О`Шакир: Ак жоолук

  • 12.07.2020
  • 6038

АҢГЕМЕ

(Чыгарма зордук-зомбулук, ур-токмок, ала качууга кабылган кыз-келиндердин көз жашына арналат).

– Күбө барбы? – соттун соболуна залда отургандардын эч бирөөсү үн катпады. Баары жым.

Бир гана өзүн кармана албай бышактап отурган Жамал колундагы ак жоолукту мыктып-мыкчып өксүй берди. Колунда мыжылган ак жоолукта гана тил жок, жан жок. Караны кара, акты ак дечү тил бүткөндөбү; бул ак жоолук баарын төгүп чачпай айтып бермек тергөөчүгө.

Ооба, окуяга ак жолуктан бөлөк күбө жок эле сот залында.

Колундагы кызынын башына салынган ак жоолукту мыжыга-мыжыга кармалап отурган Жамал адилеттикти кайдан тапса экен... Сот экспертизасынын жыйынтыгынан кийин ак жоолукту колуна карматып коюшканы эмнеси эми?.. Акыркы ишенимди суута турган болдубу соттор?!

Быйылкы көктөм жазда мончоктой кызы он жетиге толбойт беле...

Агер ак жоолукка тил бүтүп калгандабы, ажалга кабылган кыздын окуясын баяндап бермек...

♦      ♦      ♦

Манас Каныкейди төрт чоросу менен күчкө салып сүйрөп келди сырттан. Албан-субандай жигиттер кызды дыркыратып сүйрөп киришти. Колдон-буттан алган Манастын чоролору Каныкейди көшөгөгө түртүп коюшту күчтөп.

– Мына, катын алат деген ушу! – деди Манастын мактанычтуу үнү.

Чоролору кубаттап каткырды аны.

– Жарайсың, Манас! Эркексиң! – дешип, ураан чакыргансып чурулдашты.

– Отурбайм! – чыркырап ыйлады Каныкей кургур.

– Отурасың! – буюра сүйлөдү Манас.

– Мен сени тааныбайм, сен мени уурдап келдиң! Отурбайм бул үйгө! – безилдеп ыйлады Каныкей.

Тополоң түшкөн катын-калачтар көшөгөдөн сыртка жулунган Каныкейди басып жыгылышты. Чырылдап ыйлаган кызга биринин да жаны ачый турган эмес.

– Баарыбыз эле сага окшоп келгенбиз... Сен кайдан чыккан немесиң? – деди бөйрөк таянган келин.

– Таш түшкөн жеринде оор, – деди Каныкейдин башына жоолук камдаган кемпир.

– Отурат. Отурбаганда кайда барат экен! – деди кызды жулмалаган катындардын бири. – Кыз бала бактысын табар жерге ыйлап келет...

– Атың ким, кагылайын?.. Мен сенин кайненең болом, – деди Каныкейди жоошутмак болгон аялдардын бири. – Ай, Манас, колуктуңдун аты ким, айтып койчу, балам...

– Аты ким экенин билбейм, апа! – деди ары жактагы Манастын корс эткен үнү.

Чоролору кыраан каткырык салышты.

– Аяш апа, Манасты билесиз го... Уулуңуз салтты карманган жигит, – деди чоролордун бири.

– Манас деген Манас да... – деди аны кубаттаган чоролордун дагы бири.

– Манасыңыз чоң жинди дебейсиңби... – деди чоролордун тапансынганы.

– Аяш апа, келиниңизди жолдон кезиктирип эле... улак эңгендей илип келе бердик, – деди эрдемсине сүйлөгөн төртүнчү чоро.

– Апа, келиниңизди талаада мал аркандап жүргөн жеринен бөктөрүп келе бердик, – деди мактанчаак өскөн уулу Манас.

– А айланып кетейин... анда келинибиз турмушка бышык болчулардан турбайбы, – деди көшөгөдө жулмалашкан катын-калачтардын бири.

Үй ичи каткырыкка толду.

Манастын төрт чоросунун каткырыгын коштогон күлкүлөр жаңырганда; бир гана Каныкей арданып отурду бышактап ыйлап. 

Туш тарабынан жоолук сала албаган катын-калачтар менен алыша берип Каныкейдин эси ооду кечке. Көшөгөдө жулкунган кыз чөнтөк телефонун таппай сыйпалады канча...

Апасына, милийсага телефон чалууга арга таппай куруду. Туш-тушунан жулмалагандардын арасында мончоктой мөлтүр кыз туйлады, кудайга үнү жетчүдөй чыңырды.

Молдо келди кечке жуук. Нике кыйылмак болду. Молдонун колундагы тесме таштар мөлтүр мончок шурудан экен. Никеге мажбур болор мончоктой кыз да молдонун колундагы кооз шурудай мөлтүрөп тунук эле. Сулуу эле. Бирок сулуулугуна кол тийбеген болучу. Шурудай кыздын тагдыры азыр молдонун тесмесиндей бөтөн колдордун кордугуна түштү. Тесме таштар молдонун манжаларында сыдырыла саналгандай, азыр мончоктой кыздын тагдыры да санакка түшөр шурудай колдон колго тегеренип, чимирилип турду.

– Атың ким, кагылайын? – керден кеседеги тунук сууга дуба окуур молдо кызга суроо узатты. Кыз үндөбөдү. – Эч болбосо атаңдын ысымын айтчы, – деген молдонун соболуна Каныкей үн катпады.

– Эмне мынча мелтирейсиң? Көгөрбөй айтсаң боло! – кызды тилдеп, санынан чымчыды кемпирлердин бири.

– Шарият жол берип келген буга, дубаңды окуй бер сууга, – деди кызды сандан чымчыган кемпир. – Кезинде биздин никени кыйган молдо атамдын ысымын сураганы деле эсимде жок.

Күбүрөнүп-шыбыранган молдо керден кеседеги сууну жуткузду Манаска.

– Никеңер кыйылды, баатыр. Бактылуу болгула, – молдо алакан жайып бата кылып жиберди тез эле.

♦      ♦      ♦

Түндө болгон зомбулукка Каныкейдин эрки да, дидары да көнбөдү. Уйпаланган балапандай бүрүшүп, тизе кучактап өксүдү. Кыз намысы кордолгон түндү каргады.

Аркы бөлмөдө Манастын чоролорунун каткырыгы жаңырат.

– Нике түнүңөр эпостогудай эле болду ыя, Маке. Манас атабыз менен Каныкей энебиздин нике кыйылгандагысын Саякбай минтип ырдайт эмеспи:

Таркылдата келгенде – талаадагы тай үрктү.

Коркулдата келгенде – короодогу кой үрктү.

– Ха-ха-ха! – чоролордун каткырыгына ызаланган Каныкей шыпты тиктеди. Люстра илинген темирге көзү чалынды.

Кызыл ала шейшепти көрүп да, көкүрөк ызасын баса албай буулугуп турду. Түндө ушул кызыл ала шейшепте уйпаланган кордукту көз алдына эч качан элестеткиси келбеди. Ушул кызыл ала шейпепте намысы тебеленип, абийири кордолбодубу...

Капыс эле бир күнү жаштык жалыны өчөрү түшүнө кириптирби анын...

Түндөгү зомбулук жанына баткан кургур, эч ойлонбостон шейшепти сыйрып алды. Албуут ыза токтото албайт эле аны. Бурчтагы тумбочканы салаңдаган люстранын түбүнө жылдырып келди. Шейшептин бир учун люстранын кабелтең темирине бышыктап байлап, салаңдаган экинчи учуна колундагы ак жоолукту улай турган болду долуланып. Мал аркандап көнгөн кыз, чие түймөктү жанып кетпегендей бышыктап байлаганын айт. Ак жоолукту мойнуна сыйыртмактай илген жанкечтиликке даярдыгын айт. Ие жашабагыр албуут кыз ай! Артында апасы сыздап, апасын кууратып кетерин ойлобогон албуут жаштыгын айт мунун.

Өмүр эмне экенин али аңдабаган, али жашап көрбөгөн кызуу кан жаштыгына менменсип жүргөн кыздын акылына өлүм эмне экени азыр кайдан келмек. Өнө боюнда жүгүргөн каны кызды ажалга түртүп, дуңку сезиминде каршылык көрсөтмөк болду зомбулукка. Манас аттуу зөөкүр албан-субандай төрт чоросу менен салтты бетке карманган бул күрөштө жеңилгиси келбеди. Каныкей атым өчсүн деди анда эле. Намыстын күрөшүн ойлоп, каны дүргүдү. «Манастын ысымынан айланып кеткирлер!» деди ичинен күбүрөнгөн Каныкей.

Демейде жанында чебелектээр апасынын акылына жоошуп калчу кыз эмес эле ал азыр. Ал азыр кадимки Каныкей энесинин намысын коргомок болду. Кадимки аты улук Манас атасынын урпактары көрсөткөн кордукту, зордукту көтөрө албай турду намысы. «Намысымды коргоп, силерди сот алдында айыптата албасам, анда эле Каныкей атым өчсүн!» – деди аруу жаштыгы менен коштошор болгон Каныкей.

Сыйыртмакты мойнуна илди шарт эле. Чечими ушул болду Жаштыктын!

♦      ♦      ♦

Колундагы кызынын башына салынган ак жоолукту мыжыга-мыжыга кармалап отурган Жамал адилеттикти кайдан тапса экен... Сот экспертизасынын жыйынтыгынан кийин ак жоолукту колуна карматып коюшканы эмнеси эми?.. Акыркы ишенимди суута турган болдубу соттор?!

Быйылкы көктөм жазда мончоктой кызы он жетиге толбойт беле...

Ак жоолукка тил бүтүп калгандабы, ажалга кабылган кыздын окуясын баяндап бермек...

2019-2020-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз