Мээрим Сайдилкан: Жыныстык тарбия берүүнүн зарылчылыктары

  • 23.12.2020
  • 4808

Бул темада жазуу уулумдун суроосунан башталган. Ал бул суроосун бергенде, болгону 4 жашта болчу. Ал учурда  уулумдун суроолоруна  так жооп бере алган эмесмин. 

“Апа, эмнеге атам “ля-ля” төрөбөйт?”

“Эмнеге аталар бөбөктөрүнө мама бербейт?”

“Эмнеге эжем башкача, мен башкачамын?”

“Сиздин ичиңизге биз кантип кирип алдык?”

“Биз сиздин ичиңизден кантип чыкканбыз?”

4 жаштагы уулумдун ушул өңдүү суроолору азыр 5 жашка чыкканда дагы да тереңдей баштады. Мен дагы уулдарымдын, кызымдын  суроолоруна жооп бере албай калбайын деп окуй баштадым. Алардын суроолоруна атасы экөөбүз тең так жооп бере албай калган учурларыбыз көп. Балдардын “дүйнө, аалам, жылдыз, асман, Кудай, Кудайдын аял-эркекти, балдарды, жандуу-жансыздарды жаратканы” тууралуу суроолору жооп берген сайын көбөйөт. Өзүмдү (ичимден) уулдарымдын, кызымдын жашына коюп: “Мен ушул жашта кандай болдум экен?”, “эмне жөнүндө ойлондум, ата-энеме кандай суроолорду бердим экен?” – деп ойлонгонумда балдарымдын, азыркы балдар бизге караганда алда канча зирек, алда канча акылдуу экенине ынандым.

Мына ушундан улам, ата-энелер 4 жаштан баштап балдарына гендердик айырмачылыктар, жыныстык тарбия жөнүндө маалымат бериши керектигине токтолдум. Алар өздөрүнүн  кыз жана эркек экендигин кабыл алышына, карама-каршы жыныстагы адамдардын кулк-мүнөзүн айырмалай билишине өбөлгө болот. 

Эгер биз ата-энелер балдардын суроолоруна анын жашына жараша туура маалымат берсек, алардын башка булактардан  туура эмес  маалымат алышына бөгөт коёбуз.

Кыргыз коомчулугунда көпчүлүк үй бүлөлөрдө кыз бала сексуалдык маалыматтардан алыс чоңоёт. Анткени, бул тема үй бүлөдө өтө уят темадай кабыл алынып, сүйлөшүлбөйт. Ал эми өспүрүм курактагы эркектер досторунан, өздөрүнөн улуу агаларынан же интернеттен үйрөнүшөт. Бирок бул үйрөнүү жолу учурда эң коркунучтуу экендигин моюндашыбыз керек.

Статистикалык маалыматтарга карасак, 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жеткен. Ал эми жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ жугузгандар 49% түзөт.

 

Бул статистиканы мисал катары бергенимдин себеби, эгер биз ата-энелер балдарыбызга 4 жашынан баштап туура багыт берсек, алар чоңойгондо адашууларга барышпайт. Анткени, ар кандай суроолоруна ата-энесинен жеткиликтүү, так жооп алган балдар башка маалыматтарга муктаждык туюшпайт.

Азыркы 21-кылымдын балдарына 4 жашынан баштап сексуалдык билим берүүнү баштоо керек.

Ал билимди кандай бере баштайбыз?

  • Эгер сиздин балаңыз “жаралышы, эмнеге эркек болуп калгандыгы, кыздан кандай айырмасы бар? Эмнеге кыздардын “чөчөсү жок, меники бар” деген суроолорду бере баштаса, балаңыздын суроолоруна күлүп, сөзүңүздү башкага буруп кетпей, жеткиликтүү жооп бергенге аракет кылыңыз.
  • Ар бир баланын өнүгүүсүнө жараша маалымат бергенди үйрөнүңүз. Анткени, ар бир баланын кабыл алуусу ар башка. 4 жаштагы балдар көбүнчө денесиндеги өзгөчөлүктөргө таң калышат жана ошого жараша гана суроолорду беришет. Туура жообуңуз даяр болсун! Баланын суроосун кийинкиге калтырбаңыз!
  • Балдарыңыз менен сүйлөшүп жатканда өзүңүздөрдүн ар бир кыймылыңыздарга жоопкер болуңуз. Баланын суроолоруна жооп берип жатканда, башка иш менен алектенбей, аларга гана көңүл буруңуз. Ишиңизди балаңыздын суроосуна жооп берген соң жасай бересиз.
  • Көбүнчө аталарга берилген суроого аталар, “апаңдан сурачы” деп коёт, бала кимиңиздерге суроо берсе, ошонуңар жооп бергиле.
  • Балдарыңыздын суроолоруна жинденбей жооп бериңиз. Алар “туура эмес суроо берипмин” деп, өздөрүн күнөөлөшү толук ыктымал.
  • Балдарыңыздарды жынысына жараша кийинтиңиз.
  • Кыргыз коомчулугундагы ким болбосун (чоң атасы, энеси, аяш атасы) уул балага “чөчөңдү көрсөтчү, кел чөчөңдөн өөп алайын, уулум чөчөңдү көрсөтүп койчу” деген сөздөр туура эмес деп ойлоймун. Бул аны кыз баладан жогору көргөндөй сезим калтырат.

Бир мисал келтирейин, менин жакын таанышым, уулунун уулун эркелетип жаткан. “Апчү берчи, уулум. Кана, апчүңдү көрсөтүп койчу, кел, апчүңдөн өөп алайын” деп. Мен анда студент болчумун. 5 жаштагы “апчүсүн (чөчөсүн)” чоң атасына өптүргүсү келбей качып ойноп жүргөн эрке баланын 3 жаштагы карындашы бар эле.

“Чоң ата, менин апчүмдү өп” деп, чуркап барды.

Жанында олтургандардын баарысы каткырып жиберишти.

  •  

Кыздын “апчүмдү өп” деп чоң атасына чуркап барганыбы, же “сенин апчүң жок” деп кызды жетелеп чыгып кеткен апанынбы, же эки небереси карап турганда уул небересин “апчүңдү өптүр” деп эркелетип жаткан чоң атанын мамилеси туурабы?

Ошол убакта 3 жаштагы кичинекей наристе кандай абалды жашады, эч ким сезген жок...

Биздин коомчулукта балдарын ата-энелер кээде өздөрү байкабай, билбей сындырып алган учурлары көп эле болот.

  • Ар бир ата-эне балдарына денесинин өзүнө гана таандык, башкалар аны кармаганга акысы жок экендигин үйрөтүшү зарыл. Кимдир-бирөө баланын денесин кармаганга аракет кылган болсо, анда бала эч нерседен коркпостон, дароо ата-энесине ачык айтышын үйрөтүңүздөр. Учурда кандай гана аянычтуу окуялар болуп жатканына күбө болуп жатабыз.
  •  Ар бир бала кандай гана тема болбосун ата-энеси менен эркин сүйлөшө алышы керектигин билиши шарт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз