Абдулла Каххар: Мейиз жебеген аял

  • 04.06.2020
  • 4808

Марттыгыңдын майданы бул дүнүйө,
Ар ишиңдин кербени да бул дүнүйө.
(Өзбек макалы)

АҢГЕМЕ

- Аял киши эркекке кол берип учураштыбы – чокудан ары салыш керек!... Орозо туткан киши оозун чайкаса, кекиртектен суу кетпесе да, оозу ачылып калат – ооз чайкагандан баары өлөт да! Абдакимдин кызына Мавлян устаны уулу  бир кочуш мейиз берип жатканын өз көзүм менен көргөм. Деги уят деген барбы буларда? Шарият жолу – ак жол. Он бир жашында паранжа жамынбаган кыздан түңүлүш керек, түңүлүш… Паранжа – бул бардыктын пардасы да!

Наргозу молдо ар күнү базардан кайтып келгенде, сырттагы сөрүгө чыгып, арып-чарчаган адамдарды айланасына топтоп алып, шарияттан жүз бурган аялдар туурасында тээ бир убакка чейин наалып олтура берчү; манжаларын бирден жумуп, өзү билген аялдарды санап чыгат:

- Сатыбалдынын катыны дарыканада иштейт, ар күнү миңге жакын адам менен алака-береке кылат: бир күн бирөөсү болбосо, бирөөсү көзүн кысат да! Маликтин катыны автобуста кондуктор, качан көрбө кечинде үйүнө келет; иши түгөнгөн күнү да кечке чейин жүргөн неме өз билгенин кылса, эри туюп-билип коюптурбу? Ирсалаттын сиңдиси болсо артист – калайыктын жүзүн тиктеп ырдайт. Нарботонун кызы доктурлукта окуйт, эмне кереги бар дейм да ушунун! Эркектердин арасында жүргөндөн кийин буларың  не шумдук деги! Бойго жетип калган кыздарын мектепке жиберип жаткан аталарды көрүп, айра-аңмын, тообо, айра-аңмын…

Буга окшогон эркектер аялы бирөө менен ойноштук кылып жаткандын үстүнөн чыккан күндө деле, Куран урсун, «беймарал» деп туруп, чыгып кетишсе керек, көрмөксөнгө салып. Кудай сактасын ушундай эркектерден. Сөздүн ток этери ушул!

Ачык кийинген катын-кыздардын ар бир баскан-турганынан Наргозу молдо далай-далай кыйкым таап турат. «Эки кабат парда ичинде» отурган өз катыны булардын алдында тим эле периште болуп көрүнөт: беш маал намаз окуйт, үстүн жамынып, кызыл ашыгына чейин жаап турган ыштан киет…

Бир күнү кеч курун Наргозу молдо кечки шам намазына дааратын алып, тишин жууп, катыны колуна суу куюп берип жаткан. Ошол маалда алардын үстүнөн ылдыйлап учкан самолёт өтүп калды. Катыны бөдөнөдөй бүшүркөп качмакчы болгондо, алдындагы кернейге урунуп, жерге кулады. Бутакка эптүү урунсачы, ботом.

- Эмне мынча! - деди Наргозу молдо, - самолёт ылдый учканы менен андагы кишиге сен эң чоң көрүнгөндө бир үймөк чөптөй эле көрүнөсүң.

- Бир үймөк чөптөй болсо да, көрүнүп калып жатамынбы иши кылып! - деди катыны ыйламсырап.

Наргозу молдо азил менен анын ызасын басмакчы болду:

- Мен сени ачык кийинтем деп жүрөм го!

Катыны анын өзүнө акшыйып карады да, өзүнчө кейип-кечип үйгө кирип кетти, караңгы үйдүн ичинде, ар кай бурчтан анын үнү угулуп жатты:

- Ар кимдин көрү ар башка… Зериккен болсоңуз оо дүйнө, бу дүйнө шерменде кылбастан, жообумду бере салыңыз…

Бир апта бою кабагын ачпады, үч түн катар төшөгүн башка салып жатты. Наргозу молдонун ушул жосунсуз азил-тамашасы үчүн алдынан келсе тиштеп салар, артынан келсе тээп салар эле; бир жолу кечинде катынын Ай, Күнгө теңеп, анын пакизалыгын, ыйманга бекемдигин даңазалап, мактап кирди эле, аялы бир аз жумшара түштү:

- Тамашаңыз курусун, - деди чырактын жарыгын азайтып, - кишинин ыйманын качырат. Ачык кийингенди мындай кой, ачык кийинген катындарды карабаймын деп ант ичкемин. Бир күнү  беш-алты ачык кийинген аялдын арасына түшүп калып, бир убакка дейре көңүлүм таш, кабагым каш, табым кир болуп, кыйналып жүрдүм. Түшүмдө ыраматылык атамды көрдүм, экөөбүз сүйлөшүп жатабыз. Сөздү карасаңыз эми, айтканга кишинин бети чыдабайт: жат эркектин колу ак чачты карайтат имиш. Тообо кылдым…

- Ал эмне дегени экен?

- Об-боо, мынча аңкоолоносуз? Ушундай сөздөргө сиздин да баам-парасатыңыз жок. Нары жатыңызчы! Жат эркектин колу тийгенде, аял кишиге кыз кези эсине түшөт дегени да!

- Ушундай сөздөрдү да ачык сүйлөшөсүңөрбү анан?

- Кудайга тообо, паранжаны таштап, көчөдө жүрүшкө чыдагандан кийин кайсы уят аларда! Куруп кеткирлер, шерменделер… Тообо кылдым. Денеңде сының кайта электе беш-алты эркекти көрбөй өткөн өмүр өмүрбү дешет! Дагы кыямат болуп, жер баарын  жутпайт экен да! Тообо кылдым эй…

Наргозу молдо эртеси да айланасына адамдарды топтоп алып, манжасы менен бирден санап, ачык кийинген аялдарды санап чыкты, түндө катынынан уккан айыптарды алардын ар бирине такты, жинденип, өзүнөн-өзү бушайман жеди:

- Бая базарда жүрсөм, бир чачы агарып эле калган аял мага тийишет, тообо! Чачың агарып калса да, токтолуп өлбөйт экенсиң да десем, менин чачым агарса да, жүрөгүмдүн чачы али капкара бойдон дейт кайра.

Ушунда отургандардын бирөөсү кызыксыз маектен зериккен шекилдүү, эстеп алып, мындай деди:

- Мен сизге айтсам, молдоке, кеп паранжада эмес. Николай заманындагы кайра куруу мезгилинде деле биздин аялдар жылаңбаш жүрүшкөн эмес ко! Сиз эми ар нерсе дейсиз, бирок мынчалык эмес, болгону көзүңүзгө ошондой көрүнүп жатат. Мына мен сизге бир кызык айтып берейин: өмүрүмдө бир ирет келин-кесек менен жатып көрбөгөн жаным, бир жолу жазында кыштакка баратып, жолдо бир келинге кезигип калдым. Эми кылыгына ит өлүп калчудай экен. Сиздин көзүңүзгө окшоп, менин көзүмө да бул келин даярга окшоп көрүндү ошондо. Азилдештим, анан жаттык. Өзү үндөбөгөндөн кийин бир нерсе кылып көрөйүн дедим. Итинин оозун байлап туруп, ээрчитип алыптыр, «жаныңдан сенин, эмнеге итиңиздин оозун байлап салгансыз, көчөдөн өзү бирдеме таап жегени жакшы эмеспи?» - десем, «мунун оозу да сиздин оозуңуздай бош, этият болгон жакшы да» - десе, тердеп кеттим. Аркамды карабай качтым го…  Шариятта катынды катуу карма дешет, анткен менен канча катуу кармасаңыз, ошончолук көзүңдү оёт бир күн, молдоке.

Наргозу молдо бул акыйкатты аңдабаган дабдырга жаны кейип кетти:

- Болбогон кеп! Мына менин катыным ким экенин мен жакшы билем. Паранжасын таштап, ким-бирөөнүн аялы баштанып, эки күн көчөдө лайлып көрсүнчү!

Сөз барып ээсин тапты. Ал адамдын да кыжабасы кайнап кетти:

- Эмнеге көчөдө жүрөт? Көчөдө паранжа жамынып жүрсө да, тескери басат, басам десе! Туура айтамбы? Паранжа жамынган аял тескери жакка көп басат! Себеби! Эгер сиз жүзүнө күлүп карабасаңыз, дубалга шаты коюп көчөнү шыкаалайт. Сарпай алып берип турбасаңыз, үй артынан сарпай суна турганы табылат. Ачык кийинген аял сарпайын да өзү таап киет, өзү иштеп, өзүн багат.

Мүмкүн ушундайдыр, бирок Наргозу молдонун катыны андайлардан эмес. Эгер Наргозу молдо он жыл жүзүнө күлүп карабай, чыттан жука, тор көйнөк кийгенге мажбур кылган күндө да, ыйманын бузбайт. Паранжасын жамынып денесин ач көздөн сактап, ыйманга бекем аял. Ар аялга барып, ар кайсыны ушакташып жүрчү айылчы катындардан эмес. Болгону бир гана жакын курбусу бар. Катынынын ал курбусу туурасында Наргозу молдо мындай пикирде: эгер илгери периште нурдан бүтсө – ушунун энеси, эгерде туулса – ушунун баласы болот, эгер периште азыр жер жүзүндө болсо, анда ал – ушул Наргозу молдонун катынынын курбусу. Үйгө канча жолу келет, жумалап, үч күндөп туруп калат, Наргозу молдо бир да жолу үнүн бийик чыгарып сүйлөгөнүн уккан жок. Мына, ыйманга бекем, түз жүргөн аял деп ушуну айт! Шаарда шариятты бекем туткан эки аял болсо, ошонун бири – ушул Наргозу молдонун аялы, экинчиси – анын ушул курбусу. Намаз окуйт, орозо тутат, орозодон сырткары да ашир айында нафил орозо тутат, заводдун нанын, азыркы касапканаларда союлган малдын этин жебейт. Ал курбусу келгенде, Наргозу молдо сыртка сөрүгө барып жатат жана үй ичи нурга бөлөнүп жатканын сезет. Ошондуктан катынынын курбусу келгенде, «коноктун ызааты үч күндүк» деген эреже болбойт, канча күн турса да, тоок этин куймакка ороп, каймакка малып жейт. Узак туруп калган убактарда катыны:

- Куруп кеткир, кетсе да болот эле. Эриним кургап чыкты. Эркек болбой да калыңыз, күнөө болот деп мени өпкөнгө деле жарабайсыз! - деп күңкүлдөп кирсе, Наргозу молдо урушуп берет:

- Оозуңа келгенди оттобо! Жеңил болбо антип! Конокко акаарат – бул Кудайга акаарат.

Наргозу молдо үч күндүк сапарга кете турган болуп калды; Кетерден бир күн алдын катынына айтып, баягы периште курбусун алдырды да, ортоңку эшикке келип кыяматтык аяшынан суранды:

- Мен үч күндө кайтып келип калам, аяш. Мен келгенче курбуңуз менен бирге туруңуз. Мына өзүңүз көргөн жай, беймарал ишиңерди кылып. Жарайбы, аяш?

- Макул деп башын ийкеп жатпайбы, болду да эми, – деди Наргозу молдонун аялы, - бул аялдын да мага окшоп сүйлөшө турган башка курбусу жок.

Катыны кечинде үйгө тамак алып киргенде Наргозу молдого наалып кирди:

- Кишин уят эле кыласыз, – деди ыйламсырап, - курбум ар келгенде мага бир нерсесин ала келет. Бул сапар да эптүү нерселерди көтөрүп келбептир. Ушу убакка дейре бир жүз аарчы да бере алганым жок. Мен го беш жылдан бери беш эли чыт көрө элекмин. Мына келишиңизде ушу бечарага бер нерсе ала келсеңиз, адамдай болуп!

- Эй, келесоо, өзү эчтекеге жетинбей жүрсө, сага эмне алып келмек эле! Тартуу кылса Кудайдын бергени, алып коё бер, жакшы сөзүңдү аянба.

- Эч болбосо бир паранжа ала келиңиз, сооп болот. Аял кишиге паранжа алып берген мечит кургандан да сооптуу имиш. Паранжасы эски, ар келгенде ар кимдикин сурап, жамынып келет.

- Макул, мейли. Мен келгенче сени түк жалгыз таштап кетпесин. Коло-коңшулар менен кирди-чыкты кылбай тургула.

Буга катынынын ичи жылып кетти, жаш кыздардай толкундануу менен молдокеге эркелеп:

- Бир нерсеңизди бузуп койдум, айтсам урушпайсызбы? Алып келген сүрөтүңүздөгү адамдар баары кудум кишини тике карап тургандай сезилет, ийне менен баарынын көзүн чукуп койдум.

Наргозу молдонун ачуусу келе түштү. Меккенин сүрөтү түшүрүлгөн бул сүрөттү бир досунан суранып жатып алган эле.

- Андагы адамдардын баары ажылар эле да!

- Ажы болбой жерге кирсин, ажы эмне, адам эмес бекен?

Катыны үйгө кирип кетти. Наргозу молдо оокатын жеп, сырттагы сөрүдө ыракаттанып чай ичип олтурган. Ошол маалда сырткы дарбазадан бир бейтааныш аял кирип келди; оромолу колунда, үйүнө ууру кирип, жардамга киши чакырганы келген адамга окшоп көрүнөт. Наркозу молдого бир карады да, туура ичкери көздөй басты. Эркекти көрүп туруп, эркектен истала кылбаган, бейбаш катындын ичкериге – периштелердин алдына кирип барышын каалабады.

- Ой, оой дейм! Кел, кимде ишиңиз бар?

Аял ортоңку эшиктен кирип кетти. Наргозу молдонун кыжабасы кайнап, ордунан туруп болгон үнү менен кыйкырды.

- Эй катын дейм, кандай немесиң өзү! Жиндиби бул...

Ушул тапта ичкериден өз катынынын үнү угулду:

- Кандай аял бул? Бирөөнүн үйүнө бастырып кирген!...

Бир нерсе күрсүлдөп жерге урулду, бир нерсе тарс эте сынды. Үйдүн эшиги шарактап ачылды. Бир аз жымжырттыктан соң, алиги бейтааныш аялдын кыйкырган үнү чыкты:

- Кудай жазаласын сага окшогон канчыкты! Эки балам бар! Бойдок эркектер куруп кетиптирби!

Дагы бир нерсе тарс сынды.

- Ой эмне кеп, ботом?! - деди Наргозу молдо босогодо туруп, - Сиз мындай туруп туруңуз, аяш! Эмне деп жатат бул канчык!!

Бейтааныш аял айванчага чыга калып, вай-даад-кокуй, тоз-тополоң салды го, чиркин. Ач-айкырыктан улам, үйдүн ичи-тышы сырттан келе калган адамдарга толуп кетти. Наргозу молдо айванчанын алдынан келип, ал аялдын этегин тарткан болду эле, албууттанган аял Наргозу молдонун оозу-мурдун канжалата тепти. Ага да ыраазы болбой анын үстүнө кулады.

- Вай-даад, кокууй! Бул кандай эркек, аялын жат эркекке салып берип коюп, өзү сыртта эшик кайтарып жаткан, ботом! Катыныңды салып бергенге башка бойдок эркектер куруп кетиптирби, кокууй! Эки балам бар мындан, эки балам…

Адамдар ажыратып калбаганда аял молдокени тытып-жеп таштамак. Наргозу молдо өзүн корголоп, четке чыга качты. Катыны эшик алдында дубалга жөлөнүп турат, өңү боп-боз болуп, денеси калчылдайт. Бейтааныш аял өзүнөн кетип, эси ооп жыгылды. Эки аял ичкери кирип, периште курбусун үйдөн жетелеп, сыртка алып чыгышты. Ал үстүнө аялдардын атлас көйнөгүн кийген, жылаң аяк, жылаң баш, жапжаш, чырайлуу жигит экен. Баары тымтырс. Бул жымжырттыкты жетимишке келип калган чал бузду. Ал Наргозу молдого сөөмөйүн кезеп:

- Адам болбой жерге кир, падариңа наалат! Катын кылыш колуңдан келбесе талагын берип сал ары! Анан биздин көчөдөн же сен көчүп кет, же биз көчүп кетели!..

Дубалдын үстүндө турган он эки жаштардагы бир кыз дубалдан кесек көчүрүп алып, молдокеге тап берди:

- Ухх түрүң менен жерге кир! Башыңды жара урайынбы ушу менен! Биздин көчөдөгү сасыткы, окуучу кыздарга күн көрсөтпөйсүң да, кылган ишиң бул…

Баарынын назары аялдарча кийинип алып, эшиктин алдында элге жалдырап карап турган жигитке бурулду. Дагы жымжырттык өкүм сүрдү. Бул жымжырттык оор тегирмен ташы болуп, Наргозу молдону жанчып жиберди. Ал дубал үстүндө турган кызга карап, үнү киркиреп:

- Сен оозуңду жаап отурчу! Сүйлөгөндү сага ким коюптур! Мавлян устанын уулу сага бир кочуш мейиз берип жатканын өз көзүм менен көргөм!..

Баары дуу күлүп жиберди. Үйдүн ичинен бирөө кыйкырды:

- Ии баса, бул кишинин катыны мейиз жебеген да!

1935-жыл.

Өзбек тилинен которгон: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Автор тууралуу учкай кеп: Абдулла Каххар (1907–1968) – өзбек жазуучусу. 1924-жылдан баштап фельетонист катары «Муштум» журналына, «Жаңы Фергана», «Кызыл Өзбекстан» газеталарына чыгармалары жарык көрө баштаган. «Ууру», «Анар», «Оорукчан», «Шаар паркы», «Коркунуч» ж.б.у.с. көптөгөн аңгемелери жарык көргөн. «Дүйнө жашарууда» (1933), «Аңгемелер» (1935), «Эки чынар» романы (1937), «Закым» романы (1937), ж. б. бир нече китептери жарыкка чыккан. Комедиялык жанрдагы: «Жаңы жерде» (1950), «Оорулуу тиштер» (1954), «Табыттан чыккан үн», «Сүйүктүү апалар» чыгармаларын жараткан.

Өзбек тилине А.С.Пушкиндин «Капитандын кызы», Н.В. Гоголдун «Үйлөнүү», «Ревизор», Л.Н.Толстойдун «Согуш жана дүйнө», М.Горькийдин, А.П.Чеховдун жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын которгон. Бир катар белгилуу, жаш өзбек жазуучуларын тарбиялап чыгууда зор эмгек өтөгөн.

Жазуучу 1968-жылы Москвада каза болуп, Ташкенттеги Чагатай көрүстөнүнө коюлган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз