Дүйнөлүк белгилүү авторлор жөнүндө белгисиз фактылар

Уильям Шекспир

Уильям Шекспир бир күндө туулуп, бир күндө өлүптүр (бактыга жараша ар кайсы жылы). Ал 1564-жылдын 23-апрелинде туулуп, 52 жашка толгондо так эле ошол күнү өлгөн экен.

Шекспир өлгөн күнү, 1616-жылдын 23-апрелинде дагы бир улуу жазуучу, “Дон Кихоттун” автору Мигель де Сервантес Сааведра да каза болгон.

Шекспир эч качан университетте окуган эмес, ошого карабастан дүйнөгө атагы чыккан, ал ушул күнгө чейин дүйнөлүк адабият алптарынын катарынан четтей элек.

Шекспир өз искусство дүйнөсүндөгү карьерасын жөнөкөй актёр катары баштап, биринчи пьесасын болжол менен 25жашында жазган деген кеп бар. Анын замандаштары Шекспир Томас Люси деген мырза ээлик кылган жерлерде бугуларга мыйзамсыз аңчылыкка чыгып турганын эскеришиптир.

Шекспирдин сөздөрү Библиядан кийин эле дүйнөдөгү эң көп айтылган санатка айланган экен.

Жорж Байрон

Улуу акын Байрон толмоч жана аксак болгонуна карабай аялдарга ынак болуптур, бир жыл ичинде эле венециялык 250 айымды бактылуу кылган дешет.

Байрондун адам таң каларлык жеке коллекциясы болгон, ал өзү багындырган сүйүктүү айымдардын чачтарынын учунан кыркып алып, конвертке салып, айымдардын аты-жөнүн жазып койчу экен. Анын бул коллекциясына кызыккандар 1980-жылдарга чейин аны көрө алышчу, андан кийин анын изи чыкпай жоголуптур.

Андан тышкары улуу акын жаш балдар, анын ичинен жашы жетиле элек өспүрүмдөр менен убакыт өткөзгөндү жакшы көрүптүр. Бул жөнүндө сөз кылгың да келбейт! Бул аксак аңгиге 250 аял аздык кылганын айтпайсыңбы!

Байрон тууралуу дагы бир нерсе – ал жаныбарларды сүйчү экен. Бактыга жараша, сиз өйдөкү сөздөрдү окугандан соң, башыңызга келген нерсе эмес, ал чындыгында эле жаныбарларды жакшы көрүп, өзү кашкулактарды, маймылдарды, жылкы жана крокодил, тоту куш сыяктуу айбанаттарды чогултуп зоопарк сыяктуу чарба уюштуруптур.

Чарльз Диккенс

Чарльз Диккенстин балалык чагы аябай оор болгон. Анын атасы карызын төлөй албай түрмөгө түшкөндө, аны шокололад чыгарган фабрикага эмес... жок аны өтүк май чыгарган фабрикага жиберишип, ал эртеден кечке челекчилердин бетине этикетка чаптап иштеген. Чаңы жок иш бекен? Бирок сени менен жашташ курбу балдар футбол ойноп жыргап жүргөн кезде, керээлдин кечке клей жыттап, тажатма ишти жасап көрчү, ошондуктан Диккенстин чыгармаларында бактысыз жетимдердин образдары ишенимдүү чыккан.

1857-жылы Диккенстикине Ганс Христиан Андерсен конокко келет. Бул Хармстын кезектеги такмазасы эмес, кашкайган чындык! Бул экөө 1847-жылы эле таанышат, бири-бирине жылдыздары келишип, жакшы мамиледе болушкан. Ошентип, 10 жылдан кийин Андерсен чакырууну кабыл алган. Бирок ошол учурда Диккенстин конок күтөр чамасы да аз, каалоосу да жок эле, ошентсе да коногу беш жума бою анын үйүнөн кетпей койгон экен! “Ал өзүнүн эне тилинен башка тилди билбейт, өз тилин билеринен да шегим бар” – Диккенс өзүнүн коногу жөнүндө досторуна ушул сыяктуу сөздөрдү айтчу.

Бечара Андерсен “Кичинекей Дорриттин” авторунун көп сандаган шылдыңдоолоруна кабылган, ал кеткенде анын жашаган бөлмөсүнө: “Ганс Андерсен бул бөлмөдө бизге бир жылдай сезилген беш жума жашаган” – деген жазууну илип койгон экен. Андерсен эмне үчүн кайгылуу жомокторду жазганын эми түшүндүңөрбү?

Андан тышкары, Диккенс гипноз же месмеризм деген нерсе менен да алектенген. Диккенстин жакшы көргөн оюн-зоокторунун бири Парижде таанылбаган денелердин ээсин табуу максатында көргөзмөгө коюлган өлүкканага баруу экен. Чындыгында эле улуу адам!

Чарльз Диккенстин замандаш сынчылары аны эч качан Британиянын мыкты жазуучуларынын тизмесине кире албасын ар дайым каңкуулап турушкан. Бирок Диккенс карапайым окуучулардын сүймөнчүгү болгон. 1841-жылы Нью-Йорктун портуна анын “Байыркылардын дүкөндөрү” чыгармасынын акыркы баптарын алып келаткан кемени 6 миңге жакын адам тосуп чыгып, кемедеги жүргүнчүлөргө: “Кичинекей Нелл өлөбү?”—деп кыйкырып турушкан.

Диккенс бөлмөсүндөгү үстөлдөр менен олтургучтар өзү каалагандай турбаса иштей алчу эмес. Эмнени каалаганын өзү гана билчү – ал ар дайым ишин мебелдердин ордун которуу менен баштачу.

Чарльз Диккенс ар кандай эстеликтер менен монументтерди ушунчалык жек көргөн экен, ал тургай жазып калтырган керээзинде да өзүнө эстелик коюуга катуу тыюу салган. Анын жападан жалгыз колодон куюлган статуясы Филадельфияда орнотулуптур. Айтмакчы, ал статуяны анын үй-бүлөсү кабыл алган эмес.

О`Генри

Америкалык жазуучу О.Генри өзүнүн жазуучулук карьерасын өзүнө ишенип берилген акчаны мыйзамсыз пайдаланып, моюнуна акча түшүп түрмөдө отурганда баштаптыр. Анын бул тармакта иши ийгиликтүү жүрө баштагандыктан, анын түрмөгө олтурганын бардыгы тез эле эстеринен чыгарып салышкан.

О.Генри – бул анын каймана аты. Анын чыныгы аты – Уильям Сидни Портер.

Ал үч жашар кезинде апасы өлүп, аны атасынын карындашы тарбиялап өстүргөн.

Бүгүнкү күндө АКШда анын музейи ачылган, ал эми 30664 номурун тагынып, короосунда айланып басып жүргөн түрмөгө анын аты ыйгарылган.

Эрнест Хемингуэй

Эрнес 12 жашка толгондо ага чоң атасы 20-калибирдеги мылтыкты белекке берген. Ал Чикагонун сырт жагындагы өз досторуна барып, мылтыгын көргөзүп мактанып жатканын көргөн карыган индианка ага мындай дептир: “ Уулум, этият бол. Бул оюнчук ар кимге, анын ичинен өз кожоюнуна да ок чыгарышы мүмкүн...” Элүү жылдан кийин Хемунгуэй Vincenzo Bernardelli деген мылтык менен атынып өлгөн. Азыр ал моделдеги мылтыктарды Hemingway аташат.

Эрнест Хемингуэй аракеч жана өзүн өзү өлтүргөн адам эле болбогонун бардыгы билет. Андан тышкары, ал пейрафобия (эл алдына чыгып сүйлөөдөн коркуу) менен жабыркаган, ал өзүн мактаган сөздөрдүн бирине да ишенген эмес. Ал тургай досторуна да ишенчү эмес экен!

62 жашка чыккан Хэм башына мылтык такап атынып өлгөнгө чейин ондогон өлүмдөн аман калган. Согушта анын денесине 273 минанын сыныгы, бутуна пулемёттун жаадырып аткан огу тийген. Ал беш жолу жол кырсыгына, жети жолу ар кандай катастрофаларга кабылган. Денеси жанчылып, сөөктөрү сынган, мээси чайпалган. Эки жолу аңчылык кылып жүргөндө кырсыкка кабылган, токойдогу өрттө калган. Тагдыр анын бекемдигин сынаса, ал өзүнүн каармандарын ошондой сыноолордон өткөзгөн.

Хемингуэй анын артынан ФБР аңдып жүргөнүн көп айтчу. Анын айткандарына ишенишчү эмес, ичтеринен шылдың кылып күлүп коюшчу. Бирок кийин ачыкка чыккан жашыруун документтер чыныда эле анын үстүнөн аңдуулар болгонун далилдеди.

Бир жолу Хемунгуэй мелдеше кетип 6 сөздөн турган аңгеме жазып, утуп алган. Ал сөздөр мындай эле: «For sale: baby shoes, never used». «Балдардын батинкеси сатылат. Жапжаңы». Ошондон тартып дүйнөдө эң кыска жазылган аңгемелер үчүн конкурстар өткөрүлүп турат.

Оноре де Бальзак

Оноре де Бальзак кофени жакшы көрчү — ал күнүгө түрктөрдүн күчтүү кофесинен 50 чыныдан ашык иччү. Эгерде кайнатып ичүүгө мүмкүчүлүк таба албай калса, талкаланбаган кофени уучтап оозуна салып, рахаттанып чайнап олтурчу экен.

Бальзак эякуляцияны – чыгармачыл энергияны бекер коротуу, анткени урук мээден бөлүнүп чыгат деп эсептеген. Бир жолу бир курдаш айымы менен болгон ийгиликтүү жолугушуудан кийин ал өкүнүү менен мындай деген экен: “Бүгүн мен бир романды жоготтум!”

Бальзак маанайы ачык, тамашакөй адам болгон экен. Күндөрдүн бир күнүндө бөлмөсүн оңдоп берген адам карызын доолап келет. Бальзактын акчасы жок экен, ошондуктан башка күнү келишин суранат. Уста жинденип кирет: “Качан келбейин шылтооң даяр, келсем же акчаң жок, же өзүң жоксуң!” Бальзак мыйыгынан күлүп жооп берет: “Бул түшүнүктүү да, эгерде акчам болсо, үйдө олтурмак белем”.

Бальзак жаш кезинде мындай окуя болуптур. Түнүчүндө анын бөлмөсүнө ууру кирет. Караңгыда үстөлдүн тартмасынан акча издеп жатса, аркасынан Бальзактын каткырыгы жаңырат. Күндүз мен таба албаган нерсени караңды сен кантип тапмак элең дептир ууруга.

Эдгар По

Эдгар Аллан По өмүр бою караңгыдан коркуп жүрүп өтүптүр. Балким, анын себеби келечектеги жазуучу... көрүстөндөн окугандыгынан болгон окшойт. Ал окуган мектеп аябай жарды болгондуктан, окуу куралдарын сатып ала алышпайт. Математика мугалими кырдаалдан балдарды мектепке жакын жайгашкан көрүстөндөн окутуу аркылуу чыккан экен. Ар бир окуучуга көрүстөндө коюлган эстеликтерди бөлүп берип, андагы өлгөн адамдын кайсы жылы туулуп, кайсы жылда өлгөн сандарды алып кошуп, алардын жашын эсептетиптир. Ошондуктан Эдгардын дүйнөлүк адабиятта эң коркунучтуу чыгармаларды жазууга негиз салган жазуучу болгонуна таң калбай-ак койсок болот.

Эдгар По жогорку чеберчилик жана талыкпаган эмгек аркылуу ар бир жазуучу гениалдуу чыгарма жарата алат деп бекем ишенген. Анын адабияттагы ыкмасы “Понун шыктануу математикасы” деген ат менен белгилүү. Ал тургай өзүнүн “Кузгун” деген чыгармасын сюжеттин ойлоп тапкандан, керектүү сүйлөмдөрдү жана рифмаларды кантип тапкандыгы тууралуу ийне-жибине чейин талкуулап чыккан эссесин жазган.

Айрым эксперттер Пону – бекем катылган алтын менен күмүштүн казынасынын жаткан жерин көрсөткөн үч сырдуу кабарды ичине каткан “Бейлдин криптограммы” деген мистификациянын автору деп эсептешет. Криптограммалардын сыры ушул кезге чейин ачылбай келет.

1849-жылдын 3-октябрында жолдон ары-бери өткөн адамдар шаардын суу  аккан арыктарынын биринин жанынан эс-учун билбей жаткан акынды табышкан. Кээ бирөөлөрдүн айтымында ал жергиликтүү сыраканалардын биринин жанында, башка бирөөнүн кийимин кийип жаткан имиш. Аны ошол абалда ооруканага жеткизишип, арзан палатага жаткызышкан. Дарыгерлердин айтымында, ал көзүнө бирдемелер көрүнүп, бирөөлөр менен жөөлүп сүйлөшүп жатып, эсине келбей кете берген экен.

Ар бир жылы акындын туулган күнүндө (19-январь) анын мүрзөсүнө кара плащка оронуп, чоң жээктүү кара калпак кийген адам келип кетет деген миф айтылып келет. Ушул убакка чейин аны менен бир да адам сүйлөшө алган эмес экен.

Льюис Кэрролл

Льюис Кэрролдун чыныгы аты – Чарльз Лютвиж Додсон. Анын чиркөө берген диакон деген наамы бар, ал өз күндөлүктөрүндө дайыма кандайдыр бир чоң күнөөсү үчүн кудайдан кечирим сурап жазган экен. Ал өлгөн соң анын жашоосуна көлөкө түшүргөн жазууларды үй-бүлө мүчөлөрү жок кылышкан. Кээ бир изилдөөчүлөр аны кылмыштары ачылбаган боюнча калган Жек-мыкаачы деп эсептешкен.

Кэррол безгек, цистит, экзема, артрит, плеврит, кызыл жүгүрүк, уйкусуздук жана мындан тышкары толгон токой оорулар менен ооруган. Башы тынбай катуу ооруп турчу.

“Алисанын” автору техникалык прогресстин эң активдүү колдоочусу болгон, өзү үч дөңгөлөктүү велосипед, адамдардын аттары менен туулган жыл, айларын эске тутуунун өзгөчө системасын, электр калем сабын ойлоп тапкан жана да китептин кырына анын аталышын жазганды биринчи жолу колдонгон. Азыр бардыгы жакшы көрүп ойногон Скрэбл оюнун прототибин иштеп чыккан.

Марк Твен

Марк Твен — Сэмюэл Лэнгхорн Клеменс деген адамдын адабияттагы каймана аты. Андан тышкары анын Селсаяк, Жош, Томас Жефферсон Снодграсс, Сержант Фатом и У, Эпаминондас Адрастус Блаб деген каймана аттары болуптур. Айтмакчы, «марк твен» — навигация жаатындагы түшүнүк, ал деңиз саржаны, “эки жолу өлчө”дегенди билдирет: кемелер жүрүүгө жарактуу тереңдикти дал ошентип аташкан.

Марк Твен, өз заманынын эң бир табышмактуу адамы — ойлоп табуучу Николой Тесла менен жакшы мамиледе болгон. Жазуучу өзү да ал сыяктуу өзүнүн бир нече ойлоп табууларына патент алган.

Ал мышыктарды жакшы көрчү, ал эми кичинекей балдарды көргүсү да келчү эмес экен. Бир жолу улуу жазуучу мындай деп билдиргени бар: “Эгерде мышык менен адамды аргындаштырууга мүмкүн болгондо, адамдардын породасы мындан утушка гана ээ болмок, ал эми мышыктар бир топ уттурмак”.

Твен тамекини тынымсыз тарткан (азыр бардыгынын оозундагы: “Тамекини таштап коюштан оңой эч нерсе жок, мен өзүм миң жолу таштап, миң жолу кайра тарткам” – деген сөз ага таандык). Ал сегиз жашынан баштап, өлөр өлгүчө күнүгө 20-40 сигара чеккен. Ал эң арзан, сасык сигараны тандап алчу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз