Белгилүү адамдардын күлкү аралаш акылман ойлору

  • 22.12.2020
  • 3094

Жылмайгыла, мырзалар, жылмайгыла!
Барон Мюнхаузен

Эң керектүү илим – бул кереги жок нерселерди унутуу илими.

Антисфен Афинский

Теория – бул качан эле бардыгы белгилүү нерсе, бирок эч нерсе иштебейт. Практика баары иштейт – бирок эмне үчүн иштеп жатканын эч ким билбейт. А биз теория менен практиканы бириктирип жатабыз: эч нерсе иштебейт, а эмне үчүн экенин эч ким билбейт.
Альберт Эйнштейн.

Эксперт – бул өз адистиги боюнча көптөгөн катачылыктарды кетирип көргөн адам.
Нильс Бор

Адамдар тагдыр деп жүргөн нерсе, чындыгында алардын жасаган кемпайлыктарынын эле жыйындысы.
Артур Шопенгауэр

Косметика колдонбогон аял, өзүн өтө жогору баалаган аял.
Коко Шанель

Кудайга тобо, мен алигиче атеистмин.
Льюис Бануэл

Эч качан көк мээлер менен талашпагыла. Алардын деңгээлине түшсөңөр, алар силерди өздөрүнүн бай тажырыйбасы менен тебелеп кетет.
Марк Твен

Нөлдөн башташ үчүн, ага чейин өйдө карай сойлоп жетиш керек.
Михаил Жванецкий

Силер тапмайынча, эмне издеп жүргөнүңөрдү билбейсиңер.
Стив Жобс

Өз сулуулугун жакшы билген аял, акыры буга бардыгын ишендире алат.
Софи Лорен

Мүнөздү тарбиялаш үчүн күнүгө жок дегенде эки жолу эрдик жасоо керек. Мен дайыма ошондой кылам: ар бир таңда төшөктөн турам, ар бир кечте уктоо үчүн жатам.
Уильям Сомерсет Моэм

Эгерде жан-дүйнөңүздү бала боюнча сактап кала алган болсоңуз, анда жакшы нерсенин баары алдыда.
Софи Лорен

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз