Өлкөнүн аброюнан уялган, өз уясынан айрылган акындын маеги

  • 23.11.2023
  • 3511

Миграциядагы акын Нарсулуу Гургубаеванын «Көз мончок», «Алыстагы ак жарык» аттуу ыр жыйнактары бар. Ал Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Учурда Москва шаарында жашайт жана иштейт. Биз, 16 жылдан бери сыртта жүргөн акын менен баарлаштык.

- Нарсулуу эже, көп жылдан бери сыртта жүрөсүз. Мигранттардын келечеги барбы?

- Мигранттардын келечеги биздин өлкөдөгү кырдаалдан, бийликте отургандардан, бийликке келчүлөрдөн, депутаттардан, депутат болчулардан көз каранды.

Өзүңүз билесиз, 30 жыл ичинде эл башкаргандар уурдаганга, алдаганга, жалган сүйлөгөнгө, анан элдин байлыгын түйүп алып, качып кеткенге гана жарады. Пандемия учурунда мунун жыйынтыгын өз көзүбүз менен көрдүк. Жакыр жашагандар өтө көп экен, 30 жыл ичинде жада калса бир заманбап оорукана курулбаптыр. Бул шартка байланыштуу аңырайып көрүнүп калган бир гана жыртык жерибиз. Менимче, калган тармактарыбыз деле ушундай абалда...

Тышкы карызды, анан мигранттарды гана арбытканы болбосо, азырынча бийликте көзгө толор иш жасаган кишини көрө элекпиз. Эгер мындан ары дагы «мигранттарга шарт түзүп беришибиз керек, мигранттарга шарт түзөбүз» деген тариздеги сөздөрүн улантып, ошол эле таризде иш алып барышчу болсо, биздин келечегибиз бүдөмүк. «Мигранттарга шарт түзүп беришибиз керек» деген сөз мага «андан ары да тентий бергиле» дегендей эле туюлат.

- Миграция айрыкча аялдардын турмушун өзгөрттү. Миграциядагы кыргыз аялдары билимсиздигинен улам жемин жедирип, өз укугун коргой албай жатканы айтылууда...

- Билимсиздик күнөө эмес. Миграцияда жүргөн аялдар өздөрү ушуну тандап, өздөрү ушуну каалап, билимсиз болуп калган жок. «Окугусу келген адамга тоскоолдук жок» деп коюшат. Бирок бул жалган сөз. Адамдардын баары эле Ломоносов эмес да. Билимге, китепке болгон кызыгууну бала кезде үйдөн, мектептен сиңириш керек балага. Өз үйүнөн таппаган, өз үйүнөн көрбөгөн нерсени бала кийин көчөдөн таба албайт. Азыр ата-эне баладан бөлөк жашаган заманда, балага ким эле билимди сиңирип, ким эле билимдин ордун түшүндүрүп атыптыр?

«Мамлекет адамга ыйманын жоготпой жашаганы шанс берсе» («Аялдын күндөлүгү» китебинде) деген Айсулуу Көкөеванын жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай, мамлекет биздин көбүбүзгө, айрыкча миграцияда жүргөндөргө акыркы 30 жылда жакшы ата, жакшы эне, жакшы бала болгону шанс берген жок. Ооба, тил билбей Москвага келип алган аялдар бар, өз укугун билбеген аялдар бар. Деги эле аял экенин, апа экенин билбеген, түшүнбөгөн, түшүнгөнү убактысы, шарты, шансы болбогон аялдар бар. Бирок бул бир эле аялдардын күнөөсү эмес. Мында бийликтин да, коомдун дагы күнөөсү чоң.

- Миграциядагы чыгармачыл адамдардын, сиздин кандай адабий жаңылыгыңыздар бар? Котормо менен иштеп жатасызбы?

- Жазмакердин бир эле жаңылыгы болот. Ал жазган чыгармасы. Чыгармачыл чөйрөдө кандай жаңылык бар экенин билбейм, бирок менде азырынча чоң жаңылык жок. «Жаңылык» жаза элекмин, жарата элекмин. Котормону кээ-кээде өзүм үчүн жасап калам. Бирок өзүмдүн купулума толгон котормом жок. Бирөөнүн чыгармасынын деңгээлин түшүрүп алгандан, маанисин бузуп алгандан, элге туура эмес жеткиргенден корккон жайым бар.

- Учурда эмне менен алексиз?

- Элдей эле болуп чет жакка жумуш издеп кеткендердин биримин. Эл иштеген, мигранттар иштеген эле эле жумуштардын бири менен алекмин.

- Кандай темаларда ой толгогонду жактырасыз?

- Менимче, жакшы нерселерди ойлонгон, кыялданганды баары эле жактырат. Мен деле ошондоймун, бирок ой көп учурда бизге баш бербейт. Акыркы учурларда өзүм байкап-байкабай эле Кыргызстандагы кырдаал, болуп жаткан окуялар тууралуу көп ойлончу болдум. Өлкөнүн аброю кичирейген сайын, саясат тууралуу сөз көбөйгөн сайын, адамдар майдаланган сайын мен деле кичерийип, майдаланып эле бараткансыйм. Өзүм деле кичирейип баратам, ойлорум деле... Бийик, улуу нерселер тууралуу ой толгогону чамам да, шартым да, мүмкүнчүлүгүм да азайып бараткансыйт.

- Акыркы убакта сизди бушайман кылган нерселер эмне?

- Туугандарына, тааныштарына кызмат кылганын, туугандарын, тааныштарын байытканын элге кызмат кылып атам деп түшүнгөндөр көп. Өзү жакшы жашаса эле эл да жакшы жашайт деп ойлонгондор бар.

Килейген өлкөнүн, килейген аэропортуна учуп келип, бир айылдын үстүнө кулаган учактын ээси ким экенин эч ким билбегенине, учактын ээси ушул күнгө чейин табылбаганына мен ишенбейм. Эч ким ишенбейт. Бирок ушул күнгө чейин ээси ким экени ачык айтыла элек. Менимче, мындан ары деле айтылбайт.

Азыр депутат болуу максаттардын эң чоңуна, эң бийигине, эң кадырлуусуна айланды, бирок ошол эле учурда депутат болуудан өткөн шерменде, кадырсыз «кесип» жок. Каалаган киши келип, каалагандай сөгүп, келекелеп, шылдыңдап, бетине түкүрүп кете берет. Учурда «депутат» деген сөз «касамкор» деген сөз менен эле катар туруп калды.

Өлкөбүздө «баланча аймакка таза суу жеткирилди», «түкүнчө аймакка электр жарыгы берилди», «тиги жердин жолу оңдолду» деген жаңылыктар уялбай эле айтылып жүрөт. Дүйнө Марсты багынтам деп аткан учурда, Кыргызстанда ушул күнгө чейин таза суусу жок, электр жарыгы жетпеген аймактар бар экени таң калтырат, анан ардантат.

Дин тууралуу талаштар күч алды. Дин тууралуу сөз болгон жерде эле динди коргоп атам деген таризде, «оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып» сакалдуунун сакалына, акылдуунун акылына карабай эле шалпып сөгүнгөндөр өтө көп. Ошол адамдар динди өздөрү биринчи түрү суук, «мокочо» кылып көрсөтүп жана ошолор өздөрү биринчи динге душман болуп аткандарын билишпейт.

Уят деген сөздүн мааниси кичирейтип салдык. Акын аталган киши жаман ыр жазса – уят. Мугалим окуучуга ар тараптуу үлгү боло албаса – уят. Сакалдуу наркты билбесе – уят! Депутат туура жаза албаса, туура сүйлөй албаса – уят! Ажылдаган – уят! Сөгүнгөн – уят! Уурдасаң – уят, алдасаң – уят, мактансаң – уят, элиңди сатсаң – уят, сатылсаң – уят! Жалган айтсаң – уят! Бирок уялбай эле ушунун баарын жасап, жашап атабыз. Жалган айтууну жашоо образы кылып алгандар бар. Жалган айтканга да, жалган укканга да көнүп калдык.

- Мекенге кайтуу оюңузда барбы?

- Ушул суроо мен үчүн оор суроо. Мен азыркы учурда Мекенге кайтмак тургай, Мекенден биротоло чыгып кетчүдөй болуп турам. Атам менен апам 35 жыл жашаган үйдүн жерин, атам өтүп кеткенден кийин, дароо эле кошунабызга тарттырып жибергенбиз. Арыз менен айыл өкмөткө, мамлекеттик каттоо бөлүмүнө, архитектурага, район акимине, андан ары прокуратурага чейин кайрылдык. 2016-жылдан бери эч кандай жыйынтык болгон жок. Биздин үй айылдын башында жайгашкан. Айылдыктарга суу биздин үйдүн артынан өтөт. Жерди менчиктеп алган кошунам, ошол арыкты биздин үйдүн түбүнө жылдырып койгонуна байланыштуу, биздин үйдөн жарака кетип, азыр жашаганга ыңгайсыз абалда. Мени азыр үйдүн абалы деле кейитпейт. Үйүбүз ансыз деле эски үй болчу.

Мени үйгө караганда, бизге болгон мамиле, өлкөдөгү кырдаал көбүрөк кейитет. Анткени кимдир-бирөө биздин атыбыздан жерибизди кошунама сатып жиберген, кошунабыз «атаңардан сатып алганбыз» деп жалган айтат, бирок документте коюлган кол атамдын колу эмес. Атамдын ордуна бирөө кол койгон. Биздин күндөлүктөрдөгү атамдын колу башка, документтеги коюлган кол такыр башка. Бирок ошондо деле жер биздики экенин далилдей албай келебиз. «Үйдө жалаң кызсыңар, талашпай эле жерди берип койсоңор болмок» деген сөздөрдү уктук. Кыз балага жер, үй, тиричилик керек эмес деп ойлогондор да бар экен. Биз 35 жыл ошол үйдө жашабагандай эле мамилени көрүп атам. Кыскасы, ар тараптан «омуроолоп» эле келатышат.

Мен ушул күнгө чейин мамлекеттен, бийликтен бир нерсе күтүп же бир нерсе сурап көргөн жан эмесмин. Өлкөгө пайдам тийбесе да зыяным тийбесин деп, өз арабамды өзүм тартып келем. Бирок ушул талаштан өтө чарчадым. Бирөөнүн жерин мыйзамсыз сатып жиберип, бирөөнүн жерин мыйзамсыз сатып алып, анан эч нерсе болбогонсуп жашай бериш үчүн кандай адам болуш керек экенин такыр түшүнө албадым. Түшүнгүм да келбей калды. Зомбулук, чоң муштумдук, мыйзамсыздык өкүм сүрүп бараткан өлкөгө айланып баратканыбызга ынанып баратам. Соттун, укук коргоо органдарынын адилетсиздигин көргөн адамдын өлкөдөн көңүлү калары чын. Соттон утуп чыгышыбызга көзүм жетпейт. Карыган апамды ар чоңдун эшигинде түрткүнчүк кылгым келбейт, ар кимден кагуу жедиргим келбейт. Демек мен кошунамдан утулсам, үй-бүлөмдү алып айылдан чыгып кетишим керек. Соттон жеңилсем, үй-бүлөмдү алып, өлкөдөн чыгып кетишим керек.

Мээрим САЙДИЛКАН

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз