Николай Гоголь: Шинель

  • 23.07.2020
  • 3745

1809-жылы 20-мартта Полтава  губерниясындагы Миргород уездинин Великие Сорочинцы деген  жеринде туулган. Адабиятка  арбалып жүрүп,  1830-жылы  «Отечественные записки» журналында «Басаврюк» аттуу биринчи  повести  жарык көрөт (кийин «Вечер накануне Ивана Купала»).  Н.В.Гоголго адабий атакты  1931–1932-жылдары «Вечера  на  хуторе  близ Диканьки»,  «Сорочинские  ярмарки», «Майская ночь» ж.б.  повесттери  алып  келип, «Миргород» жыйнагы (анда «Старосветские помещики»,  «Тарас  Бульба», «Вий»  ж.б.  чыгармалары камтылган),  «Арабески» жыйнактары,  «Мертвые души»  чыгармалары  арттырган. Атактуу «Шинелди»  1842-жылы  бүтүргөн. Драматургияга да кызыгып, «Ревизорду»  Щепкиндин катышуусунда  Москвада койгон. 1952-жылы 11-февралда каза болгон.

ПОВЕСТЬ

Бир  департаментте[1] ... бирок  кайсы  департаментте  экенин  атабай  эле  койгонубуз дурус. Дар дүйнөдө ушу департамент, полк, канцелярия,  кыскасын  айтканда,  мансаптуу сословиелер  дегендерден  ажаан  эч  нерсе жок. Азыр ар  кимибиз  эле  кокус  бирөөдөн акаарат көрсөк, бүткүл коомду акаараттады деп  жалаа  жабабыз.  Уккан  кулакта  жазык жок, жакын арада эле кайсыныкы экени эсимен чыгып кетиптир, иши кылып кайсы бир шаардын капитан-исправнигинен өтүнүч келиптир, анда да мамлекеттик токтомдор кор болуп  жаткандыгын  жана  да  акимибиздин касиеттүү аты эч жүйөсүз айтылып жүргөнүн ачык-айкын  баяндаптыр.  Сөзүн  далилдеш үчүн өз өтүнүчүнө кандайдыр бир кызык чыгарманын килейген томун кошуп коюптур, бул чыгарманын ар бир он барагы сайын бир капитан-исправник  учурайт,  учурганда  да ылжыган  мас  бойдон  учурайт.  Ушунтип,  ар кандай балаадан оолак болуу үчүн, биз аңгеме кыла турган департаментибиздин атын атабай эле, бир департамент деген ат берелик. Ушунтип, бир департаментте бир чиновник иштеген экен, аны ашкере сонун чиновник эле деп айтууга болбос: жапалдаш бойлуу, анча-мынча чаары бар, саал-паал сары чийкил, ал түгүл, бир аз сокур чалыш, маңдайында бир аз кашкасы бар, бетине тырыш кирген жана геморрой менен ооруган өңдүү киши...  

Кантсин! Анысына Петербургдун климаты айыптуу да. Ал эми анын мансап жагына келе турган болсок (анткени бизде адегенде эле мансабын аташ керек эмеспи), ал түбөлүк титулярный советник дегендерден болучу;  каяша  айта  албагандарга  асылып  калмай  адаты  бар  далай жазуучуларыбыз аларды моокуму канганча шылдыңдап калемдерин кайрагандыгы белгилүү го. Чиновниктин фамилиясы Башмачкин. Бул ат  бир  кезде  кадимки  эле  башмактан  чыкканы  өзүнөн  өзү  көрүнүп тургандыр, бирок ал качан, кай заманда жана кантип олтуруп башмактан чыкканы такыр белгисиз. Атасыда, бабасы да, ал түгүл, кайын ага, кайын иниси да, кыскасы, башмачкиндердин бардыгы жылына үч жолу таш тамандарын жаңыртып алып, дайыма өтүк кийип жүрүшчү. Чиновниктин өз аты Акакий Акакиевич болучу. Балким, окуучуларыбыз бул атты биз тага койгондой көрүп, таңыркай турган чыгар, бирок кадырыңар жан болсун, биз аны жоктон таба койгон эмеспиз, чын жери, мындан башка ат коюуга таптакыр мүмкүн болбогон шарт келип калган; бул мындайча болду: жаңылбасам, Акакий Акакиевич 28-мартка караган түнү төрөлдү. Маркум энеси, чиновниктин аялы болсо да, эң жакшы ургаачы эле, баласына каада боюнча мыктылап туруп ат коёюн деди. Энеси али эшиктин тушундагы кроватта жаткан,  ал  эми  оң  кол  жагында  анын  куму[2] ,  сенатта  столоначальник[3] болуп иштеген опсуз сонун адам Иван Иванович Ерошкин жана да кумасы, квартальный офицердин[4] зайыбы, өтө адамгерчиликтүү аял АринаСеменовна Белобрюшкова турган. Баланын энесине үч атты атап, көңүлүнө жакканын тандагын дешти: Моккия, Соссия дегин, же болбосо балага Хоздазат шейиттин атын койгун дешти. «Жок, – деп ойлоду ыраматылык энеси, – булардын деги бир ат сыягы болсочу». Эненин көңүлүн уламак үчүн календардын дагы бир жерин ачышса, Трифилий, Дула жана  Варахасий  деген  дагы  үч  ат  чыкты. 

«Балаа болбодубу, – деди кемпир, – мындай тири укмуштуу аттарды эч качан уккан жок элем. Жок дегенде Варадат же Варух болсо да бир жөн го, анан  калса Трифилий,  Варахасий  деген  да  болмок  беле». Дагы бир бетти ачышса: Павсикахий менен Вахтисий чыкты. «Болбостур, айла барбы, – деди кемпир, – тагдыры ушундай болсо керек. Андан көрө бул балага атасынын атын коёлу. Атасынын аты Акакий эле, уулу да Акакий болсун».

Акакий Акакиевич деген ат ушунтип пайда болду. Өзүнө ат коюлганда бала ыйлап жиберди да, кийин титулярный советник  болорун  сезгенсип,  бети-башын  жыйырды.  Бул  ат  ушинтип пайда болгон. Биз мунун баарын баяндап олтурганыбыздын себеби, окуучуларыбыз бул аттын зарылдыктан келип чыкканын жана мындан башка ат коюуга мүмкүн болбой калганын өз көздөрү менен көрүшсүн дедик. Акакий Акакиевич департаментке качан, кай кезде келип киргени, аны кызматка ким дайындаганы эч кимдин эсинде жок. Андан бери нечен директорлор, далай начальниктер которулса дагы, анын баягы  эле  ордунда,  кагаз  жазуучу  чиновник  бойдон  тап  жылбастан отурганы отурган эле, ошондуктан ал энеден дапдаяр болуп, вицмундир[5] кийген бойдон, башынын ушул кашкасы менен туулуп калса керек деген пикирлер да болгон. Департаментте аны эч ким урматтоочу эмес. Жадаганда күзөтчүлөр да Акакий Акакиевич өтүп баратканда ызаат кылып ордунан турмак түгүл, жөнөкөй эле бир чымын учуп бараткандай көрүп, ага карап да коюшчу эмес. Начальниктер буга мээримсиз, салкын  мамиле  кыла  турган.  Столоначальниктин  жардамчысы  да: «Мына муну көчүрө салыңызчы», же «мына бу кызыктуу, жакшы иш эле»  –  деп,  же  сыпайгерчиликке  үйрөнгөн  мекемелердегидей  башка бир жагымдуу сөздү айтып коюунун ордуна, түз эле анын тумшугуна кагазды такай коё турган. Кагазды алып келген киши ким экендигин карабай жана буга анын укугу барбы, же жокпу деп да койбой, Акакий Акакиевич аны шып алып, ошол замат жаза баштаганды гана билүүчү. Жаш чиновниктер аны шылдыңдап кордошор эле да, анын көзүнчө эле ал тууралуу далай аңгемелерди айтышчу. Маселен, Акакий Акакиевич турган үйдөгү жетимиш жаштагы кемпир аны уруп коёт экен деп айтышып, тоюңар качан болот деп сурашчу, кар жаады деп, анын башына  кагаз  чачышчу.  Бирок Акакий Акакиевич  өзүнүн  жанында тургандарды таптакыр көрбөгөнсүп, ушунун баарына бир ооз жооп кайтарчу эмес, ал түгүл, кызматынан да алагды болчу эмес: канчалык жадатып жатышса да, катынан бир да ката кетирчү эмес. Өтө обу жок шылдыңдап, колун түрткүлөшүп, иштеген ишине жолтоо кылышканда гана: «Койсоңорчу, мени мынча эмне кордойсуңар?» – деп коёр эле. Анын бул сөздөрүндө, аларды айтканда чыккан добушунда кандайдыр бир таң каларлык нерсе бар болучу. Андан адамдардын боорун ачыта  турган  кандайдыр  бир  нерсе  угулуучу,  ошондуктан  жакында кызматка орношкон бир жаш жигит адегенде башкаларга кошулуп, аны кээде шылдыңдап коюп жүрсө, кийин жанагы сөздөр сай-сөөгүнө жеткендей болуп тыйылып калды, ошондон бери ал жигиттин көз алдындагылардын баары өзгөрүлүп кеткенсип, башкача көрүнө баштады. Кандайдыр бир адаттан тышкары күч ал жигитти мурун адептүү, ак сөөк адамдар го деп эсептеп, тааныш болгон жолдошторунан кол үздүрдү.

Кийин көпкө чейин көңүлү шат мезгилдерде да, бул жигиттин көз алдына кыска бойлуу, кашка баш: «Койсоңорчу, мени мынча эмне кордойсуңар»  –  деп  жалооруп  турган  чиновник  элестеп  турчу  жана да анын бул муңканган сөздөрүнөн: «Мен да сенин боордошуңмун» – деген башка сөздөр угулуучу. Анан адамда али айбандыктын көп экендигин, өтө сыпаа, билимдүү ак сөөктөрдө, атүгүл, о, жараткан ак сөөктөрдүн арасында асыл жана ак ниет деп эсептелген адамдарда да тымызын жаткан мээримсиз оройлуктун көп экенин көрүп, бечара жигит колу менен бетин басып, далай ирет бүткөн бою дүркүрөгөн.

Өзүнүн кызматына Акакий Акакиевич сыяктуу берилген адамды табуу  кыйын. Ал  өз ишин  ынтаа  менен  гана  эмес,  ашкере  берилип иштей турган. Ошол ишинен, ошентип кагаз көчүрүп отурушунан ага кандайдыр бир өзгөчө, жагымдуу дүйнө көрүнүп туруучу. Анын ыракаты өңүнөн билинүүчү; ариптердин ичинен бөтөнчө сүйгөн ариптери бар эле, аларга кез келгенде, кубанычы койнуна батпай күлүмсүрөп, көзүн ымдап, эрдин кошо кыбыратуучу, андыктан анын калеми жазып жаткан тамга анын өңүнөн окула тургандай сезилчү. Эгерде Акакий Акакиевичтин ынтаа коюшуна жараша сый көрсөтүлө турган болсо, анда ал, балким, эмдигиче статский советник да болуп калмак, бирок анын  шылдыңкор  жолдоштору  айткандай,  өзүнүн  кызматы  менен ал муратка да жетпеди, мээнеттен да кетпеди. Ошентсе да ал, ага эч кандай  көңүл  бөлүнгөн  эмес  деп  айтууга  болбойт,  кайрымдуураак бир директор анын көптөн берки сиңирген эмгегин эскерип, ага кагаз көчүрүүдөн бөлөк маанилүүрөөк иш тапшыруу жөнүндө буйрук берди; ага белен эле бир иштен башка бир мекемеге кандайдыр бир кат жазуу  тапшырылды;  бар  болгону,  каттын  башындагы  титулду  гана өзгөртүп, кай бир этиштерди биринчи жактан үчүнчү жакка которуш керек болучу. Бул иш аны абдан кыйнады, ал көл-шал болуп тердеп кетип, маңдайынан аккан терди улам шыпыра берди да, эң акырында: «Жок, муну тим эле коюп, мага мурункудай эле көчүрө турган бирдеме бергиле» – деди. Ошондон тартып, аны өмүр бою кагаз көчүрүүгө калтырышты. Ал  үчүн  ушинтип  кагаз  көчүрүп  олтуруудан  башка такыр эч нерсе жок сыяктуудай көрүнчү. Акакий Акакиевич өзүнүн кийими тууралуу такыр ойлоочу эмес; анын вицмундири жашыл эмес, алда кандай бир бозомтук саргыч түстө болучу. Анын жакасы тайкы жана жапыз, ошондуктан, Акакий Акакиевичтин мойну узун болбосо да, ушундай жакадан чыгып турганда орустук чет элдиктер башына он  чактыдан  тагынып  жүргөн  калтырак  баш  гипс  мышыктардын моюндары сыяктанып, дегеле бөтөнчө узун болуп көрүнүүчү. Качан көрсөң да, анын вицмундирине чөп же жип өңдүү бирдеме илээшип жүрө турган, анын үстүнө, Акакий Акакиевич көчөдөн өтүп баратканда,  бирөө  терезеден  ар  кандай  ыпыр-сыпырларды  ыргытып  жаткан кезде туш келип кала турган бөтөнчө касиети бар эле, ошондуктан ал качан болсо өз калпагына коон-дарбыздын кабыгын жана ушул өңдүү какыр-чикирлерди  илээштире  кетүүчү. Акакий Акакиевич  көчөдө эмне болуп, эмне коюп жатканына өмүр бою бир жолу да назар салып койгон эмес. Ал эми анын башка бир туушканы, кандайдыр бир көзү көрөгөч жаш чиновник болсо, көчөнүн бул жагында баратып, тиги жагындагы кимдир бирөөнүн чалбарынын илмеги сөгүлүп кеткенин да абайлап, мыйыгынан күлүп калары белгилүү го.

Бирок Акакий Акакиевич бирдемени караса да, өзүнүн колу менен жазылган таптаза, тегиз саптардан башка эч нерсени көрүүчү эмес. Кээде, кайдан-жайдан келе калганы белгисиз бир аттын тумшугу ийнинен артылып жаагын көздөй бышкырып жибергенде гана, Акакий Акакиевич жазылган саптын ортосунда эмес, көчөнүн ортосуна келип калганын араң абайлачу. Үйгө келер замат ал столго отуруп сорпосун ичип, бир кесим эт менен пиязды жей турган, жегенде да алардын даамын да байкабай, чымын-чумунду, кыскасы, ошол мезгилде кудайдын жиберген заттарынын  бардыгын  кошо  сугунар  эле. Курсагы  төмпөйгөндүгүн  сезгенден кийин столдун артынан туруп, сыя челегин алып чыгуучу да, үйгө ала келген кагаздарын көчүрө баштачу. Кыларга такыр иши жок болуп калса, бекер отурганча бекер иштейин дегенсип, сөзүнүн кооздугу жагынан болбосо да, кандайдыр жаңы же мансабы чоң адамга багышталгандыгы жагынан башкалардан бөлүнүп турган кагазды кайрадан көчүрчү.

Петербургдун бозоруп турган асманы биротоло карарып, иңир киргенде да чиновник адамдардын ар кими өзүнүн чамасына, алган айлыгына жана өз көңүлүнө жараша тамак-ашын ичип, жайланып отурганда да, узунду күнү кечке департаментте калемди кычыратып кагаз жазып олтуруудан, курулай жүгүрүп жүрүүдөн, өзү менен өзгөнүн ишинен, кыскасы, жаны жай албаган пенде өзүнө өзү таккан түйшүктүн баарынан кийин тыным алган кезде да, чиновниктер бош калган убактысын ыракатка арнаган мезгилде да: чыйрактары театрды көздөй жөнөп, башка бирөөлөрү ары-бери  өткөндөрдү  карап  жүрүү  менен  убакытты  өткөрүү  үчүн  көчөгө чыгып кетишкенде да; бир даары бир аз чиновниктин ардагы болгон кандайдыр бир өңү жылма кызга комплимент айтуу үчүн кечеге кеткен кезде да, кай бирөөлөрү (мунусу көбүрөөк учурайт) анчейин гана эрмектешип олтуруу үчүн, төртүнчү же үчүнчү катарда оозгу үйү же ашканасы жана көрктүүрөөк  көрүнүү  үчүн  анча-мынча  жасалгасы,  лампасы  же  далай жолу өз жанынан өзү аяп, тамактан да, оюн-зооктон да кечүүнүн натыйжасында алынган башка бир буюму бар чаканыраак эки бөлмөдө турган курбусуна баруучу кезде да, кыскасы, чиновниктердин бардыгы чомун ойноо үчүн өзүлөрүнүн курбу-курдаштарынын кичинекей квартирчелерине барып, бир тыйындык кургак нан менен стакандан чай ууртап, чылым тартып, карта бөлүштүрүп жаткан мезгилде, жогорку коомдон таралган кандайдыр бир ушакты сүйлөп (орус киши андан эч качан тартынбайт эмеспи), же айтууга кеп табылбай калганда Фальконеттин монументинин[6] атынын куйругу түшүп калгандыгы тууралуу кабарды айтып баргандарга кулагын түрүп турган комендант жөнүндөгү ооздон түшпөгөн анекдотту айтып  олтурушканда,  бир  сөз  менен  айтканда,  телегейи текши  көңүл ачууга умтулуп жаткан мезгилде да Акакий Акакиевич оюн-зоокко эч дит койчу эмес. Аны баландай кезде түкүндөй кечеден көрдүм деп эч ким айта албас. Моокуму канганча жазгандан кийин төшөккө жатуучу да, эртеңки күндү ойлоп, эртең да кудайым өзү көчүрүп жазууга бирдемени жиберер дегенсип, күн мурунтан жылмайып коюучу. Акысына төрт жүз сом алып, ошого жеткенине эле канимет кылып, өзүнүн тагдырына ыраазы болуп жүргөн адамдын бейкут өмүрү ушинтип өтүп жаткан жана жалаң гана титулярный советник эмес, тайный советник, анык советник, надворный советниктердин,[7]   ал  түгүл,  бирөөгө  кеңеш  бербеген,  өзү  да  бирөөдөн кеңеш албаган ар кандай советниктердин турмуш жолунда кезигүүчү ар түрлүү кырсыктар болбосо, Акакий Акакиевичтин өмүрү картайганча ошентип өтүп кетмек.

Петербургда жылына төрт жүз сом, же ошол чамалуу ала тургандардын баарынын тең бир каардуу душманы бар. Бул душман кайсы десеңиздер, так эле биздин түндүктүн аязынын өзү, ырас, аны саламаттыкка жакшы деп да айтышат. Эртең мененки саат тогузда, көчөлөр департаментке бараткандарга толуп кеткен кезде, бул аяз мурундардын баарын тең ылгабастан черткилей баштайт, ошондуктан байкуш чиновниктер тумшуктарын кайда катарын билбей, айласы кетишет. Мына ушул мезгилде, жогорку мансаптагылардын да сууктан чекеси тызылдап,  көзүнөн  жаш  куюла  баштаган  кезде,  бечара  титулярный советниктер  кээде  паанасыз  калышат. Мындай  учурларда  алардын жалгыз аргасы: шинелдери үлбүрөгөн немелер беш-алты көчөдөн ылдамыраак чуркап өтүп, анан швейцарскийге жеткенде мыктылап жер тепкилеп алып, жолдо сенейип катып калган жан-дарманын жылытып, кызмат кылууга жарамдуулугун калыбына келтиришет.

Жакын арадан бери Акакий Акакиевич, тиешелүү аралыкты тезирээк чуркап өтүүгө канчалык  тырышса  да,  аркасы  менен  ийни  өзгөчө  тызылдап  калып жүргөнүн  сезе  баштады.  Эң  акырында,  шинелимде  бир  мандем  бар го деген ойго келди. Үйгө келгенде шинелин жакшылап карап чыкса, анын эки-үч жери, так эле аркасы менен ийини дакиден бетер алжырап туруптур: сукносу айласыз тозуп, тешилип, астарынын тамтыгы кетип калыптыр.

Акакий Акакиевичтин  шинелин  да  чиновниктер  шылдыңдаганын айта кетиш керек; ага шинель деген атты да ыраа көрүшпөй, жөн гана капот[8] деген ат коюшкан. Чындыгында да бул шинелдин кейпи кызык эле: жакасы жыл өткөн сайын өөнөлүп кичире берүүчү, анткени башка жерлерине жамаачы болуп кете турган. Жамалганда да кынапталып жамалбай, кап сыяктуу шөлпөйүп, көрксүз болуп калуучу. Иштин жайын билгенден кийин Акакий Акакиевич шинелди Петровичке алып барайын деди. Петрович деген көмүскө тепкич менен чыкканда төртүнчү катарда турган кыйшык көз, чаар портной. Ал бирдеме ичпей башы соо турган кездеринде  чиновниктердин  жана  башкалардын  панталондору[9] менен фрактарын[10] эби-сыны менен жамап берүүчү. Бул портной тууралуу анын ийне-жибине чейин терип сүйлөбөй койсок да болор эле, бирок повестте ар бир адамдын мүнөзүн ачык-айкын көрсөтүү адат болуп калган соң, Петровичти да алдыңыздарга тартыш керек.

Мурун ал жөн гана Григорий деп аталып, бир мырзанын малайы болуп туруучу, малайлыктан бошонуп, адегенде ар бир чоң майрам сайын, андан кийин чиркөө майрамдарында, айтор, календарда крестик коюлган күндөрдүн бардыгында аябай иче баштагандан бери ал Петрович деген атка конгон. Бул жагынан Петрович ата-бабасынын салтын сактап жүрүүчү жана аялы менен чатакташа кеткенде аны сопу аял, немка деп атай турган. Эми анын аялы жөнүндө сөз ачып койгон соң, ал киши тууралуу да бир-эки ооз сөз айта кетпесек болбос. Бирок тилекке каршы, ал тууралуу маалыматыбыз анчалык көп эмес. Петровичтин аялы бар экени, ал жоолук салынбастан, кептакыя кийип жүргөнү гана белгилүү; сулуулук жагынан бул аял мактанарлык эмес болучу, аны менен кездешкенде, гвардия солдаттары гана көзүнүн кырын  салып,  мурутунан  күлүп,  кандайдыр  бир  бөтөнчө  үн  чыгарып коюшар эле.

Акакий Акакиевич Петровичтин үйүн көздөй баруучу тепкич менен чыгып  баратты.  Эмнесин  жашырабыз,  бул  тепкич  баштан  аяк  сууга, жугундуларга  толуп,  спирт  жыттанып,  көздү  ачыштырып  туруучу. Мындай жыт Петербургдун үйлөрүнүн көмүскө тепкичтеринин баарысында бар эмеспи. Акакий Акакиевич так ушул тепкич менен өөдө чыгып баратып, Петрович канчаны сурарын ойлоду да, эки сомдон артык бере койбосмун деди. Эшик ачык туруптур, анткени Петровичтин аялы ашканада кандайдыр бир балыкты кууруюн деп, үйдү түтүнгө толтуруп жибергендиктен, жадегенде таракандар да көрүнбөй калыптыр. Акакий Акакиевич  Петровичтин  аялына  да  көрүнбөй,  ашкана  аркылуу  төркү бөлмөнү  көздөй  киргенде,  сырдалбаган  чоң  жыгач  столдун  үстүндө түрктүн падышасындай мандаш урунуп отурган Петровичти көрдү. Ал иштеп жаткан портнойлордун адаты боюнча жылаңаяктанып алыптыр. Адегенде эле Акакий Акакиевичтин көзүнө анын баягы ортону уруна түштү.  Петровичтин  ортонунун  алда  кандай  курушкан,  ташбаканын баш сөөгүнөн бетер катуу тырмагы бар эле. Петрович мойнуна жибек жип менен чарык жиптин түрмөгүн илип алып, тизесине кандайдыр бир чүпүрөктү жайып коюп олтуруптур. Ал ийнесин саптайм деп үч мүнөтчө машакат тартып, саптай албагандан кийин караңгылыкка да, ал түгүл, жиптин өзүнө да ачуусу келип: «Сапталбады го жылас болгур, шайымды оодарып салды, жүзү кара!» – деп күңкүлдөп жатыптыр. Петровичтин ачууланып турган кезине келгенине Акакий Акакиевич өкүнүп калды; ал Петровичтин чери жазылып турган кезде, же аялы айткандай «кашайган шайтан  аракка  тоюп  алган»  учурда  бирдемени  заказ  кылууну  жакшы көрүүчү.

Мындай  учурларда  Петрович  оңоюраак  тезге  келип,  айткан сөзгө да көнүп, ал түгүл, кайта-кайта баш урунуп, алкыш айтып калар эле. Ырас, кээде аялы келип: «Күйөөм мас болучу, мастыгынан арзан сурап коюптур» – деп ыйлап калуучу, бирок он чакты тыйын кошо койсо, ошону менен иш өз жайында боло турган. Бул жолу Петрович соо өңдүү экен, ошондуктан эпке көнбөчүдөй эле жана кандай бааны бычары бир кудайга гана маалим болучу. Акакий Акакиевич муну сезе коюп, ушунчамда кайра кайтайын деген, бирок иш башталып калган. Петрович аны жалгыз көзү менен үңүлө карап калганда, Акакий Акакиевич айласыздан: «Амансыңбы, Петрович!» – деп жиберди. А Петрович: «Шүгүр!» – деди да,  кандай  олжону  алып  келди  экен  дегенсип,  көзүнүн  кыйыгы  менен Акакий Акакиевичтин колун карап калды.

– Мен сага, Петрович, мына берекини...

Акакий Акакиевич бирдемени сүйлөгөндө өз оюн көбүнчө жалгоо, демдөө сөздөр менен, же таптакыр мааниси жок мүчөлөр менен баяндай турганын айта кетиш керек. Эгерде өтө эле кыйналып баратса, баштаган сөзүн аяктабай да калуучу, ошондуктан көп убакта сөзүн: «Бул тим эле эметип...» – деп баштап коюп, андан кийин эчтеме айта албай токтоп калар эле да, айтар сөзүмдү бүттүм го деп, эмне дээрин өзү да унутуп коюучу.

– Эмне дейсиң? – деп сурады да, Петрович сыңар көзү менен Акакий Акакиевичтин  вицмундирин  баштан  аяк  жакасынан  тартып  жеңине, аркасына, этеги менен бүчүсүнө дейре карап чыкты. Мунун баары ага бештен белгилүү болучу, анткени өзүнүн колунан чыккан. Бирөө менен кезиккен кезде ушинтип калуу портнойлордун адаты эмеспи.

– Мен муну, Петрович, эметип... шинель го сукно... көрүп турасың го, өзгө жеринин баары бекем, бир аз гана кирдеп, эски өңдөнгөнү менен бул жаңы эле бойдон, бир жери гана эметип... далысы менен ийини гана бир аз кырылып, ийининин мына бул эле жери, көрүп турасың го, мындан башка эчтемеси жок. Иши да көп эмес...

Петрович капотту алып, эң оболу аны столго жайды, бир далай убакыт карап чыгып, башын чайкады да, терезеге колун сунуп, кандайдыр бир генералдын сүрөтү тартылган тамеки соотун алды. Тамеки соотунун капкагына тартылган генерал ким экени белгисиз болучу, анткени анын так эле бетинин орду кол менен чукулуп, төрт бурчтуу кенедей кагаз менен чапталып коюлган. Тамекиден жыттап алган соң, Петрович капотту колу менен керип, жарыкка салып карады да, кайрадан башын чайкап койду. Анан айкарасынан салып карап, кайрадан башын чайкады да, бети кагаз менен чапталган генералы бар капкакты кайрадан ача салып, тамекиден шоркурата жыттагандан кийин капкакты жаап, тамеки соотун катып койду да эң акырында:

– Жок, муну жамоого болбойт: чалдыбары чыгып калыптыр! – деди.

Бул сөздөрдү укканда Акакий Акакиевичтин жүрөгү зырп эте түштү.

– Эмне үчүн болбойт, Петрович? – деди Акакий Акакиевич баладай жалооруп. – Ийини гана бир аз кырылып калган да, сенде майда-чүйдө жамаачылар бардыр.

– Жамаачыны табууга болот, жамаачы табылат, – деди Петрович, – бирок жамаачы сала турган жери жок да, жедеп тамтыгы кетип калыптыр, ийне тийгизсең эле, ыдырап кеткени турат.

– Ыдыраса, сен жамаачы сала койбойсуңбу.

– Ошол жамаачы сала турган жердин өзү жок да, жамаачы токтой турган жери жок, эң эле көп кийилиптир. Сукно деген аты эле калганы болбосо, үйлөп койсоң учуп кеткени турат.

– Бирдеме кылып эптеп бекитип бер. Антпесең болобу!..

– Жок, –  деди.  Петрович  үзүл-кесил,  –  эчтеке  кылууга  болбойт. Тамтыгы кетип калыптыр. Андан көрө, күн суугуна айланып баратканда муну чулгоо кылып алыңыз, анткени жука байпак бутту жылытпайт. Жука байпак акчаны көбүрөөк алуу үчүн немецтердин ойлоп чыгарган немеси го (Петрович кезеги келгенде немецтерди чымчып өтүүнү жакшы көрүүчү), чынында сиз жаңы шинель тиктиришиңиз керек.

«Жаңы» деген сездү укканда Акакий Акакиевичтин көзү караңгылап, белмөдөгү нерселердин бардыгы астын-үстүн болуп кетти. Ал Петровичтин тамеки соотунун капкагындагы бетине кагаз чапталган генералдан башка эчтекени көрбөй калды.

– Жаңы деген эмнеси? – деди ал уйкусурап жаткан немедей, – ага менин акчам да жок.

– Ооба, жаңыдан тиктирүү керек, – деди Петрович таш боор капарсыздык менен.

– Кана, эгерде жаңыдан болсо деги, анда тиги...

– Баасы канча болот дейсиз го?

– Ооба.

– Жүз элүү сомдон ашык турар, – деп Петрович эрдин жымырды.

Ал бирөөгө сыр көрсөтүп, капысынан анын башын маң кылып, анан маң болгон кишинин өңү-түсү кандай болуп кеткенин көзүнүн кыйыгы менен карап турууну жакшы көрүүчү.

– Бир шинелге жүз элүү сомбу? – деп байкуш Акакий Акакиевич кыйкырып  жиберди,  балким,  туулуп  бүткөнү  анын  кыйкырганы  ушудур, анткени ар дайым акырын сүйлөчү.

– Ошондой, – деди Петрович, – дагы шинелди кандай тиктирерине жараша болот. Эгерде жакасына суусар салып, жибек менен ичтелген капюшон чыгарсак, анда эки жүз сомго жетер.

– Айланып кетейин Петрович, – деди Акакий Акакиевич жалооруган үн менен, Петровичтин айткан сөзүн укпагансып, уккусу да келбегенсип жана сыр көрсөтүшүн байкабагансып: – Эптеп оңдоп берсең, эч болбосо дагы бир аз киейин.

– Жок, оңдоого болбойт: эмгек да талаага кетет, акча да текке жок болот, – деди Петрович.

Бул сөздү уккандан кийин Акакий Акакиевич эңги-деңги болуп чыгып кетти. Ал кеткен соң, Петрович өзүнүн да беделин кетирбей, портнойлук өнөрүнүн да баркын төмөн түшүрбөй калганына ыраазы болуп, көпкө дейре эрдин жымырып, ишке киришпестен тура берди.

Көчөгө  чыкканда Акакий Акакиевич  өңү  же  түшү  экенин  билбей турду. «Ушундай да болот экен ээ, – деди ал өзүнөн өзү, – чын жери, мен муну ушундай эметет ко деп ойлогон да жок элем... анан бир аз унчукпай туруп, дагы, – ушундай экен го! Эң акырында ушинтип калган экен го, мен муну ушинтип эметет экен деп такыр ойлогон да эмесмин». Андан кийин ал дагы бир топко чейин тунжурап туруп, кайрадан: «Ушундай экен да! Мен муну мындай болуп эметет ко деп, деги күтпөгөн жерден ушинтип... Мен муну эч качан... Ушундай иш болобу!» – деди. Ушул сөздөрдү  айткандан  кийин  ал  үйүн  көздөй  басуунун  ордуна,  кайда баратканын  өзү  да  сезбей,  таптакыр  тескери  жакка  жөнөдү. Жолдо баратканда аны кандайдыр бир мор тазалагыч көөлүү капталы менен жөөлөп кетти эле, ийини бүт бойдон көө болуп калды; андан өтө бергенде жаңыдан салынып жаткан үйдүн үстүнөн итапкан акиташ төбөсүнө келип төгүлдү. Акакий Акакиевич мунун баарын байкаган жок, кийин гана айбалтасын каруусуна таяп, чор баскан алаканына чакчадан тамеки салып аткан кароолчу менен сүзүшө кеткенде гана эсине кирди, ошондо да кароолчу: «Сен эмне кишинин так эле тумшугуна келип тирелесиң, сага эмне башка жол табылбай калдыбы?» – дегенде араң эсин жыйды.

Ошондон кийин эки жагын каранып алып, үйүн көздөй бет алды. Эми гана эс-учун жыйнап, өзүнүн ал-жайын ачык-айкын, дапдаана көрдү  да,  өзү  менен  өзү  мурункусундай  мукактанып  сүйлөшпөстөн, жүрөк сырын чечише турган санаалаш досу менен маектешип жаткансып, акыл-эстүүлүк менен тартынбастан аңгемелеше баштады. «Жок, – деди Акакий Акакиевич, – эми Петрович менен келишүү кыйын: ал азыр  эметип...  Аялы  анча-мынча  төпөштөп  койгон  көрүнөт. Андан көрө  мен  жекшемби  күнү  эртең  менен  келейин,  жекшембиге  караган ишембинин кечинде ал өлгөнчө ичип, башы каңгырап калат эмеспи, ошондо ага баш жазар керек болот, ал эми аялы акча бере койбойт, так ушул учурда ага бир он тыйын бере коёюн, ошондо тезирээк көнөт да, шинелди да эметип...» Акакий Акакиевич өзүнө ушул кеп-кеңешти айтып, кайрат берип койду да, келерки жекшембиге чейин күттү. Күткөн күнү келгенде Петровичтин аялы бир жакка кетип баратканын алыстан көрө коюп,  түз  эле портнойдун үстүнө кирип барды. Айткандай эле Петрович ишембиден кийин көзү ала чакмак болуп, башын жерге салаңдатып, үргүлөп отуруптур, бирок ошондой болгону менен, иштин жайын түшүнгөн соң, шайтан сайып жибергенсип: «Болбойт. Жаңыдан тиктириңиз», – деди. Ошол замат Акакий Акакиевич анын колуна он тыйынды сунду. «Ракмат, мырзам, сиздин эсен-соолугуңуз үчүн бир аз ичип, тыңып алайын, – деди Петрович, – бирок шинель жөнүнөн убара болбоңуз: аныңыз такыр эчтекеге жарабайт. Жаңы шинелди келиштирип туруп тигип барейин, убада ушул болсун» – деди.

Акакий Акакиевич оңдоо жөнүндө ооз ачты эле, Петрович анын сөзүн чала угуп:

– Жаңы шинелди сизге кандай да болбосун тигип берейин, бул жагынан кам санабаңыз, колдон келгенче тырышайын. Ал турсун, азыркы мода боюнча жакасын күмүштүн буусуна карматкан таралга менен бүчүлөгөндөй  кылууга  да  болот,  –  деди.

Мына ошондо  гана Акакий Акакиевич жаңы шинелсиз иш болбой калганына көзү жетип, таптакыр чүнчүй  түштү. Деги  эмне  кылуу  керек,  шинелди  эмнеге,  кайсы  акчага тиктириш керек? Албетте, келерки майрамда бериле турган сыйлыкка дем байлоого болор эле, бирок бул акча алда качан бөлүштүрүлүп коюлган да. Жаңы панталон алыш керек болучу, өтүгүнүн эски кончун баштаткандыгы үчүн өтүкчүнүн карызын да бериш керек, анын үстүнө үч көйнөктү,  анан  басма  сөздө  атын  атоого  болбой  турган  ич  кийимден бир-экини  тиктириш  керек  эле,  кыскасы,  бардык  акчанын  орду  эчак табылган болучу. Эгерде директор марттык кылып, кырк сомдун ордуна, кырк беш же элүү сом берсе дагы, ошондо да жарыбаган акча калмак, анысы шинелдин кунуна караандап да коймок эмес. Кээде Петрович тиге турган кийимине эрдин кунунан да ашыра сурай тургандыгын Акакий Акакиевич жакшы билүүчү. Андай убакта аялы да чыдай албай: «Сен эмне  кутуруп  кеткенсиңби,  акмак! Кээде арзыбаган  эле  бирдемеге бирөөнүн  кийимин  тиге  салат,  эми  карачы,  өзүнүн  кунунан  да  артык сурап турганын», – деп ажылдап калуучу.

Петровичке сексен сом берсе эле бир шинелди тигип берерин ал билүүчү, бирок ошол сексен сомду кайдан  алмакчы? Жарымын  эптеп  табууга  болор,  жарымы  табылар, бирок калган жарымын кайдан алат?.. Бирок окуучуларыбыз эң оболу жарымы кайдан алынганын билиши керек. Акакий Акакиевич өзү жумшаган ар бир сомдон бир тыйындан үнөмдөп калып, акча салуу үчүн капкагында тешиги бар бир кичине ящикке салып коё турган. Жарым жыл өткөн сайын ал чогулган жез тыйындарды санап чыгып, анын ордуна күмүш тыйын салып коюучу. Ал далайдан бери ушундай кылуучу, ушинтип жүрүп нечен жылдан бери жыйнаган акчасы кырк сомдон ашпаптыр. Ушунетип жарым акчасы колунда болучу, бирок калган жарымын кайдан алат? Дагы кырк сомду кайдан табат? Акакий Акакиевич ойлоп-ойлоп отуруп, жок дегенде бир жыл бою жөнөкөй чыгымдарды азайтыш керек деген тыянакка келди: кечкурун чай ичүүнү токтотуп, түн ичинде  шам  жакпай,  бирдеме  иштөө  керек  болсо,  үйдүн  ээсинин бөлмөсүнө барып, ошонун шамынан пайдалануу керек; көчөдө жүргөндө, өтүгүнүн таманын эртерээк жыртпас үчүн чебердеп басып, таш менен плиталардын үстүнөн аярлап бутунун учу менен жүрүү керек; мүмкүн болушунча кирди сейрегирээк жуудуруп, жыртылып калбас үчүн аларды үйгө келгенде чече салып, демикотондон[11] жасалган эски халатты кийип жүрүү керек – деди. Кептин чыны жакшы, Акакий Акакиевич адегенде бул  шарттарга  көнө  албай  кыйналып  жүрүп,  бир  аздан  кийин  көнүп кетти, бирок ал келечекте шинелдүү боло турганын ойлоп, ошого канимет кылып жүрдү. Ошондон тартып анын тиричилиги да оңолгонсуду, үйлөнгөн өңдөнүп, жанында кандайдыр бир башка киши жүргөнсүдү, жалгыз  бой  кишидей  болбой,  кандайдыр  бир  жагымдуу  өмүр  шериги турмуш  жолун  бирге  басууга  макулдугун  бергенсиди,  анын  бул  өмүр шериги, ичине кебезден калыңдап шырыган, астары бышык шинелдин так өзү эле. Ал өзүнүн алдына белгилүү бир максат койгон адам сыяктуу бир аз чыйралып, кайраттуураак боло баштады. Анын өңү-түсү менен кылык-жоругунун мурунку ыкшоолук, бошоңдук, кыскасы, олку-солку жана дендароолук мүнөздөрдүн бардыгы жоюлду. Кай бир учурларда көзүнөн от жанып, ал түгүл, «жакасына суусар салдырсамбы» деген айбаттуу жана кайраттуу ойлор башына келе баштады. Бул ойлор аны энөө да кылып коё жаздады.

Бир күнү кагаз көчүрүп жатып аз жерден ката жиберип коё жаздады да: «Ух!» – деп чочуп кетип, чокунуп эс алды. Ар бир ай сайын, эч болбоду дегенде бир ирет Петровичке барып, аны менен шинель тууралуу, сукносун кайдан алуу керектиги жөнүндө, өңү-түсү, баасы жөнүндө аңгемелеше турган болду. Петровичтен кайтканда, бир  аз  санаалуу  болгону  менен  эң  акырында  ушунун  баары  сатылып алынып, шинель да тигиле турган кез келери жөнүндө ойлоп, ар дайым ыраазы болуп кайтар эле. Иш Акакий Акакиевич ойлогондон да тезирээк жүрө баштады. Күтүлбөгөн жерден директор Акакий Акакиевичке кырк да эмес, кырк беш да эмес, бакыйган алтымыш беш сом сыйлык чектеди: же Акакий Акакиевичке жаңы шинель керек экендигин сездиби, же өзүнөн өзү эле ошондой болуп чыктыбы, айтор, ага жыйырма сом акча ашык тийди. Бул ишти ого бетер тездетти. Дагы бир эки-үч ай азыноолок ачка жүргөндөн кийин Акакий Акакиевич сексен сомго жакын акча чогултуп алды. Демейде былк этпеген жүрөгү эми дүк-дүк сокту. Биринчи эле күнү Петрович менен дүкөнгө жөнөдү. Сукнонун эң жакшысынан сатып алышты – башкача болууга мүмкүн эмес эле, анткени бул жөнүндө жарым жыл мурда алдын-ала ойлошкон жана баасын билүү үчүн дүкөнгө алда нечен барышкан; эмнеси болсо да Петровичтин так өзү: мындан артык сукно болбойт, – деди. Астарына коленкор алышты; алганда да Петровичтин айтканына  караганда  жибектен  мыкты,  ары  көркөм,  ары  жылтырак, бышык жана калың коленкордон алышты. Жакасына суусар сатып алышкан  жок,  анткени  ал  чыны  менен  эле  кымбат  болучу. Анын ордуна, дүкөндөгү мышык терисинин эң мыктысын тандап алышты. Мышыктын териси деген менен, алыстан караганда суусар экен деп ойлоого болот.

Петрович шинель менен эки жумача алек болду, анткени шыруусу көп эле, антпегенде эбак бүтмөк. Тиккен акысына Петрович он эки сом алды – андан кем алууга мүмкүн эмес болучу: баарысы жибек менен тигилип, кош кабаттап кайылып, тигиштеринин бардыгын Петрович так өзүнүн тиши менен сыдырып, өңгүл-дөңгүл жеринин баарысын тегиздеп чыккан.

Петрович акырында шинелди алып келген күн... бул күн кайсы экенин айтуу кыйын, бирок Акакий Акакиевичтин турмушундагы эң салтанаттуу күн болсо керек. Шинелди Петрович эртең менен, куп гана Акакий Акакиевич департаментке барардын алдында алып келди. Шинелдин мындай дал  учурунда  келиши  эч  качан  болбос,  анткени  аяз  бир  кыйла  күчөп калган жана мындан ары да катуулачудай эле. Шинелди алып келгенде Петровичтин жүзүндө кандайдыр бир маанилүү сыр бар болучу, Акакий Акакиевич анын жүзүнөн мындай сырды эч качан көргөн эмес. Петрович бир  зор  ишти  аткарганын  жана  кийимдин  астарын  гана  жаңылап, оңдогонду гана билген портнойлор менен жаңыдан тигүүчү портнойлордун ортосундагы асман менен жердей айырманы көрсөтө салганын толук сезип турган өңдүү эле. Ал ороп алып келген кол жоолугун чечип, шинелди алып чыкты: кол жоолук жаңыдан гана жуулган экен; кайрадан урунуу үчүн, анысын бүктөп чөнтөгүнө салды, шинелди алып чыккандан кийин Петрович аны кош колдоп кармап туруп, дагы бир сыйра жагалдана карап алды да, шамдагайлык менен Акакий Акакиевичтин ийнине жапты; анан арт жагын колу менен төмөн силкип тегиздеп койду; андан кийин аны Акакий Акакиевичке желбегей кийгизип көрдү. Акакий Акакиевич орто жашап калган адам болгон соң, жеңин ченеп көрөйүн деди; Петрович жеңин да кийгизип көрдү эле, жеңи да куп келишип калды.

Кыскасы, шинель куюп койгондой жарашыктуу болуп чыкты. Сөз арасында Петрович кичине көчөдө вывескасыз тургандыктан, анын үстүнө Акакий Акакиевичти көптөн бери билгендиктен гана арзан алгандыгын, болбосо Нева проспектисиндеги портнойлор жалаң гана тиккендиги үчүн жетимиш беш сом алып коё тургандыгын да айта кетти. Акакий Акакиевич бул жөнүндө Петрович менен сүйлөшкүсү келген жок, анын үстүнө Петрович бирөөнүн башын маң кылуу үчүн айтып жиберүүчү чоң суммалардан корко турган. Акакий Акакиевич анын акысын берди да, алкыш айтып,  жаңы  шинелди  кийген  бойдон  департаментти  көздөй  жөнөдү.

Петрович анын артынан кошо чыкты да, көчөгө токтой калып, шинелди көпкө чейин алыстан карап турду. Анан көмүскө көчө менен айланып барып, Акакий Акакиевичтин алдынан чыгып, өзүнүн тиккен шинелине башка жагынан, мындайча айтканда, бет маңдайынан дагы бир сыйра көрүп калуу үчүн атайын эле туура жакка бурулду. Ошол мезгилде Акакий Акакиевич кубанычы койнуна батпай кетип бараткан. Үстүнө жаңы шинель кийип келатканын ал мүнөт сайын эстеп, кубангандан бир нече жолу жымың этип күлүп да койду. Чындыгында эле кош пайда эмеспи: жылуу десе жылуу, жакшы десе жакшы. Баскан жолун байкабай, департаментке  жетип  келгенин  гана  көрүп  калды;  швейцарскиге  киргенде шинелин чечип, аны баштан аяк карап чыкты да, швейцарга көздөтүп койду. Акакий Акакиевичтин жаңы шинель кийип келгенин, анын мурунку капоту эми жок болгонун департаменттегилер кантип биле коюшканы белгисиз. Айтор, Акакий Акакиевичтин жаңы шинелин көрөбүз дешип, көз ачып-жумгуча швейцарскиге чуркап келишти. Баарысы тең салам айтып куттуктай баштаганда Акакий Акакиевич адегенде күлүп коюп турду эле, андан кийин уялып да кетти. Анан баарысы аны ортого алып, эми жаңы шинелди жууш керек, кур дегенде кече өткөрүш керек деп  чуркурай  баштаганда Акакий Акакиевичтин  айласы  кетип,  эмне кыларын, кандай жооп кайтарарын жана кандай шылтоо табарын билбей калды. Бир нече мүнөттөн кийин гана аябай кызарып кетип, момундук менен: бул жаңы деле шинель эмес, анчейин эле бир эски шинель демиш болду. Акырында, столоначальниктин жардамчысыбы, айтор, чиновниктердин бири бой көтөрбөй тургандыгын билдирейин дедиби, же өзүнөн төмөнкүлөрдү да жерибегендигин билдиргиси келдиби: «Эмесе, Акакий Акакиевичтин  ордуна  кечени  мен  өткөрөйүн,  меникине  чайга келүүңүздөрдү сурайм, анын үстүнө, бүгүн менин туулган күнүм» – деп калды. Чиновниктер, кайдан тим турушсун, ошол замат столоначальниктин жардамчысын куттукташып, анын сунушун ыкласы менен кабыл алышты. Акакий Акакиевич аныкына бара албай тургандыгын айтып көрөйүн деди эле, баарысы тең: аның уят, маскаралык, өңгөлөр болбосо да  сен  барбай  коё  албайсың  дешти.  Бирок  бир  пастан  кийин  ушунун шылтоосу менен кечкисин да жаңы шинелди кийип баса тургандыгын эстеп, көңүлү көтөрүлө түштү. Бул күн Акакий Акакиевич үчүн салтанаттуу чоң майрамдын күнүндөй болду. Үйүнө ал эң эле көңүлдүү кайтты, шинелин  чечип,  этияттык  менен  тамдын  бооруна  илип  койду  да, ичитышына дагы бир сыйра көз жүгүрттү, ошондон кийин атайы салыштыруу үчүн чалдыбары кеткен эски капотун алып чыкты. Эски капотун карап алып, өзү да күлүп жиберди: айырмасы асман менен жердей! Андан кийин да тамагын ичип атып, эски капотунун кебете-кешпири эсине түшкөн сайын күлүп коюп олтурду. Тамакты абдан көңүлдөнүп отуруп ичти. Тамакты ичип болгондон кийин ал эч кандай кагаз жазган жок, жөн гана төшөктүн үстүнө жатып, иңир киргенче бир аз эс алды. Анан буйдалып олтурбастан, кийимин кийип, үстүнө шинелди жамынып көчөгө чыкты. Мейманга чакырган чиновник кайда турганын айта албайбыз:  өтө  эле  унутчаак  болуп  кеттик,  анын  үстүнө  Петербургдагы нерселердин баарысы, көчөлөрдүн, үйлөрдүн бардыгы башыбызда чалды-куйду болуп чаташып  калган, андыктан  андан бирдемени орду менен табуу кыйын. Эмнеси болсо да ал чиновник шаардын эң мыкты бөлүгүндө, демек, Акакий Акакиевичтен бир кыйла жерде турганы кадиксиз. Адегенде Акакий Акакиевич жарыгы аз, ээн көчөлөрдөн өтүүгө тийиш болучу, бирок чиновниктин үйүнө жакындаган сайын көчөлөр, кыймылдуу, элдүү жана жарыгыраак боло баштады. Ары-бери жүрүүчүлөр көбөйүп, кооз кийинген аялдар да, жакасы кундуз эркектер да көбүрөөк учурай турган болду, алтындын буусуна карматкан чегеден жыш кадалган жыгач чаналары  бар  ванькалар  сейрегирээк  кезигип,  алардын  ордуна  күрөң кызыл  баркыттан  шапке  кийген,  сырдалган  чанасы,  аюу  талпагы  бар лихачтар[12] жолуга баштады жана дөңгөлөктөрү менен карды кычыратып, кооздолгон кареталар көчөдөн зуулдап өтүп атты. Акакий Акакиевич булардын бардыгын кандайдыр бир жаңылыктай карап баратты.

Ал бир топ жылдан бери кечкурун көчөгө чыгуучу эмес. Бир магазиндин жарык кылынган  терезесинин  тушуна  келип,  кандайдыр  бир  сулуу  аялдын сүрөтүн көргүсү келип токтоп калды, ал аял башмагын чечип атып, келбеттүү бутун бүт дээрлик жылаңачтап туруптур; анын арт жагында башка бир бөлмөнүн эшигинен бакенбардасы жана ээгинде жарашыктуу испаньолкасы[13] бар кандайдыр бир эркек башын кылтыйтып турат. Акакий Акакиевич башын чайкап, күлүп койду да, жолуна түштү. Эмне үчүн күлүп койгонун билбейбиз, же таптакыр бейтааныш, бирок ар бир эле адамда кандайдыр бир сезимди ойготкон нерсени жолуктургандыгы үчүн күлдүбү, же көп чиновниктер сыяктуу: «Деги ушул француздарчы! Сөз жок, алар бирдемени жасагысы келсе, тим эле эметип…» – деген сөздөрдү айткысы келдиби. Балким, муну ойлогон эмес чыгар – деги бирөөнүн ичине кирип, анын ойлогонунун баарын билүүгө болбойт да. Эң акырында столоначальниктин жардамчысы турган үйгө да жетти. Столоначальниктин жардамчысы сөөлөттүү турат экен: тепкичинде фонарь жанып туруптур, квартири экинчи кабатта экен. Оозгу бөлмөгө киргенде Акакий Акакиевич  катар-катар  тизилип  турган  көлөштөрдү  көрдү. Алардын артында,  бөлмөнүн  так  ортосунда  буусу  бурулдап,  шуулдаган  самоор турат. Тамдын боорунда чылк шинелдер менен плащтар илинген, алардын арасында кундуз жакалуусу, же баркыттан кайырма салдыргандары да бар. Тамдын  ары  жагынан  меймандардын  чуусу  менен  кобур-собуру угулат, бир оокумда эшик ачылып, патнусуна куру стакандарды, каймак салгыч менен сухарь салуучу себетчени шыкырата тизип алган лакей чыга калганда, бул добуш катуураак угула баштады. Кыязы, чиновниктер эчак эле  чогулуп,  бир  стакандан  чай  ичишсе  керек.

Акакий Акакиевич  өз шинелин өзү илип бөлмөгө кирди, кирип барганда анын көзүнө чиновниктер, чылымдар, карта ойноочу столдор жыбырай түштү да, кулагына кандайдыр бир башкача шоокум: чар тараптан чыккан шыбыр-күбүр, ордунан жылдырылган отургучтардын добушу угулду. Ал эмне кыларын билбей, бөлмөнүн ортосуна шоңшоюп туруп калды. Бирок ошол замат аны  көрө  коюшуп,  баары  тең  дуу  көтөрүлүп  аны  каршы  алышты  да, кийим  иле  турган  бөлмөгө  барышып,  анын  шинелин  кайрадан  карап чыгышты. Акакий Акакиевич бир аз уялыңкырап калса да, ак көңүл адам эмеспи, баарысы тең шинелин мактаганын көрүп, чыны менен кубанды. Ошондон кийин баарысы тең мунун өзүн да, шинелин да таштап коюп, карта ойной турган столго кайтып келишти. Мунун баары: кишилердин ызы-чуусу да, чокмороктоп отурушу да Акакий Акакиевичти айран-таң кылды. Ал эмне кыларын билбей колу-бутун, бүткөн боюн коёрго жер таппай турду, эң акырында карта ойногондордун жанына келип отуруп, картага, отургандардын ар кайсынысынын өңү-түсүнө көз жүгүрттү да, бир аздан кийин зеригип, эстей баштады. Анын үстүнө Акакий Акакиевичтин уктай турган мезгили да келип калган. Ал үйдүн ээси менен коштошоюн деди эле, жаңы шинелдин урматына шампандан бир бокал жутууга тийишсиң деп жибербей коюшту.

Бир сааттан кийин тамак берилди.  Берилген  тамактар:  винегрет,  музоонун  муздаткан  эти,  паштет, кондитер  пирожоктору  жана  шампан  эле. Акакий Акакиевичке  эки бокал ичиришкенден кийин ал бөлмөнүн ичи көңүлдүүрөөк болуп калганын сезди, бирок ошондо да саат он эки болуп калгандыгын, үйүнө кайта турган маалы эбак келгендигин эси-көөнүнөн чыгарган жок. Үй ээси дагы жибербей кармап калабы деген ой менен бөлмөдөн акырын гана жылып чыгып, оозгу бөлмөдөн шинелин тапты, анысы жерде жатканына бир аз өкүнүп койду, шинелин күбүп-кагып, кылкыбырын алып таштады да, ийнине жамынып, тепкич менен көчөгө чыкты. Көчө али жарык эле. Кээ бир майда-чүйдө дүкөндөр, үй кызматчыларынын жана ар түркүн кишилердин ушул үздүксүз иштөөчү клубдары али ачык экен, калгандары жабык болгону менен али ээн эместигин жана кайда жүрүшкөндүгү жөнүндө өз кожоюндарын айран-таң кылган үй кызматындагы аял-эркектердин аңгемеси менен ушак-айыңдары аяктай элегин көрсөтүп, эшиктердин жылчыгынан жарыктын шооласы сызылып турган.

Акакий Акакиевич көңүлү шат келатты, ал түгүл, кандайдыр бир шыпылдап баскан, ар бир мүчөсү өзгөчө шамдагай кыймылдаган сулууча  аял  жанынан  өтө  бергенде,  анын  артынан  эмнегедир  чуркап койду. Бирок ошол замат эле бул текирең жүрүш кайдан пайда болгондугуна өзү да таңыркап токтой калды да, мурункусундай жайыраак баса баштады. Бир аздан кийин ал кечкисин гана эмес, күндүзү да аңгырап ээн турган көчөлөргө түштү. Азыр алар мурдагыдан да ээн жана түнт болуп калыптыр. Фонарлар сейрегирээк учурай баштады, кыязы, май азыраак берилип калса керек; жыгач үйлөр, жыгач кашаалар гана турат; тегеректе мыдыр эткен жан жок; көчөдө жалтырап кар жатат да, уйкуга кирген жепирейген кепелердин терезелеринин жабылган капкалары кандайдыр муңдуу карарат. Акакий Акакиевич көчөлөрдүн тоомундагы учу-кыйырына көз жетпеген ээн аянтка жакындады, анын тиги жагындагы үйлөр араң эле көрүнөт. Кай  жерде  экенин  кудай  билсин,  тээ  алыстагы  бир  будкадан  от жылтылдайт. Бул жерге жеткенде Акакий Акакиевичтин ындыны  өчө түштү. Аянтка ал жүрөгү алда кандай бир балааны сезгенсип, бүткөн бою дүркүрөп кирди. Артына, эки жагына каранды: айланасын деңиз курчап тургандай. «Жок, андан көрө карабай койгонум жакшы го» – деп ойлоду да, көзүн жумуп алып басты, андан кийин аянттын четине келдим бекен деп көзүн ача салса, так бет маңдайында кандайдыр бир мурутчан адамдар турганын көрдү, булар кандай адамдар экенин ажыратууга анын чамасы да келбеди. Анын көзү караңгылап, жүрөгү дүкүлдөдү. Жанагылардын бирөө алка жакадан алып, күркүрөгөн үн менен: «Мынабу шинель меники турбайбы!» – деди. Акакий Акакиевич, «караул» деп кыйкырайын деди эле, башка бирөө чиновниктин башындай болгон муштумун оозуна такап: «Кыйкырып көрчү!» – деди. Акакий Акакиевич шинелин үстүнөн  сыйрып  алышканын,  бирөө  тизеси  менен  ичке  бир  койгонун гана сезди, анан карга барып чалкасынан жыгылды да, ошондон кийин эчтекени туйбай калды. Бир нече минута өткөндөн кийин эсин жыйып, ордунан турса, тегеректе кыбыр эткен жан жок. Талаанын суук экенин, шинелинен да айрылганын сезип кыйкыра баштады, бирок үнү аянттын четине  жеткендей  эмес. Жан  айласын  таба  албай,  кыйкырган  бойдон аянтты аралап, түз эле будканы көздөй чуркады. Будканын жанындагы кароолчу айбалтасына таянып, өзүн көздөй кайсы жин урган адам алыстан кыйкырып келатканын билгиси келип таңыркап карап турду. Акакий Акакиевич анын жанына чуркап келип, аптыккан үн менен:

– Сен уктаганды гана билесиң, эчтекеге көз салбайсың, кишини тоноп атышса да көрбөйсүң! – деп кыйкыра баштады.

Кароолчу болсо:

– Эчтекени көргөнүм жок, сени аянттын ортосунан кандайдыр бир эки киши токтотконун  көрүп,  достору  го  деп  ойлогом,  андан  көрө  жөнү  жок сөгүнбөстөн, эртең надзирателге баргын, шинелди ким алганын ошол таап берет, – деп жооп кайтарды.

Акакий Акакиевич үйүнө кейпи кеткен бойдон  чуркап  келди:  жаагы  менен  желкесинде  калган  түгү  таптакыр уйпаланып бүткөн; капталы менен көкүрөгү, панталону бүт кар болгон.

Акакий Акакиевич турган квартирдин ээси кемпир эшиктин тири укмуштай тарсылдаганын уккан соң, карбаластап төшөктөн тура калды да, бир гана башмагын бутуна салып, уялгандан көйнөгүнүн көкүрөк жагын колу менен кармап, эшикти ачты, бирок эшикти ачары менен Акакий Акакиевичтин кейпин көрүп, артын көздөй кетенчиктеди. Акакий Акакиевич иштин жайын айткан соң, ал кемпир алаканын шак койду да: квартальный алдап  коёт,  убада  берип  коюп,  анан  убара  кылат;  андан  көрө  түз  эле частныйга барыш керек, аны менен бир аз тааныштыгым да бар, анткени мурда меникинде ашмачы болуп жүргөн Анна деген чухонка азыр Частныйдыкына нянька болуп иштейт, кээде Частный биздин үйдүн жанынан ары-бери өткөндө анын өзүн да көрүп жүрөм, ал жекшемби сайын чиркөөгө барып кудайга сыйынат, а түгүл, кишилердин баарына жайдары мүнөз менен карап калат, демек, ошонусуна караганда, боорукер адам болсо керек, – деди.

Ушундай кеңешти уккандан кийин Акакий Акакиевич кайгылуу абалда өзүнүн бөлмөсүнө кирди, бирок ал түндү кандай өткөргөнү  жөнүндө  ой  жорууну  башка  бирөөнүн  абалын  анча-мынча түшүнө  турган  кишинин  ыктыярына  коёбуз.  Эртеси  ал  таң  заарынан Частныйга барды, бирок уктап жатат деп айтышты; саат ондо дагы барды, кайрадан уктап жатат дешти; саат он бирде дагы барды – Частный үйдө жок деп айтышты; түшкү тамак маалында барды эле, оозгу үйдөгү песирлердин  жибергиси  келбей,  эмне  иш  менен,  кандай  мүдөө  менен келгенин  жана  эмне  болгонун  сөзсүз  билгиси  келишти.  Ошондуктан Акакий Акакиевич өмүрүндө биринчи жолу мүнөзүн көрсөткүсү келип:

– Мен Частныйдын так өзүн көрүшүм керек, жибербей коюуга силердин акыңар  жок,  мен  департаменттен  казына  иши  боюнча  келдим,  эгерде силердин үстүңөрдөн арыздансам, ошондо көргүлүктү көрөсүңөр! – деп кесе айтты.

Ошондо песирлер буга каршы эчтеке айта алышкан жок, анан бирөө Частныйды чакырып келүүгө кетти. Шинелдин сыйрылып кетиши жөнүндөгү аңгемеге Частный кандайдыр таң каларлык мамиле жасады. Ал иштин негизги пунктуна көңүл буруунун ордуна Акакий Акакиевичтен:

– Эмне үчүн мынча кеч айтасың, башка бир ыплас үйдө болгон жок белең?  –  деп  сурай  баштады,  ошондуктан Акакий Акакиевич  айласын таппай калды да, шинель жөнүндөгү иш ийгиликтүү бүтөрүн же бүтпөсүн өзү  да  билбей,  Частныйдан  чыгып  кетти. 

Ошол  күнү  ал  керели-кечке мекемеде болгону жок, өмүрүндө мекемесине барбай калганы ушул. Эртеси  ал  купкуу  болуп,  мурдагыдан  да  тамтыгы  кеткен  эски  шинелин кийип кызматка келди. Шинелдин тонолушу жөнүндөгү аңгеме Акакий Акакиевичти шылдыңдабай тура албаган чиновниктердин чыкканына карабастан, бир тобунун зээнин кейитти. Ошол замат буга көптөп жардам жыйып бермек болушту, бирок арзыбаган гана бирдеме чогулду, анткени чиновниктер директордун портретине, анын үстүнө, бөлүм начальнигинин сунушу боюнча анын жазуучу досунун кандайдыр бир китебине жазылып коюшуп, ансыз деле чыгымдуу болуп калышкан, ушинтип жарыбаган гана акча чогулду, ырайымдуураак бирөө Акакий Акакиевичке  жок дегенде орундуу кеңеш менен жардам берейин деди да: сен квартальныйга  барбай  эле  кой,  анткени  квартальный  чоңдордон  эптеп  алкыш алыш  үчүн  шинелди  эптеп  тапкан  күндө  дагы,  эгерде  шинель  сеники экенин закон жүзүндө далилдей албасаң, баары бир шинель полицияда кала берет; андан көрө, сен ушунда бир зор улукка кайрылгын, бул зор улук тиешелүү кишилер менен кабардашып сураштырат да, ийгиликтүү бүткөртөт, – деди.

Башка айласы барбы, Акакий Акакиевич зор улукка бармак болду. Зор улуктун мансабы эмне экени ушул күнгө дейре белгисиз. Бул зор улук жакын арада же зор улук болгонун айта кетиш керек, андан мурда да жөн гана кичине улук болучу. Бирок анын азыркы орду да, өзүнөн башка зор улуктардыкына караганда анчалык деле зор эмес деп эсептелүүчү. Ошондой болсо да, өзгөлөргө зор көрүнбөгөн нерсе кай бир  адамдарга  зор  көрүнөт  эмеспи. Анткени  менен  жанагы  зор  улук өзүнүн зордугун алда нечен амалдар менен күчөтүүгө тырыша турган: өзү кызматка келатканда, майда чиновниктер аны тепкичтен эле тосуп ала турган адатты кийирди. Өзүнүн үстүнө эч бирөөнү түздөн-түз киргизбестен, баарысын катуу тартип менен жүргөндөй кылды: иштин жайын коллежский регистратор – губернский секретарга, губернский секретары титулярныйга же ошол өңдүү дагы бирөөнө баяндап, анан ошондон кийин  гана  иш  өз  колуна  тийгендей  болду.  Биздин  касиеттүү  Руста бирөөнү туурап калмай адат баарысында бар эмеспи, ар бир эле адам өзүнүн начальнигин туурап, ошонун жолун жолдогусу келет. Ал түгүл мындай деген сөз бар: кандайдыр бир титулярный советникти өзүнчө бир кичинекей канцеляриянын башкаруучусу кылып дайындап коюшса, ошол эле замат өзүнө атайы бир бөлмө бөлдүрүп алыптыр да, ага «иш бөлмөсү» деген ат бериптир жана эшиктин түбүнө кандайдыр бир кызыл жакалуу, ноколуу капельдинерлерди[14] тургузуп коюптур; «иш бөлмөсүнө» кадимки эле кат жазуучу стол араңдан зорго батканына карабастан, алар келгендердин  ар  бирине  эшик  ачып  берип  туруучу  экен. Жанагы  зор улуктун кылык-жоругу, салт-адаты салабаттуу жана сүрдүү эле, бирок көп татаал эмес болучу. Анын системасынын негизи – катуулук. Качан болсо: «Катуулук, катуулук жана да катуулук» – деп айтып калар эле да, акыркы сөздү айтканда сүйлөп жаткан кишисине сурдана карап калуучу. Минтип калуунун эч кандай кажаты жок болучу, анткени канцеляриянын башкаруу механизмин түзгөн он чакты чиновник ансыз деле зирилдеп туруучу: аны алыстан эле көрө коюшуп, ошол замат иштерин таштап, начальник бөлмөдөн өтүп кеткенче какайып күтүп турушар эле. Өзүнөн төмөнкүлөр менен сүйлөшкөндө анын аңгемеси көбүнчө: «Мунун айбатын  көрбөйсүңбү? Ким  менен  сүйлөшүп  атканыңызды  билесизби? Алдыңызда ким турганын түшүнөсүзбү?» – деген үч гана сөздөн турар эле. 

Бирок  ал  чындыгында  ак  көңүл,  жолдоштукка  да  жакшы,  сылык киши болучу, бирок генералдык чин анын башын маң кылды. Генералдык чинди алгандан кийин ал эмнегедир адашып, изден тайды жана кандай болуп, кандай жүрөрүн таптакыр билбей калды. Эгерде өзү менен тең чамал адамдар менен кошулса, анда ал кадимки эле адамдай дурус, а түгүл,  атайы  эле  эстүү  адам  болуп  калуучу,  бирок  бир  гана  чини төмөнүрөөк кишилер бир чөйрөгө туш келишсе, тим эле айласыз болуп кетүүчү: эч сүйлөбөй, кишинин боору ачыгандай болуп калуучу, а түгүл, өзү да убактысын алда канча жакшы өткөрө ала турганын сезе баштачу. Кээде кандайдыр  бир  кызыктуу  аңгемеге  же  топко  кошулгусу  келип турганы көзүнөн көрүнүп туруучу, бирок мен тарабынан бул аша чаап кеткендикке жатпайбы, тең туугандык болуп кетпейби, ошентип баркымды кетирип албайын? – деген ой аны токтото салуучу. Ушинтип ойлоонун натыйжасында, ал ылайым эле унчукпаган калыпта кала берип, анда-санда гана табышын чыгарып коюучу болду. Ушинтип жүрүп мерез киши атанып кетти.

Биздин Акакий Акакиевич так ушундай зор улукка келди, келгенде  да  өзү  үчүн  деги  эле  орунсуз,  бирок  зор  улук  үчүн  орундуу мезгилде келди. Зор улук өзүнүн кабинетинде көптөн бери көрүшпөгөн эски таанышы менен эң эле көңүлдүү аңгемелешип отурган. Ал адам мунун бала чакта бирге өскөн курбусу эле. Так ушул мезгилде ага Башмачкин деген бир киши келди – деп кабар кылышты. Зор улук корс этип: «Ким экен?» – деп сурады эле: «Бир чиновник», – деп жооп беришти.  «А!  Эмесе  күтө  турсун,  убакыт  жок»  –  деди  зор  улук.  Бул жерде зор улук кызылдай эле калп айтып койгонун айта кетиш керек: анын  убактысы  деле  бар  эле,  досу  менен  бар-жоктун  баарын  эбак сүйлөшүп бүткөн жана сөз арасында көпкө чейин унчукпай отурушкан, кез-кезде гана: «Ушундай, Иван Абрамович» – «Ырас,Степан Варламович!» – деп бир биринин санын акырындан таптап коюп олтурушкан. Бирок ошондой болсо да, көптөн бери кызмат иштебеген жана кыштакта узак туруп калган кишиге өзүнүн эшигинин алдында чиновниктер канчадан күтүп турарын көрсөтүү үчүн тиги чиновникти күттүрүп койду. Эң акырында сүйлөшүп бүтүп, ал турсун, унчукпай олтуруудан да жадап жана аркасы чалкалама жумшак креслодо отуруп, бирден сигарка тарткан соң, ошондо гана жанагы чиновникти эстегендей болду да, бирдемени баян кылуу үчүн кагаздарын алып, эшиктин түбүндө турган секретарга: «Баса, тиги жакта жанагы чиновник турса керек, кирүүгө болот  деп  айтыңызчы»,  –  деди. Акакий Акакиевичтин  маанайы  пас түрүн жана анын эскирген вицмундирин көрөр замат, ага кайрылып, ары кескин, ары бекем үн менен: «Сизге эмне керек?» – деди. Ушинтип сүйлөшүүгө ал азыркы орду менен генералдык чинди алардан бир жума мурда эле өзүнүн бөлмөсүндө ээн-элкин, күзгүнүн маңдайында туруп атайы машыга баштаган. Акакий Акакиевич эмитен эле калтаарып, бир аз  мукактана  түштү,  анан  тилинин  эби  келишинче,  «тиги»  деген бөлүкчөнү  демейдегиден  көбүрөөк  колдонуп: 

–  Шинелим  жапжаңы болучу, ушинтип таш боордук менен тоноп кетишти, эми сизге кайрылып, сиз эптеп аракет кылып, тиги, таксыр оберполицмейстер же башка бирөө менен кабардашып, шинелди таап берсеңиз деп өтүнүп олтурам, – деди.

Мындай мамиле генералга эмнегедир өөн учурады.

– Эмне, урматтуу мырза, – деди генерал кескин түрдө, – тартипти билбейсизби? Кайда кирип отурасыз? Иштин кандай жүргүзүлөрүн билбейсизби? Бул жөнүндө сиз адегенде канцелярияга арыз берүүгө тийишсиз, анан ал арыз столоначальникке, андан бөлүмдүн начальнигине түшүп, андан кийин секретарга тийип, ошондо гана секретарь мага берүүгө тийиш болучу...

– Бирок урматтуу төрөм, – деди Акакий Акакиевич өзүнүн кенедей кайратын бүт жыйнап жана көл-шал болуп тердей түшүп: – Мен сиздин урматыңыздын тынчын алып жатканымдын себеби, секретарлар тиги... Ишенимдүү кишилер эмес...

– Эмне, эмне, эмне? – деди зор улук. – Сиз качантан бери ушундай баатыр болуп калгансыз? Сиз мындай ойду кайдан алдыңыз? Начальниктер  менен  улуктарга  карата  мындай  ээнбаштык  жаш  жигиттерге кайдан таралган!

Акакий Акакиевичтин жашы элүүдөн эбак ашып кеткенин зор улук байкабай калса керек. Акакий Акакиевичти жетимиштерге келген адам менен салыштырганда гана жаш жигит деп атоого болор эле.

– Сиз муну кимге айтып жатканыңызды билесизби? Сиздин алдыңызда ким  турганын  түшүнөсүзбү? Айтыңызчы,  сиз  ушуну  түшүнөсүзбү,  же жокпу? – Ушул учурда үнүн аябай бекем чыгарып, жерди бир тепти эле, жалгыз Акакий Акакиевич  эмес,  башкалардын  да  жүрөгү  түшкөндөй болду. Акакий Акакиевичтин эси оой түштү, эңги-деңги болуп, бүткөн бою калчылдап, тикесинен тура албай калды: эгерде күзөтчүлөр чуркап келип, аны жөлөп калышпаса жерге тарс жыгылып кетмек; тырп этпей калган бойдон аны алып чыгып кетишти. Ал эми зор улук болсо, өзүнүн сүрүнүн натыйжасы күткөндөн да ашып түшкөнүнө, сөзү кишини эстен да  тандыра  ала  турганына  аябай  маашырканып,  буга  курбусу  кандай карарын  билгиси  келип,  аны  көзүнүн  кыйыгы  менен  карап  койду  да, курбусу таңданган абалда калганын, а түгүл өзү да чочуй баштаганын көрүп, абдан ыраазы болду.

Тепкичтен кантип түшкөнү, көчөгө кантип чыкканы – мунун бири да Акакий Акакиевичтин эсинде жок. Ал колу-бутунун кыймылын да туйбай калды. Ушунча болуп өз өмүрүндө генералдан, анын үстүнө чоочун генералдан мындай катуу жемени ал эч качан уккан эмес. Көчө бойлоп, ызылдап соккон бороондо Акакий Акакиевич оозун кымтыбай, тротуарлардан адашып келатат. Петербургдун каадасы боюнча шамал төрт тараптан тең, бардык көчөлөрдөн келип, аны көздөй сокту. Заматта эле анын тамагы колдоюп шишип кетти; эптеп үйүнө жеткенде, бир ооз сөз айтууга да шайы келбей калды; бүткөн бою күпчөктөй шишип кетти да, төшөккө жыгылды. Кээде катуу жеменин күчү ушундай болот! Эртеси ага жел тийгени билинди. Петербургдун климатынын кең пейил жардамы менен Акакий Акакиевичтин оорусу демейдегиден тездей баштады; анан доктор келип, тамырын кармады да, сыркоо киши медицинанын кең пейил жардамысыз калбас үчүн гана малаам тартыш керек деп койду да, башка эч айла кыла алганы жок; ошону менен бирге, бир жарым суткадан  кийин  тиги  дүйнөгө  кетерин  кабар  кылды. Андан кийин  үй ээсине кайрылып: «Эми сиз, байбиче убакытты текке кетирбей, азыр эле карагайдан табыт жасатыңыз, анткени эмен табыт маркум үчүн кымбат болот»  –  деди.

Акакий Акакиевич  бул  мээримсиз  сөздөрдү  уктубу  же жокпу, эгерде укса, бул сөздөр ага коркунучтуу таасир көрсөттүбү же жокпу,  өзүнүн  азаптуу  өмүрүнө  өкүндүбү  же  жокпу,  мунун  бирөө  да белгисиз, анткени ал тынымсыз жөөлүп, делбеленип жаткан. Анын көз алдына биринен бири укмуштуу көрүнүштөр элестей баштады: бирде ал Петровичти көрүп, каракчыларды кармай турган тузагы бар шинелди заказ берип калат, бул каракчылар кроваттын астында жаткандай көрүнөт, а түгүл, төшөктүн астындагы каракчыны сууруп чык деп, кайта-кайта үй ээсин чакырат, бирде жаңы шинелим турса, эски капотту эмнеге илип койгонсуңар деп сурайт, бирде генералдын астына барып, анын жемесин уккан соң айыптуумун, урматтуу төрөм, – деп турганы көрүнөт; эң акырында, тири укмуштуу сөздөрдү айтып, бирөөнү аябай сөгүп калат, мурда мунун оозунан мындай сөздөрдү эч качан укпагандыктан, анын үстүнө бул сөздөр утур эле «урматтуу төрөм» деген сөздүн артынан айтылып жаткандыктан, үйдүн ээси кемпир чокунуп да турду.

Андан кийин ал деги адам түшүнө алгыс чалды-куйду сөздөрдү айта баштады; бул чайды-куйду сөздөр менен ойлор баягы эле шинелдин тегерегинде гана болуп жатканын гана байкоого болор эле. Акырында, шордуу Акакий Акакиевичтин жаны таслим болду. Анын бөлмөсү да, буюмдары да печатталган жок, анткени биринчиден, анын мураскери жок эле, экинчиден, андан арзыбаган гана мурас калган, атап айтканда, бир тутам каз канаты бир табак казыналык кагаз, үч түгөй байпак, панталонунан үзүлүп түшкөн эки-үч топчу, анан окуучуларыбызга белгилүү капот калган. Мунун баары кимге тийгени бир гана кудайга маалым: чын жери, ушул аңгемени айтып жаткан киши бул жагына кызыккан эмес. Акакий Акакиевичти алып барып, мүрзөгө коюшту.

Ушинтип, Петербург Акакий Акакиевичсиз калды, калганда да бул жерде ал эч качан болбогонсуп калды. Ушинтип, эч ким көзүн салбаган, эч кимге баркы жок, эч ким кызыкпаган, а түгүл, жөнөкөй эле чымынды төөнөгүчкө сайып алып, аны микроскоп менен карамайынча кыя өтпөгөн табият таануучунун да көңүлүн өзүнө бурбаган инсан, канцеляриянын шылдың-күлкүсүнө кыңк этпестен чыдаган жана да эч жазыксыз эле көргө кирген, бирок кур дегенде өмүрүнүн акырында шинель түрүндөгү нурлуу мейман келе калып, анын жакын жакыр турмушун бир азга жандандырып кеткен, анан падышалар менен дүйнөнүн зорлоруна да келүүчү кырсык аны да ушинтип аёосуз баскан инсан дүйнөдөн кайтып жок болду...

Акакий Акакиевич өлгөндөн кийин бир нече күндөн кийин: тезинен келсин, начальник чакырып жатат, – деген буйрук менен департаменттен күзөтчү келди, бирок күзөтчү таш жалак болуп кайтты да, эми такыр келе албайт, – деп жооп берди; «эмне үчүн» деген суроого ал: «жөн эле, өлүп калыптыр, көмүлгөнүнө төрт күн  болуптур»  –  деп  жооп  кайтарды. Акакий Акакиевичтин  өлүмү жөнүндө департаменттегилер ушундайча билишти, анан ошонун эртеси эле Акакий Акакиевичтин ордуна бою андан бир аз бийигирээк, тамгаларды  тикесинен  жазбастан,  алда  канча  кыйгачыраак  жазган жаңы чиновник олтуруп калды. Бирок Акакий Акакиевич жөнүндөгү аңгеме ушуну менен бүтпөйт, өзү  өлгөндөн  кийин  да,  ал  эч  кимдин  көңүлүн  бурбаган  өмүрүнүн өтөлгөсүн  чыгарайын  дегенсип,  дагы  бир  нече  күн  чуулгандуу  өмүр сүрөт деген кимдин оюнда бар эле? Бирок ошондой болуп чыкты жана биздин кайгылуу тарыхыбыз күтүлбөгөн жерден фантастикалык түргө айланды.

Петербургга ушундай бир каңшаар таралып кетти: түн ичинде Калинкин көпүрөсүнүн жанынан жана андан да алысыраак жерлерден чиновник түрүндөгү бир өлгөн киши көрүнө баштаган имиш, ал кандайдыр бир уурдалган шинелин издеп, ошол уурдалган шинелдин шылтоосу  менен  эч  кимдин  мансабына  да,  атагына  да  карабай,  туш келгендин  баарынын  жонунан  ар  кандай  шинелдерди:  мышык  жака салынганын  да,  кундуз  жакалуусун  да,  кебез  шырыганын  да,  суусар, түлкү, аюу ичиктерди да, айтор, адам баласы өз денесин жабуу үчүн ойлоп чыгарган терилердин баарын тең сыйрып кетип жүргөн имиш. Департамент чиновниктеринин бирөө ошол өлгөн кишини өз көзү менен көрүп, Акакий Акакиевич экенин тааный коюптур да, эси чыгып кетип,  шыйрагы  үзүлгөнчө  качыптыр,  ошондуктан  аны  жакшылап карай албай, сөөмөйү менен тап бергенин гана көрүп калыптыр. Түн ичинде шинелдерин сыйыртып жиберген себептүү, титулярный советниктерди мындай эле коёлу, тайный советниктердин да аркасы менен ийиндери суукка учурап жатат деген арыздар чар-тараптан үстү-үстүнө жаай  баштады.  Полицияда:  бул  өлгөн  адам  кандай  да  болбосун  же тирүү, же өлүү бойдон, сөзсүз, кармалсын жана башкаларга сабак болсун үчүн аёосуз түрдө жазалансын деген буйрук берилди.

Кирюшкин көчөсүндөгү  кандайдыр  бир  кварталдын  кароолчусу  жанагы  өлгөн киши кылмыш кылып жаткан жеринен, бир кезекте най тартып жүргөн ишсиз  музыканттын  фриза  шинелин[15] сыйрып  алып  жатканында  жуп үстүнөн чыгып, алка жакадан алыптыр. Аны жакадан кармап туруп, кыйкырып  эки  жолдошун  чакырып  алып,  өлгөн  кишини  ошолорго көздөтүп коюптур да, өзү болсо өмүрүндө алда нече жолу тоңгон мурдун жибитип алуу үчүн өтүгүнүн кончунан тамеки соотун сууруп чыгыптыр, бирок тамекисине өлгөн киши да чыдап тура алгыс болсо керек. Кароолчу бармагы менен оң таноосун басып алып, сол таноосу менен тамекиден шор тартып алайын дегенде, тиги өлгөн киши үчөөнүн тең көзүнө жаба чүчкүрүптүр. Алар колу менен көздөрүн аарчып алганча болбой, өлгөн киши көздөн кайым болуп жоголуп кетиптир. Ошондуктан булар аны кармаганын да, кармабаганын да билбей калышыптыр.

Ошондон бери кароолчулар өлгөн кишилерден аябай коркуп калып, өлгөн киши эмес, тирүү кишилерди кармоодон чочуп, алыстан гана: «Эй, өз жолуң менен кете бер!» – деп кыйкырып калуучу болуптур. Бирок биз баягы зор улукту такыр эле унутуп койгон турбайбызбы, чындыгында ал мына ушул анык болгон окуянын фантастикалык багытынын себепчиси болду деп айтсак да болор эле. Адилеттүүлүк менен айта турган болсок, жемени аябай жеген шордуу Акакий Акакиевич кеткенден кийин бул зор улук өкүнүч өңдөнгөн бирдемени сезе баштаганын айтууга тийишпиз. Анда да боорукердик жок эмес эле; мансабы сыртка чыгарууга көп учурда жолтоо кылганына карабастан, анын жүрөгүндө да далай жакшы сезимдер бар болучу. Алыстан келген досу кабинеттен чыгып кетер замат, бул зор улук шордуу Акакий Акакиевич тууралуу ойлонуп да калды.

Ошондон бери ар күн сайын улуктун жемесине туруштук бере албай, купкуу болуп кеткен Акакий Акакиевич анын көз алдына көрүнүп туруучу болду. Акакий Акакиевич жөнүндөгү санаа анын тынчын абдан алган соң, бир жума өткөндөн кийин, анын ал-жайы кандай  экен,  чынында  эле  ага  эптеп  бир  жардам  көрсөтүүгө  болбос бекен, – деп, Акакий Акакиевичтикине бир чиновникти жиберди, анан Акакий Акакиевичтин суук тийип өлүп калганын уккан соң, селдейе түштү, өкүнүчтө болуп, керели-кечке капаланып жүрдү. Анча-мынча көңүл ачып, жагымсыз ойду унуткаруу үчүн кечкурун ал өз досторунун бириникине барды. Анда нарк-шараттуу кишилер чогулган экен, анын үстүнө дагы бир жакшы жери, мансап жагынан баарысы тең чамалаш экен,  ошондуктан  ал  эчтемеден  тартынбай  олтура  бергидей  эле.  Бул анын көңүлүнө эң сонун таасир көрсөттү. Бүткөн бою жазылып, жагымдуу сөздөрдү сүйлөп, кичи пейил болуп калды, кыскасы, кечти эң жакшы өткөрдү. Кечки тамактын убагында эки стакан шампан ичти, бул  көңүлдү  көтөрүү  үчүн  дурус  таасир  кыла  турган  суусун  экени белгилүү го. Шампан анын көңүлүн желиктирди, ачыгыраак айтсак, ал үйүнө барбай эле Каролина Ивановна деген бир тааныш аялдыкына бармак болду. Бул аялдын түпкү ата теги немецтерден болсо керек эле.

Зор улуктун көңүлү ага абдан жакын болучу. Ырасын айтыш керек, зор улук улгайып калган, үйлүү-жайлуу, өрнөктүү күйөө, ардактуу ата деп эсептелген киши эле. Эки уулу (алардын бирөө канцелярияда иштөөгө жарап калган), анан бир аз кайкы болгону менен татынакай мурду бар он  алты  жашар  жакшынакай  кызы  ар  күнү  келип,  bonjour  papa[16]  деп анын  колун  өөп  турушар  эле. Анын зайыбы,  али  ажары  кете  элек,  а түгүл, абдан эле дурус аял адегенде ага өз колун өптүрүп, анан колун ошол замат ала салдырып коюп, күйөөсүнүн колун өбүүчү. Бирок зор улук, үйбүлөсүндөгү назиктикке абдан ыраазы болуп жүргөнү менен достук мамилелер үчүн шаардын башка бир жеринен ынак аял күтүүнү туура тапты. Бул ынагы анын өз аялынан артык да эмес, жаш да эмес болучу,  бирок  бул  жалганда  андай  окустуктар  боло  берет,  аларды тергеп-тескөө биздин иш эмес. Ушунетип, зор улук тепкичтен түшүп чанага олтурду да, ат айдоочуларга: «Каролина Ивановнаныкын көздөй жөнө» – деди.

Өзү болсо сөөлөт менен жылуу шинелине оронуп алып, орус  адамы  үчүн  издесе  табылгыс  абалда,  мындайча  айтканда,  өзүң эчтекени  ойлобосоң  да,  биринен  бири  жакшы  ойлор  кубалатып жүрбөстөн, өзүнөн өзү башыңа келе бере турган абалда бара жатты. Терең ыракатта баратып, ал кээде бүгүнкү кеченин эң көңүлдүү жерлерин,  кичинекей  чөйрөнү  кыраан-каткы  күлдүргөн  сөздөрдүн  баарын эсине салып турду, а түгүл, ал сөздөрдүн далайын билинер-билинбес кайталап коюп да жатты жана да алар мурункудай эле күлкүлүү экенин, ошондуктан өзү да чын дити менен күлгөнүндө таң кала турган эчтеме жок экенин туура тапты. Бирок кээ бир кезде гана кайдан-жайдан жана эмне себептен чыга калганы белгисиз ээликме шамал анын бетин каарылтып, бети-башына кар учуруп келип, жакасын кайыктын канатындай желбиретип, же тири укмуштай күч менен анысын башына чүмкөй салып, аны тынымсыз алек кылып, мазасын кетире баштады. Бир оокумда зор улук кимдир бирөө аны жакадан катуу кармап калганын сезди. Кылчайып карай салып, жапалдаш бойлуу, эскирген вицмундир кийген адамды көрдү да, ал Акакий Акакиевич экенин тааный коюп, үрөйү учуп кетти.

Чиновниктин өңү кардай аппак жана куду эле өлгөн кишиникиндей  эле.  Өлгөн  киши  оозун  кыйшайтып,  оозунан  көрүстөндүн демин чыгарып: «А! Акыры сен колго түштүңбү! Акыры мен сени тиги жакадан алдымбы! Мага сенин шинелиңдин кереги жок! Менин шинелимди  табууга  аракет  кылбаганың  аз  келгенсип,  мени  жемеледиңби, кана, эми өзүңдүкүн бер!» – деген сөздөрдү айтканда зор улук коркконунан жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Бечара зор улуктун жаны чыгып кете жаздады. Канцелярияда, айрыкча өзүнөн төмөнкүлөрдүн алдында абдан кайраттуу болсо да, анын айбаттуу түрү менен турпатын көргөндө эле ар кимиси: «Капырай, сүрү кандай!» – деп жүрсө дагы бул жерде ал, баатыр келбеттүү далай адамдардай эле аябай коркту да, кандайдыр бир талма оору тийбесин деп чочулай баштады. Атүгүл, өзүнүн үстүнөн шинелин ыргытып жиберип, өзүнүкүнөн башкача алда кандай үн менен ат айдоочуга: «Жаныңдын бардыгынча үйдү көздөй чап!» – деп айкырды. Мерчемдүү мезгилде гана чыга турган, кала берсе, москоолураак дагы бирдеме менен коштоло турган үндү уккан соң, ат айдоочу алда неме болуп кетпесин деп башын ийнине катып алды да, камчысын бир үйрүп алып, жебедей учуп жөнөдү. Алты мүнөттөн азыраак аша бергенде,  зор  улук  өз  үйүнүн  эшигинин  алдына  келип  токтоду. Купкуу болуп, эси чыккан жана шинелсиз калган зор улук Каролина Ивановнага баруунун ордуна, өлдүм-талдым менен өз бөлмөсүнө араң жетти жана түндү чар учкандай өткөрдү, ошондуктан эртеси эртең менен чай ичип олтурганда кызы түз эле: «Бүгүн сенин такыр өңүң жок, папа» – деди.  Бирок  папасы  унчукпады  жана  эмне  болгону,  кайда  барганы, кайда барайын дегени жөнүндө эч кимге бир ооз сөз айткан жок.

Бул окуя ага эң күчтүү таасир көрсөттү. Атүгүл, өзүнүн карамагындагыларга:  «Мунун айбатын  көр,  сиздин  алдыңызда  ким  турганын түшүнөсүзбү» – деген сөздөрдү сейрегирээк айта турган болду, айтса да иштин жайын билгенден кийин айта турган болду. Дагы бир жакшы жери, ошондон бери өлгөн чиновник такыр көрүнбөй калды: кыязы, генералдын шинели анын боюна абдан чак келсе керек; эмнеси болсо да бирөөнүн шинелин сыйрып кетиптир деген каңшаар эч жерден угулбай калды. Ошентсе да бышык, камкор далай адамдар дагы эле тынчтангысы келбей, жанагы өлгөн чиновник шаардын чет жакасынан али да көрүнүп калат экен деп айтып жүрүштү.

Ырас эле, коломналык кароолчулардын бири кандайдыр бир үйдүн далдасынан арбактын чыга калганын өз көзү менен көрүптүр, бирок бул кароолчу өзүнүн түпкү жаратылышы боюнча бир аз чабалыраак киши экен, ошондуктан бир жолу кандайдыр бир өзүмдүк үйдүн бурчунан чыга калган кадимки эле чоң  торопой коюп  өткөндө  жыгылып  кетип,  тегеректе  турган  извозчиктерди кыраан-каткы күлдүрүптүр да, ушинтип шылдың кылышкандыгы үчүн алардан тамекилик тыйын жыйнап алыптыр ушунтип, бул кароолчу чабалыраак болгондуктан, арбакты токтотууга батына албай, караңгыда анын артынан кошо баса бериптир, акырында арбак капысынан артына кылчайып, токтой калып: «Сага эмне керек?» – деп сураптыр  да,  тирүү  кишилерден  да  табылбай  турган  муштумун көрсөтүптүр. Кароолчу: «Эчтеме керек эмес» – дептир да, ошол замат эле кайта жөнөптүр.

Ал эми арбак болсо, бою мурункудан алда канча узун, барпайган чоң муруту бар неме экен, ал Обухов көпүрөсүн көздөй арыштагандай болуп, түнкү караңгылыкка житип кетти.

Которгон Олжобай ОРОЗБАЕВ
1952-жыл.

[1] Департамент – падышалык Россияда министерстволордун, мамлекеттик жогорку мекемелердин бөлүмдөрү.

[2] Кум, кума – балага чокундуруп ат коюшкан эркек менен аял киндик ата, киндик эне сыяктуу кишилер.

[3] Столоначальник – төмөнкү даражадагы чиновниктин бири.

[4] Квартальный офицер – шаардын белгилүү бир бөлүгүнө көз салуучу полицейский.

[5] Вицмундир – чиновниктердин форма кийими.

[6] Фальконеттин монументи – Петербургдагы Петр I эстелиги; Фальконэ деген скульптордун долбоору боюнча жасалган.

[7] Статский советник – бешинчи класстагы чиновник. Тайный, действительный, надворный советниктер – экинчи, үчүнчү жана жетинчи класстагы чиновниктер.

[8] Капот – халат түрүндөгү сырт кийим.

[9] Панталон – багелеги кууш шым.

[10] Фрак – эркектердин уча этеги узун, өңүр этектери оюк сырт кийими.

[11] Демикотон – бышык кездеменин бир түрү.

[12] Лихачтар – мыкты аттар чегилген кооз экипаждардын извозчиктери.

[13] Испаньолка – ээкке коюлган чокчо сакал.

[14] Капельдинер –театрга кире бериште билеттерди текшерип туруучу кызматчы.

[15] Фриза шинель – түктүү калың момозуйдан(фризадан) тигилген шинель.

[16] Саламатсызбы, ата! (Франц.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз