Миң чакырымдык жол да алгачкы кадамдан башталат

  • 24.11.2020
  • 4502
  • Кээ бир адамдар 25 жашында эле өлүп калышат, бирок аларды 75 жашка чейин көмүшпөйт.
    Бенджамин Франклин
  • Мен соккунун 10 000 түрүн үйрөнгөн адамдан коркпойм; мен бир эле соккуну 10 000 жолу жасаган адамдан чочуйм.
    Брюс Ли
  • Мектепке өзүңөрдүн билим алууңарга тоскоолдук кылууга мүмкүндүк бербегиле.
    Марк Твен
  • Адам өлөт, улуттар жок болуп кетиши мүмкүн, бирок идея жашай берет.
    Жон Кеннеди
  • Оорусу өтүшүп кеткен коомго үйүр алышып жашоого эч кандай ден-соолугуң жетпейт.
    Жидду Кришнамурти

                            

  • Кээ бирлер кайда келбесин кубаныч алып келет, кээ бирлер кеткен жерине кубаныч тартуулайт.
    Оскар Уайльд
  • Мен өз душманымды досума айлантсам, ошондо аны жеңгеним болобу?
    Авраам Линкольн
  • Жалган нерсени далил менен жокко чыгарыш кыйын, анткени ал акыл-эске таянбаган нерселерге таянат, аны логиканын күчү менен жеңе албайсың.
    Трайон Эдвардс
  • Эгерде кеме кургуң келсе, адам чакырып, долбоор түзүп, шаймандарды камдап убара болбо. Адамдарды деңизге чыгууга кызыктырып, делебелерин ойготсоң, алар кемени өздөрү эле курушат...
    Антуан де Сент-Экзюпери
  • Коопсуздугу үчүн эркиндигин курмандыкка чалган адам, эркиндикке да, коопсуз болууга да татыксыз.
    Бенджамин Франклин
  • Акыркы дарак куурап калганда, акыркы деңиз соолуганда, акыркы канаттуу өлгөндө, акыркы балык жок болгондо, адамдар ошондо гана акчаны жегенге болбосун түшүнөт.
    Индия макалы
  • Коркуунун башаты – сени коркуткан адамдын колунда эмес, а өзүңдүн жүрөгүңдө.
    Халиль Жебран
  • Баардыгы даанышман. Бирок балыкка бакка чыгуу жөндөмүнө карата баа берсек, ал өмүр бою өзүн келесоо сезмек.
    Альберт Эйнштейн
  • Бардыгы күнөөлүү – коомдо, жападан жалгыз кылмыш – бул кармалып, колго түшүү. Уурулар дүйнөсүндө жападан жалгыз катуу күнөө – бул келесоолук.
    Хантер Томпсон
  • Миң чакырымдык жол да алгачкы кадамдан башталат.
    Лао Цзы

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз