Үрүниса Маматова: Эрте соолгон канча талант шар аккан

  • 06.04.2024
  • 3371

*     *     *

Ич шарапты, ал – өлбөстүн булагы,
Анда Жаздын, Жайдын гүлдүү убагы.

Көз ирмемге гүлдөп, достон бакыт тап,
Жашооң чындык көз ирмемден тураары.

*     *     *

Диндин, чырдын аралыгы – каш кагым,
Жалган, чындын аралыгы – каш кагым.
Бүт өмүрүң, дем алганың – каш кагым,
Ич ичээрде, кереги не башканын.

Омар Хаям

Жок, мен ичпейм, Омар акын, азгырба.
Табигыйы жакшы эмеспи Жаздын да.
Ыракатты шарап менен чакырсам,
Нак ыракат калбайбы көз жаздымда.

Шарап деген суусу эмес да мүрөктүн,
Андан көпкө жаабайт өмүрүм – өткүн.
Сени айтты деп боло берип алагүү,
Ыргагын тез бузайынбы жүрөктүн?

Койгун, акын, ич деп мени көшөрбө,
Урматыңа ичсем, музам көтөрбөйт.
Жалгыз өмүр көп максатты көздөгөн.
Ичкенден соң анын бири өтөлбөйт.

Койчу, акын, азгырбачы адамды,
Шарап ичсем, өлбөй-житпей каламбы?
Баш-аягын таппай жүрөм ансыз да
Баш-аламан болуп турган замандын.

Замандашым жолдо бирге бараткан
Акын туруп "Ичпейм", - десем, калат таң.
Канча акынды, канча улуу талантты
Арачалай албай калгам шараптан.

*     *     *

Өмүр, талант, сүйүү берген Жараткан
Сени куру койгон эмес шараптан.
Маашырланып, болсо керек ыраазы,
Эркин ойлоп, даркан ырлар жаратсаң.

Аалам сырын ачканыңды сүйгөндүр,
Акыйкатты жазганыңды сүйгөндүр.
Сен өзүнө жан-дилиңден жакындап,
Жарым кадам басканыңды сүйгөндүр.

Бейиш менен тозок жогун билчү элең,
Жалгандардын жанын жара тилчү элең.
Көзүң жеткен чындыгыңа чырактай
Түндөй түркөй түмөн элге күйчү элең.

"Кумурага айланам", - деп жүрчү элең.
Шарап, сулуу менен өмүр сүрчү элең.
Биздей элең ойлоруңду чарчатып,
Таппачу элең чексиздиктен бир ченем.

83 жыл өмүр сүргөн бу жайды
Таштап, жүрүп кеткен карап Кудайды.
Шамал алып келген сенин денеңдей,
Абайлаймын турпак менен ылайды.

*     *     *

Жок, ичпеймин, мен сенчилеп Шах менен
Сыйлашпадым бетке чабаар салт менен.
Жашап келем чыңалуумда чытырап,
Шарабыңа кантип анан чак келем?

Бардык шартты түзүп берген Шах сага,
Чарчабапсың илим, ырдан башкага.
Ысык-суукта өзүмө-өзүм кам көрүп,
Мен кийиктей күн өткөрөм аскада.

Жок, ичпеймин, сеникиндей Шахым жок.
Ким-бирөөлөр белендеген шартым жок.
Сен айткандай ичкиликке алаксып,
Балдарымды бакпаганга акым жок.

Сен тамшанып, жыргап ичкен шараптан
Эрте соолгон канча талант шар аккан.
Бул тамакты касиеттүү талантка
Табияттан каршы койгон Жараткан.
2017-ж.

*     *     *

Досторум да, сүйгөнүм да кызганчаак.
Көп көңүлдөн чыйрыккансып турган чак.
Таарынышып, түрүн бузуп түртөңдөп,
Алда кайда жатып алып үрпөңдөп...
Ушулардан көргүлүктү көрөсүң,
Кээде отуруп "күлүп атып өлөсүң".
Достугуңдун аркасында эмне бар?
Эмне болсо, ачык-айкын айта бер.
Мен да сага дароо айтып коёюн,
Сени алдоо, алдануу да жок оюм.
Сунган колуң суутпадым, себеби:
Жаман киши эмесиңди сеземин.
Сөз башынан түшчү болсок, эгерде,
Сен экөөбүз эки башка лагерде
Өскөн жанбыз, турмуш-жагдай ар башка,
А бул экөө ажыдаардай арбашкан.
Билем, байсың. Мен да кедей эмесмин.
Байлык менен башкара албайт мени эч ким.
Бираз гана Күнкарама желектин
Залакасы тийгендиги болбосо...
Аны деле болот эми оңдосо.
Күн болсоң, бол. Тегиз чачкын нуруңду,
Табың менен таң калтып кой ырымды.
Көрүнүп тур кайсы жакты карасам,
Ой, мен бираз сөздөн четтеп баратам.
- Мага достук сунуштадың эмнеге?
Сени өзүмө тартып калдым эмне эле?
- Акча, досум, карыз акча сунуштайм. Эки пайыз.
Каршы болсоң, капа болбойм, урушпайм.
- Токто. Муну жалкоолорго айтайын.
Долларыңды кайтарганга ай сайын
Болот бекен? Маңкурт менен Чаарбашты байкайын.
"Өз кишиңе иштегенден көрөкчө
Артык, - дешет, - малай жүрүү бөлөккө".
Тентип кеткен дүйнө кезип канчалар,
Тентимекчи болуп жүргөн канча бар!
Токто, муну эл-журтума айтайын,
Бул достукка бүт кыргызды тартайын.

*     *     *

Messaoudi Mostafa

Жакшы адамсың жарым кылым сакталган,
Жамандыкта, жакшылыкта такшалган.
Жалгыздыкты жоо катары жоюуга
Жанды оозуна тиштеп алып аттанган.

Күчтүү сапат! Улуу сапат! Жагасың.
Жабыркаган жүрөгүңүн дабасын,
Интернетте эмес, сүйүү турмушта,
Түгөйүңү Мароккоңон табасың.

*     *     *

Жан экенсиң жалгыздыктан кыйналган,
Жалгыздыкты мен Кудайдан сыйга алгам!
Жалгыздыгым – эркиндигим, боштугум,
Ааламдашуум, абадагы достугум,
"Сүйүүлөргө" салкын, көңүлкоштугум.
Шүгүрлүгүм, пейилимдин токтугу.
Көңүлүмдүн, өмүрүмдүн оттугун,
Жандүйнөмдүн байлык, күчүн, кооздугун
Коргоп, сактап, өчүрбөгөн сепилим,
Алты катар алтын капка-эшигим.

Жан экенсиң чөл-талаалар, түз менен
"Мендей жалгыз бейтаанышты издеген."
Таап алып интернетте тизмеден,
Көз ирмемде көз жетпеген алыстан:
"Достошууга болобу, - деп, - сиз менен?"
Жетип келип жалгыз аяк из менен,
Жан экенсиң жашоодогу жарыкты
Иллюзия-интернеттен издеген.

Ар бир жерде аңгыраган ээндик,
Ар бир башта жалдыраган жалгыздык.
Түгөйүнө, түмөн элге карабай
Бүткүл дүйнө түтөп турат, жалгыз бүт.
Жүрөктөргө жүктөлгөн бул жалгыз жүк.
Кыжы-кыйма эл батпаган Кытайда,
Дүңгүрөгөн Түркияда-Дубайда,
АКШда, Мароккодо, океанда аралдай,
Бу жалганга түгөй менен жаралбай,
Жанталашып, жалгыздыкта кала албай...

Жакшы, жакшы жалгыз жандар, өртсүңөр,
Кыян жүрүп, көчкү болуп көчтүңөр:
"Сүрөтүң ах! Сүрөтүң ат!" - дейсиңер,
Сүрөтүмөн жинди болгон кейпиңер.
Сүрөт даарып "сүйүү-азап" жейсиңер.
Мен – жалгызмын. Жалгыз жандар, көпсүңөр.
"Сүйдүм сени, сен да сүй!" - деп... көксүңөр.
Достугуман орун таппай өчтүңөр.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз