Абдулла Каххар: Башы жок

АҢГЕМЕ

Кайрыниса жеңе күйөөсү өлүп, эки жаш кызы менен жесир калды. Эки-үч киши жуучу жибергенде, ал эки баласы менен тынч турмуш куруп кете алышын элестете албай макулдугун берген эмес да, анан эле эмне болду, Абдрахман уста жөнөткөн жуучуга дароо макулдугун берди. Буга элдин баары таң калды. Бул туурасында кээ бири: “Кайрыниса жеңе менен Абдрахман уста экөө илгери эле соо эмес экен...” деген сөздөрдү чыгарышса, кээси: “Бечара эмне кылсын, эки баласы бар, Абдрахман устанын да өлгөн аялынан бир уулу бар, убакты-сааты келгенде тили кыска болбой турган иш кылыптыр...” дешти.

Абдрахман жөнөткөн жуучу Кайрыниса жеңеге мындай деди: “Сизде эки бала болсо, ал кишиде бир бала бар. Булардын жеген-ичкени кайда барат. Булар үчүн Кудайдын казаны асылмак беле. Сиз барына эне, ал киши атасы болот. Уста өзү да аябай баласаак киши...”

Арадан тогуз жыл өттү. Булар төрт бала көрүштү. Бул тогуз жылдын эки-үч жылы гана тынч өттү. Кийинки жылдары Кайрыниса жеңе кыздарынын айынан көп азап тартты.

Кайрыниса жеңе чучукка жетчү сөздөрдү уккандан кийин кыздарын интернатка беришин да ойлоду. Бирок бул туурасында күйөөсү менен кеңешпей чечим чыгаруудан коркту. Ага бул тууралуу собол таштаганда, Абдрахман уста:

– Разак жамакчынын кыздары окуп мударис болушмак беле?... – деп урушуп берди.

Абдрахман уста өгөй кыздарын куп урат. Бир күнү Кайрыниса жеңе:

– Менин көзүмчө буларды уруп, жүрөгүмдү сыздатпай,  урсаңыз устаканага алып барып уруңуз, – дегенде уста:

– Ии, жаның ачып жатабы, мындан кийин мен уруп жатканда күлүп карап турбасаң, үч талаксың...– деп жиберди.

Ушундан кийин Кайрыниса жеңе кыздарын уруп жатканда көп жолу “күлүп” карап жүрдү.

Абдрахман уста көптөн бери Кайрыниса жеңеге:

– Мехрини Фахриддинге беребиз, – деп жүргөн.

Фахриддин эрке өскөн, тантык бала болгону үчүн Кайрыниса жеңе:

– Иши кылып экөөнүн тең алтын башы аман болсун, – деп койгону менен, бул анын “жок” дегени эле.

Бир күнү эрте мененки тамактан кийин Абдрахман уста:

– Шаршенби күнү той! – деди да, көчөгө чыгып кетти.

Кайрыниса жеңенин ыраң-куту учуп, дубалга жөлөнгөн бойдон кала берди.

Той өттү. Кайрыниса жеңенин эмдиги кайгысы Мехринин боюнда болуп калышы, Фахриддинден боюна бүтүп калышын каалабады, буга эне кургурдун жүрөгү түтпөдү. Бир күнү бетти калың кылып, күйөө баласына ачык айтты:

– Фахриддин, али жашсыңар. Үч-төрт жыл баласыз жүргөнүңөр жакшы. Доктур ушул нерселерди билер бекен?..

Фахриддин асылып турган алдыңкы чоң эрдин бир-эки кыймылдатып, билеги менен мурдун аарчып, жооп берди:

– Мен билбесем, муну атам билет. Атамдан сурайынчы!

– Атаңдан сураба, кокуй! Уят болот.

Тумарлар, кайтарма сүрөөлөр Кайрыниса жеңеге эч кандай жардам бере алган жок. Мехри кош бойлуу...

Бала эки айлык, үч айлык... беш айлык.

Кайрыниса жеңенин буга чый-пыйы чыгып, өзүн коёрго жер таппайт.

Кандай болсо да, баланы эптеп бойдон түшүрүү керек. Ал Мехрини көрпөгө ороп, жаңы кылынып жаткан кийиздей тоголотту. Кардына жаздык менен урду, үстүнө чыгып олтурду, капыстан катуу чочутту... Булардын эч бири натыйжа бербеди.

Кайрыниса жеңе бир жерден жаңы айла таап келди, кимдир-бирөө карынды сылап, баланы эзип жок кылыштын жолун үйрөттү.

Кайрыниса жеңе бешинчи күн дегенде ишинин натыйжасын көрдү. Алтынчы күндүн кечинде Мехри толготуп чыкты. Эртелеп өтө жаман акыбалга түштү: үйдүн бул башынан аркы башына  томолонуп, кокуйлап, ыйлайт. Бул кечке чейин чыдай ала  турган түрү жок. Кайрыниса жеңенин ичи дарты өзөгүндө.

Фахриддин кекиликке суу куюп жатып, атасын карап койду.

– Ии, уулум. Капа болуп жатасыңбы? – деди атасы.

– Жок, - деди Фахриддин созулуп.

– Капа болбо. Арабага адам жибердим. Ооруканага жиберебиз. Болсо болор, болбосо катындын уругу Хираттан келген эмес. Катын жолдо, бала белде!

Мехри түнгө жакын ооруканага жиберилди. Фахриддин эки сааттан кийин “мени киргизбеди” деп кайтып келди. Кайрыниса жеңе ооруканадан түн бир оокумда келип, саарлап кайра кетти.

Мехри ооруканада узак жатып калды. Андан такай Кайрыниса жеңе кабар алып турду, бир күнү күйөө баласын кейиди:

– Фахриддин бир ирет барып, эч болбосо  эшиктен “кандайсың” деп койсоң боло?! – деди.

Фахриддин бешенесине конгон чиркейди чапканы колун көтөрүп:

– Атам шаршенби күнү бар деген, - деп жооп берди.

Шаршенби базар күн эле. Абдрахман уста күйөө баласы Фахриддинге эки сом пул берди:

– Ме, жолдон майда-чүйдө ал. Киргенден кийин абалын сура, жеңил болсо  хайрият[1] [1] дегин. Сен жок үйдө тура албай жатам. Сенсиз мага жаман болот экен, сени аябай сагынып кеттим  дегин.

Фахриддин жолдо баратып, өзүнөн-өзү чалыштап барып, жыгылып түшүп жатты. Жыгылганда мурдунун суусу агып калат.

Фахриддин базардан кайнатасы айткандай кылып, эки ширмай нан, жарым кадак мисте алды. Ооруканага барып, өзү көргөн эшикке кирип баратканда, бир  аял кайтарды – алып барып кире бериштеги орундукка отургузуп койду. Ошону менен ал аял дайын-дарексиз болуп кетти. Эки сааттан кийин дагы бирөөсү келди да, Фахриддинге үндөбөй дагы бир бөлмөгө кирип кетти. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин дагы бир аял чыгып, Фахриддинди ымдап чакырды.  Фахриддин киргенде Мехри эми уйкудан турган экен.

– Эй кандайсың! Жакшысыңбы?... Кандайсың! - деди Фахриддин.

Мехри акырын:

– Келиңиз, - деди.

– Жакшысыңбы деги... Үйдө сен жок атамдар кыйналып калышты. Жаман болот экен...  Атамдарга өтө кыйын болду...

– Күндөн-күнгө абалым начарлай бергенинен алып салышты. Аз жерден өлүп кала жаздадым...

– Хайрият.

– Көрдүм, башы жок.

– Ие?!. - деди Фахриддин көздөрүн чоң ачып. Таң калуудан алдыңкы шалпыйган эрди андан бетер шалпыйып калды. – Башы жок болуп да бала төрөлөт бекен?!. Атамдан сурап көрүшүм керек экен муну...

Алардын сөзүнө кулак салып, бөлмөнү кайтарып турган күзөтчү аял:

– Оорулууну талыкшытып коёсуз, чыгыңыз бас! – деди да эшикти көрсөттү.

Мехри ооруканадан чыккандан кийин Кайрыниса жеңе эки кызы менен үйүнөн баш алып чыгып кетти.

1929-жыл.

Өзбек тилинен которгон: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

[1] Хайрият – Кудайга шүгүр, Кудай жалгасын, Кудай тарткылыктын жеңилин берип, аягы жакшылык менен бүттү  деген мааниде. Мисалы: акыры ушундай жакшы күнгө жеткениме хайрият – Акыры ушундай жакшы күнгө жеткениме шүгүр.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз