Дилазык: Өзүңдү жоготпо

  • 16.01.2021
  • 3609

Бир күнү багбан өз бакчасына келип, андагы өсүмдүктөрдүн соолуп баратканын көрүп таң калды. Ал эмне болуп кеткенине түшүнбөй, мунун себебин изилдей баштады.

Көрсө, Дуб жанында өсүп турган Кызыл карагайдай бийик жана сулуу болгусу келгенинен улам соолуй баштаптыр. Кызыл карагай Жүзүм сыяктуу мөмө байлагысы келгенинен ушундай абалга кабылганын айтты, ал эми Жүзүм, Роза гүлү сыяктуу гүл ачкысы келген экен.

Багбан капа болуп, чоң ташка барып олтурду да, таш түбүндө кадимкисиндей жыпар жытын айланага буруксутуп өсүп турган Ромашкага көзү түштү. Ал андан эмне үчүн соолубай турганынын сырын сурады.

– Мен жөн гана өзүмдүн Кызыл карагай эместигимди, канча аракет кылсам да Жүзүм же Роза боло албасымды түшүндүм. Ошондуктан алардай боло албай калдым деп кайгырып олтуруп соолуп калгыча, татынакай Ромашка боюнча кала берүүнү туура таптым, – дептир.

Өзүңдө жок нерсеге капа болуп, бирөөлөргө көз артпай жашаганга аракет кыл. Андан көрө өзүңдүн жакшы сапаттарыңды бөпөлөп өстүрсөң, бактылуу турмушка сөзсүз жетесисиң.

Өскүлө, өнүккүлө. Бирөөлөргө көз артпай, кенен болгула.

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз