О`Шакир: Катарыбыз дагы бир акындан кемиди

  • 21.08.2020
  • 4428

Акын, маркум Зайырбек Ажыматов, (солдон оңго карай биринчи), Олжобай Шакир, акын, маркум Дүйшөн Жапаров, акын Карбалас Бакиров.

90-жылдардан кийинки адабий муундун оозунан түшпөгөн ысымдардын бири Дүйшөн Жапаров эле. Бирок далайыбыз тамшанып окуган ырлары өтө сейрек учурачу. Китебин издеп суй жыгылгандарыбыз болду. Көрсө, бир да жолу китеби жарыкка чыкпаган акын экен. Мунусуна андан бетер таң калганыбыз бар...

Болгону шапалактай альманахка кирген бирин-экин ырлары, гезит бетине чанда бир жарыяланган ырлары менен эле адабий журттун улуу-кичүү мунуна тез эле жайылып кеткен талант экен; кийин түшүндүк буну...

Арийне, саналуу ырлары менен эле баарыбыз аны алп акын катары сөз кылчубуз. Окурман эсинде кыттай уюп калар саптары укмуш болчу:

Алайын десем, көмүр кымбат.
Албайын десем, өмүр кымбат.

*      *      *

Алдуу – акырекке коёт.
Алсыз – акыретке коёт.

*      *      *

Досторум келсе дудукмун...
Досторго барсам кудукмун...

*      *      *

Албасам дагы устакан,
Алганым кырдуу стакан. 

*      *      *

Отурсак жалаң чай менен,
Очоёт төрдө кайненем.

*      *      *

Бүтүндүнү бүлдүрдүк,
Бүт дүйнөнү күлдүрдүк.

Ушул апаздагы эки сап ырлары анда-санда гезитке жарыяланып калганы болбосо, “Баягы Дүйшөн каякта жүрөт?” деп, бирине-бири жолуккан калемдештер Д.Жапаровдун дайын-дарегин сураштырып, айтор, ырлары сыяктуу өзү да сүрмө топ көпчүлүктүн арасынан чанда бир кезигип калчу.

Бир курдай Дүйшөн байке экөөбүз Улуттук китепкананын алдындагы мажүрүм талдардын көлөкөсүнөн кезигишип калдык. Көпкө отурдук. Дүйнөлүк адабияттын таасиринен кеп кылып отурабыз. Бир убакта Уильям Фолкнердин ысымы оозуман чыгып кетти. Анын чыгармаларына кызыгуум артып баштаганын кеп кыларым менен Дүйшөн байке кебимди оозуман жулуп кетти. Мына анан, көрүп ал, мен жөн эле билермансынып сөз баштаптырмын. Уильям Фолкнер тууралуу укмуштарды билет экен ал. А мен Фолкнердин чыгармалары менен жаңыдан гана таанышып баштаган болсом, Дүйшөн байке анын өмүр-таржымалын, ал эмес жазуучунун ар бир кейипкери тууралуу маалыматы жаагымды жап кылды заматта...

Улуу жазуучунун адабий лабораториясынан саймедиреп кирсе болобу. У.Фолкнердин интервьюларынан өйдө калтырбай окуп, көңүлүндө аздек туткан бирден-бир жазуучусу болуп чыкты анысы. Сөз арасында: “Тыйының барбы, курсак ачты. Бирден булочка алып жейли”, – дебеспи. А мен студент экенимди уккандан кийин, кебин кайра улады. Эркиндик паркын бойлой о далайга бастык дагы...

Ошондон кийин көп жылдар бою көрүшкөнүбүз жок. Мен тургай курсташтары, досторуна деле изин таптырбай жоголуп кетме мүнөзү бар экен башынан... Дүңкүйүп киши менен көп аралашпаган Дүйшөн байке адабий чөйрөнүн арасынан да чанда бир кезигип калганы болбосо, аны менен дайыма ийиндеш жүргөн эч кимиси болбоду окшойт...

Бир курдай карп-күрп кезигишип калдык. Өмүрүмдө оозумду ачыра турган окуя болду ошондогусу: 2005-жылдын 24-мартында өлкөдө төңкөрүш болуп, бийлик алмашкан башаламандык күндөрү дүйнөдө жаңылыктан артта калган эң бактылуу адам эле Дүйшөн байке экен дедим.

– Анан Акаевдин ордуна ким келди азыр?! Качып кеттиби ал? – деп аң-таң калган көздөрү тостоёт.

– Йе тобоо! Сиз эмне асмандан жаңы түштүңүзбү?! Өлкөдө эмне болгонун кантип билбейсиз?!

– Айтып берчи анан, эмне болду? Мен үйдөн чыкпасам кайдан угам, телевизор деле көрбөйм... Бүгүн жаңы эле угуп атам элден, шаарга чыгып. Баары эле кеп кылат...

– Тууй, Дүйшөн байке! Кызык экенсиз... – деп анан окуяны чолуп-чолуп ар кай жеринен баштайм. Ал болсо:

– Кызык... кызык, – деп мага ансайын кулагын түрөт.

Окуяны башынан айтып отурсам, Дүйшөн байке дегеле биздин коомдогу соңку жылдардагы окуялардан таптакыр кабарсыз экен. Баландай-түкүндөй саясатчылардын атын атасам, дегеле бирин таанысачы. Жадесе эң белгилүү саясатчылардын атын атасам да:

– Аның ким эле? – дейт.

Суроо артынан суроо... Саясат менен дегеле иши болбоптур өмүрү. Бир орчунду окуяны айтып баштасам же бир ал окуянын тамырына түшүнбөйт. Айлам кеткенде айттым:

– Сиз азыр дүйнөнүн эң бактылуу адамы экенсиз, алдагы башыңызга мусор чогултпаган. Бар болуңуз...

Муну эскерип отурган себебим, Дүйшөн Жапаров ошондо өз жан дүйнөсүн коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө булгабаган жан окшоду... Биздин чуулгандуу турмуштан эбак обочолоп кеткен жанга окшоду... Чулу ойлордун түбүнө чумуп кеткен акын дүйнөсү окшоду...

Тагдыр экен, биринчи келинчегим рактан каза болуп, экинчи жолу турмуш курууга туура келди. Экинчи колуктум – Назгүл менен таанышканымда – Дүйшөн Жапаров бир кезде анын жездеси болгонун уктум. Акыры эки кыздуу болгон кезде ажырашып тынышыптыр. Ошондон кийин катыштары деле болбоптур...

Кийин анан Дүйшөн байкенин инсультка кабылып, ары барып эле кайра келгенин уктум. Жолугуша албай жүрдүк. Анан мындан 4-5 жыл мурда бекен, ыраматылык Зайырбек Ажыматов экөөбүз Карбалас Бакиров агабызды баш кылып алып, үчөөбүз бир күнүбүздү арнамакка; оору менен алышып жүргөн калемдештерибиз Дүйшөн Жапаров менен Мамат Раимжанов экөөнүн ден-соолугун сурап атайы барганган элек. Мамат байкебиз ошондон көп өтпөй өтүп кетти. Анан эле кечээ Дүйшөн агабыз...

Сөзүмдүн соңуна Дүйшөн Жапаровдун береги ыр саптары менен чекит коюудан башка арга жоктой... Себеби бул саптарында анын биз туйбай келген купуя тагдыры, арманы, бугу жашынып жаткандай.

ЧЫН ДИЛИМДЕН

Жармы кулап, жармы асылып калган ай,
Жашоом менин качан толот, арман ай?!
Мелт-калт болгон учсуз жарык дүйнөдө.
Мекен издеп таппай келем жанга жай.

Баш көтөрүп басарымда басындым,
Баш катырып далай таңды атырдым.
Аралынан ажыраган казактай,
Азыр мен да армандуумун, такырмын.

Жаза басып жыгыларда таярга,
Жанда жүрүп, сырым билип аярга,
Музыкада муң-шаттыкты бөлүшөр,
Муктаж экем мен бир изги аялга.

Канат болчу кайкып учар жыргалда,
Кайрат болчу карек эзген ыйларда.
Өктөм жанып, бир кылчайып алармын,
Өмүрүмдөн өтүп кеткен жылдарга.

Жаш көбөйүп баратканы күнөөмбү,
Жарыгыңды чаччы мага күн өңдүү.
Өмүрүмдө баалабадым бакытты,
Өлүп калсам андан бетер күмөндүү.

Эх, кайрандар. Топурагыңар торко болсун!

ДАБА

Жазмышым, басар жолум ачаланды,
Жазыксыз балдар катуу жазаланды.
Атымды ошолорго актап берер,
Аттиң ай, жакшы ырларды жазаламбы?!

Өмүрдү бүт коштогон күйүт менен,
Өзөккө өрт жабышып, күйүп келер
Өздөн да, өзгөдөн да кайыр күтпөй,
Өзүмдү өзүм таштай түйүп келем.

Бир кайгы бир кайгыны улайт тура,
Бир кайрат бир өмүрдү сынайт тура.
Жылмышып багы баштан тайыганда,
Жылдыз да жылт деп төмөн кулайт тура.

Жан кыйын. Өлөйүн деп өлалбадым,
Жашоого отуз жылда көналбадым.
Бай, бардар кишилерди көрүп жүрөм,
Бактылуу кишини мен көралбадым.

Кулундай тулпар чыгаар чыйрак, күлүк,
Кунда жок жылдар калды кыйрап-бүлүп.
Жашоого ошондо да алдап турган,
Жазылган ырлар гана ыйлап жүрүп…

БАЛАЛЫКТЫ ЭСКЕРҮҮ

Калды мектеп «тил угам» деп ыйлаган,
Кыр-кырлардан «кыройлоп» кой жыйнаган.
Кырылгырлар кемип калып кечинде,
Санаа эзип кыйнаган.

Таштап ийип бүт жандилин түрүнүп,
Тапшырманы так аткарган жүгүрүп.
Түндө дайым буту ооруган, эти ысып,
Буту кызыл жүгүрүк.

Балалыгым эске түшөт, сагынам,
Анда жапжаш, атам азыр карыган.
Андагыдай бакыт дагы алыстап,
Мен да атамдай карыгам.

ТИРЛИК

Басылбай бороон болуп боздоп турам,
Баласы өлгөн үйгө окшоп турам.
Кара чаар жылан көргөн түшү сайын,
Качанкы өзүмдү өзүм жоктоп турам.

Бу тирлик карайт мага ыйлачудай,
Былк этсем урап түшүп кыйрачудай.
Баталбай жат-жакынга бараткансыйм,
Чоңоюп жер үстүнө сыйбачудай.

Барбы ыя, бакыт, сүйүү мен издеген,
Барайын Батый кандай жеңиш менен.
Кемедей аман келген сыяктанат,
Алышып ай чапчыган деңиз менен.

КЫШКЫ ДАРАК

Көргөндүн көзүн азгырган,
Көрүнбөйт көркү кечээги.
Акындай калган жакшы ырдан
Билинбейт тирүү экени.

Бириндеп күзгө үзүлүп,
Жолдордо калып чачылып…
Жылаңач нени күтүнүп,
Аязда турат ачынып.

Сестентип жансыз сүрүнөн,
Тамырын жерге ныгырат.
Тааныбай калдым үнүнөн,
Ким кетти экен шыбырап?

БУЛУТТАР

Кошойдун тоосун айланып,
Коюлуп көчкөн булуттар.
Кайыгып турам тагдырдан,
Кайгымды менин унуткар.

Агартып дилиң жубардай,
Ак жамгыр болуп нөшөрлө.
Ат-Башы дайра ташкындап,
Агылсын батпай өзөнгө.

Эскирип кетип баратам,
Эстей жүр байкуш Дүйшөндү.
Соконун тиши тилбесин,
Сен эзип түздө мүрзөмдү.

ЖАЗДЫН ОН БЕШИНЧИ КҮНҮ

Өткөн иштей жакшылыкка арналбай,
Өмүрүмдү өксүткөн бир армандай.
Калды эсимде араң чыккан ушул ыр,
Катуу оорудан аз-аз жерден калгандай.

Токтоо билбей тоону жарган суулардай,
Жакшы өнөргө жаманатты жуугандай.
Кайрат, намыс кайрылууда каныма,
Каран күндө каралашкан туугандай.

Көңүл толуп, көз кубанып жашылга,
Көктү бербей каркыра учат жакында.
Кайра жанып үмүт кургур бүлбүлдөп,
Кам урамын өмүр деген асылга.

Маанайым чак майрам көрүп тургандай,
Мага назик манжаларын сунгандай.
Атаганат, тилегимде дале бар,
Ушул күндөй жашап өтүү булганбай.

ЖАЛГЫЗДЫККА ОН КАЙРЫК

Кыйылганың эл-жер деп,
Кылын чертти сезимдин.
Бийиктигиң – жаштыгың,
Бир боорумдай сезилди.

Калдаясың жапжалгыз,
Калк кайнаган базарда.
Күндөр келди ушундай,
Күлбөй калган жасалма.

Уукпагын тардыктан,
Учсуз аалам, кенен жер.
Жалгыз болот жолдошсуз,
Жаан бузган кеменгер.

Жалгыздык бул – эркиндик!
Жандасын күз, жаз, жай, кыш.
Сапар тарткан ааламга,
Саманчы да жапжалгыз.

Талант болот тапканга,
Канат болот какканга.
Самсып жүрөт жалгыздан,
Сансыз жылдыз асманда.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз