Роза Айтматова: Ата-баланын ийгиликтери

Биздин үйбүлөнүн мүчөлөрү негизинен “декабристтер”

Алар кышында, декабрь айында төрөлгөн дегеним го. Кыргызда айтат эмеспи, кышында жарык дүйнөгө келген балдар, бекем, чыйрак, чыдамкай адам болушат деп. Апам Нагима Айтматова 7-декабрда 116 жашка чыкмак. Атам Төрөкул Айтматовдун туулган күнү белгисиз, ошондуктан биз анын туулган күнүн апамдыкы менен чогуу белгилейбиз, 7-декабрда атама 117 жаш болмок. Чыңгыз Төрөкулович 12-декабрда - 92ге, эжем Люция Төрөкуловна 15-декабрда 86га чыкмак. Ал эми экинчи агам Илгиз Төрөкулович Айтматов 1931-ж. 8-февралда төрөлгөн. Ал дагы кышында  төрөлгөн, бир  айдан кийин  туура  90го чыгат.

Дээрлик бир кылым! Бул тууралуу ойлоп отуруп, мен алардын өмүр жолун эстейм жана алардын тагдырларына коомдун өзгөрүшү менен бирге кандай гана көп сыноолор туш келгенине таң калам. Жакшысы да болду, жаманы да, бирок баарын туура түшүнүп, көтөрө билишти.

Апам жөнүндө

2004-жыл, декабрь айы. Анда Чыңгыз агам Бельгияда элчи болуп иштеп, үй-бүлөсү менен Брюссель шаарында жашап турган мезгили. Илгиз акем Чыңгыз агасына телефон чалып  мындай дейт: “Түндө апам түшүмө кириптир. Ал кадимкисиндей  жөнөкөй, сыпайы,  биз жөнүндө  кам көрүп жатыптыр. 7-декабрда апамдын туулган күнү эмеспи. Көзү тирүү болсо 100гө чыкмак...”

Чыңгыз акем ошол эле күнү Илгиз инисине факс аркалуу апабызга арналган иш-чарада менин да сөзүмдү окуп койгула деп кат жазат:

“...  Биринчиден, Илгиз иниме  боорукерлиги, сезимталдыгы жана чыныгы  ыкласы  үчүн чоң  ыраазычылыгымды билдирем.

Илгиз, сени менен сүйлөшкөндөн кийин, аргасыз, биздин балалыгыбыз эске түштү, өзүм эчак эле аксакал болуп калсам дагы. Сталиндик репрессиянын кандуу тираниясынын ошол коркунучтуу күндөрүндө апабыз Нагима бизди апааттан сактап, чоңойтуп, тарбиялап адам кылды.  Биз төрт бала элек. Мен – эң улуусу, 1937-жылы 9 жашта элем, Илгиз – 6, Люся – 3тө . Биз  элден чыгып, куугунтукка кабылып калган кезде Роза 5 айлык ымыркай эле. Апабызга таазим, ал бизди ушул абалга жетилтиш үчүн кандай эрдикке, акылмандуулукка ээ болушу керек эле. Жана  эң негизгиси, анын энелик  милдетин ыйык көргөнүн, үй-бүлөсүнө берилгендигин эч нерсе менен баалап, таразалай албайсың. Биздин жашообуздагы жана биздин тагдырларыбыздагы, анын ичинде окуп, алган  билимибиз дагы, баардык жакшы нерселер анын эмгегинин жана тайманбастыгынын аркасында ишке ашты. Ал абдан боорукер жана жардамын эч кимден аябаган кайрымдуу адам эле. Эгерде ушул мыкты сапаттардын үрөнү бизде өстүрүлгөн болсо, анда бул үчүн апабызга ыраазычылык билдиришибиз керек.

Баардыгы үчүн апама  рахмат!

Апабыз Нагима Айтматова жөнүндө көп, көп нерсе айтыла элек. Балким, бир күнү  мен биздин үй-бүлөбүз,  энебиз жөнүндө китеп жазганга отуруп, ошондо айтыла элек нерселерди толуктармын... Мен дагы көп нерсени айта алмакмын, анткени биздин жашообуз болуп өткөн, азыр болуп жаткан, эсибизде бар  жана сакталып калган нерселерди  толугу менен чагылдырат.
Чыңгыз Айтматов”

Тилеке каршы, Чыңгыз акем катта белгилеп кеткендей апам жөнүндө чыгармасын жазганга  үлгүрбөй калды. Бирок оюн билдирген ушул кыска текст биздин да апабызга болгон сезимибизди туюндурат.

1937-жыл,  Шекер айылы, Дүйшөндүн мектеби.

Менин оюмча "Биринчи мугалим" повестинен окурмандар Дүйшөн агай биздин айылдын четинде, адырда ачкан биринчи мектептин тарыхын билишет болуш керек.  Мектеп менен айылдын ортосунда кичинекей дарыя агып өтчү жана ал аркылуу көпүрө салынган.  Биздин үй-бүлө 1937-жылдын 31-августунда Шекер айылына келет да, апам балдарды мектепке окууга алып барса, аларды албай коюшат, “эл душманынын” балдарын окутпайбыз деп. Чыңгыз бул жөнүндө өмүрүнүн аягына чейин унутпаса керек.  2008-жылы сүйлөшүп отуруп сөздөн сөз чыгып мындай дегени эсимде:

- Эртең менен биздин жээндерибиз Байызбек менен Жапарбек эрте туруп, даярданып, мектепке жөнөшөр эле. Биз иним экөөбүз дагы чогулуп, китептерибизди алып, алар менен кошо мектепке жөнөйбүз. Бирок көпүрөгө жеткенде суунун берки жээгинде  калабыз. Ал жерде  ойноп, бир туугандарыбыз  мектептен чыкканда, алар менен мектептен келе жаткансып чогуу үйгө келебиз. Бир жолу дарыя жээгинде ойноп отурсак, бир аксакал ат минип бара жатыптыр. Кыргыздарда аксакалдарга биринчи болуп салам айтышыбыз керек экенин билебиз да. Биз учураштык. Ал алик алып, бизге кайрылды:

- Кимдин балдарысыңар? – деп. Биз  фамилиябызды айттык. Ал кайра  сурады: - Эмне үчүн силер  мектепте эмессиңер? – деп.

Биз араңдан зорго ыйлап жибербейли деп:  

- Бизди кабыл албай коюшту, -дедик. Анда ал:

– Окугуңар келеби? -  деп сурады. Көз жашыбызга муунуп, жооп бере албай,  башыбызды гана ийкедик: - Ооба, ооба, окугубуз келет.

– Капа болбогула. Окуйсуңар,  – деп бастырып кетти. 

Анан ошентип окуп калдык.

Биздин үй-бүлө жездебиз Досалы жана эжебиз Карагыздын үйүндө жашап жаткан мезгили. Алардын Жапарбек деген уулу Чыңгыздан кичүү жана Илгизден улуу. Үчөө дайыма чогуу ойношот. Жездем балдарды эмгекке тарбиялайын деген окшойт. Үчөөнө үч кетмен карматып, үч жөөк картошкага коёт да, ким биринчи жөөктөгү картошканын түптөрүн үйүп чыгат деп мелдеш жарыялайт. Ишти кандай аткарыш керегин көрсөтүп берет да өзү чарбактагы башка жумуштарга алаксып кетет. Мелдешке түшкөн үч баланын ичинен биринчи болуп Чыңгыз жөөгүнүн аягына чыгат да, отуруп алып китеп окуй баштайт. Экинчи болуп Жапарбек чыгат. Ал комуз черткенди үйрөнүп жүргөн мезгили экен (кийин биздин айылдын эң мыкты комузчусу жана ырчысы болгон, Опера жана балет театрында да ырдап калды, К.Чодронов аткарган арияларды аткарчу эле), комуз кармалап отуруп калат. Илгиз болсо отоо чөптөрдү жоготуп,  жерди жумшартып, жезде үйрөткөндөй жумушту тырышып аткарып жатып артта калат. Анан Досалы жезде тиги балдардын аткарган жумуштарын текшерсе, алардыкы халтура болуп калат, отоо чөптөрүн өлтүрбөй эле, көмүп коюп кете беришиптир. Аларды кайра иштетип, жумуштарын оңдотүп, анан үчөөнү катарга тургузуп:

– Илгиз биринчиликти алды! - деп жар салат. – Силердин ичиңерден бир эле Илгиз чыныгы большевик (СССРдин большевиктер – коммунисттик партиясынын мүчөсү) боло алат деп жыйынтык чыгарат. Бул  жеңүүчүнүн сыйлыгы эле. Эмне кыласың, ар бир мезгилдин өзүнүн баалуулуктары бар. Ушул мелдеш жөнүндө Илгиз ушу күнгө чейин унутпай күлүп айтып берет бизге.

Согуш, Согуштан кийинки оор жылдар

1942-жыл. Согуш... Колуна курал кармай алган эр-азаматтар фронтто, жумушка жарагандары “рабочий армияда” мамлекеттик курулуштарда иштеп жүрүшөт. Айылда карыялар, аялдар жана балдар калган. Ошондо өспүрүм балдар чоң кишилердин жумушун аткарууга мажбур болушкан. Биздин апабыз Жийде колхозунун бухгалтер кызматына орношуп, биз ал жерде жашап калдык.  Чыңгыз болсо Шекерде Карагыз апамдын колунда калды, анткени ал биздин айылдын сельсоветинде иштеп калат.   Ошентип ал 14 жашында мектептеги окуусун таштап, Шекер айылынын сельсоветинин катчысы болуп иштейт.

Илгиз болсо, жездем жакшы эле үйрөтүп койгон экен, тамаркасындагы огородду өзү бакты, анан дагы  12 жашынан  мектеп менен параллель Жийде колхозунун  почточусу болуп иштеди. Согуш мезгилинде почтольон  кызматы өтө маанилүү болгон, ал айылдыктарды фронт менен байланыштырып турган адам  эле. Азыркы интернетке көнүп калган жаштар үчүн бул түшүнүксүз болушу мүмкүн.  Илгиз почточулугун  кылдаттык менен аткарчу: айылдыктардын фронтко жазган каттарын чогултуп, аларды райондун борборунда жайгашкан почтага алып барып өткөрүп, андан соң солдаттардан келген үч бурчтук каттарды алып келип адресаттарга таратып берчү. Андан башка дагы багуучусун жоготуп алган үй-бүлөлөргө бир айда бир жолу берилчү акчалай жөлөк пулдарын алып, айылдык кеңешке өткөрүп берчү.  Күзүндө суук түшүп, дарыяны кечип өтүүгө болбой калганда,  колхоз Илгизге карып калган бир арык ат берет.  Эртең менен ал ат менен  Талас суусун кечип өтүп, почтага каттарды өткөрүп, атты почтанын короосуна байлап коюп, мектепке барып окуйт. Анан сабактар бүткөндөн кийин кайра почтага келип айылга келген  корреспонденцияны алып, Жийдеге кетет.  Ошол мезгилде болгон бир окуя жөнүндөгү Илгиз акенин  эскерүүсүн келтирейин:  

- Бир жолу, баягыдай эле мектептен кийин почтого келдим. Айдын аягы болчу, элдин карбарбасын беришти. Ал акчаны кокусунан жоготуп жибербесин деп, апам купайкенин ичине атайын чөнтөк тигип берген. Ошол жашыруун чөнтөккө ал акчаны бекем каттым. Анан атымды минип алып Талас суусунун кечүүсүнө жеткенде, алдыман бир түрү суук орус  киши чыга калды. Ал кезде тоодо согушка баруудан жашырынып жүргөн качкындар болор эле. Ошолордун бири окшойт, азып-тозгон, курсагы ач окшойт.

– Ай, жашабагыр, токто,- деп кыйкырып мени көздөй жулунду.

Мен коркуп кеттим: жанымда акча бар... Бирок дезертир алсыз экен. Мен атты кечүүгө буруп жетиштим. Анда ал мени көздөй таш ыргытып кирди. Бир таш атка тийип кетти. Эмне болгонун билбейм, жаныбарым күчкө кирип, аркы өйүзгө заматта чыгарып салды мени. Андан соң суудан чыккандан кийин бир-эки кадам шилтеп эле жээкке кулап калды. Дезертир болсо аркы өйүздөн кыйкырат:

- Бери кел жашабагыр, кармасам өлтүрөм сени... Суранам, нан берчи, ачкамын...

Наным болсо жана эле бермекмин, бирок апам сумкага салып берген загра нанды мектепте курсагым ачканда жеп койгом. Атым болсо жыгылган бойдон дем берди... Эми мунун баарын айтып бериш үчүн колхоздун башкармасына  бараттым...  

Мындан башка дагы ушуга окшош учурларды башынан көп өткөрдү Илгиз, бирок кыйынчылыктарга карабай өзүнүн милдеттерин абдан так жана тырышчаактык менен аткарды.

1945-жыл, 9-май. Жеңиш... Жийде айылынын колхозчуларынын жалпы жыйналышында Илгиз жана апам Нагима  “1941-1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда корукта аткарган каарман эмгеги үчүн” медалдары менен сыйланышат.

Илгиз Айтматов

... Анан апам балдарына, согуш учурунда иштеп бердиңер, рахмат, эми тынчтыкта жакшы жашап кетиш үчүн окууңарды улантып билим алгыла дейт.

Ошентип 1945-ж сентябрь айынан баштап агаларым апамдын сөзүн эки кылбай, Покровка айылынын мектебинен окууларын улантышты. Ал мектепке жетиш  үчүн Таластан кечип өтүш керек болчу, ал эми суук түшкөндө төмөн жакта, Жайылган айылынын тушундагы көпүрөдөн өтүп барышар эле. Ал бир топ алыс жол болчу.

Белгилүү болгондой,  ал кезде колхоздо иштегендерге эмгек акысын күзүндө, түшүмдү жыйнагандан кийин дан түрүндө беришчү эмеспи. Апам, Чыңгыз, Илгиз үчөө  иштеп тапкан эгиндин бир бөлүгүн Жамбулдун (азыркы Тараз шаары) базарынан сатып, табылган акчага эки баласына кышкыга деп кийим, анын ичинде  эки өтүк алып берет.  Аны балдарга берип жатып:

- Этиятап кийгиле, – деп акыл айтат.

Илгиздин 75 жылдык мааракесин белгилеп жатканда,  Чыңгыз акем өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып жатып, бул окуя жөнүндө мындай эстеген жери бар.

– Роза, сен өзүңдүн “Тарыхтын актай барактары” деген китебиңде,  апамдын бизге өтүк алып бергенин  эстеп кетиптирсиң. Ооба, апам базардан алган өтүктөрдү бизге берип жатып, муну сактап этияттык менен  кийгиле, эмки түшүмгө чейин дагы алып бере албайм деген. Ошондуктан  Илгиз экөөбүз мектепке бара жатканыбызда көпүрөгө чейин жылаңайлак, өтүктөрдү ийинибизге арта салып жетебиз,  көпүрөдөн өткөндөн кийин бутубузду сууга чайкап алып, кийип алабыз да андан ары мектепке өтүкчөн барабыз. Окуудан келе жатканда көпүрөгө чейин өтүкчөн келебиз, андан соң кайта чечебиз да жылаңайлак үйгө чейин жетебиз. Биздин оюбузча ушундай кийсек, анда өтүктөрүбүз бир далайга чыдап берет. Муну биз алдын ала сүйлөшүп алганбыз.  Бирок бир күнү адаттагыдай көпүрөгө жеткенде карасам, Илгиз өтүгүн үйдөн эле чыкканда кийип алыптыр.

- Апама сөз бербедик беле, өтүктү кышка чейин сактап кийебиз, сен эмне үчүн кийип алдың? - деп ачууландым. Анда ал:

- Мен жадап бүттүм бул өтүктү көтөрүп жүрүп, анан суук да болуп калды, үшүп калып жатам,-  деди.

- Накта суук кышында болот, анда  эмне киесиң? - деп бир-эки жолу  муштап жибердим. Чынымды айтсам, ошондо  инимди өмүрүмдө бир жолу урдум эле. Ошол үчүн андан кечирим сурайм, - деди эле ошондо Чыңгыз акем.

Чынында эле кийин мен алардын урушканын бир да жолу укпадым да, көрбөдүм.

Агаларымдын окуп билим алганы

Ал түгүл Чыңгыз акем 1949-жылы Илгиз Москвада биринчи курста окуп баштаганда,  Россиянын кычыраган суугунда үшүп калбасын деп, жогорку стипендиясынан (Сталиндик стипендия) үнөмдөп, темир жол вокзалынан жүк, көмүр жүктөп  иштеп тапкан акчасына жылуу куртка сатып алып, аны ага  посылка менен жиберген.  Анан үйгө (Покровкага) келгенде бизге мындай деп айтып бергени эсимде:

- Ал куртканын чөнтөктөрү көп экен, ички, көкүрөктөгү жана сырткы эки жагындагы чөнтөктөр. Ар бир чөнтөккө 10 сомдон акча салып койдум. Улам, кокусунан чөнтөккө колун салса эле акча чыкса, таң калып сүйүнөт болуш керек... – деп күлүп айтып берди эле.

Ошентип Чыңгыз аке Айыл чарба институтун 1953-жылы аяктагандан кийин  Мал чарба эксперименталдык фермасында 1956-жылга чейин иштеди. Андан соң  Дүйнөлүк Адабий Институттун жогорку адабий курсуна окууга өттү. Ал курска өтүш үчүн жазган өтүнүчүндө “... мен адабий билим деңгээлимди тереңдетүүгө муктажмын” деп жазат. Чын эле  адабий курстан кийин анын чыгармачылыгы бийик деңгээлге жетип, өзү кадыр-баркка бөлөндү. Ал жөнүндө окурмандар билет деп ойлойм.

Ал эми Илгиз Төрөкулович болсо Покровка мектебинин  7-классын аяктагандан кийин Фрунзеге барып “Автожол” техникумуна окууга өтүүнү чечет. Айтып коюш керек, Покровка орто мектебинде иштеген мугалимдер абдан билимдүү жана мугалимдик милдеттерин терең түшүнгөн, мыкты адамдар эле. Алардын кээси Россиянын борборунан сүргүнгө айдалып келгендерден болсо, көбү Кавказдан депортацияланып келгендер эле. Илгиз Төрөкулович математика мугалими Мамчуев Магомет Азретовичти көп эскерет.  Ал талапты абдан катуу койгон мугалим болгон, математиканын негиздерин абдан жакшы  окуткан. Илгиз мектепке документтерин сурап барса Мамчуев каршы болуп бербей коёт жана апаңды ээрчитип кел, мен аны менен сүйлөшөм дейт. Апама, сиздин балдар орто мектепти аяктап анан Жогорку окуу жайында окуш керек дейт.

- Сиздин балдар илимге жөндөмдүү, бул бир жагы, анан экинчиден булар жогорку билимдүү адистерден болбосо  кийинки жашоосу кыйын болуп калат, - деп апамды ынандырат (өзү да биздин үй-бүлөнүн абалында болуп турган киши кеңешин айткан окшойт). Ошентип Илгиз 10-классты алтын медаль менен бүтүрөт, бирок медалды бербей коюшат. Себебин айтышпайт.  Андан кийин ал Москвадагы  Геологиялык – Чалгындоо (МГРИ-Московский геолого разведочный институт) институтуна өтүп окуйт.  Анда  да эң жакшы окуп, аяктагандан кийин Кыргызстанга уран иштеп чыгаруучу рудникке жумушка жиберишет.

Билимин андан ары өрчүтүш үчүн Илгиз Москвадагы Илимдер Академиясынын “Тоо кен” институтунун аспирантурасына өтүп кандидаттык диссертациясын жазып жактайт.

Баса, ошондо окуп жүргөндө анын башынан өткөн дагы бир оор окуяны айтып кетпесем болбойт. Ал жөнүндө өзү мындайча эскерет. « 1957-жылы мен аспирантурада окуп жүргөндө илимий изилдөөлөргө байланыштуу Донбасстын шахталарына барууга туура келди. Эртең менен чемоданымды көтөрүп, жатаканадан чыгып,  көнүмүш адатымча, жатакананын почта жашигин карадым. Мага апамдан кат келиптир. Аны дароо окуганга шартым болгон жок. Поездге кечигип калбайын деп, катты чөнтөгүмө салдым да вокзалга шашылдым. Вагондогу купеге орношкон соң, ыңгайлашып отуруп алып, апамдын катын окуй баштадым. Катта апам атамдын тагдыры жөнүндө жазыптыр. Мен мындай кабарды күткөн эмесмин.   “... Балам, кайрат кыл. НКВДдан атаң 1938-жылы каза болгон деген маалымат алдык. НКВДга өзүм бардым. Колума өлгөн жери - белгисиз, өлгөндүгүнүн себеби - белгисиз деген кагаз беришти. Эч күнөөсү жок болгондугу үчүн акталыптыр. 20 жыл бою бизди алдап жүрүшүптүр...”

Бул кабарды окуп алып, абдан жаман болдум: бүт денем дүркүрөп, көзүм караңгылап... ичимен өзөгүм  өрттөнгөндөй болду. Дем жетпей жүрөгүм кысылды. Вагондун тамбуруна атып чыгып, денемди таштап, көз жашымды төгүп турдум. Атамдын тагдырын ойлоп тамбурда канча турганымды да билбейм. Жолдон кичинекей станциядан бир кемпир түшүптүр биздин вагонго. Аны да  байкабаптырмын. Ал мени канча карап турганын билбейм:

- Балам, түрмөдөн чыктыңбы? Өңүң кер-сары, кебетең сумсайыңкы болуп турат,- деди .

 – Жок, -деп кыска жооп бердим. Демим кыстыгып, сүйлөй албай тургам.  Мени кемпир саясий камактан чыккан го деп боору ооруган окшойт. Ал кезде атамдай болуп саясый статьялар  менен камалган миңдеген кишилердин абактан бошоп жаткан кези болчу.

– Кайрат кыл, жаш экенсиң али, баары алдыда. Көрөсүң, сен бактылуу болосуң,-  деди мени аянычтуу карап. Кичине жеңилдей түштүм, жакын киши кайрат айткандай болуп.

Анан Донбасста жүрүп, апамдан алган катка жооп жаздым:  “...Апа, Сиздин жазган катыңыздан атам жөнүндө кабарды билүү мага абдан оор болду. Жыйырма жыл өтсө да атамдын тирүү экендиги жөнүндө күдөрүмдү узгөн эмес элем. Атамды эл душманы дегендерге мен эч качан ишенген эмесмин... Апа, баарыбыздан да сага кыйын болду. Бирок сенин чыйрактыгың, карандай мээнетиң менен бизди адам катарына коштуң. Мунун өзү ат көтөргүс эрдик эмей эмне! Сен коом алдында, үй-бүлө алдында өзүңдүн энелик жана жарандык парзыңды аягына чейин, мыкты аткарган адам катары, зор сыймык менен башыңды бийик көтөрүп жүрүүгө тийишсиң. Мен, башка бир туугандарым сыяктуу эле өткөндөрдү эстегенде сага башымды ийип, таазим кылбай коё албаймын... ”

Каттын экинчи бөлүгүндө өз кесибиме байланыштуу маселелер боюнча апам менен ой бөлүштүм. Мен Донбасстын шахталарында иштетилип жаткан техникаларды, аны иштеткен жаш адистерди көрүп  аябай кызыкканымды айттым. Биздин Кыргызстандын шахталарында да ушундай жаңы техника, технологиялар колдонулса кана. Андай техникаларды колдоно билген адистерди даярдаш керек, бирок аны ойлогон жетекчилер жок. Биз тоолуу өлкөбүз, биздин өнүп-өсүшүбүздүн бир багыты тоо кендерин иштетүү деген ой-пикирлеримди апама айттым. 

Менин эсимде, бул  каттын ушул жерин окуганда апам: “Кыргызстан дегенде күйүп-бышкан, атасын тарткан айланайыным-ай!” – дегенин Роза карындашым эскерип айтты эле.

Илгиз Айтматовдун илим жаатындагы жетишкендиктери

1985-жылы Илгиз Төрөкулович "Орто Азиядагы кен чыккан жерлердин геомеханикасы" деген темадагы доктордук диссертациясын  ийгиликтүү коргойт. Кийинчерээк тоо тектеринин механикасы жаатындагы жигердүү иштер Илгиз акеме тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү, тоо тектеринин басымын контролдоо, тоо тектеринин жарылышынын алдын алуу жана башка көптөгөн маселелерге байланыштуу бир катар ойлоп табууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ал бизге өзүнүн ойлоп табууларынын  маңызын төмөнкүчө түшүндүрөт: “Көптөгөн шахтёрлордун жана проходчиктердин (жер астынан казып өткөөл чыгаруучу адис жумушчу) жашоосу биздин илимге көз каранды. Тоо тектеринин механикасын терең изилдөө гана тоо соккусу (горный удар) сыяктуу коркунучтуу кубулуштарды алдын ала айтууга мүмкүндүк берет. Менин ачылышым ушул кубулушка байланыштуу. Тоолор ар кандай тоо тектерден турат, алардын   геомеханикалык абалы разработка (кен казылып жатканда) учурунда бузулат жана көбүнчө тоо соккусу кубулушунун  коркунучу пайда болот. 

Тең салмактуулукта бул тектер жарылуу коркунучун жаратпайт. Бирок аларга тектоникалык кыймылдар же механикалык аракеттер таасир этсе (кендерди иштетүү учурунда), тоо соккусу, б.а. геодинамикалык жарылуу пайда болот. Биздин институтта тоо тектеринин чыңалуусун өлчөп, тоо соккусу боло турган жерди  болжолдоого мүмкүнчүлүк бере турган  приборлор иштелип чыккан.  Алардын жардамы менен коркунучту жөнгө салууга болот. Бул шахталарда, штректерде (тике жер үстүнө чыгуучу жолу болбогон, капталдатып барып кен алуучу разработка), штольняларда (кендин иштелип жаткан ордуна карай жер үстүнөн кирген жантайма жол)  иштеген адамдардын ишин коркунучсуз кылууга мүмкүндүк берет”.

Илгиз Төрөкулович башында турган окумуштуулар иштеп чыккан бул приборлор  жана алардын изилдөөлөрүнүн натыйжалары  СССРдин республикаларында жана чет өлкөлөрдө кеңири таркап колдонулду. Бул илимий изилдөөлөр үчүн И.Т. Айтматов 1984-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына, ал эми 1989-жылы СССРдин алдыңкы геомеханик илимпоздору менен биргеликте “Руда кендерин жер астынан казып алууда тоо басымын контролдоо методдорун түзгөндүгүнө жана жайылткандыгына”  байланыштуу   илимий разработкалар цикли үчүн СССРдин илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бул совет адамдары үчүн эң жогорку сыйлык болгон.

Кыргызстанда, коңшулаш республикаларда, Сибирде, Уралда, Карелияда  тоо-кен иштерин жүргүзүү учурунда тоо тутумунун (горный массив) абалынын өзгөрүшүн изилдеп, Илгиз Төрөкулович, анын окуучусу Тажибаев Кушбакали менен биргеликте 1998-жылы "Тоо тектериндеги калдык чыңалуулардын секирик түрүндө бошонуу кубулушу” деген илимий ачылыш жасашты. Бул ачылыш  техногендик процесстердин таасири астында пайда болгон тоо соккуларынын жана индукцияланган жер титирөөлөрдүн очокторун баамдоого жана прогноздоого жаңыча көз караш берди. Ачылыш Эл аралык илимий ачылыштардын авторлорунун Ассоциациясынын жана Россиянын табигый илимдер академиясынын диплому менен тастыкталды. Кыргызстанда бул илимий изилдөөлөрдүн бүткүл тарыхындагы экинчи ачылыш болду. "Көптөгөн шахтёрлордун жана проходчиктердин (жер астынан казып өткөөл чыгаруучу адис жумушчу) жашоосу биздин илимге көз каранды. Тоо тектеринин механикасын терең изилдөө гана тоо соккусу сыяктуу коркунучтуу кубулуштарды алдын ала айтууга мүмкүндүк берет.

Менин ачылышым ушул кубулушка байланыштуу. Тоолор ар кандай тоо тектерден турат, алардын геомеханикалык абалы разработка (кен казылып жатканда) учурунда бузулат жана көбүнчө тоо соккусу кубулушунун коркунучу пайда болот.  Тең салмактуулукта бул тектер жарылуу коркунучун жаратпайт. Бирок аларга тектоникалык кыймылдар же механикалык аракеттер таасир этсе (кендерди иштетүү учурунда), тоо соккусу, б.а. геодинамикалык жарылуу пайда болот. Биздин институтта тоо тектеринин чыңалуусун өлчөп, тоо соккусу болор жерди  болжолдоого мүмкүнчүлүк бере турган  приборлор иштелип чыккан.  Алардын жардамы менен коркунучту жөнгө салууга болот. Бул шахталарда, штректерде (тике жер үстүнө чыгуучу жолу болбогон, капталдатып барып кен алуучу разработка), штольняларда (кендин иштелип жаткан ордуна карай жер үстүнөн кирген жантайма жол) иштеген адамдардын ишин коркунучсуз кылууга мүмкүндүк берет.

Ата-бала

Эскерүүлөрүмдү жыйынтыктап жатып, атам Төрөкул Айтматовдун  ишмердүүлүгүнүн айрым учурлары жөнүндө эскерип кетким келет. Ал ар кандай мамлекеттик жана партиялык кызматтарда иштеди. Ошол эле мезгилде коомдук иштерге да активдүү катышкан. Мисалы,  Кыргызстандагы биринчи басмаканаларды (республикалык гезит, журналдарды) түзүүгө катышкан. Аларда жарыяланган көптөгөн макалалардын автору болгон жана макалаларды орус тилине которгон. Ошондой эле эл агартуунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон (анда калктын 95% сабатсыз болгон).

Жыйырма алты жашында атам өнөр жай министри жана Кыргыз АССРинин Эл чарба Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Кыргызстан тоолуу өлкө экендигин жана анын иштөө мезгили өлкөдө индустриялаштыруу жана биринчи беш жылдык кызуу жүрүп жаткан мезгилге туш келгени белгилүү. Ошондуктан, ал тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн негизин салгандардын  биринчилеринен болгон.

Атам аз жашады,  жаш кезинде набыт болгон, бирок уулдарына үлгү боло алды. Анын уулдарынын өлкөнүн жашоосунда, анын пайдубалын түптөп, биздин жаш республикабыздын өнөр жайын жана агартуу тармагын (биринчи басмаканаларды негиздөө, газета-журналдарды чыгаруу жана аларга макала жазуу) өнүктүрүүдө иштегендиги таң калыштуу. Мен кээде уулдарынын тагдырында гендер жана анын оор тагдыры роль ойногон деп ойлойм. Чыңгыз Төрөкулович менен Илгиз Төрөкулович эң жөнөкөй айылдык мектептерде окушкандыгына, согуштун айынан толук окуй албай калгандарына карабастан, алар ошол жерде билимдин жакшы негизин алышкан, мындан тышкары алар ар дайым максаттуу иштеп, иш-аракеттеринде жакшы натыйжаларга жетишкен. Чыңгыз дагы, Илгиз дагы атасынын ысымын ар-намыстуулук менен сактап, ал сыяктуу өзүлөрүн элине жана мекенине кызмат кылууга арнашты. Бул көрүнүш алардай ата-бала менен  сыймыктануу сезимин пайда кылбай койбойт.

Мен дагы бир туугандарымдын иш-аракетинин жалпы мүнөзүнө токтолгум келет. Совет адамдарынын көптөгөн муундары Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын окуп, алардын  гуманисттик идеяларына сугарылып адам катары калыптангандыгы белгилүү. Ал эми анын чыгармачылыгы түбөлүктүү “Канткенде адам уулу адам болот” деген  идеяга багытталганы белгилүү. 

Илгиз Төрөкуловичтин ишмердүүлүгү өнөр жай, технологиялар  менен байланыштуу болгонуна карабастан, ал да гуманисттик мазмунга ээ болгон, ал карьерлерде же шахталарда иштеп жаткан шахтерлордун коопсуздугун камсыз кылуу маселесин чечүүгө багытталган.

Илгиз Төрөкулович  2021-жылдын 8-февралында, бир айдан кийин  90 жашка чыгат.  Ал техникалык илимдердин доктору, УИАнын академиги,  тоо аймактарындагы табигый жана табигый-техногендик катастрофалардын комплекстик изилдөөлөрү  жаатында көрүнүктүү адис. Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Эл аралык биографиялык борбор (Великобритания) тарабынан Илгиз Төрөкулович Айтматовдун ысмы ХХ кылымдын 2000 көрүнүктүү адамдардын тизмесине киргизилген.   

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз