Кыргыз эл жомогу: Жети бала

  • 23.10.2020
  • 4727

Бир кедей кемпирдин жети баласы болот. Ал балдар абдан акылдуу болуп чоңоюшат. Өнөр үйрөнүү үчүн жетөө жети өнөргө тырышышат.

Күндөрдүн биринде кемпир жаа жасайт. Балдары энесинен жааны кимге берерин сурашат. Анда кемпир:

– Балдарым, араңардан кимиңердин өнөрүңөр артык болсо, ошого берем, – дейт.

Эң улуусу:

– Энеке, асмандагы алпкаракуштун карааны торгойдой болуп гана көрүнсө да, атып түшүрө алам, мергенчимин, – дейт.

Экинчиси:

– Менин өнөрүм ушул. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин таба алам.

Үчүнчүсү:

– Дүйнө жүзүн алаканымды карап туруп эмне болуп жатканын айтып бере алам.

Төртүнчүсү:

– Кайыптан тамак таап, канчалык адам болсо да, тойгуза алам.

Бешинчиси:

– Менин өнөрүм ушул: деңиз-дарыялардан көздү ачып-жумганча кеме-кайык жасап, өтө алам.

Алтынчысы:

– Деңиз-дарыялардын үстүнөн чуркаганымда, таманымдан чаң чыгат.

Жетинчиси:

– Артымдан душман кууса: «Кара жер жарыл!» – деп койсом, кара жер жарылып кетет. Мен кирип кетип да, каалаган жерден чыга алам.

Энеси балдарынын өнөрүн уккандан кийин мындай дейт:

– Балдарым, эмесе силер, Болбос канга барып ушул өнөрүңөрдүн жөнүн ачык айткыла, кан текшерип, кимиңердин өнөрүңөр артык экендигин чечсин, артык болгонуңарга жааны берем, – дейт.

Кемпирдин жети баласы токтоосуз Болбос кандын шаарын көздөй жөнөйт. Шаар ичи чаң-тополоң. Балдар таң калып отурушканда, бир адам кездешет. Балдар ал кишиден шаардагы дүрбөлөңдүн жөнүн сурайт. Ал киши жооп кайтарат:

– Кечээ түнү кандын кызы жоголду. Ал жалгыз эле. Кайда кеткендигин эч ким билбейт. Дайынсыз. Ошон үчүн дүрбөлөң түшүп жатат.

Андай сөздү укандан кийин, жети бала кеңешет. Жети жылы мурун кеткен кумурсканын изин биле турган бала, ары-бери карап:

– Кандын кызы асман менен кетиптир, – дейт.

Дүнүйөнү алаканынан карап биле турган бала алаканын ачып-жумуп:

– Кызды Тойбос кандын алпкаракушу алып бара жатат.

Балдар издеп жөнөшөт. Жүрүп-жүрүп отуруп, бир чоң дарыяга капталат. Үч-төрт күндөн бери даам татышпагандыктан карындары абдан ач. Жок жерден тамак табам деген бала ары-бери кайсаңдап бир кой, нан даяр кылат, бардыгы тоюнушат. Кандайдыр дарыя, деңиз алдынан кабылса, көз ачып-жумганча кеме-кайык жасачу бала дарыянын жээгине чуркап барып, кайта келип, кеменин даяр болгондугун айтат. Балдар дарыянын жээгине барышса, бир жакшы кеме даяр. Кемеге түшүп күндөп-түндөп жүрүп отурушуп, Тойбос кандын шаарына келишет.

Тойбос кан алпкаракушуна кырк кандын кызын алдырып келип, эң жарактуусун өзү алып, калгандарын вазирлерине берүүчү экен. Жети бала барып жеткен убакта, Болбос кандын жоголгон кызы кырк кызы менен сууга чумуп келе жаткан болот. Дарыянын үстүнөн чуркаганда, таманынан чаң чыккан бала, дарыянын үстүнөн ылдам жетип барып, Болбос кандын кызын жана ага кошуп кырк кандын кызын көтөрүп келип кемеге салат.

Бул кабар Тойбос канга угулганда, токтоосуз алпкаракушун жиберет, ал атылып келип, эки кызды эки колуна илип, кайта асманга чыгып кетет. Алпкаракуш асманга торгойдой болуп чыкканда, атып түшүрө турган бала, жааны колуна алып, кыз эңген алпкаракушту атып түшүрөт. Эки кыз асмандан айлан-көчөк болуп келе жатканда, баягы таманынан чаң чыгуучу бала тосуп алат. Буту сынган алпкаракуш өз канынын эшигинин алдына барып далп этип түшөт. Кан көп аскерлерин кемеге түшүрүп, балдардын артынан куудурат.

Куугун аскер жете турган болгондо, кара жер как жарыл дей турган бала:

– Кара жер как жарыл! – дейт.

Кууган аскерге карматпай, жер алдына кирип кетишет. Жете келип кармай турган болгон ак боз атчан баатыр да жерге бирге кирип кетет, абдан шашып не кыларын билбей:

– Эми мен кайта жер үстүнө кантип чыгам? – дейт.

– Өзүң тилеген жерден чык, – деп балдар айтышат.

– Эмесе, кандын коломтосунан чыгайын, – дейт ал.

Ал так ошол жерден чыгат. Тойбос кандын аскерлерине көргөндөрүнүн баарын төкпөй-чачпай айтат.

– Кыздарды ала качкандар адам эмес, азирейил жалаңкыч экен алар.

Тойбос кан абдан таң калып, өзүнүн кызынан айрылгандыгына катуу кейип, кызына аш-жытын берип, мындан кийин кыз уурдатпаска тобо кылып жатып калат. Жети баатыр Болбос кандын коломтосунан чыгып келе жатышса, шаардын калкы дүрбөп, мындай сөздү айтышат.

– Өгүнү кандын кызын жутту эле, эми өзүн жутканы келе жатышат, аны менен эле тим болбостон, баарыбызды кырып түгөтөт экен, – дейт.

Качып тоого чыгышат. Жети баатыр жер үстүнө чыкса, адам дегенден эчтеме жок. Боз атчанды босогого байлап салып, эки кызды окшоштуруп төргө отургузуп, бир койду союп, этин казанга салганда, оттун түтүнү чыкканын көрүп, кан бирөөнүн барып билип келүүсүн өтүнөт. Көпчүлүктүн ичинен эч ким барууга чыкпаган соң, бир жетим балага буюрат барып билүүгө. Жетим бала аргасыздан келет.

Кемпирдин жети баласы, аны менен бирге кандын кызы аман-эсен отургандыгын жана бир жигиттин эшикте байлануу экенин көрүп, токтоосуз жетип, канга сүйүнчүлөйт.

Баланын айтып келген сүйүнчүнө кан ишенбей, дагы бирөөнү жиберет. Бир киши барып көрүп, баланын сөзүнүн чын экендигин канга айтат. Кан кызын көрүп, чектен тыш кубанат. Кыз атасына көргөндөрүн айтып берет.

Жети баатыр да канга өнөрлөрүн бир баштан айтышат. Кан жети баатырдын эң улуусуна кызын берип, Тойбос кандын кызын дагы бирөөнө алып берип, ал гана тургай тактан түшүп, кандыгын да берет. Калгандарына калкынан кыз алып берет.

Жети баатыр карыган энесин алдырып, ыракат турмушта туруп калышат. Жетөөнүн кимисинин өнөрү артык?

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз