Рюноскэ Акутагава: Күмөн

  • 29.04.2020
  • 4593

АҢГЕМЕ

Мындан он жылдай мурда жаз мезгили эле, мага практикалык этикадан лекция окуу вазыйпасы жүктөлүп, бир жумадай Огаки шаарында Гифу префектурасында жашап калдым. Барыштын алды жергиликтүү адамдар мени ашыкча түйшүккө салып ар кайсыны сурап башты оорутпаш үчүн мугалимдер уюмуна лекция окуудан сырткары банкет, той-топур, кыскасы убактымды уурдачу ар түрдүү иш-чараларга эч кандай катыша албастыгымды эскертип кат жолдодум. Бактыга жараша ал жакка менин бир мүнөз адам экендигим тууралуу күбүр-шыбыр кептер эчак жеткен сыяктуу, мен келсем Огаки шаарынын мэри күйүп-бышып жатып, мен айткан шартта бүт баарын даярдатып коюптур. Мен айткан шарттан да ашыра десем жарашат: мен жатчу жер кадимки мейманкана эмес жергиликтүү  бай  Н.Я. мырзанын дачасында экен. Ошол дачада жүргөн кезде бир трагедиялуу окуя туурасында кокусунан кулагым чалып калды.

Дача Короку сепилине жакын жайгашып, шаардын чуру-чуу жашоосунан бир топ алыс жерде. Мен жайгашкан жай чакан сегиз татами аянтты ээлеп, атайын сабак өтүү үчүн салыныптыр да, бирок күн тийбеген жери жаман экен. Бозоруп өңү өчкөн, жылып ачылма эшиктер коюлган бөлмө тынч эс алууга ыракат тартуулап турат. Мага кызмат көрсөткөн дачанын кароолу менен аялы аларда жумушум жок кезде ашканага кирип кетишет да, мен байырлаган жарым караңгы бөлмөдө кыбыр эткен жан жок тыптынч. Тим эле мемиреген тынчтыкта чоң жашыл бактын бутактарынан гранит аптабандын үстүнө аппак гүлдөрдүн күбүлүп түшкөнү угулуп турат. Күндө эртең менен барып түшкө дейре лекция окуйм да, калган убактым кечке ушул кулак-мурун кескендей тынч жайда өтөт. Китеп менен бир сыйра кийим-кечек салынган чемоданымдан башка дүнүйөм деле жок, жаздын суугуна бир аз үшүп күн кечирдим.

Андан сырткары түштөн кийин анда-санда мага жумуштап адамдар келип калчу, ошого жападан-жалгыз күндөр өттү десем да анча туура болбой калат. Бирок бамбук дарагынын сөңгөгүнө орнотулган эски шам-чырактар күйгөн кезде, адам деми менен жылып турган дүйнө чырактын күңүрт жарыгы менен мага чейин кысылып келет. Бирок бул деле мени үмүтсүз ойлордун чеңгээлинен чыгара алчудай эмес. Капталымдагы токонамада[1] гүл салынбаган оор жез вазалар томсоруп турат. Алардын үстүндө сырдуу какэмонодо[2] көөдөй кара кымкап сүрөт калыптын ичиндеги күлгүн түстүү фондо «Чырпыктуу Каннондун»[3] элеси түшүрүлгөн. Бир  убакта мен окуп жаткан китептен көзүмдү алып, дал ошол эски будда картинасына назар сала баштасам, мага адаттагыдай эле мен эч качан жыттап көрбөгөн жыпар жыттуу шамдын жыты келгенсиди. Мен байырлаган бөлмө кечилдер сыйынчу жай сыңары жымжырт болгондуктан эрте эле жатып алам. Жатышы жатып алып, бирок уктап кетүү  кыйынга турду. Алыстанбы, же жакынданбы билбейм, айтор, уясында чырылдап сайраган чымчыктардын үрөй учурган ачуу үнү маземди алат.  Түнкү чымчыктардын чырылдап сайраган үнү мен жашаган жайдын так төбөсүндөгү мунараны тегерете курчап калат. Ал тургай күндүзү байкап карасам жашыл карагайлардын арасынан көк тиреген мунаранын асманды көздөй кайкайта жабылган чатырында карганын уясы толуп кетиптир. Терең уйкуга кетсем да, таң аткыча коюнума суудай агып кирген жаздын суугун сезип чыгам.

Менин лекцияларым аягына жакындап калган күндөрдүн кечинде болду бейм. Адатымча буттарымды учкаштыра олтуруп, чырактын жарыгында ар кайсыны окуп олтурсам, коңшу бөлмөнү бөлүп турган жылма эшик акырын ачыла түшкөнсүдү. Эшик ачылганынан мен тек гана дачанын кароолчусу келди го деп боолгоп, андан жашикти бир аз мурда жазылган каттардан бошотууну өтүнүү ниетинде башымды ал тарапка жай бурдум. Бирок бурулуп караган кезде ирегеде күүгүм жарыкта түздөнүп олтурган,  жашы кырктын кырынан ашкан эркек кишини көзүм чалды. Чынын айтсам күүгүм жарыкта ач арбактай пайда боло калган жанагы немеден селт эте чочуп кеттим. Бирок бет маңдайымда пайда болгон жанагы киши урмат менен башын ийип таазим кылып, эскиче салт боюнча бул учурда чыканагын бийик көтөрдү да, ошону менен бирге жаш жигиттин үнүндөй үн менен ракымын жолдоду:

- Кечинде Сизден уруксатсыз кирип келишиме кантип кечирим сурашымды билбей турам. Бирок улук окутуучудан терең кечирим суроо менен Сиздин алдынызга келдим.

Мен чочулоодон эми өзүмө келип, ал сүйлөп жатканда андан озунуп жүзүнө тигилдим. Алдымда чачын ак аралай баштаган, мартабалуу адамдай, кең маңдай, жаактары шимирилген, өз жашынан бир топ чыйрак көрүнгөн адам турат. Үстүнө кийгени герби жок болсо да каадалуу хаори[4], астына кийгени хакама[5] жана колуна желпингич кармап алган. Байкасам анын сол колунун бир манжасы жоктой. Муну байкай, көзүмдү колдорунан буруп кеттим.

- Сизге эмне керек?

Эми эле окуй баштаган китебимди жаба салып, күңк эте ушул суроону узаттым. Бул кишинин күтүүсүз келип калышына таң калбастан, тескерисинче, бир аз ачуум келди. Анын келиши тууралуу дачанын кароолчусу мага бир да сөз айткан эмес. Бирок бул киши менин суз кабыл алышыма кебелип да койбостон, дагы бир жолу чекесин жерге тийгизип таазим кылып, мурункудай эле үн менен китепти шар окуп жаткандай:

- Дароо айтпаганыма кечирим сурайм, менин атым Накамура Гэндо. Сиздин лекцияларыңызга катышып жүрдүм, бирок көпчүлүктө мени байкабай деле калсаңыз керек. Лекцияларыңызды уккандан кийин, Сизге бир собол салганы келдим.

Мен ошондо гана ал мага бир иштери менен келгенин аңдадым. Бирок бул менин кечки тынчтыкта китеп окуу ыракатымдан алагды кыларын билгенде дагы кежирлигим кармады:

- Лекция боюнча сизди кайсы суроо кызыктырат? - Суроону бердим да, ал бир нерсе десе эле «Бул суроону эртең аудиторияда лекция учурунда бериңиз» - дей салып эртерээк кетирүүгө камындым. Бирок коноктун бети буга чымырап да койбостон, хакама жаап турган тизесине көзү кадалып:

- Суроо деп айтсам деле жарашпайт. Чынын айтсам менин кылган ишиме улук окутуучунун пикирин уксам дегем. Мындан жыйырма жыл илгери башымдан өткөн күтүүсүз иштен бери өзүмө-өзүм ээ боло албай келем. Сиз сыяктуу этика илиминде кадыр-барктуу окутуучунун терең теориялары менен таанышкан соң, менин Сизге келишим акыры айкын болду. Кандай дейсиз? Менин башымдан өткөн кайгылуу окуяга ортоктош боло алаар бекенсиз?

Мен эки анжы ойдо калдым. Этика боюнча адис болсом да, өкүнүчтүүсү өз билимимди пайдаланып, алдымдагы адамдын практикалык суроосуна дароо туура чечим чыгарып, тигиндей-мындай деп турмуштук жыйынтык чыгара салуу мага деле кыйын. Ал менин эки анжы ойдо калганымды байкады окшойт, тизесин карап олтурган жеринен башын көтөрүп, менин жүзүмө астейдил, суроолуу карады да, дагы ыйбаа түрдө мындай деди:

- Жок, бул жерде Сизди кандай болсун бир пикириңизди айт деп деле жарга такаган жерим жок. Болгону бул иш азыркыга чейин жанымды кыйнап келет. Улук окутуучу катары мени кыйнап келген азапты угуп койгонуңуз эле мени кыйла жеңилдетмек.

Бул сөздөн кийин бейтааныш адамдын көңүлү үчүн болсо да, анын маселесин эч болбосо угуп коюуну чечтим. Ошол эле учурда өзүм тараптан мунун жоопкерчилигин сезип, бир чети муну жүрөгүм каалабады. Бул кыжаалаттан арылыш үчүн эчтекеден кам санабаган адам болуп, бүлбүл чырактын маңдайына келип, ал мага жакын отурушун айттым.

- Айта бериңиз анда. Анан өзүңүз айткандай ушул тапта сизге пайдалуу бир нерсени тигиндей же мындай деп айта салыш деле кыйынга турат чынында.

- Жок, бул жерде Сиз угуп эле койсоңуз менин көп үмүтүм акталат.

Өзүн Накамура Гэндо деп тааныштырган бир манжасы жок адам жерде жаткан желпингичин колуна алып, анда-санда бир туруп мени, бир туруп токонамада илинген «Чырпыктуу Каннон» картинасын уурдана тиктеп, өз башынан өткөн окуясын күңкүлдөп, кайгылуу кылып айтып кирди.  

Бул окуя дал ошол Мэйдзинин жыйырма төртүнчү жылы (1891-жыл) болгон. Өзүңүзгө маалым, жыйырма төртүнчү жыл – Ноби түздүгүндөгү улуу жер титирөөнүн жылы катары эл эсинде. Ошондон бери биздин Огаки такыр башкача түргө кирди; ал кезде биздин шаарчада бирин князь, экинчисин шаардык бийлик салган эки башталгыч мектеп боло турган. Мен князь мекемесине караган мектепте иштеп калдым; ага чейин бир нече жыл алдын префектуралык мугалимдер семинариясынын биринчи бүтүрүүчүсү болуп, ошондон бери директордун ишенимине ээ болуп, айына элүү иен маяна алып турдум. Азыр элүү иен айлыкты айтсаң элдин баары күлөт, бирок жыйырма жыл илгери бул акча өтө көп болбосо да түзүк акча саналчу. Мендей айлыкка жеткен да, жетпеген да болгон.

Жакын адамым катары аялымдан башка эч кимим жок эле. Аялым мектеп директоруна алысыраак тууган болчу. Бала чагында томолой жетим калып, директор менен аялы асырап алышат да, мага тийгенге дейре өз кызындай карап чоңойтушат. Аты Саё. Өзүм айтып жатсам кызык угулса керек, бирок ал нары жагынан уялчаак, түз анан өмүрү жадырап-жайнабаган, көлөкөдөй түнт неме эле. Эки бакыр – бир тукур болуп, экөөбүз өтө бактылуу күн кечирбесек да, ыйкы-тыйкысы, уруш-талашы жок тынч жашадык.

Ана ошол октябрдын жыйырма сегизинде эрте мененки саат жетиде болгон жер титирөө – менин эси-көөнүмдөн кеткис болду. Мен адаттагыдай кудуктун жанында тишимди жууп жаткам. Аялым ашканада казанга күрүч салып жаткан. Анан эле анын үстүнө үй дүп эте кулап түштү. Бир-эки мүнөт ичинде эле ушундай нерселер болуп кетти: жердин алды күрр дей түшүп, үй ошол замат бир жак ныптасына кынтая түшүп, андан ары үйдүн кыштары туш тарапка чачырады. Мен кыйкырганга үлгүрбөй кулап түшкөн үйдүн бастырмасына чалынып жыгылып, жакындап келген соккулардын силкинген толкунунда бир саамга дейре эсимди жоготуп жатып калыпмын.  Акырында жерден атырылып чыккан чаң тумандын арасында кулаган бастырманын астынан суурулуп чыктым да, алдымдан кынап кыштардын арасына чөп-чар өскөн өз үйүмдүн чатыры жерде талкалана чачылып жатканын көрдүм. Заматта болуп кеткен нерседен башым карайлап, алдан-күчтөн тайып, жерге бурганактаган деңизге кулагандай куладым. Оңду-солду карасам айланамда чатыры кулап түшкөн үйлөр, жер алдынан күрүлдөгөн доош чыгып, устундар тарс-турс сынып, дарактар карс эте жерге кулаганы, дүп эте дубалдар турган жеринен кулап, жанталашкан адамдардын кыйкырган, күркүрөгөн ызы-чуусу айланама толуп кетти. Бул заматта эле болуп өттү; бир маалда карасам кулап жаткан бастырманын астынан бир нерсе кыймылдагансыды, түшүнөн чочуган немедей бир кыйкырып алдым да, ошол жакка бой таштадым. Бастырманын алдында жарымына чейин устун басып калган аялым Саё жатат. Аны колдон тартып, мүрүсүнөн түртүп аны кыймылдатканга аракет кылдым. Бирок устунга басылган аны ордунан түк козгой албадым. Тегеренген башым андан бетер тегеренип, айла кеткенде бастырманын тактайларын сууруп ыргыта баштадым. Ал ортодо аялыма: «Карман!» - деп кыйкырып коём. Муну менен аялыма кайрат бердимби же өзүмөбү – билбейм. Антсем курганым: «Оор болуп жатат! - деди да, анан – Кандай болсо да эптеп...!»- деп жиберди. Бирок менде кайдагы ал-күч калды дейсиң, алдастаган жаным бар күчүм менен устунду көтөрүүгө далбастадым.

Бечара аялым тырмактары көрүнбөй калганга чейин канга боёлгон, калтыраган  колдору менен дөңгөчтү кармалап жатты. Бул көпкө созулду… Анан бир маалда эле менин бетиме чатырдын үстүнөн келген тумчуктурган капкара коюу түтүн уруп жатканын байкадым. Ошол замат түтүн чыгып жаткан жерден бир нерсе тарс жарылып кеткенсиди, асманга алтын түстүү учкун чачылды. Эсинен кеткен немедей мен аялыма тырмыштым. Дагы жанталашып устундун астынан анын денесин сууруп чыкканга карбаластап жаттым. Бирок аны устундун астынан бир карыш да жылдыра албадым. Уюлгуган түтүн андан бетер бетиме уруп, мен анан бастырманы тизем менен таяна жөлөп, бир нерсе деп айтып жибергенимди же кыйкырып ыйлап жибергенимди билбейм. «Эмне деп айттың эле», - деп сураганы турасызбы? Жок, жок сураңыз. Бирок ошондо эмне деп айтканым түк эсимде жок. Бир билгеним, аялым канга боёлгон колдору менен мага тырмышып, анан «Сиз…», - деп бир гана сөз айткансыды. Мен анын жүзүнө карадым. Анын ыраңы бир башкача болуп, көздөрүн алайтып карап турган эле. Ошол замат мени түтүн гана эмес, учкун аралаш чаң чачып, алоолонгон жалын жалмай баштады. Мага «Эми баары бүттү», - деген ой келди. Аялым тирүүлөй күйүп баратат. Тирүүлөй күйүп кетеби эми? Аялымдын канга боёлгон колдорун кысып, мен дагы бирдеңке деп кыйкыргандай болдум. Мен анын жүзүнө тике карадым. Аялым дагы деле ошол «Сиз…», - деген бир сөзүн кайталады. Бул «Сиз» деген сөздүн бир эмес жети маанисин түшүндүм окшойт ошондо! Тирүүлөйбү? Тирүүлөй күйүп кетеби эми? Мен үчүнчү жолу бир нерсе деп кыйкыргандай болдум. Ошондо мен: «Өлүп баратам», - деп жибергендей болдум. Ал дагы: «Мен да өлүп баратам», - дегенин бир билем. Өзүм айткан нерсеге кайра өзүм түшүнбөй, жерде жаткан кыштарды ала койдум да, аялымдын башын кыш менен ургулап  жанчып таштадым. Андан аркысы эмне болгонун өзүңүз деле баамдаган чыгарсыз. Өзүм жалгыз коколой башым менен тирүү калдым. Шаарды бүт жалмаган жалындан мен жолдорду көчкүдөй басып кулаган тамдарды уюлгуган түтүндө аралап өтүп, эптеп аман калыпмын. Муну бактыга жараша дейбизби же шор бешенеме дейбизби, айтыш кыйын. Ошол кечте мектепте чогуу иштеген жоро-жолдоштор менен бирге жалындап асманга көтөрүлгөн кызарган өрттү карап турганыбыз, анан колума урап түшкөн мектептин короосунда сууга бышырылган күрүч токочторду  карматышканын, мен болсом кемпирге окшоп эмшеңдеп ыйлап олтурганым күнү-күнүнкүдөй эсимде.

Накамура Гэндо унчукпай калды, корккон көздөрү менен шалчаны тиктеп. Мындай күтүүсүз окуяны уккан жаным мени кенен бөлмөдөгү жазгы суук жакадан алып жаткандай, отурган жеримде селейип: «Демек ошондой десеңиз…» - дегенге да жарабадым.  Бөлмөдө чырактагы керосиндин тырсылдап күйүп жатканы гана угулат. Анан да үстөл үстүндө менин кол саатымдын жебеси чыкылдап иштеп жаткан үнү угулат. Мындай жымжырттыкта токонамада илинип турган «Чырпыктуу Каннон» да демин ичине тарта кыймылдап жибергенсиди. Мен кооптуу сезим менен коноктун шалпыйган кебетесине үңүлдүм. Анан ал демин ичине тарттыбы же менби, аңдабай да калдым. Мен суроо бергиче болбой ал менден оозунуп, баягыдай эле акырын үнү менен аңгемесин андан ары шашпай улады.

Аялым кайтыш болгондо өтө кайгырдым десем апыртма болуп калар. Баарынан да мектепте директордон баштап  айланадагылар бүт баары көңүл айтып киришсе, мен көпчүлүктү көзгө илбей ыйлап жибердим. Бирок ошол эле учурда жер титирөө маалында аялымды өлтүрүп салганымды дегеле туура иш катары кабыл ала албадым. «Тирүүлөй куйкаланып өлгүчө, эртерек тынып алсын бечара деген ойдо өлтүрүп салдым», - десем мени түрмөгө деле тыгып салышмак эмес. Бул кылыгымды баары туура эле түшүнөрү анык. Бирок ушуну айтам деп эле тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай бир ооз сөз айта албай, каканактап калам. Мунун баары менин эчтекеге шыгы жок, дабдыр болгонум үчүн ушундайча болуп кетти деген да ой кетти. А негизи иштин баары  менин дабдыр экенимде эмес, андан да тереңде. Мени үйлөн эми деп айта баштаганга чейин мен башка себебин деле издеген күнүм болбоду. Мен иштин чыныгы себебин аңдап түшүнгөндө гана эчтекеге шыгы жок, бир байкушка айландым да калдым.

Экинчи жолу турмуш куруу тууралуу кепти ыраматылык аялым Саёнун бакма атасы – мектеп директору өзү баштап калды. Мага күйүп-бышып жатканын туура эле түшүндүм. Анын үстүнө аялымдын жылдыгы да эчак чыгып, директор бирди тапса, башкалар дагы бирөөнү таба коюшуп, мени улам бул ишке түртүп жатышты.  Азыр Сиз жашаган үйдүн ээси Н. мырзанын экинчи кызына сага куда түшүп койдум деп директор айтса менин оозум ачылып калыптыр десеңиз. Ал кыздын башталгыч мектепте төртүнчү класста окуган агасына кээде үйүндө сабак берип калган жайым бар. Мындан ойлонбостон туруп баш тарттым: биринчиден, мага окшогон карапайым мугалим менен Н. сыяктуу байдын үй-бүлөсүнүн турмушунда асман менен жердей айырма бар. Ошого жакшысы, тең теңи менен эле болгону жакшы деп бүтүм чыгардым. Анан да мага окшогон карапайым мугалим байдын кызын алганы жатыптыр деген сөз элге таркап кетсе, дароо бөйрөктөн шыйрак чыгарышат деп ойлодум. Ошол эле учурда буга кааломдун жоктугу башкада эле: бир кезде сени эми желкемдин чуңкуру көрсүн деп өлтүрүп таштаган аялымдын элеси азыр ал кесепет күндү анча көп эстебей калсам да, мени арбактай курчап, менден эч кетпей койду.

Бирок директор мага бул жашта бойдок жашоо эркекке деле оор түйшүк жаратарын, мен кадырымды салып, директор башым менен кызына куда түшүп барсам, ал кыз үчүн деле чоң абийир болорун, бул жагынан эч кам санабашымды, анан менин көптөн бери Токиого кетип окууну улантсам деп ак эткенден так эткен тилегим да, эгер Н. байдын кызына үйлөнүп калсам жеңил эле ишке ашарын, дагы бир топ нерселерди айтуум буга макул болушумду талап кылып туруп алды. Мындай сөздөр болгон соң, мен бул сунуштан таптакыр баш тартууга да мүмкүн болбоду. Ал кыз сулуулугу менен аты чыккан кыздардан эле, анысы аз келгенсип, менин ишенген кожом – директорду бетиме туу тутуп куда түшүп барсак, Н. байдын үй-бүлөсү мени теңине албай, баягы жерде ит эле болсом болобу.  Кыздын атасы: «Мен муну дагы ойлонуп көрөйүн», - деп бирди айтса, «Жаңы жылдан кийин карап көрөлү» - деп экини айта берип, биздин таза айлабызды кетирди. Ошентип акыры кийинки жыйырма алтынчы жылдын жай айына биздин үйлөнүү-үлпөт тоюбуз белгиленди.

Иштин баары оң жагына чечилгенден бери жаным өзүнөн-өзү азапка батып, ал тургай ишке да анча көңүлүм чаппады. Мектепке келгенде мугалимдер каанасында башыма ар ойлор кирип-чыгып, сабак башталарда кагылчу коңгуроонун да үнүн укпай калчу болдум. Эмне болуп жатканымды өзүм аңдай албай эсим кирди-чыкты. Башымда иштеп жаткан тиштүү механизмдер бири-биринен тийишпей, ошондон башым түзүк иштебей жаткансып, башымды бир калааты ойлор чулгап, башымдын иштебей калышында кандайдыр бир аң-сезимим кабылдай албаган сыр жаткандай туюлат.

Ошентип эсим кирди-чыкты абалда эки айдай жүрдүм. Жайкы каникул мезгилинде, кайсы бир кечте шаар аралай сейилдеп жүрүп, жергиликтүү Хонгандзи ибадатканасынын артындагы китеп дүкөнүнүн текчесиндеги жаңы номердеги гезит-журналдарды карап калдым. Ал жерде мукабасы лак менен сырдалган ошол кездеги таанымал «Сүрөттүү макалалар» журналынын бир нече саны жатыптыр. Ал журналда макалалар сүрөттөрү менен чыга турган. Прилавкада туруп «Сүрөттүү макалалар» журналынын бир санын карай койсом, анын башкы бетинде урап жаткан үйлөрдүн өрттөнгөн сүрөтү жарыяланып, сүрөт түбүнө чоң тамгалар менен «Мейдзинин жыйырма төртүнчү жылынын отузунчу октябрында басылган; жыйырма сегизинчи октябрда болуп өткөн жер титирөө» - деп бадырайта жазылып турат. Муну көрөр замат жүрөгүм кысылды. Кулагыма бирөө: «Мына көрдүңбү! Көрдүңбү!» - деп ыркырап жибергенсиди.

Дүкөндүн ичинде жарыкты күйгүзө элек болчу, мен күүгүм жарыкта шашкалактап журналдын мукабасын ачып кирдим. Биринчи бетте устун кулап түшүп өлгөн бир үй-бүлөнүн аянычтуу өлүмүн баяндаган сүрөт турат. Кийинки бетинде жер жарылып, ага баласы менен түшүп кеткен аялдын сүрөтү жүрөт. Кийинки бетте… Кайдан да ачып карай койдум балакет алгырдыкы. Бул мүнөттө журналдагы сүрөттөр мындан эки жыл мурдагы жер титирөөнү кайрадан көз алдыма келтирди. Нагарагава аркылуу өткөн көпүрөнүн кыйраган сүрөтү, Овари текстиль компаниясынын имаратынын кыйраган сүрөтү, үчүнчү дивизиянын жоокерлеринин өлүгүн казып табуу иштери, Анти ооруканасында жарадарлардын өмүрүн сактап калуу сыяктуу сүрөттөр биринин артынан бири тартылып, мага ошол каргашалуу күндү дагы эске салды.

Көздөрүм нымдалышып, өзүм калтырап чыктым. Же оорудан, же кубанычтан экени белгисиз башым чыңалып ооруп чыкты. Эң акыркы бетин ачып караган кездеги үрөй учурган көрүнүш көз алдыма тартылды да калды. Бул устун жарымына чейин басып калган аялдын жерде карышып жаткан сүрөтү эле. Устун аны белинен басып, анын артында уюлгуган капкара түтүн, жалындап учкун чача кызарган өрт! Бул ким болсо да, менин аялым болбосо да, менин аялым сыңары аянычтуу өлбөдү бекен бечара! Колумдагы журнал аз жерден ыргып кете жаздады. Мен болгон күчүм менен кыйкырып жибере жаздап, араң кармандым. Мен андан бетер коркуп баштадым: айланам кыпкызыл түскө боёлуп, мурдума түтүндүн жыты урганда оюма өрт тууралуу ойлор келди. Журналды кыйналып жатып араң дегенде өз ордуна койдум да, эки жагымды алаңдап карадым. Дүкөн кызматкери илинип турган чырактарды күйгүзүп, күйүп бүтө элек ширеңкенин чийин сыртка ыргытып жаткан экен.

Ошондон бери өзү менен өзүм жаным андан бетер түнт болуп кеттим. Буга чейин башымды белгисиз кыжаалат нерсе мыжып келсе, эми башымдагы кыжаалатка мени күнү-түнү  эзип турчу бир күмөн келип кошулду. Жер титирөөдө аялымды өлтүрүп салганым – күнөө иш эмеспи? Ачыгын айтканда, мен бая өзүм айткандай ниетте эмес башка ниетте өлтүргөн жокмунбу? Жер титирөө жөн гана шылтоо болбодубу бул жерде? Мына ушундай күмөн мени күнү-түнү эзип туруп алды. Бул күмөндүү соболго канча жолу «Жок андай эмес!» - деп жооп бергенимдин так эсебин билбейм. Бирок китеп дүкөндөгү баягы кулагыма «Мына көрдүңбү! Көрдүңбү!» - деп ыркыраган үн эми: «Аялымды мен ошондо атайын эле өлтүрүп салгам деп ачыгын эле айтсаң жаны жок! Жаның болсо экен сенин!» - деп шылдың аралаш кекетип жаткандай болду. Башыма бул ой келгенде, жүрөгүм токтоп калчу болду. Аялымды өзүм өлтүргөн соң, эмнеге алигече аны эч кимге айтпайм? Бул үрөй учурган сырды эмдигиче ичиме катып жүргөнүм эмнеси?  Мына ушуларды ойлогондо иттей шерменде факт эсиме келет – мен чынында тээ жан-дүйнөмдүн түпкүрүндө аялымды жек көрчүмүн. Өлгөн адамды артынан жамандаш уят, бирок ыраматылык аялым Саё араң жаны бар, өтө өлөрман эле (андан ары тексттин сексен эки сабы жок – автордун эскертмеси). Ошого мен бул жерде акыры абирийим жеңип чыкты деп да ойлоп жүрдүм. Бул деген кокустук да! Эмнеге өзүмдү-өзүм эзип, өзүмдү күнөөкөр сезип жашашым керек? Өзүмчүлдүгүм мени бул ишке түрткөн жок да? Аялымды өлтүргөн кезде аны өлтүрүш негизги максат эмес беле?  Менин күндөн-күнгө түнт болуп баратышым жөн гана жаштын өтүшү менен ар бир адамда болор нерсе.

Буга менде дагы бир шылтоо табылды: «Аялымды ошондо өлтүрүп салбасам ал күйүп деле өлмөк да. Андай болгон соң аялымды өлтүрүп салганым өтө деле мыкаачылыкка жатпайт». Бирок бир жолу жайдын күнү – жай мезгили аяктап, мектепте окуу башталган күндөрдүн биринде мугалимдер бир бөлмөдө чай ичип, ар кайсыны сүйлөшүп олтурганбыз. Анан эле сөздөн сөз чыгып, дал ошол эки жыл мурдагы өрт жөнүндө кеп башталып кетти. Мен буларды угуп дагы эски жарамды козгобойун деп баарын кулак сыртында кетирип жаттым. Жер титирөө кезинде Хонгандзи ибадатканасынын чатыры кулаганы, Фунумати дамбасынын быт-чыты чыкканы, Таварамати көчөсүндө жер ылдыйга батып кеткени жана ушул сыяктуу сөздөр болуп жатканда, мугалимдердин бирөө ошол кезде Накамати көчөсүндөгү «Бингой» сыра сатчу дүкөндүн чатыры кулап, дүкөндүн кожойкесин оор устун жылгыс кылып басып калганын айтып калды. Андан ары дүкөндөн өрт чыгып, баягы оор устун күйүп олтуруп жеңилдеп калганда, бактыга жараша аял суурулуп чыгып кетип аман калган экен. Муну укканда көзүм караңгылап, ичимден демим чыкпай калды. Ошондо эсим ооп калган окшойт, бир маалда өзүмө келсем, мугалимдер мени тегеректеп курчап калышыптыр.

Бирөөсү оозума суу такаса, бирөөсү дары сунат. Уккан кулагыма ишенбей, андан бетер эсим кетип, аларга ыракмат айтканга жарабапмын. Башымдагы кыжаалат, күмөн ойлорго дагы бир күмөн кошулуп, айланбаш башым андан бетер айланып-тегеренди. Мен жаны жок аны атайын эле өлтүрүп салган жокмунбу? Ошондо аялымдын тирүүлөй күйүп кетишине көөнүм чыдабай өлтүрдүм беле, же?.. Мүмкүн өлтүрбөй койсом сыра саткан дүкөндүн кожойкесине окшоп ал да Кудайдан болуп аман калат беле? Ал бечараны кыш менен башын жанчып өлтүрүп салганымчы...

Буларды ойлогондо кандай акыбалда калганымды өзүңүз элестетип көрүңүз. Мына ушундай азаптуу ойлордон кийин Н. мырзанын кызына үйлөнүштөн баш тартып койсом, ушунум эркекче иш болот деп чечтим. Бирок бул чечимге келип алып, эми аны ишке ашыруу мага кыйынга турду. Эгер жакында болор үлпөт тойдон баш тартсам, анын себебин – жир титирөөдө аялымды өлтүрүп салганымды да ачыкка чыгарышым керек. Бул иш мен үчүн айтканга оңой, кылышка аябай оорго турду. Канча жолу өзүмдү өзүм жемелеп, кекетип да жүрдүм. Мен ошентип чечкинсиздин чечими курусун болуп жүргөнүмдө жай мезгили да бүтүп, үлпөт тоюна саналуу гана күндөр калды.    

Ал кезде мен бир аз адамча бирөөлөр менен анча-мынча сүйлөшүп калган кезим. Бул абалымды көрүп кабатыр болуп турушса да, жоро-жолдоштордон бирөө-жарым  «Үлпөт тоюн же артка жылдыра туралыбы» - деп деле айтышпаптыр. Директор мага: «Дарыгерге барып дене-табынды текшертип койсок кантет?” - деп үч жолу сурады.  Ал кезде менин эсим кирди-чыкты болуп, өзүмө деле анча көп күйбөй калгам. Ошол эле учурда жоро-жолдоштордун кабатыр болушканын, ден-соолугумдун начарлашын шылтоо кылып, тойду жылдырып салышыма эркектик намысым да жол бербеди.  Ал аз келгенсип, болочок кайната Н. мырза да менин бул түнт абалымды билип-билбей эле көпкө бойдок жүрүп калышыма жоруп, тойду тездеткиле деп туруп алганынан, акыры ач кулактан тынч кулак деп октябрь айына белгилеп жаным жай алды. Дал ошол эки жыл мурда жер титирөө болгон октябрь айына. Албетте, күнү башка күндө. Үлпөт той өтө турган жер катары Н. байдын хан сарайы тандалды. Мээмди эзип бүткөн азаптуу ойлордон жүдөгөн мага герб тагылган күйөө жигиттин кийимин кийгизишип, дубалды бойлой коюлган келишкен алтын тосмолор менен оролгон чоң залга алып киришкенде, өзүмдөн-өзүм уялып жерге кирип кете жаздадым! Мен жаны жок элден жашырып дагы бир касам ишке бел байлап жаткандай туюлду. Жок, «жаткандай» десем да туура болбойт.

Мен жаны жок, касам, бетпак бир кезде адам өлтүргөнүм аз келгенсип, эми Н. байдын кызын алып, анын байлыгына ээлик кылып калышка да адатымча жан талашып жатам. Муну ойлогонумда бетим кызарып, жүрөгүм сыгылып чыкты. Бир ыңгайы келсе эле аялымды атайын өлтүрүп салганымды айтып салышка белсенип турдум. Ушундай ойлор ичимде кайнап жатты. Ушуларды ойлоп адаттагыдай эле менин тегеренген башым андан бетер айланып-тегеренип жаткан маалда мен олтурган жердин так маңдайында түштөгүдөй, жомоктогудай аппак атлас таби[6] пайда болду. Андан соң этегине булуттуу асмандын фонунда жашыл карагай менен көк кытандын сүрөттөрү түшүрүлгөн аппак кимоно көзгө урунду. Андан ары алтындан кымкап жамынып, ак жакалуу моюнга күмүш чынжыр тагынып, чачтары таш баканын ташынан жасалган, чачка такчу кооз тарактар менен асемделип жасалган болочок жубайымдын жүзү көрүндү. Мунун баарын көргөндө жүрөгүм оозума тыгылып, араң дем алып, жерге чөгөлөй калып, эки колум менен жер таяна туруп, болгон күчүм менен: «Мен киши өлтүргүчмүн! Мен коркунучтуу кылмышкермин!» - деп кыйкырганымды бир билем, андан аркысы эсимде жок.

Өзүнүн аңгемесин ушундай сөз менен аяктаган соң, Накамура Гендо бир топко дейре мага үңүлө карап турду да анан ооз учунда айласы кеткен адамдай жылмайып:

- Андан аркысы эмне болгонун айтпай эле коёюн. Айтайын дегеним, ушул күнгө дейре акылынан азган немедей сандалып жашап келем. Мен чындап эле акылынан айныган жинди экенминби, же жокпу, аны эми өзүңүз карап көрүңүз. Эгерде жинди болсом, мени биздеги, адамдардагы жан-дүйнөнүн түпкүрүндө жаткан бир бетпак нерсе жиндиге айландырган жокпу? Бул бетпак бар кезде, бүгүн мени жинди деп шылдыңга алгандар эртең өздөрү жиндиге айланып калышы толук мүмкүн. Мен ошентип эле ойлойм, билбейм бирок…

Мени менен үрөй учурган шумдуктуу коноктун ортобузда дагы деле бүлбүлдөп чырак жанып турду. Артымда «Чырпыктуу Каннон» картинасы турганын ойлоп, мен эмнеге анын колунун бир манжасы жок экенин батынып сурай албастан, унчукпай олтура бердим.

Июнь, 1919-жыл.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

[1] Токонама [1] – дубал текченин бир түрү. Картина, каллиграфия, кылыч жана гүл салынган ваза үчүн атайын орундуктары бар;

[2] Какэмоно [2] – кагазга же жибектен согулган таарга түшүрүлгөн каллиграфиялык жазуу же картина;

[3] Каннон [3] – жапон мифологиясындагы бир түрдөн башка түргө өтө алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон ырайымдуулук кудайы. Каннондун элеси жапондорго Кытайдан келген будда ишеними аркылуу кирген;

[4] Хаори [4] -  жапондордун узунунан келген, кооз бешманты. Эгер анда герб кадалып турса, ал адамдын мартабасын билдирип турат;

[5] Хакама [5] – жапондордун сыртка кийген далдагай, кенен юбкага окшоп тигилген шымы;

[6] Таби [6] – жапондордун маасыга окшоп тигилген улуттук аяк кийими.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз