Англиялык саясий ишмер Маркиз Галифакстын насыйкаты

  • 26.04.2020
  • 4111

Акыл жетишпеген жерде, бардык нерсе жетишсиз.

♦ ♦ ♦

Коогалаңдуу заманда ачык айтылган ой, аны айткан адам үчүн кооптуу.

♦ ♦ ♦

Кандай гана мыкты партия болбосун – бул топтошкон адамдар улуттун калган бөлүгүнө каршы уюштурулган арамза оюнчулар.

♦ ♦ ♦  

Эркиндик үчүн күрөштө жеңген эл, жаңы эч нерсе деле утпайт. Жаңы бийлик төбөлдөрү гана алмашат...

♦ ♦ ♦

Кокустуктарга караманча жол бербеген адам көп учурда бардык нерсени айныксыз туура жасайт, бирок ал көп нерсени деле жарытпайт...

♦ ♦ ♦  

Келечекти көрө билүүнүн мыкты жолу – мурда болуп өткөндөрдү эстөө...

♦ ♦ ♦

Келечекти көрө билүүгө жөндөмдүү адамдын белгиси – бул анын мыкты эс-тутуму...

♦ ♦ ♦  

Кудай адамды ишенчээк кылып жараткан себеби, динчилдерге оңой алдансын деген окшобойбу.

♦ ♦ ♦  

Дин жөнүндө талаш-тартыштар көп учурда эки эркектин ортосундагы катын талашкандай кеп.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз