Мамат Сабыров: Шыбак

  • 08.10.2020
  • 3539

АҢГЕМЕ

Күнүгө эртең менен ойгонор замат ысытмам жокпу деп адегенде алаканым менен чекемди басып көрөм.  Кха-кха деп тамагымды кырынам.  Андан соң сыртка чыгып, эң башкы аныктагычыма жөнөйм. Дарбазадан кире бериш жерде эчен жылдан бери өсүп турчу картаң өрүк бар. Эшиктин алдын цементтегенде кыйганга колум барбай, калтырып, айланасын таш менен  тегеректеп  койгом. Ошол тегеректен суу куюп, сугарып турам. Кудайдын кудуретин карабайсыңбы, өрүктүн так түбүнө, цементтин жаракасына бир тал шыбак өсүп калыптыр. Кыязы, былтыр кыздарым эшиктин алдын шыбак шыпыргы менен шыпырып жатканда  уругу ошол  жаракага түшүп, өнүп калган окшойт.  Али кичинекей, сербейип, араң эле жерден баш көтөргөн.

Мен адагенде аяр кармап, колумду жыттап көрөм.  Мурдум шырылдап, бүтүп турганга жыты жакшы сезилбейт.  Мен нервденип, эми катуу мыжып кирем.  Колумду кайра жыттайм. Шыбактын билинер-билинбес, сезилер-сезилбес жыты бур-р эте түшкөндө көңүлүм жайланып, жуунганы жөнөйм.

Фейсбуктан коронавируска чалдыккан бирөөнүн күндөлүгүн окудум эле.  Ошол киши  “бул илдеттин бир симптому – мурдуң жыт сезбей калат экен” деп жазыптыр.  Ошону окугандан кийин мен да улам бирдекени жыттап, текшерчү болдум.  Самынды жыттайм, атырды жыттайм.  Бирок шыбактыкы өзгөчө.  Аны жыттап атып жашоонун, тирүүлүктүн жытын искеп жаткандай сезем.

*     *     *

Тоо жакты телмире карайм.  Үйлөрдүн чатырларынан, бийик өскөн дарактардан тоолор көрүнбөйт.  Түбү жок мунарыкты көпкө тиктеп турам да көп жыл мурда оштук бир автордун биздин гезитке жазган “Аттар тоону сагынды” аттуу макаласын эстейм (Ошто капсалаң болуп жаткан учур эле).  Мен да тоону сагындым. Дем алыш болду дегиче жөө-жалаңдап жөнөп калар элем. Чоң-Арыктын үстүндө мисте, бадам өскөн токой бар.  Аралап басып баратсаң таза абасы жан дүйнөңдү жыргатып, түркүн түстөгү гүлдөр көзүңдү сүйүнтөт.  Бирде алдыңан “пыр-р” этип кекилик, кыргоол уча качса, бирде серең этип коён качат.  Бийик жерге чыгып алып, айланага көз чаптырып отурганды, айрыкча шыбак искегенди жакшы көрөм.  Шыбак менин балалыгымды, кой кайтарган адырларымды эске салат.

Быйыл тоо тарапка бир да жолу бара элекмин.  Жаз келишин күтүп жүргөм.  Аңгыча эле коронавирус деген балекет чыгып, шаар жабылып калды.  Кечке үйдөн чыкмай жок.  Короодо ары басам, бери басам.  Кошуналар менен алыстан туруп, кол булгап учурашасың.  Медиктер телевизордон аралык бир жарым метрден кем болбосун деп эскертишкен.  Биз болсо коркуп, бири-бирибизден беш-алты метр алыс туруп алабыз...

Чоң-Арыктагы ошол  мисте токоюн кайра аралаганды, жанагы чокуда кайра шыбак жыттап отурганды Алла  Таалам дагы насип кылар бекен?

*     *     *

Телевизорду койгондон, интернетти ачкандан жүрөгүң заарканат.  ”Баланча өлкөдөн мынча жаңы оору катталды”, “Италияда бир суткада мынча адам көз жумду”, ”дагы бир мамлекет чек арасын жапты...”

Жаман маалымат жаман ойлорду, кыжалатчылыкты гана пайда кылат экен.  Паникага түшүп, өзүңдөн да коронавирустун симптомдорун издей баштайсың.  Соо киши да бир заматта оорукчан болуп калат.

Деги бул апат качан бүтөт?

*     *     *

Шыбакты уйпалайм. Сербейген байкушумдун жаңы эле канат жайып келаткан назик жалбырактары каракөк болуп эзилип, жанчылып, жүдөй түшөт, бир бечарага окшоп калат.  “Болдучу, бай болгур, жашоону сен кандай жакшы көрсөң мен деле ошондой жакшы көрөм.  Менин да жашагым келет”- деп жалбарып жаткандай сезилет.  

*     *     *

Чай ичип жатып какап кеттим.  Кыязы, нандын күкүмү кекиртегиме туруп калды көрүнөт,  кыркырап  бир башкача  жөтөлө баштадым.  Ары сүрүп кетеби деп чай ичтим, жубайыма далымды муштатып да көрдүм, болбоду.  Бир көз ирмем убакыт  ажалыма ушул кыпкымындай күкүм себеп болуп, жашоо менен кош айтышып кете тургандай сезилип кетти.  Аңгыча  ар жактан эси чыгып, өңү купкуу болгон кызым чуркап келди. Бул учурда  жөтөлүм басылып, жаңы эле өзүмө келе баштагам.  Менин  чай ууртап отурганымды көрүп, ыйлап кирсе болобу.  Он алтыдагы эселек кызды же соорото алсамчы.  Солкулдап ыйлап атат, ыйлап атат... “Атам мынтип жөтөлчү эмес эле деп жүрөгүм түшүп кетти”- дейт өпкө-өпкөсүнө батпай.

Бул  балакет илдет чоң кишилерди гана эмес, жаш балдардын да нервин жукартып, жүрөк  ооруу  кылып коймой болду.  Вирус өпкөсүнө түшүп кеткен киши бат эле оңбой калат деген сөздөрдү  булар күн сайын угуп, окуп  жатышат да.

Кээде кыжалаттыктан, жаман ойлор менен алпурушкандан тажаганда ичээр суум түгөнсө айлам канча деп бир саам баарына кайыл, баарына даяр болуп кетчү элем.  Бирок менин өлүмүм жакындарымды: мага таянган, мени караан туткан кишилерди канчалык азапка саларын толук аңдаган эмес экенмин.  Өлүмдүн, айрылуу менен жоготуунун  бүт трагизмин, бүт оорчулугун  эми гана эселек кызымдын көз жашы аркылуу  сезгендей болдум.

*     *     *  

Эшиктин алдына “Тез жардам“ машинасы келип токтоду.  Катуу ооруп, төшөккө жатып калган деле жокмун.  Бирок тамагым  ачышып, жөтөлө баштаганыман улам жанагы аты жаман ооруга кабылдым окшойт деп коркуп,  жүз үчкө телефон чалып ийип атпаймынбы.

Врач кыз дем алганымды, дене табымды текшерди.  Тамагымды карап көрдү.  ”Эч сарсанаа болбоңуз байке, - деди анан.  - Муздак бирдеке ичкен окшойсуз, тамагыңыз бир аз сезгенип калыптыр.  Фурацилин менен чайкап, бир-эки күн мобул дарыларды ичсеңиз эле жакшы болуп кетесиз”.

Муну укканда капкара болуп турган дүйнөмө жарыктын шооласы чачырагандай эле боло түштү.  Озуңа май ананайын! - дедим ичимен.

Беткабынан өңүн көргөн жокмун.  Керемет аттуу баткендик кыз экен.

*     *     *  

Тамагым айыгып, жөтөлүм басылгандан кийин шыбак жакка жологон эмесмин.  Бүгүн карасам татынакай болуп калыптыр.  Күнүгө мыжып, жүдөтпөгөнүмөн улам боюн түзөп алгандагысы го байкуштун.

Абдесте менен суу алып келип түбүнө куйдум.  Боюңду кер, тамырың терең жайылсын, ылайым! Бар бол, мен да бар болоюн.  Эл-журт баарыбыз  аман  бололу!..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз