Зайырбек Ажыматов: Мүрзөмө түк жазбагыла атымды

*      *      *

Майдын түнү. Албуут сезим элирген,
маржан көзүм, эрийт эрин эринден.
Жалбаруулар бир-бирине жуурулуп,
жанар толкуйт титиреген демиңден.

Ширин кезин арнап бизге түн жатат,
шыбырларды коштоп булбул үн катат.
Чечилишип бири-бирине ысык жан,
чек билбеген жапан сезим туйлатат.

Сен Ханыша, жылдыз сыңар жанасың,
мен кулуңмун, жалынычым – санатым.
Кулду кайра падышага айлантып,
күңүм болуп, жан дилиңди чабасың.

Бажыраят бакыт сенин эрдиңде,
бакыт татып жүргүм келет мен күндө.
Жүгүрүүдө кан, жанымды аралап,
жүрөк толуп махабатка, мээримге.

Сен жер шары – арбын берип, аз алган,
сен жашоосуң – сүйсөм сүттөй тазарган.
Мээрим менен махабатты жалындуу,
мен чынында үйрөнгөнмүн аялдан...
20.05. 2015

*      *      *

Заманына жан дүйнөсүн талаткан,
зарын катып, ичтен сызып бараткан,
Зайырбекмин – ысымы бар, өзү жок,
закымдарды кууп жүрүп адашкан.

Жаның дайым турса миздүү азапта,
жашоо деле болот экен жадатма.
Жалын, табын өчүрөм деп жүрөктүн,
жаштыгымды жуттум кошуп шарапка.

Анда деле жаным такыр жай албай,
абийир, уят өңдөн азды каралбай.
Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден,
жүзү жарык Зайырбекти таба албай.

Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,
бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.
Ызгаар окшойм – өзүмдү өзүм тоңдурган,
жалын окшойм – өзүмдү өзүм өрттөгөн.

Өткүр кезим билбейм кайда чачылды,
өкүнүчтөн көтөрө албайм башымды.
Мен өзүмдү таппай кетсем өмүрдөн,
мүрзөмө түк жазбагыла атымды.

19. 04. 2015

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз