Жыныстык тарбиябы же махрам тарбиясыбы?

  • 09.06.2020
  • 5111

Акыркы убактарда балдарга күч колдонуунун көбөйүп жатышы, ата-энелерди “тополоңго” салды. Бирок бул маселе боюнча алдын алгыдай иш-чараларды ойлоп чыгуу тууралуу алиге чейин сөз да жана аны аткаргыдай уюм да жок.

Бир жагынан өлкөбүздүн ар бир жеринде жайылган “рактуу клеткалар” балдардын таза жашоолорун кара булуттай каптап, экинчи жагынан бул маселени туура чечүү үчүн туура жол табылбай жатышы коомчулуктун тынчын алууда. Аны чечүүнүн ордуна тескерисинче, бул маселени барган сайын ырбатып, каралган методдордун көпчүлүгү оң натыйжасын бербей, жагдайды туңгуюкка кептеп жатат.

Ушундан улам балдарга жыныстык тарбия берүү, балдарга күч колдонуу зомбулугунун алдын алат деген изилдөөлөр бул маселенин андан ары күч алышын пайда кылууда. Жыныстык тарбия берүүнүн эң өкүнүчтүүсү - Билим берүү бөлүмүнө чейин бул мыйзамдуу болуп киргизилгени. “Өспүрүм курагында өзгөрүш долбоору” деген ат менен балдарга “жыныстык тарбия” берилиши, маселени дагы да татаалдантты.

Балдарга жыныстык тарбия берүү күч колдонуунун алдын алабы?

Бир топ баланы аудиторияга чогуу отургузуп жыныстык тарбия берүү, күч колдонуу коркунучун алдын алууга, адептүү жана табигый түрдө өнүгүшүнө карата туура метод болуп эсептелбейт. Бала жыныстык тарбияны аз-аздан, кадамдап алышы керек. Жыныстык мамилеге карата эң сак жана аяр болуучу нерсе – баланын руханий жана акыл-эс өнүгүшүнө “абдан кылдат” карап, зарылчылыгы бар “керек болгон гана маалымат” принциби менен тарбиялоо.

Анткени мектепте ар бир баланын жыныстык тарбияны канчалык деңгээлде жана кандай кабыл алаары белгисиз. Ар бир баланын жыныстык тарбиядан алган нерселери ар кандай таасирди калтырат, мына ушуларды байкап, кылдат талдап отуруп, ошого карата мамиле кылуу менен гана илимди пайдалануу маанилүү. Берилген сабактар кээ бир балдарга терс таасир калтырышы мүмкүн. Мисалы, мастурбация кылган балдардын кээси “мастурбация зыяндары” аттуу маалымат берген чогулуштардан кийин кызыга башташын унутпоо керек.

Балдарды чогултуп алып бир аудиторияда берилген жыныстык тарбиянын экинчи терс жагы, мындай чөйрө баланын уялуу сезимин жок кылат. Анткени, жыныстык катнаш ар бир баланын “жеке” дүйнөсү, бул дүйнөнүн купуя сырынын “жалпыга” айтылышы, баланын аз-аздап чектен чыгышына жол ачат. Айрыкча, кадимки эле тарбиянын бир ыкмасы катары бир убактарда сөз кылган бул темалар, бир канча убакыттан кийин жаш достордун ортосунда орунсуз тамаш катары айтылып, тамашалашканга тема катары алардын адепсиз өнөрүнө айланат.

Үй бүлөдө ата-эне балдарынын мугалимден алган маалыматын туура деп ойлосо да, сабак бүткөндөн кийин балдар арасында өздөрү адеп-аклак темасына кайрылып, жыныстык тарбия тууралуу сүйлөшүп, чындыкка жакын болбогон, туура эмес маалыматтарды талдап, бири-бири менен пикир алышуулары керек.

Бул жана буга окшош ондогон себептерди талдаганыбызда, балдарга мектептерде жыныстык тарбия берилиши туура эмес экени ачык эле билинип турат, ушул тарбия ыкмасы туура эмес деп кесе айтаар элек. Жүрүш-турушу бузук жаштарга жасалган тажрыйбалардын жыйынтыгын карасак, көптөгөн балдар бул нерселерди пайдасыз жерге колдонушаары аныкталган. Жаштардын терс жоруктарга барышынын дагы бир себеби, мына ушул жогоруда айтылган убактысынан эрте жана зарылчылыгы жок мезгилде берилген маалыматтардын натыйжасы болуп жатат.

Баладагы күтүлбөгөн жорук жана жугуштуу оору коркунучу

Балдарда жыныстык жактан тарбия берүү алардын жапа чегүүсүн жаратат, ошондуктан алгачкы суроо, мындай иш кандай жол менен чечилиши керек?

Айта кетсек, биринчи жолу 1917-жылы Россияда ишке аша баштаган балдарды жыныстык жактан тарбиялоонун негизги максаты – жашы жетиле элек кыз балдардын арасында күтүлбөстөн боюнда болуп калууну алдын алуу эле. Коммунисттик системанын учурунда Россияда узак убакыт бою жыныстык мамиле кадимки жеп-ичүү сыяктуу табийгый көрүнүш катары каралган болчу. Кыскача айтканда, адам тамак жегенде, суу ичкенде, уктаганда уялбаса, жыныстык мамиледе жашап жатып да уялбашы керек эле. Бирок уялбоо адамга эмес, жаныбарларга тиешелүү сапат эмеспи. Ошондуктан, балалык чагында адамдар жыныстык мамилеге “жакындоо” деген түшүнүктөн алыс болуу керек. Ушундан улам орус жаштарын бир жерге чогултуп, аларга жыныстык мамиле тууралуу сабак өтүшчү. Бирок убакыт өткөн сайын берилген жыныстык тарбия жаштарга терс таасирин тийгизип, коомдо жаңы кыйынчылыктарды жарата баштады.

Физиологиялык жактан эне болууга али даяр эмес жаш кыздар күтүлбөгөн жерден боюнда болуп, түрдүү жыныстык кол салуулар жайыла баштаганда, Россия мындай ишке 1940-жылы тыюу салууга чечим чыгарат. Кийинки жылдарда жыныстык тарбиянын ордуна “Этика жана эстетика” аттуу сабак бериле баштаган. Ошентип, өткөн катачылыктардан аз болсо да арыла башташты. “Этика жана эстетика” сабагынын негизги максаты жыныстык мамиле эмес, “Этика”, кыскача айтканда “адеп-аклак” тарбиясы болчу.

Россияда зыяндуу жактары менен жыйынтыкталып, балдарга карата иштелип чыккан жыныстык тарбия эрежелери бир канча убактан кийин Европада колдонулган. Бирок Европада деле бала чагында эле күтүүсүз боюнда болуп калуу балээлери чыга баштады. Анын үстүнө жаштар жыныстык жугуштуу ооруларга арбын санда чалдыгып, бул акырындап жайылып баратканда, кыйынчылыктардын жыныстык тарбия менен жок болоруна ишеништи.

Адеп-аклак жана этика эрежелерин колдоно келгенде али жеткиликтүү эмес кабыл алынып, балдарды акылдуу тарбиялоону максат кылган иш-чара акыры Туркияга да келди. А негизи Туркиядагыдай нарк-насилдүү коомго жыныстык тарбияга караганда, балага махрам тарбиясы маанилүү болчу.

Жыныстык тарбия менен махрам тарбиясынын ортосунда кандай айырма бар?

Жыныстык тарбия бир топ сандагы балага чогуу берилет. Мындай ыкма (жогоруда айтылгандай) балдардын руханий байлыгынын жок болуу коркунучун пайда кылат. “Махрам тарбиясы” балага жеке берилет. Ар бир балага өз-өзүнчө тарбия берилет, балага гана таандык мүнөз эсепке алынат. Ага тарбия берер адамдык мүнөз эсепке алынат. Ага тарбия бере турган адам – баланын эң жакыны болушу керек, же ага ылайык келбесе, билимдүү адис тандалат. Мындан улам дароо эле: “Балага эң жакын ким болуп эсептелет?” деген суроо туулат. Албетте, жооп төмөнкүдөй болушу мүмкүн: кыз балага махрам тарбиясын берүүдө биринчи орунда “эне” турат.

Ошондуктан апалар кыздарына абдан жакын болуулары, кыздар убакыт өтүп өспүрүм куракка келгенде, зарыл болгон бардык маалыматтарды апаларынан алуулары керек. Ушундан улам апаларга кеңеш берер элек, “абройлуу болом” деп жатып, кызыңар менен болгон сырдашуу байланышын жок кылып албагыла. Кыз балдарга махрам тарбиясын апасы жок болсо, улуу эжеси, таэжеси, атасынын бир тууган карындашы “жол көрсөтүүчү” болушу керек.

“Эркек балдар менен махрам тарбиясына келгенде кандай болушу керек?” деген суроого келгенибизде, эркек бала менен кыз баланын ортосунда айырма өтө чоң. Анткени, эркек балдарга махрам тарбиясында алгачкы тарбия берген адам “ата” болбойт. Эркек балдар өспүрүм куракка келгенде, аталары менен болгон мамиледе түшүнбөстүктөргө барышат. Ушундай түшүнбөстүктөрдөн кийин, ата баласын маңдайына отургузуп алып махрам тарбиясын берүүсү туура болбойт. Анын үстүнө эркек балдар аталары менен “махрам” темаларында сүйлөшүп жатканда, атасынан тартынат.

Эркек балдар бул темага байланыштуу маалыматты атасынан алган учурда уялышат. Эркек бала менен атасынын ортосунда “нарктуулук” жана “уяттуулуктун” чек арасын кармап турган көшөгө, атанын эркек баласына “махрам тарбиясын беремин” деп жатып ачылып калышы ыктымал. Ошондой эле абасы (атасынын бир тууганы) менен агасы да, бул темада жаш өспүрүм менен сырдашуусун кеңеш кылбайбыз. Мына ошондуктан, махрам тарбиясында эркек балага жакын таякеси болушу мүмкүн же жакын туугандарынын (таежелеринин улуу курактагы балдары) арасында бала менен эркин сүйлөшө алган, суроолорун уялбастан бере турган эркек адам болушу шарт.

Бул жерде төмөнкү нерсенин алдын сыза белгилеп кетер элек:

1. Баланын кандай маалыматка кайсы курагында даяр болгонун кылдаттык менен карап, көңүл бурбаса жана маалымат берүү чегинен ашып кетсе, жүрүш-турушунда терс жактар пайда болот.

2. Жыныстык тарбиянын негизги максаты – балдарды адашуудан коргоо, экинчи жагы – жыныстык мамиленин туура жолго салынышы керектигин үйрөтүү... Махрам тарбиясынын негизги максаты – жыныстык мамиленин махрам тема экенин жана үй бүлө куруудан мурун айрыкча кыз баланын намысы биринчи орунда турарын түшүндүрүү.

3. Бир топ балдарга берилген жыныстык тарбияда жалпы маалыматтар сунушталат да, жеке адамга тиешелүү жактары каралбай, алардын туура эмес жактарына токтолбостон, үстүртөдөн гана каралып калат. Ал эми махрам тарбиясында, жеке сүйлөшүү болгондуктан, баланын ошол убакка чейинки же ошол кездеги маселелери, кетирген кемчиликтери кененирээк каралат.

4. Жыныстык тарбиянын балдарга жалпы берилиши балдардын жеке өздөрүнө гана багытталат. Махрам тарбиясында, бала менен катар ата-эне да тарбияланат.

5. Жыныстык тарбиянын негизги пайдубалы болуп “жыныстык эркиндик” каралат. Махрам тарбиясынын негизги максаты – сый-урмат чегинен чыкпашы, табийгый мыйзам ченемдүүлүктөн алыстабоо.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз