Жаркынай Эргешбаева: Марс-Венера-Чолпон

  • 24.10.2020
  • 3279

      АҢГЕМЕ

Союз гүлдөгөн маалдын эрке студенти болуп, аты эле жылдыздыкындай эмес, ал учурда келбет-сөөлөтү да индия “жылдызындай” Марс аке мага жолуккан кезинде совет сөгүлүп, төртүнчү президентке башкарылып жаткан маал эле. “Советтик жаштыктын” да өңү өчүп, андагы “индия жылдызы” мигрант кыргызга айланып, айлына бараткан жерден таксиге чогуу түштүк.

Марс аке алыста жүргөнүндө Кудайдан колдоо издеп намаз окуп жүрөт экен, азыр эс алууга байланыштуу анысын убактылуу токтотуп “коньяк” ичип баратат. Коньяктын мойнун баштыгынан шашпай чыгарып, жайбаракат желим ыстаканга куюп, ашыкпай жутуп отурат. Бети-башын тырыштырбай эле, артынан бирдеме тиштебей эле чай жуткандай ичип жатат. Коньяк Марс акенин жылт эткен студент кезин, жарк эткен чоң сүйүүсүн козгоп, бир сөз үчүн бүтүн жүрөгүн кантип жулуп салганын айтып баратат.

Түштүктүк жигиттер борбордук окуу жайларда түштүктүк гана кыздарга “өтүмдүү” болгон ал маалда Марс аке келбетине кошул-ташыл “шустрыйлыгы” менен баарына “өтүмдүү” болуп, тайпасында староста шайланат. Тайпа башчы таранып, беш-алты баланы жандатып жатакананын алдынан өтөт - кыздар терезеге чыгып карашат, окуу корпусунан өтөт - кыздар алды-артынан өтүп карашат.

Жатакананын жанынан өтүп баратканда терезеден башын чыгарып көлдүк группалашы Венера кол булгап көп чакырат. Качан өтөрүн аңдып эле тургандай. Ал бирде конспекти сурайт, бирде кеңеш сурайт, бирде ойго келбеген ой сурайт. Бөлмөсүнө да киргизет. Жатакананын берки бетинде Марсты терезеден телмире тиктеп жүргөн жердеши Чолпон бар. Бирок Марс Чолпонду тиктебейт. Сураганды жакшы билген Венера ошентип Марсты бөлмөсүнүн жарты жашоочусу кылып койду. Алардын ансыз деле аудиториясы бир болчу. Эми алар жатаканадан дагы, окуу жайдын ичинен дагы, сыртынан дагы чогуу басып калышты.

Марс ырларды жазып арнады, Венера жүрөгүн арнады. Марс Венераны башка жигиттерден коруду, Венера Марсты башка кыздардан кызганды. Алардыкы “жерлиги” эле болбосо тоскоолдуксуз, бактылуу сүйүү болду. Айтмакчы, Венеранын сабакка кийген ак халаты көп кирдеп жүргөн менен өзүнүн жүзү апакай, келбети келишкен болчу.  Ошондуктан Марс кир халатты байкаса да жүзүнүн сулуулугу аны жууп кетчү. Венера болсо Марстын “оштук акцентине” көз жумду.

Марс Венераны Ошко алып кетем дечү, тандырга нан жаап жатканын, аш басып атканын, ийилип чай сунуп турганын элестетчү. Өзүндөй болгон татынакай уул-кыздарды төрөрүн көрчү.

Венера Марс менен бирге болууну абдан каалачу. Бирок түштүктө жашарын эмес, борбордо үч бөлмөлүү кабат үйдө турушарын, Марстын чоң кызматка отурарын, өзүнүн кооз кийинип аны жандап жүрөрүн элестетчү.

Марс “сүйлөшкөн кызым бар” деп апасына дейре айтып койду. Апасы “аныңды мен шаарга барганда тааныштырчы” деди. Марс өзүнө жаккан сүйгөнү апасына сөзсүз жагарын элестетип жүрөгү толкуду.

- Марс, сага айтпай эле коёлу дегенбиз. Бирок билип койгонуң деле дурус ко, - деп калды бир күнү досторунун бири.

- Эмне жөнүндө?

- Венера тууралуу.

Марстын жүрөгү мыжыга түштү. Бирок билдирген жок:

- Айта бер, - үнү кайдыгер чыкты, бирок жаман кабар угарын сезип ичи сыйрылды.

- Өткөндө группадагылардын баары аудиторияны жууганбыз. Сен жок болуп калбадыңбы. Баарыбыз иштедик. Бир гана сенин Венераң “мен жасабайм” деп басып кетти.

- Эмнеге антти?- түшүнө алган жок Марс.

- Сен староста болсоң, анан ал старостанын сүйлөшкөн кызы болсо...- досу шылдың кылгандай күлүп койду.

Марс эми жатакананын жанынан, окуу жайдын алдынан таранып баспай калды. Венеранын жашаган жагына жолобой койду. Аудиторияда андан алыс отуруп, жолукканда суз учурашып  өтүп кетчү болду.

Венера мындай мамилеге түшүнгөн жок. Суроолуу карап, жолугушуу издеп жатты. “Досуңарга эмне болгон? - деп сураштырып да көрдү.

Марс сыртынан катуу көрүнгөн менен ичинен эзилип жатты. Жүрүш-турушунун бир ирмеми менен адамдыгын ачып койгон сүйгөнүн мурункудай сүйө берейин десе, көңүл иренжиткен кыял тосмо болуп берди.

Достору келишти. Алар “Венера менен жараштыралы” дешкен жок, “Жүр башка кыздар менен тааныштырабыз” дешти. Алар жатакананын берки бетине келишип, баягы артынан үшкүрүп калчу Чолпон менен тааныштырышты. Чолпондун сырты жылдыздай жылтырабаса да ичинен жаркырап турду. Күткөн адамы маңдайында турганына ишене албай көзүн ачып-жумду. Жүрөгү алып-учту.

Марс акырындап өзүнө келип, жанындагы Чолпондун жарыгын сезе баштады.

Ошол күндөрдө апасы шаарга келип калды. Сүйлөшкөндөй сүйүшкөн кызы менен таанышканы жатаканага келип, Марстын бөлмөсүндө отурду. Марс апасы менен тааныштырганы Чолпонду жетелеп келип, башына жоолук салып, колуна тамак салынган табак карматты. Бирок Чолпон уялып апа отурган бөлмөгө кире албады. Таптакыр буту тушалып, эшиктин жанында ийменип тура берди. Марс Чолпонду жаакка чаап жиберди эле, анын көзүнөн жаш агып кетти. Анан жашын да аарчыганга жарабай шар кирип кетти. Жарым жылдан соң айылга барып көшөгөгө кирди.

Оо, кийин Марс Чолпон экөөсү балдарын энесине таштап, айлыгы аз жумуштарын да таштап борборго акчасы көп иш издеп келишти. Автобекеттен автобуска которулуп отурушуп автоунаанын козголушун күтүп жатышкан маалда сырттан “пирожки, пирожки” деп кыйкырып, баштык көтөргөн, күнгө карала болуп күйгөн аял кирди. Марска “пирожки” деп кыйкырган үн тааныш сезилди. Көзү тааный электе жүрөгү “Венера” деди. Ошол экен. Мурунку эрке Венерадан эчтеме калбаптыр, азыр түйшүктүн Венерасына айланыптыр. Түйшүк жүзүнөн баштап тырмагына дейре мөөрүн аянбай басыптыр, мурунку Венерадан кареги менен аты эле калыптыр. Венера Марсты байкабай ал тарапка тамагын сунуштап басып келе берди, “пирожкинин ысыктыгын” айтып жанына жеткенде тааныды да, ар кимдин алдына сунуп аткан азыгы ал жерден артка тартылды. Үнү да чыкпай калды. Алар учурашышкан жок. Марс жер карап алды. Венера тез түшүп кетти. Өзүнө келгенде Марс пирожки саткан аялдын ким экенин Чолпонго айтты. Ал “эмне учурашып койгон жоксуң” деп урушту. 

Марс аке азыр Чолпону менен телефондон сүйлөшүп, жетейин деп калганын кабарлады.

- Тамак даярдап, дасторкон жазып тургула, азыр таксидегилердин баары киришет,- деп кыйкырып сүйлөдү.

Үйүнүн жанына такси токтору менен подноско нан, май, кыямын салып кызы тосуп чыкты. Биз алардан ооз тийип ыракмат айттык. Марс аке үйгө киргиле деп болбоду, биз жолдон калбайлы деп болбодук. Марс аке мас бойдон үйүнө кирип кетти. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз