Нарсулуу Гургубаева: Бир көрктөнүп, бир өрттөнүп өчкүм бар

  • 29.12.2023
  • 6082

Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн,
Түнгө сиңип, түтөп көпкө отурдум.
Улуу дүйнө(м), мен сени ырдап бүттүм бейм...
Мен да сенин жүрөгүңдө жок ырмын.

Ырааты жок ыр, чыр дүйнө сырттагы,
Өмүр дагы батпай турат бөлмөмө...
...Сүйүү үчүн кырк чырагым бир жанып,
Сүйүү үчүн кырк бир жаным өлдү эле...

Шол сүйүүнү жашап өткөн мен белем?
Өйдө-төмөн өттү беле башыман?
...Өлгүм дагы, жашагым да келбеген,
Өмүрдү эми кайда алпарып батырам?...

Көзгө урунаар мага таандык нерсени,
Таппай жүрөк талыптыр да, карыптыр.
Меники эмес эрке Күндүн эртеңи,
Меники эмес асмандагы жарык нур.

Меники эмес бул көчөлөр, шаар дагы,
Меники эмес сырттагы чоң согуш да.
Шул согушту дагы өзүмө алданып,
Жеңем десем, Теңир мага болушпа!

Болушпа да, аяба да... Тийбегин!
Өчөөр болсом, ичим, сыртым бир өчсүн.
Калса калаар айтылбаган бир кебим,
Жашап бүтпөй, жарыгымды түгөттүм.

(Жанымды уруп, жалын болуп ак-кызыл,
Бир көрктөнүп, бир өрттөнүп өчкүм бар.
...Жандап өттү, жалмап кетти бактымды,
Өзүмө өзүм өгөй жылдар, өч жылдар...)

Өлгүм дагы, жашагым да келбеген,
Өмүрдү мен отко, сууга бир салдым.
Киндигимди өзүм кескен сыңары,
Канатымды дагы өзүм кыркаармын...

...Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн,
Түнгө сиңип, түтөп көпкө отурдум.
Улуу дүйнөм, мен сени ырдап бүттүм бейм...
Мен да сенин жүрөгүңдө жоктурмун...

КЕЧИККЕН КАТ

(Элмирбек Иманалиевге)

Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,
Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз...
...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?
Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш?

(Жүдөттү го... Кай тарапты караба:
Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар.
Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага,
Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар).

Акынзаадам, сенин канжар жүрөгүң,
Жараласа, жаралады бир сени...
Бүгүн дагы кай тагдырда түнөгүң?
Сенин жолуң кай доорлорго чиркелүү?..

Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,
Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.
Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,
Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.

Көптөр сынды, Улуу сөздүн жүгүнөн,
Көптөр сатты, ыйманын да, ырын да!
...Жасап, жалгап жалаң гана сүйүүдөн,
Оңой бекен, өмүр кошуу кылымга?...

Сөз дүйнөгө ордо болуу, ордого,
Оңой бекен күйүп турган от болуу?
...Канча жолу карайлаган жолдордо,
Сенин ырың бүт өмүргө окшоду...

Доорду доорго, кылымдарды кылымга,
Туташтырган тунук, улук добушум.
...Аңыз болуп айтса, айтылды бир ырда,
Айтылбаса - доордун деле жогу чын...

Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт.
Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!
Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,
Жалган беле, жаркыганы бир кылым?

(Асмандайым, ак таңдайым, ак таңдай,
Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы...
...Качандыр бир биздин дагы асманда,
Каркыралар катар бузбай учабы?...)

Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,
Муң акыным, булбулум да, дулдулум.
Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албайт ко бул кылым.

Жан дүйнөңдү өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албастыр бул кылым...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз