Эрнис АСЕК уулу: Аптээк*

  • 05.11.2020
  • 3713

АҢГЕМЕ

Ак марлиге оролуп, терезеде илинип турат. Канча болду? Бир кылымбы, эки кылымбы, үч кылымбы, төрт кылымбы? Билбейм, ай. Көп болду. Чаңдап бүттү. Карып бүттү. Ушинтип эле турат, турат, турат, терезеден сыртты карап, жайы-кышы ушинтип эле илинип турат. “Эмнеге илинип турат?” деп ойлоп калам. Ушинтип эле тура береби? Же пайдасы жок, же зыяны жок. Чоң апам “Окуйм” дейт. Бирок мен окуганын көрө элекмин. Илинип турганы турган. А чоң апам “Окуйм” дейт. “Качан?” десем, “Сен окушуңда жүргөндө” дейт. “А мен мектепке барбай калган күндөрү окубайсың го?” десем, “Сени эрмектейм да, тегеренейиним” дейт. “Мен, эмне, оюнчукмунбу?” десем, “Эрмексиң да” дейт.

Таңгаласың, киши. “Карааның бар эмеспи” дейт. “Атам, апам, Азаттардын деле карааны бар да” десем (мен, чоң апам, апам, атам, үч жашар Азат болуп жашайбыз. Биздин бүлөбүз ушул. Ал эми “боронзолуктар” бизге келип турушат...), “Аларың мени карап атабы?” дейт. “Анан мен карап жатамбы?” десем, “Карааның эрмек эмеспи, баскан-турганыңды карап эрмектейм, жолобосоң да” дейт. Чоң апам экөөбүз кыйкырышып сүйлөшөбүз. Кулагы укпайт. Кыйкырып сүйлөйт. Мен да кыйкырып сүйлөйм. Үйүбүз жарылып кете жаздайт. Анан кээде: “Ай, чаңкылдабачы, кулак мээни жебей, дүлөй белем?” деп калат. Чоң апам жаш эле бала. “А-аа, тегеренейиним, карыганда жаш бала болуп калат турбайсыңбы” деп калат. “Асекем жумушуна кетээрде келип, мурдуман чымчып: “Бала! Тур, турагой, мен кетип жатам” деп калчу эле” деп калат. Анан ыйлап кирет. “Асек байкем мен кичинекейимде каза болгон. Жалгызбек байкемдин атасы. Менин атам – Бакый. Асек байкем менен атам бир тууган да. Бирок аталары башка экен. Чоң апам эки жолу турмушка чыгыптыр. Биринчисинен атам, экинчисинен Асек байкем. Хе-хе!

Мен дагы эки аял алсамбы? Анан... Асек байкем тирүү экенде, чоң апам өзү айткандай “Боронзодо” турчу. Анан биздикине келди. “Барбайм” десе болбой, атамдар күч менен алып келип алышты. “Жесир аялга энесин бактырып коюптур” деген сөзгө калабыз” дешти. Жалгызбек байкемди көп айтат. “Менин Жакем окушунан келгенде, жаныма отуруп, кеп сүйлөп берчү эле” дейт. Чоң апам жаш эле бала. Мектептен келгенде же барбай калган күндөрү үйдө качан олтурчу элем. Үйгө кирмей жок да. Бул жер шаар эмес да. Баягы эле көроокат да. Баса, чоң апам “көроокат” деп көп айтчу. Азыр антпей калды. Мектептен келсем, “Келдиңби?” эле деп коет. Мен унчукпайм. Чынында чоң апама көнө албай койдум.

Жалгызбек байкем келгенде дайыма: “Чоң апаңды карап жүр, сүйлөшүп жүр, бир немесин кылып бер” дейт. “Маакул” дейм. Бирок көнө албай койдум. Чоң апамды жакшы эле көрөм, анан... Билбейм, ай. Азыр антпей калды. “Көроокат менен көр өмүрүң өтүп кетет турбайбы, а кудай садагаң кетейин” деп калчу. Ансыгандай болду, мектептен келдим, көроокаты башталат. Баягы эле да: апам “суу алып кел” десе, атам “койго чөп сал” дейт, апам “үй шыпыр” десе, атам “атыңды минип алып Жээкке барып сарайды карап кел” дейт. Көроокат башталат. Чын эле көроокат менен көр өмүрүң өтүп кетет окшойт.

Күнүгө эле көроокат, күнүгө эле көроокат, анан көр эмес оокаты кайсыл экенин билбейсиң, киши. Чарчадым. Өлө чарчадым. “Ок, оозуңа таш!” дейт. Чоң апам кызык. “Эмне болот?” десем, “Жаш туруп антчү эмес” дейт. Ээ, кокуй, мен эмне чарчабагандай желмаян болбосом, желмогуз болбосом, адаммын го!.. Ий-ий, бир нерсени эстеп кетпедимби. “Адаммын го!” десе, “Сен адам болбой кара жерге кир”, “ошону айтсаң, ай” деп калышат. Биздин аялдын катындары ушинтишкендери эле өлө сонун. Бири: “ээ, кокуй, бир деме, бир деме, бир деме десе, экинчиси “ошону айтсаң, ай” деп калат. Негизи,  Жалгызбек байкем айткандай, биздин айылдын катындары ажайып кишилер. О, сүйлөгөндөрүн угуп отурсаңчы, Жалгызбек байкем айткандай, тимеле “кайф!”. Уккуң эле келе берет. “Ай, бастанча, түкүнчө тигинтиптир!”, “Ай, түкүнчө бастанча минтиптир, “А-аа, катыгүн!”, “А-аа, шерменде!” деп калгандарычы? Айтып болбойт.

Мен акыркы кездери ушундайга берилчү болдум. Берилип алып сүйүнчү болдум. Кемпир-кесектин, катын-калачтын, абышка-чалдын, маңка-чунактардын сөздөрүн тыңшачу болдум. Кайф экен! Жалгызбек байкем айткан: “Сөздөрүн угуп жүр, түшүнүп жүр, эстеп жүр, күн менен сүйлөш, чөп менен сүйлөш, сезимталсың го, жакшы адам болосуң” деген. Сүйлөшкөм, бирок аларың сүйлөбөйт экен, лам дебейт экен. Өзүң менен өзүң сүйлөшө берет экенсиң. “Мен жазуучу болом, ошол үчүн ушинтем” деген. Жалгызбек байкемди айтам. Анан менин да жазуучу болгум келип калды. Чоңойгондо жазуучу болсомбу дейм. Бирок талантым барбы, жокпу, билбейм, ай! Жалгызбек байкем мен жөнүндө “Он сегиз миң аалам” деген аңгеме жазыптыр. Ошондон кийин эле менин да жазуучу болгум келип калды. Аңгеме, ыр да жазып көрдүм. Жалгызбек байкеме окутсам, “Мени туурап жазыпсың” дейт. “Мени туураба. Өзүңдүн стилиң болуш керек” дейт.

Өзүчү, өзү? Бир туруп бир жазуучуну, бир туруп бир жазуучуну туурап жаза берет. “Аңгемелериң жакшы экен, бирок дале болсо чаржайыт. Ойлоруңду чогулта албайсың” деп кат да жазыптыр. Чын эле ошондой окшойт. Ушуну ойлосом, жанагы көроокатты ойлосом, жазуучу болгум келбей калат. Менден жазуучу чыкмак беле? Физикадан берген Расул агай айткандай, башыма талкан толтуруп алгам да. Бүдүрүм жок. Атам: “Быйыл сегизди бүткөндөн кийин, Боронзого барып, жанагы Суборопто оку” дейт. Апам “башкарма бол” дейт. А менин көбүнчө шоопур болгум келет. Анан билбейсиң, киши. Ким болом? Же зоотехникпи? Же фермабы? Же чоң апам айткандай молдо болсомбу?! Билбейм, ай... Билбейм, ай... “Билбейм, ай” деген сайын биздин “Билбеймайды”, жок, менин гана “Билбеймайымды” эстеп кетип жатпаймынбы...

Анан айта албай эле. Бизде “Билбейм-Ай” деген кыз бар. Чын аты Нарынкүл. Балдар “Билбеймай” дешет. Мен көбүнчө Нарынкүл дейм. Жакшы көрөм. Чын. Ал менин... Эл айткандай, сүйлөшкөн кызым. Бизде окуйт. “А” классында. Мен “Б” классындамын. Быйыл сегизди бүтөбүз. Өлө сонун кыз. Сулуу. Боорукер. “Билбейм, ай” дегени эле жаман. Бирөө бирдеме сураса, “Билбейм, ай” дей берет. Мен дагы “Кечинде үйүңө барайын, чыгасыңбы?” десем, “Билбейм, ай” дейт. Ушинтип жүрүп, “Билбеймай” атка конду. Кандайча  жакшы көрүп калдым, билбейм, ай.

Былтыр жайында, чөптөн иштеп жүргөндө, кечкисин ар кандай оюндарды ойночубуз. “Ак чөлмөк”, “Жоолук салмай” көп ойночубуз. Анан бир жолу “Ак чөлмөк” ойноп жатканда, Нарынкүл экөөбүз чөлмөктү талашып калдык. Мен таап алгам. Нарынкүл жанымда жүргөн. Башка командада эле. Уйгактай жабышты. Анан... Анан... Уялып жатам... Уялбай эле айта берейинчи, азыркы жаштар уялбай калбадыкпы...

Колум “алмасына” тийип кетти. Анан чөлмөктү алдырып жибердим. Делдиреп эле туруп калыптырмын, ай... Ошондон кийин бассам-турсам Нарынкүлдү ойлоп калдым. Кийин мектептен кат жаздым. Макул болду. Көрсө, мени мурун эле жактырып жүрүптүр. Апасы бизди билет. Ондо окуган эжеси да билет. Атамдар да билет. Үйдөн жумуш кылып жатып, бир нерсени туура эмес кылып алсам эле, апам: “Кыз сүйбөй куруп кал, кыз сүйгөндү ким коюптур сага?” деп калат. Ошондо бир туталанасың. Кызарып кетем. Анан эртең менен мектепке баратканда кошуна Абдрашиттин балдары чыгып алып, “Мышык Билбеймайды сүйөт”, “Мышык Билбеймайды сүйөт” деп артымдан кыйкыра беришет. Ошондо бир кашаясың. Жиниң келет ай. Мени терегектеги балдар “Мышык” дешет. Анткени көзүм көк да.

Мурда арданчумун. Эми арданбай калдым. Дей беришсин, ошентсе эле мышык болуп калмак белем. Бир жолу Нарынкүл мага кат жазыптыр. “Эй, Мышык! Экинчи биздин үйгө келбе, жолобо, сендей мышыктарды тамдын тегерегинен таап алам” дептир. Күйгөнүмдү айт, туталанганымды айт, жарылып кете жаздадым. Түк сүйлөшпөй койдум. Кабакты чытып эле бир ай жүрө бердим. Бардыгы таң калышты. Атамдар да таң калды, мугалимдер да таң калды. Мен кабакты түйүп жүрө бердим. Күнүгө атты минип Жээкке кетип калам. Караңгыда келем. Жаман болуп жүрдүм. Анан жаңы жылдын алдында кайра кат жазыптыр. Окубай тытып салайын деп, анан кой дедим. Акыр заман келсе да бир окуп көрөйүн дедим.

“Мирлан, мени кечирип кой, сени сынайм деп өзүмө жаман кылып алыптырмын, кечир, кел, кайра дос болобуз!” дептир. Жазылып кеттим. Жакшы эле каарданайын дедим эле, бат эле жазылып кеттим. Сүйлөшүп кеттик. Достошуп кеттик. Апам атама айткандай, “Көк көзүң менен “кара кыз” экөөбүз аралашып кеттик. Азыр аябай жакшыбыз. Нарынкүл мурдагыдай эмес. Аябай сулуу болуп кетти. Чоң балдар чимирип кетеби деп корком. Бирок Нарынкүл чимирилбейт. Акылдуу да. “Билбейм, айын” эле таштай элек. Эми кийин кандай болобуз, кандай жашайбыз, ким билсин?! Деги эмне болсо да, аман болсок болду. Калганы кудайдын жазганы. Мен Нарынкүл жөнүндө бирөө менен кобурашкым келе берет. Сүйүү деген ичиңе батпай кетет экен. Бирок досторума да айтпайм. Менин ишенгеним, сенсиң – менин сүйүктүү дептерим! Мени сага ким берди дебейсиңби? Нарынкүл берген. 23-февралда майрамга карата куттуктап, бир орусча, “Красныя флагы” деген китеп менен берген. Ошондон бери сени менен сүйлөшүп калбадымбы... Ошо. Ушинтип эле илинип турат. Мени ушу аптээк кыйначу болду. Бир туруп чоң апамды илип коюшкандай. Чын. Чоң апам менен аптээк аябай окшош. Коендой окшош. А кээде ушул аптээкте Нарынкүл экөөбүздүн тагдырыбыз, өмүрүбүз жазылгандай, алып окугум келип кетет. Бирок окуй албайм да. Илинип турганы турган...

1989

*Аптээк – араб тилиндеги кичинекей куран китеби

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз