Светлана Добровольская: Тоскоолдуктарды жеңүү жолу

  • 26.11.2023
  • 3304

Биз көйгөлөрдү кандай көз караш менен карайбыз жана аны чечүү үчүн эмнелерди жасабашыбыз керек?

Адатта, мага кайрылган адамдарды жаңы түшүнүк берип, алардын көйгөлөрүн чечүүнүн ачкычын издеп табуусуна шыктандырам. Бирок азыркы учурда убакыт башканы талап кылууда. Маселени чечүүнүн даяр жообун бергенден көрө, максатка жетүүнүн алгоритмин көрсөтүп – жоопту адамдын өзүнүн ички ресурстарын таап, кыйын абалга кабылганда карбаластап калбастан, туура жолду тандоону үйрөтүү маанилүү.

Ошондуктан мен көңүлүңүздөрдү эки жөнөкөй аксиомага бурайын. Жашоого болгон ушул эки көз карашты бекем эстеп калсаңыз, келечекте кандай татаал абалга туш болсоң да, аны чечүүгө сөзсүз аралжы болоруна кепилдик берем.

Сиздерге аксиома деген – бул далилсиз кабыл алынган чындык экенин эсиңиздерге салам. Биз жөн гана бул нерсе ушундай экендигине ишенебиз. Мынткен себебим, мен бул нерсени өз тажырыйбамдан көрдүм. Акылмандар Аалам ушундай иштейт деп айтышат.

Биринчи аксиома – эгерде сизде кандайдыр бир көйгөй жаралса (оорубу, татаал абалбы, дагы башкасыбы, айырмасы жок) демек, сизде аны чечүүнүн ресурсу сөзсүз бар.

Бул жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Эгерде сиз пайда болгон көйгөй менен кошо аны чечүүнүн ресурсу өзүңүздө бар экенин аксиома катары кабылдасаңыз, анда сизде шектенүүлөргө кеткен көп энергияны сактап кала аласыз.

Көйгөй деген эмне? Көйгөй – бул сиздин бактыңызга бара жаткан жолдогу тоскоолдук. Тоскоолдук деген эмне? Бул сиздин жашоо күчүңүздү жылдырбай кармап алган кандайдыр бир окуя, энергия же ой. Тоскоол пайда болгон жерде тыгын жаралат. Денеңизде оору же организмде дискомфорт пайда болот.

Бирок ал сиздин өз энергияңыз, болгону ал энергия сиздин каалооңуз боюнча керектүү жерге жай, бир калыпта агылып баргандын ордуна токтоп, көлмөгө айланат. Эгерде тоскоолдуктар жоюлбаса, ал көлмө жата берип саз болот.

Ошол көлмөгө топтолгон суунун жолун тазалап, туура нукка бура алсаңыз, башкача айтканда, көйгөйдү туура чечсеңиз, ошол эле энергия сиздин жашооңуздун турбинасын айланткан зор күчкө айланат.

Дагы кайталайын – Кудай чече албай турган сыноо бербейт. Эгер сизде маселе жаралса, анын жообу өзүңүздөн сөзсүз табылат. Өзүңүзгө конкретүү арналган жооп бар. Ошондуктан жашоого мындай көз караш менен кароо – жооп бар экенин билип туруп кандай аракет кылуунун жолун издөө – көйгөйдү чечүүгө адаттагыдай шектенүү менен: чече алабызбы, чече албайбызбы, мындан ары кандай болот... деген сыяктуу мамиле кылуудан бир топ эле айырмаланат.

Бул жерде маселе – тандоодо. Эгерде сиз бир нерсени өзгөртөм деп чечсеңиз, демек, сиз өзгөртө аласыз. Эртеби, кечпи, мындайбы, тигиндейби, бирок сизде аракет кылуу үчүн энергия бар. Бул биринчи аксиома.

Экинчи аксиома мындай деп айтылат: эмнеге көңүлүбүздү бурсак, ошол нерсе күчүнө кирет.

Биз көйгөлөрдөн арылгыбыз келгенде, ал жөнүндө көп ойлойбуз. Көйгөйдү ар жак, бер жагынан карайбыз, өзүбүздүн жагымсыз абалыбыз тууралуу ой жүгүртөбүз. Ошентип, өзүбүздүн энергиябызды көйгөйгө багыттайбыз.

Ошондуктан көйгөй пайда болгондо башкача кылгыла. Ал көйгөйдү көргөндө, ал жок болсо кандай жашагыңыз келгенин кенен-кесир сүрөттөп жазгыла, өзүңүздү абалыңыз ал көйгөй болбосо кандай болмогун элестетип көрүңүз...

Сиз кутулгуңуз келген нерсени эмес, кыялыңызда кандай болушун каалаганыңызды жазыңыз. Көйгөйдү позитивдүү көз караш менен өзгөртүп жазыңыз: “Мен өзүмдүн жашоомдо мына мобул нерселерди өзгөрткүм келет”.

Эгерде кандай көйгөй жаралса да, анын ордуна эмнени кааларыңызды ойлоп көрсөңүз, ошол жаралган абалдан чыгуунун ар кандай жолдорун таба аласыз.

Биз көп учурларда эки нерсени чаташтырабыз: бир жагынан – тоскоолдуктардан кантип кутулабыз, экинчи тарабынан – бизди жеңишке жеткирер абалга кантип жетебиз. Тоскоолдуктардан кутулууга аракет кылбай, ошол абалга жетүүгө умтулуу керек. Көңүлдү көйгөйгө бурбай, а өзгөрткүңүз келген абалды оңоп, өстүрүү керек.

Өзүңүздөргө болгон ишенимдин өсүшүн каалайм!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз