Саясатчы шайлоону, жөнөкөй жаран келечекти ойлонот

  • 11.09.2023
  • 5706

Башкаларды ээрчигендердин изи калбайт.
С.Л.Браундон

*     *     *

Саясий жана аскердик  жеңиштерге жеткениңиз менен  экономикалык жеңишке жете албасаңыз, жеткен жеңиштериңиз кыска убакытта жок болот.
Ататүрк

*     *     *

Менин эки  көйнөгүм бар. Бирөөсүн майрамга, бирөөсүн ишке кием.
Тургут Өзал

*     *     *

Каргыштан, балким  мыкаачылыктан өлкө жок болуп кетиши мүмкүн.
Низамүлмүлк

*     *     *

Адамдар алданганын ишендирүүгө караганда, аларды  алдоо оңой.
Эдуард Вильде

*     *     *

Саясат – саясатчыларга ишенүүгө болбой турган олуттуу маселе.
Чарльз Даугелле

*     *     *

Саясатчы шайлоону, жөнөкөй жаран келечекти ойлонот.
Жеймс Кларк

*     *     *

Ката кетирүү – сыноо,  катасын башкаларга жүктөө – саясат.
Вилли Ваучер

*     *     *

Саясатта эч бир маселе кокусунан болбойт, баары пландаштырылат.
Франклин Рузвельт

*     *     *

Кечээги кийимиңизди бүгүнкү күн кургатпайт.
Сулейман Демирел

*     *     *

Саясатчылардын бою, жүзү ар башка, бирок сөздөрү, ойлору бирдей.
Теодор Рузвельт

*     *     *

Саясатчынын сүйлөгөнүнөн эле кандай үй бүлөдө тарбияланганын билүүгө болот.
Бернард Шоу

*     *     *

Саясатчылар бардыгы бирдей. Реформа кылууга убада беришет. Шайланган соң убадаларын реформалашат.
Леонид Сухоруков

*     *     *

Саясатчылардын бир орунда узак мөөнөткө калуусундагы эң маанилүү фактору – шайлоочунун эс тутумунун начардыгы.
Вилл Рогерс

*     *     *

Саясат чындыкты жашырып жалган сүйлөө эмес, чындыкты өзү каалагандай бурмалоо.
Уюнистон Черчилль

*     *     *

Дүйнө жүзүндөгү  саясатчылардын баары дарыя жок жерге көпүрө салабыз деп убада беришет.
Никита Хрущев

*     *     *

Кээ бир адамдар партияларын принциптери үчүн алмаштырса, кээси партия үчүн принциптерин өзгөртөт.
Уинстон Черчилль

*     *     *

Принципсиз саясат, абийирсиз көңүл ачуу, жеңил жеткен байлык, билимдүү, бирок ээрчиме адамдар, адеп-ахлаксыз ишкер, адамзаттын сүйүүсүн эң төмөнкү деңгээлге түрткөн илим, чектелген дин жөнүндө  түшүнүктөр бизди артка тартат.
Маххатма Ганди

*     *     *

Эгер калпты үзгүлтүксүз  дайыма айта берсеңиз эл ишенет. Элди жалганга ишендирүүнүн сыры – калпты дайыма кайталап туруу.
Адольф Гитлер

Кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз