталарды, балалык баамдоолорду, алгачкы сүйүүнү, бөлүнүүнү, көз жашты эстеп чыгармага колдонууга туура келди. Ооба, баштан өткөндүн баары ишке жарады.

Р: Сиздин чыгармаларды эмне окумдуу кылат: сүйүүбү, мистикабы, укмуштуу каармандарбы, жашоо чындыгына таянып жазылышыбы же башка себептерби?

— Мен кайдан билем? Окурманга көрүнүктүү. Буга  Егор Бертилов “күнөөлүүдүр”. Же балким, вампир Гильс Муранов окурманды көп тарткандыр. А балким китептеримди кызыктуу кылган Валькер Димка Ацкийдир? Анан көрүмчү Дина Ливченкосуз чыгармаларымдын тузу кем болуп калмактыр...

Р: Сиздин чыныгы турмуштук чыгарма жазып, фантастика жанрынан чыгуу каалооңуз барбы?

- Эч кандай мистикасы жок окуяларды жаратууга фантазия коротуп, анан аны чыныгы турмуштук чыгарма деп атаган жазуучулардын чыгармачылыгына таң кала берем. Мисал үчүн айтсам, мен өз үйүмдөн көрүмчү көргөндүрмүн? Анан аны мен кантип жазбай койом? Балким мен ушул убакка чейин эле бардыгы ойдон чыгарылган бирдеме деп эсептеген астрал дүйнөгө оңой киреттирмин. Анан өзүмдүн китептеримде үстүртөн гана кеп кылган, көп адамдар түшүнбөгөн бөлөк дүйнөлөрдү билеттирмин. Андыктан мен билем өзүмдүн ойдон чыгарылган калптарды эмес чындыкты жазып жүргөнүмдү. Ошентсе да ким билет, биздин чын дүйнөбүз чындап эле анык экенин?

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

“Пиши. про писателей” сайтынан алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз