Бернарда Шоунун жашоо тууралуу тикенектүү ойлору

  • 27.10.2023
  • 4880

Менин тамашалоо ыкмам – чындыкты айтуу. Дүйнөдө мындан күлкүлүү эч нерсе жок.

♦ ♦ ♦

Бул дүйнө көп акчалуу болууну кыялданган жалкоолор менен болор-болбос акча үчүн иштөөгө даяр келесоолордон турат.

♦ ♦ ♦

Адамдар өзүнө тиешеси жок нерселерге кийлишкенди баарынан жакшы көрөт.

♦ ♦ ♦

Табият – боштукту сүйбөйт: адамдар чындыкты таппай калган жерде, анын ордун ушак-айың ээлейт.

♦ ♦ ♦

Жалгыздыкты көтөрө билүү, андан ыракат ала билүү – бул өзгөчө чоң жөндөм.

♦ ♦ ♦

Эгерде бакытты издеп жүрүп ага акыры жетсең, анда көз айнегин издеп, акыры тапкан кемпир сыяктуу – ал дайыма эле мурдуңдун үстүндө болгонун байкайсыз.

♦ ♦ ♦

Менин атак-даңкым – жолум болбой, кырсыктаган сайын өсүп жүрүп олтурду.

♦ ♦ ♦

Адам — кирпич сыяктуу: бышкан сайын катуу болот.

♦ ♦ ♦

Жашоо өзүңдү табуу үчүн эмес, өзүңдү жасоо үчүн берилет.

♦ ♦ ♦

Эми биз куш сыяктуу асманда учканды үйрөндүк, балык сыяктуу сууда сүзгөндү үйрөндүк, үйрөнө элек бир эле нерсе калды: жер бетинде адам сыяктуу жашаганды үйрөнсөк, атаганат!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз