Михаил Булгаков: Саясат маданиятка дайыма оппозиция

  • 23.11.2020
  • 3356

Эч качан жана эчтемке сурабагыла! Эч качан жана эч нерсе, айрыкча, сизден күчтүүлөрдөн сурабаңыз. Өздөрү сунуш кылып, өздөрү баарын беришет!

*      *      *

Ким сүйсө, сүйгөн адамынын жазмышын кошо бөлүшөт.

*      *      *

Бакыт ден соолук сыяктуу: анын барын бар экенинде байкабайсың.

*      *      *

Кайрадан жаңылануу – эмне деген былжырактык! Жаңылык, аруулук бирөө гана болот – ал биринчи жана акыркы. А эгерде балыктын эти кайрадан жаңыланса, бул анын бузулуп кеткенин билдирет!

*      *      *

Эч жакка шашпаган адам гана баарына үлгүрөт.

*      *      *

Чындыкка азап тартуу менен гана келесиң... Бул анык, сабырыңыз жам болсун! Бирок чындыкты билгениңиз үчүн төлөшпөйт, бир тыйын да беришпейт.

*      *      *

Жарыкта эки гана күч бар: долларбайлар жана адабият.

*      *      *

Жашоодо каардуу адамдар жок, болгону бактысыз адамдар бар.

*      *      *

Саясат маданиятка оппозиция болуп турганда, жазуучу саясатка дайым оппозицияда болот.

*      *      *

Ооба, адам ажалдуу, бирок бул кырсыктын жарымы гана болмок. Анын кээде капысынан ажалдуулугу жаман, фокус мына ушунда!

*      *      *

Кол жазмалар өрттөлбөйт.

*      *      *

Сиз күрмөсүнө карап баа бересизби? Эч качан андай кылбаңыз. Сиз жаңылып калышыңыз, оңбогондой жаңылышып калышыңыз ыктымал.

*      *      *

Сен экөөбүз дайымкыдай эле эки башка тилде сүйлөшүп жатабыз. Бирок мындан улам биз сүйлөшкөн нерселер өзгөрүп кетпейт.

*      *      *

Ким бул дүйнөдө туруктуу, түбөлүк сүйүү жок деди? Ким болсо да тилин кесип салгыла!

*      *      *

Өзүңөр билесиңер, документи жок адамга жашаганга тыюу салынат.

*      *      *

Биздин денелерибиз жана иштерибиздин көлөкөсү да калбаган маалда жылдыздар кала беришет.

*      *      *

Кимге карата болбосун, эч качан кылмышка барбагыла. Карылыкка таза колдор менен жеткиле.

*      *      *

Факты – дүйнөдөгү эң өжөр нерсе.

*      *      *

Революциялык жүрүш бул – бир саат жүрүп, эки саат тике туруш.

*      *      *

Туура түшүнгүлө, тил чындыкты жашырып коё алат, а көздөр эч качан жашыра алышпайт!

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз