
- Кээ бир адамдар 25 жашында эле өлүп калышат, бирок аларды 75 жашка чейин көмүшпөйт.
Бенджамин Франклин - Мен соккунун 10 000 түрүн үйрөнгөн адамдан коркпойм; мен бир эле соккуну 10 000 жолу жасаган адамдан чочуйм.
Брюс Ли - Мектепке өзүңөрдүн билим алууңарга тоскоолдук кылууга мүмкүндүк бербегиле.
Марк Твен - Адам өлөт, улуттар жок болуп кетиши мүмкүн, бирок идея жашай берет.
Жон Кеннеди - Оорусу өтүшүп кеткен коомго үйүр алышып жашоого эч кандай ден-соолугуң жетпейт.
Жидду Кришнамурти
- Кээ бирлер кайда келбесин кубаныч алып келет, кээ бирлер кеткен жерине кубаныч тартуулайт.
Оскар Уайльд - Мен өз душманымды досума айлантсам, ошондо аны жеңгеним болобу?
Авраам Линкольн - Жалган нерсени далил менен жокко чыгарыш кыйын, анткени ал акыл-эске таянбаган нерселерге таянат, аны логиканын күчү менен жеңе албайсың.
Трайон Эдвардс - Эгерде кеме кургуң келсе, адам чакырып, долбоор түзүп, шаймандарды камдап убара болбо. Адамдарды деңизге чыгууга кызыктырып, делебелерин ойготсоң, алар кемени өздөрү эле курушат...
Антуан де Сент-Экзюпери - Коопсуздугу үчүн эркиндигин курмандыкка чалган адам, эркиндикке да, коопсуз болууга да татыксыз.
Бенджамин Франклин - Акыркы дарак куурап калганда, акыркы деңиз соолуганда, акыркы канаттуу өлгөндө, акыркы балык жок болгондо, адамдар ошондо гана акчаны жегенге болбосун түшүнөт.
Индия макалы - Коркуунун башаты – сени коркуткан адамдын колунда эмес, а өзүңдүн жүрөгүңдө.
Халиль Жебран - Баардыгы даанышман. Бирок балыкка бакка чыгуу жөндөмүнө карата баа берсек, ал өмүр бою өзүн келесоо сезмек.
Альберт Эйнштейн - Бардыгы күнөөлүү – коомдо, жападан жалгыз кылмыш – бул кармалып, колго түшүү. Уурулар дүйнөсүндө жападан жалгыз катуу күнөө – бул келесоолук.
Хантер Томпсон - Миң чакырымдык жол да алгачкы кадамдан башталат.
Лао Цзы
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ