Абдулла Каххар: Ууру

  • 11.12.2023
  • 3998

“Аттын өлүмү иттин майрамы”.
Өзбек макалы

АҢГЕМЕ

Кемпир түн жарымда камыр кылганы туруп, өгүздөн кабар алды.

– О, кокууй!... Өгүз жок! Там алдынан тешилиптир... Дыйканыңдын үйү күйсө күйсүн, өгүз жоголбосун айланайын! Бир кап саман, он-он беш таяк, бир араба камыш – бир үй. А өгүз жоголсо канча убакыт карандай суу ичип отуруш керек болот.

Адамдардын кулагы түнкү айкырык-кыйкырыкка бышып, көнүп деле калган: бирөөнү эри урат, бирөөнүн үйүндө дагы башка чыр чыгат... Бирок кемпирдин кокуйлап кыйкырганына адамдар тез топтолду. Кабыл ава жылаңбаш, жылаңаяк, жаш баладай үрөйү учуп, калч-калч титиреп, тизелери бүгүлө-бүгүлө калып, эшиктин оозунда турат; көздөрүн жалдыратып, ар кимге бир карайт, эч кимди жакшы көрө албайт. Аялдар ууруну каргап, иттер үрүп, тооктор какылыктайт. Кимдир-бирөө кичинекей тешиктен өгүз батып чыгып кетишине ишене албастыгын божурайт.

Кабыл аванын коңшусу – бучук мурун элүү башы кирип келди. Ал тамга кирип, казылган тешикти, өгүз байланган устунду бир сыйра көз жүгүртүп карап чыкты; Эмнегедир устунду кыймылдатып көрдү да, Кабыл аваны өзүнө чакырып, акырын үнү менен:

– Өгүзүңүз эч жакка кетпейт, табылат, - деди.

Анын тамга кирип, көз жүгүртүп жатканы Кабыл авага үмүттүн шамын жандырып, бул сөзүнө ичи жылып кетти. Чал ыйлап жиберди.

– Кудай сактасын... Ала өгүзүм эле...

Адамдар ууру дубалды качан жана кандай аспап менен тешкени, өгүздү кайсы тарапка жетелеп кеткени, аны эми кайсы мал базарга алып чыгышы мүмкүн экени туурасында кеп ура таркап кетишти. Кобур-собур басылды. Кемпир ыйлаганын токтотуп, элүү башыга дуба кылып, батасын берип кирди. Элүү башы ууру тешкен жерди дагы бир сыйра карап чыкты. Кабыл ава колун куушуруп, аны артынан ыйлай  ээрчип алган.

– Ыйлаба, чал, ыйлаба дейм! Өгүзүңүз ак падышанын кол алдынан чыгып кетпесе эле табылат.

Элүү башы өгүздү жүда нак кылып койду – көчөгө чыгып, бир кыйкырганымда эле өгүз табылат деди. Бул “Кудай жалгагыр” ушунчалык кылып жаткандан кийин бир нерсе берип коюш керек. Бекерге мышык эшикке чыкпайт, кур аякка бата жүрбөйт. Бул адам элүү башы болом деп эптүү пулун чачпады беле? Миңбашынын өзүнө эле жети жүз боо беде, бир тай бергени маалым. Илгертен эле же бул ишине айлык албаса! Кабыл ава колунда барын бүт элүү башыга карматты, көп-көп алкап, дуба кылып, батасын берди. Элүү башы бетухтовго, аминге бул боюнча кабарлайм деп чыгып кетти.

Кечкурун Кабыл ава аминдин алдына бара турган болду. Курук кашык ооз канатат дейт, аминге канча пул ала барсам деп ойлоду. Бергенге бешөө көп, алганга алтоо аз. Чал-кемпир кеңешип мындай бүтүмгө келишти: бул кеткен чыгым акыры өгүздү мүйүздөн байлап алып келип бере турган чыгым, ошого пулдун көзүн караган болбойт.

Кабыл ава маңдайына келгенде амин оозун ачпастан туруп, катуу кекирди да, май баскан ээгин салаңдатып күлдү:

– Ии, кунаажын жоголдубу?

– Жок... кунаажын эмес, өгүз... ала өгүзүм жоголду.

– Өгүз дейсиңби? Өгүз! Хмм... Ала өгүз? Ой атаңдын көрү! Тообо кылдым!...

– Тапкан-көргөнүм ушул бир өгүз эле...

Амин чыпалагын мурдуна тыккан калыбында буга дагы каткырып күлдү.

– Жоголордун алдын бар беле? Кандай өгүз эле өзү?

– Ала өгүз эле...

– Жакшы өгүз беле же жаман өгүз беле?

– Жакшы эле... Жүда жакшы өгүз эле да.

– Жакшы өгүз анан бирөө жетелесе эле ээрчип кете бериптирби?

– Жалгыз өгүзүм эле... Ала өгүз.

– Өгүз өзү кайтып келбес бекен? Бирөө алып кетсе качып баса бер деп айтып коюшкан эмес экен да! Эмне ыйлайсың? Ыя? Бас жаагыңды!

Кабыл ава жерди тиктеп мелтиреп олтуруп калды.

– Издесек бейм, ыя? – деди амин чыпалагын этегинин алдына аарчып – Сүйүнчүсүнө эмне болот? Сүйүнчүсүнө бир нерсе ала келдиңби?

Аминдин бул сөзү Кабыл авага “Ме карма, мына өгүзүң” дегендей эле угулду.

– Кем болбоңуз, ыракмат, – деди ала келген пулун ага сунуп. – Дагы кызматтабыз.

– Мен Бетуховго, приставга кабар беремин. Өзү чакыртат.

Бир апта өттү.  Бул бир апта ичинде кемпир “кудурет-керемети менен кулпу ача турган” олуяларга ар күнү каттап, аларга жарым кап буудай, үч кесе тоокко жүгөрү, эки тоголок ийрилген жип берди. Эч майнап чыккан жок. Сегизинчи күнү Кабыл ава аминдин алдына дагы барды. Аминдин төбө чачы тик турду.

– Өгүзүңдү бирөө сага үйүңө жеткирип берсинби, ыя?! Акыр-түбү барып, арыз ташташ керек да! Мусаапырдын арызданып барганы, журт билгилерди ызааттаганы болот.

Кабыл аванын акчасы калбай калды. Ошого ал жоро-жолдоштору менен кеңешти – приставга пулдан башка эмне алып барса болот? Аны бегим дегиче, кишинин бели сынат дешкенин уккан жайы бар.

Үч тоок, анын бири күрп болсо да Кабыл аванын өзүнөн чыкты. Жүз жумуртканы коло-коңшу, дос-жарлары топтоп беришти. Бирок бул тартуулары менен тилмечтен ары өтө албады. Тилмеч тартууну алды да, Бетухтов акимге, приставга жакшылап түшүндүрөм деп убада кылды. Чалдын бүткүл дене-бою бошошуп кетти, кийин талыкшып чыкты, буларга бир нерсе деп өлбөсө болобу, бул түгөттөргө!  «Чоңдун көчүгү тегирмен тартат, чоңдун укуругу узун дейт, этият болуш керек бирок». «Жакшылап түшүндүрүлгөн» пристав бир мекиян тоок, бир корозун, үч сом пулун алгандан кийин, Кабыл аванын бактысына, «Бетухтов акимге кабар берем»  деп эзилип олтурбастан, шыр эле «Аминге бар» дей салды. Амин элүү башыга жөнөттү.

– Күмөнүңүз болсо айтыңыз анда, - деди бучук мурун элүү башы кыжыры кайнап, - Ким уурдаганын мен билбесем, көзүм ачык болбосо! Адырдагы уйларды улаштырып, сага өгүз жасап беришим керекпи же?! Уурдаган адам эчак эле союп, суулап жиберди да! Узак дебесеңиз, эринбесеңиз, тери иштеткендерге барып терилерди бир сыйра карап чыгыңыз. Эгер тери иштеткендерден табылса, демек, качан эле суулап жиберишкен; ким билет, эмдигиче кайыш болуп базарга чыгып калдыбы.

– Бизге өтө кыйын болду да. Шор бешенем ай!... – деди чал жерге карап.

– Ой, кантет! Жаш балага окшоп! Неге ыйлайсыз? Чоң эле адам... Бир өгүздүн дагы бир кеби болуп калар, Кудай өмүрүңүзгө береке берсин андан көрө. Мен кайнагама айтайын, сизге бир өгүзүн берсин. Бир өгүз эмне, адамдын кунунча пул беле.

Эртеси элүү башы Кабыл аваны ээрчитип алып, кайнатасы – Эгемберди пахта пуруштун алдына алып барды. Пахта пуруш чалдын кейпине аябай кейиди да, жериңди айдап ал деп бир эмес, эки өгүз берди, бирок “кичинекей” шарт менен. Бул шарт күзүндө маалым болот.

1936-жыл.

Өзбек тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз