Будданын акылман ойлорунан

  • 03.11.2020
  • 4057
  • Жакшы адамдар Гималай тоолору сыяктуу алыстан көрүнөт. Ал эми жаман адамдар караңгыда коё берилген жаанын жебесиндей, аларды жакындан да көрө албайсың.
  • Акыл тунук болгондо, кубаныч артыңдан көлөкө сыяктуу ээрчип, эч качан таштап кетпейт.
  • Канчалаган акылман ойлорду окуп, аларды канчалык кайталап айткан менен, турмушуңда колдоно албасаң, андан эмне пайда?
  • Жек көрүүнү жек көрүү менен жеңе албайсың. Жек көрүүнү сүйүү гана жеңе алат. Бул түбөлүктүү мыйзам.
  • Бул нерсени жасаса болот деп ойлонгон кишиники сөзсүз болот.
  • Түшүнүү – демек бул кечирүү.
  • Сөзүнө турбагандан кийин, куру сөз менен жыргаткан адамдан эмне пайда.
  • Жинденүү – бул бирөөгө ыргытам деп колуңа ысык чок кармап алгандай кеп. Ал эң алгач өз колуңду күйгүзөт.
  • Бардык жандыктар кыйноодон, өлүмдөн коркушат; бардык жаныбарларды өзүңдөй көр, өлтүрбө, кыйнаба. Бардыгы эле сен сыяктуу жашагылары келет; өзүңдү жандуу дүйнөнүн биримин деп түшүн.
  • Жамандыкка жамандык менен жооп берилсе, жамандыктын аягы болбойт.
  • Үч нерсени жашыра албайсың: күндү, айды жана чындыкты.
  • Ойдун пайда болушунан коркпош керек, анын аң-сезимге кечигип келишинен коркуу абзел.
  • Бейкутчулук биздин ички дүйнөбүздө жатат. Аны сырттан издебегиле.
  • Негизги сабак: кечиргенди үйрөнгүлө, тезирек кечиргенди үйрөнгүлө.
  • Биз ар бир таңда кайрадан туулабыз. Азыр жасай турган ишиң гана чыныгы баага ээ.
  • Биздеги болгон нерсенин бардыгы – биздин ойлорубуздун жыйынтыгы.
  • Эгер акыл-эстүү адам деле өсүп-өнүгүүгө умтулбаса, келесоого айланат.
  • Бактылуу болуу сенин ким экениңе, эмнең бар экенине байланыштуу эмес. Ал бир гана сенин ойлонууңа жараша болот.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз