Адабий мурас: Дүйшөн Жапаровдун кол жазмалары табылды

  • 15.09.2020
  • 3950

Төө көзүндөй ар кайсы майда булактын башаты кошулуп отуруп, акыры күрпүлдөгөн улуу дайра агат эмеспи. Улуттук адабиятыбыздын казынасы да дал ошол сыңары Дүйшөн Жапаров өңдүү булуттуу көктүн асты, муңдуу чөптүн үстү менен жашаган калемгерлердин адабий мурастары менен толот, бөксөрөт, төгүлөт, чачылат, соолуйт...

Колубузга тийген төмөндөгү Дүйшөн Жапаровдун ырларын уулу Эсенгул капысынан таап алдым дейт үйдөн. “Атам өзү тирүү кезинде кол жазмаларына үйдөгүлөрдү жакын жолотчу эмес, – дейт. – Мен атам өлгөндөн кийин оюмда жок эле анын эски сандыгынын ичин аңтарып атсам, ирээтсиз кагаздар колума урунуп, окусам, атамдын ырлары экен... Анан четинен ирээтке салууну колго алдым”, – дегени кубандырды.

Кубанганыбыздын да жөнү бар мындай: мындан беш жыл мурда белгилүү акын агабыз Карбалас Бакиров, ыраматылык Зайырбек Ажыматов үчөөбүз Дүйшөн Жапаровдун ал-акыбалын сурап үйүнө барган элек. Бир эмес эки жолу инсульт алгандан кийин мурдагы эстутумдан ажырап отуруп калганын кобураган Дүйшөн байкебиз ошондо айтканы бар: бир да сап ырым эсимде жок, буга чейин жазган кол жазмаларым да кайда калганын билбейм. Инсульт деген балекет оору мээде болгондун баарын тазалап коёт экен деген кыязда өкүттүү үшкүрүнүп койгон. Ал тургай бизди да дароо тааный албай, бакырайган көздөрүн жайнатып: “А сени көрбөгөнүмө канча болду” деп каткырышып, о далайга ыр окушуп отурганбыз.

Өзү болсо бизди угуп гана отуруп берген. Ошондо уулу Эсенгул менен бизди тааныштырып барбалаңдаган. “Бул уулум сүрөтчү болуп чыкты. Менин жолумду ушул тартты” деп, уулу Эсенгулдун сүрөтүн бизге көрсөтүп мактанганы бар. Эми ошол уулу атасынын эски сандыкта жаткан ырларын четинен терип жазып, “РухЭш” сайтынын окурмандарына сунуп тургандагыбыз.

Олжобай ШАКИР

*     *     *

Башкачасың, башкалардай өңдөнбөй,
Күндөн жерге таамп түшүп өнгөндөй.
Сени көрсөм жайнай түшөт көңүлүм,
Жаңы баскан жаш баланы көргөндөй.

Айланчыктайм жакшы ыры бар барактай,
Сезсең боло кайра-кайра каратпай.
Кымбат кездер тонолбосун мезгилге,
Жалбырагын шамал жулган дарактай.

*     *     *

Ойнойсуң ары калчап, бери калчап...
Жанчылып, бу жашоодон бүттүм чарчап.
Таарынса тагдыр бизди кечирбейт ко,
Максатташ болуп туруп жетпей калсак.
Өкүнүч өзөктү өрттөөр кийин-кийин,
Өмүрдүн бул кездерин эстей калсак.

*     *     *

Тыялбай жатып алкыңды,
Тыйгың келет калкыңды.

*     *     *

Жакшылап тос кашайгыр,
Жаза сайып албасын
Жаштык кылып жаш айгыр.

*     *     *

Тердебесең, бер дебе.

*     *     *

Каршы болбосо мыйзамда,
Каалаганыңдай кыйшаңда.

*     *     *

Пайдасынан ООНдун
Пайдасы артык коондун.

*     *     *

Базарда сатат кездеме,
Баш ийбейт эжем жездеме.

*     *     *

Эркте болбой жаш жүрөктүн көнмөгү,
Жолоочудай каны каткан жолдогу –
Чаңкап келип мен үйүңө киргенде,
Үнүңдү угуп, өзүңдү бир көргөнү...

Сүйлөбөдүң келгенимди жактырбай,
Жамалыңдан күлкү элесиң таптырбай.
Жан дүйнөмдө айлап, жылдап терметкем
Жан жыргаткан бир сезимди жакшы ырдай.

Турдуң дагы билбейм нени эстедиң,
Капыс эле "эмне келдиң, кет" дедиң.
Билген жоксуң көңүлүмдүн бир кылы
Дал ошондо чарт үзүлүп кеткенин.

Келечеги келишпеске кез келип,
Жабыркаган жашоо күнү чектелип:
Тынчтык бербей мыжыгууда жүрөктү
Таманыңда калган сүйүүм тепселип.

ХУНЧИДЕ КАЛГАН КЫЗ

Сенсиң менин сагынарым, эстээрим,
Сенден алдым сулуу Хунчи кечтерин.
Билбей калдым кыялыма мас жүрүп,
Бир заматта бир ай өтүп кеткенин.

Эстен кетпес мында өткөргөн күндөрүм,
Сенин сүйлөп, сенин басып, күлгөнүң.
Таң атканча таттуу ойго терметкен,
Унутпасмын сулуу Хунчи түндөрүн.

Эрксиз көрүп кош айтышуу кезегин,
Сен да өзүңчө, мен да өзүмчө кетемин.
Сени унутпайм, жазам сени ыр кылып,
“Шаганесин” жазган өңдүү Есенин.

КАЛЕМГЕ

Эми канча күн жүрөбүз билбеймин,
Таштап кетпей жанымда жүр өлгүчө.
Сенден калып, мен өзүмдү ким деймин,
Жанымды алсын, мени сенден бөлгүчө.

Апаат болсом Ат-Башыга көмөрсүң,
Анан жалгыз жолуңду улап жөнөрсүң.
Каңырыгың түтөп ыйлап, буркурап
Муздак, бырыш маңдайымдан өбөрсүң.

Аяк-башым бууба эркин таштайын,
Көзүм түшүр, көөдөнүмдү ачык кой.
Моло орнотуп – көрүнүүгө дапдайын,
Күңгөйүнө мына минтип жазып кой:

“Коркунучта колдоп жүрөр арбак бол,
Жаман жолдо бутум сынса балдак бол.
Мизим сынса аскаларга урунуп,
Кайра чыңап, кайрап турар кайрак бол.

*     *     *

Өлсөм дагы начар жашап көбүңдөн,
Мен жарыкка чыгам кайра көрүмдөн.
Жер жүрөгүн тыңшоо үчүн жакындан
Үрөн өңдүү топуракка көмүлгөн.

*     *     *

О дүйнөдөн качып атайы,
Эмне издеди экен биерден?
Дайра буруп тозок отуна
Же бейишти өрттөп жиберген.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз