Арабызда болгондо куттук айтып турмакпыз

  • 14.01.2021
  • 8216

Чын-чынына келгенде бул эскерүүнү жазуу, жазбоо тууралуу бир топ ойлондум. Катардагы мендей бирөөнүн эскерүүсү канчалык маанилүү деген ой болгон. А бирок сизге тиешелүү бардык нерсе, бардык көз ирмем маанилүү болуп турган ушул тапта сизге тиешелүү эскерүүнү жазбай коюу одоночулуктай туюлду.

Анын үстүнө көөдөндөгү ой, көкүрөктөгү туюм жан дүйнөгө тынчтык бербечүдөй. Бассам-турсам сиздин ырларыңыз кулакка жаңырып туруп алды, сиз тууралуу айтчулардын баарын менден башкасынын баары айтты көрүнөт. Анын баарын кайталап айтууга негиз деле жок. Болгону башкалар жазбаган, башкалар эскербеген мага таандык эскерүүнү жазып коюу инсандык парз экенин туйдум. Анда кеп башынан болсун.

Ооба, сиз менен бетме-бет кезигүү оюмда түк жок эле, а бирок бул тээ балачактагы кыялдарымдан болгону ырас. Кичинемден негедир төкмөлүктү жакшы көрүп, сыналгыдан калтырбай көргөнгө далбас урчумун. Бир убактарда бейшемби же жума күнү беле, айтор жуманын бир күнү саат кечки 22:00  чамасында айтыш боло турган. Ал кезде баштапкы класстарда окучумун. Айтышты чоң апамдар үзбөй көрүшчү, мен да аларга кошулуп көрчүмүн.

Эстесем, чоң апамдар бир да айтышты калтырбай көрүшчү экен. Айтышты кадимкидей күтүп, башталгыча деп курсак тойгузуп, эшиктеги жумуштарды жасай салып, айтор айтыш бүтөрү менен жуп жатып калганга даярданчубуз. Баарыбыз салынган жууркандардын үстүнө жабыла отура чоң апам, чоң таенемдин (чоң апамдын апасы) маасыларын тартып берип чечип, алар болсо түйүлгөн чачтарын бошотуп өрүшүп, айтор мен кошула жалпыбыз айтыш башталар убакты ашыга күтчүбүз. Айтыш башталды дегенде бири-бирибизди шашыла чакырып сыналгыга тигилчүбүз.

Дал ошол убак сизди, сиздей залкарды тааный баштаган мезгил экен. Эс кирип, акыл токтотуп калганда, сиздин ким экениңизди жакшылап аңдадым. Ошондон тарта сиз катышкан бардык айтыштарды калтырбай зарыга күтчү экенмин азыр ойлосом. Кийинчерек деле «Төкмө келсе төр бошот» берүүсүн ар бейшемби күнү бала чактагыдай даярданып көрө албасам да, калтырбоого аракеттенчүмүн. Айтор тирилик менен болуп ар бир айтышыңызды угуп, көргөнгө  мүмкүнчүлүгүм болбосо да кайдыгер эмес элем. Ичимен сизге, сиздин талантыңызга болгон сый-урматым күч эле. Ырларыңызды сүйүп уккан күйөрмандардын катарын толуктаар элем. Негедир сиздей залкарга жолуксам деп тилек кылчумун. Кудай жалгап журналисттик кесипти аркалап калганыма байланыштуу сиз менен жолугуп сүйлөшүүгө чоң мүмүкүнчүлүк болду. Сизден маек алаардан эки ай мурун Назира эжеден (Назира Айтбекова) маек алганда сизди сунуштап, бирок ал киши оңой менен колго тийбейт, карматар бекен деп күлүп калды эле.

Чындыгында сиз тууралуу эскерүү-эссе жазуу оңой болгон жок. Анткени сиз өлбөй турчу адам элеңиз. Бир жыл мурун жаңы жыл күнү маектен соң түшкөн береги сүрөттү көргөн сайын, сиздин жалган жашоону тыштап кеткениңизге ишене албайм. Сүрөттү карап олтуруп ошол күн кадимкидей көз алдыма тартылат. Буга чейин сизден маек алып маңдай-тескей отуруп баарлашууга ак-эткенден так этер элем. Сиздей залкар менен болгон кезигүү да кокусунан болду. Адаттагыдай эле иш үстүндө телефон кармап олтуруп ватсапты ачып калдым. Ватсаптагы статустардан сиңдим (сиңди-курбум деп коём) Айперинин статусунан Агайды көзүм чалды. Дароо эле Айпериге жаздым, «агай ооруканадабы, качан чыккыдай, маек бере алат бекен, бир сурап көрчү» деп. Алтын сиңдим дароо эле тактап сурап берди. Агайым ырас маекке макул болгон экен.

31и күнү келсин дептир, дароо барам дедим. Айпери, эртең менен тамчылатма алат, анан үйүнө кетет, 10го дейре келип калыңыз деди. Ушул жерден менин Элмирбек агайга жолугуп, маек алып калуума түздөн-түз себепкер ушул Айпери кыз. Эмгеги зор, интернетке байма-бай чыгып кеткен ооруканадагы видеону да ушул кыз тарткан, мен кош бойлуу болгондуктан түшкөн эмесмин тартынып, кийин интернетке бул видео>>>> чыгып кеткенде көп тааныштар сурап жүрүштү, «үнүңөн тааныдык, сенби» дешип.

Анан эле капыл-тапыл каргашалуу кабар уктум... Сиздей кыргызга аба-суудай керек зор таланттан айрылганыбызды эшиткенде; талантыңызды сыйлаган адам катары ичим эңшериле түшкөндөй болду. Дароо эле сиз менен болгон кездешүү эсиме түштү. Кыргыз элин тыштап кеткениңизге ишене алган жокмун. Себеби сиз өлбөй турган адам элеңиз. Ошол себептүү бир жыл бою сиз тууралуу эскерүү жазганга даабай жүрдүм...

Сизге жолукчу күн декабрдын 31не дал келди. Адатта бул күнү баарыбыз майрамга кам урат эмеспизби. Бирок мен биринчи планга сиз менен болгон маекти койдум. Таң эрте шашыла даярданып баштадым, өзүм жүктүү болгондуктан баарын жакшы эле эрте даярдаганга аракет кылдым. Жолугушуу мурдатан айтылгандай 10дор чамасына белгиленген. Өзүм жүктүүмүн, анан жанымда 5 жашар кызым, колумда компьютер, маектен соң жумушка өтмөкмүн. Кызымды ойготсом турбайт, аны менен алышып жатып убакыт өтүп кетти, Айпериге байланыштым, ал тыбырчылап: «Ииий, эже... эртелеңиз азыр кетип калат, мен тамчылатманы азайтып коёюн», – деди. Ичимден ыраазы болуп, дароо такси кызматына чалдым. Таксиге отурарым менен «байке, болушунча тез айдаңыз, канчалык бат барсак, мага ошончо жакшы», – дедим. Ошентип зуулдап алып жөнөдү. Ичимден кыпылдап баратам кетип калбагай эле деп. Айпериге чалсам албайт, сарсанаа болгонду айтпа. Оорукананын так кире беришине токтотту тиги таксист байке. Компьютерди асынып, кызымды жетелеп жөнөдүм. Айпери өзү байланышып тосуп алды, дароо эле агай кете элекпи дедим. «Сарсанаа болбоңуз, тамчылатманы азайтып койгом, палатасында», – деди. Ичимен кымыңдап кызымды медайымдардын бөлмөсүнө калтырдым. Кош кабат болгонго демигип чыктым, анын үстүнө тепкич менен чыккангабы... тердеп да кеттим. Бир аз демимди басып, Айперини ээрчип агай жаткан палатага кирип бардык. Агай керебетте тамчылатмада жаткан экен. Жылуу учурашып, жайдары тосуп алды. «Убакытты созбоюн, агай, сизди да кармабайын... дароо эле маекке өтсөк», – дей салдым агайды колдон суурутуп жиберчүдөй.

Шашып келгенгеби, айтор жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй согуп, негедир сүрдөдүм. Агайдын жай-баракат бир калыпта, мээримдүү сүйлөгөнүнөн кийин мен да тынчтанып бир калыпта суроо-жооп маекке өттүк.

Жанынан биринчи ирет көргөнгөбү, айтор агайдын жүзү мага өтө нурлуу көрүндү. Маек учурунда анын бирде баладай баёо, бирде карыядай нускалуу, ошону менен катар атадай мээримдүү мүнөзүн баамдадым. Анан да анын өтө токтоо жана сабырдуулугуна баа бердим. Ар бир суроого дыкаттык менен шашпай, сөздү кымаптап жооп берип жатты. Агайдын текеберденбей өтө кичипейил жөнөкөйлүгүнө таң бердим. Агайды тажатып жиберүүдөн айбыгып кыска-нуска суроолорду даярдап баргам, агай болсо такыр шашкан жок, жайбаракат, шашпай чечиле сүйлөп берип узун маекке өттүк. Ортодо чыйпылыктап суроо берип жиберип, кайра өзүм уялып кеттим. Анткени агай баардык суроого шашпай, кылдаттык менен ар бир сөзүн баса белгилеп, ар бир суроого токтолуп, толук, жада калса ашыгы менен жооп берип жатты. Оюмда эптеп бир сааттай убактысын алсам дегем, жок, биздин сүйлөшүүбүз эки саатка чамалады. Өзүм ичимден кудуңдап коюп олтурдум. Анткени агай канчалык көп сүйлөп берген сайын ошончолук дем-күч алгандай болдум. Бара-бара сөзүн бөлбөөгө, ар бир айткан кебин жөн гана баш ийкеп, кулак түрө кунт коюп угуп жаттым. Агай ушунчалык мээримдүү, коңур үнү менен жайбаракат тейде сөзүн уланта берди. Ал ортодо тамчылатма да түгөндү. Айпери кыз бир эки ирет келип видеого тартып кеткенге да үлгүрдү. Чындап агай ушул күнү аябай ачылып сүйлөп бергендей болду. Көп нерседен кеп козгодук.

Интернет айдыңында эң көп таралып, анын «акыркы кайрылуусу» аталышындагы видео да дал ушул маектен үзүндү болчу... Анда жаңы жыл алдындагы каалооңуз, сөзүңүз деген элем... Өзүңүздөр көргөндөй, ал видеодо эң маанилүү нерсени айтканы бар...

Маек арасында агайда бийликке болгон ушунчалык нааразычылык бар экени билинди.

- Нурзада, мени эмне ойлонтот билесиңби? – деди агай үшкүрүнүп... – Ушул ата-бабадан калган керемет жерди, алардын каны менен, тери менен келген ата-мекенибизди кимдерге тапшырат экенибизди, кимдин колуна тапшырарыбыз кооптуу болуп турат... мына ошол ата-мекенибизди  кимдерге таштап, ал эми өзүбүз кайда тентип кетебиз... мен мына ушуга кейийм, түйшөлөм... – деген эле...

Анан кетип баратканда өзү жаткан палатасанын терезеси ак үйдү карап турат экен, «Нурзада, келгендер менден маанай кандай деп эле сурашат, мен айтам аларга, тиги терезени карасам маанай чөгөт да, бул жакты карасам... – деп Айперини көргөзүп, – маанай көтөрүлүп кетет, – деп тамаша-чыны аралаш ошенткени эсимде.

Азыр ойлосом, ооруканада жатса да эли-жеринин тагдырын ойлоп кейип жүргөн экен. Коштошуп жатып агайга атайы ала барган сүлгүнү бердим, агай жаш балача уялып, «белек алып келген сиздей журналисти биринчи көрүшүм, – деп ыраазычылыгын билдирип, – кызыңыз кайда?» – деп мени менен коридорго кошо чыгып мени менен, кызым менен сүрөткө түшүп, аман-эсен көз жарып ал деп акбатасын берип узаткан эле.

Интервью алып болгон соң ооруканадан кеттим, ал күнү ичим-ичиме батпай кубанып жүрдүм. Жумушка барып да айтып түгөтө албайм.

Ошол ошол болду, маек жаңы жыл, андан соң эс-алуу күндөрүнө ылайык келип калгандыктан январь айында чыкты. Ал ортодо байкуш агай Айпериден бир-эки ирет маектин качан чыгаарын сураган экен. Коштошуп жатканда биздин сайтта баардык нерсе бурмаланбай берилерин айтканымда абдан кубанган. «Бул жагы жакты, болбосо айрым сайттар сен сүйлөбөгөн нерсени деле сүйлөтүп коюшат», – деп нааразы болгон.

Маек даяр болуп жибергенимде, ыраазычылыгын билдирип, бурмаланбай, так даана, биз кандай сүйлөшсөк ошондой берилиптир дегени эсимде. Кийин телефон, ватсап аркылуу кабарлашып турдук. Ар таңда ак батасын жиберип турар эле. Агайдын ак батасынан соң кадимкидей дем-күч алып калчумун.

Туулган күнүндө ватсаптан: «Кутман күн, Ардактуу Асыл Инсан! Уюткулуу улуу элдин улуу уулусуз! Кыргызымдын таалайына, багына жазылган керемет жансыз! Сизди ушул элге белек кылган ата-энеңизге ыраазычылык! Жарык дүйнөгө келген күнүңүз кут болсун, ага! Башыңыздан бак-дөөлөт кетпей, аман болуңуз! Ден-соолугуңуз бекем болуп, пайгамбар жашка жетиңиз! Бекеринен атыңыз Элмирбек деп эл үчүн коюлбаган чыгаар! Эл уулусуз! Сиздей талантты тартуулаган Жаратканга шүгүр! Бар болуңуз, Заманыбыздын залкары Элмирбек ага! Дагы бир жолу туулган күнүңүз куттуу болсун! Терең урматым менен Нурзада Кубанычбекова»,- деп жазып жибергем, «Рааах—мааат» деген сөзү менен жылмайган быйтыкчаны жиберип койгон экен. 

Ээх Ага, азыр арабызда болгондо куттук айтып турбайт белек...

Анан эле мен да иш менен болуп анын үстүнө ай-күнүм жакындап калганга өзүм менен өзүм болуп, агайга жазып коём деп эле эстен чыгып кетип жатты. Анда-санда Айпериден ал-ахыбалын сурап турдум. Анткени агай ооруканага келип тургандыктан, ал экөө сүйлөшүп турчу. Бир жолкусунда Айпериге «Бая күнкү Нурзаданын белегин да жаныма илип колдонуп атам»,- деген экен, ичимен абдан ыразы болдум, дагы да болсо жөнөкөйлүгүнө суктандым.

Айпери экөөбүз дайыма байланышта болуп тургандыктан, ич ара агайды бир жерге чайга чакырып батасын алып, сыйлап койсок деген изги тилегибиз бар эле, жана айтып өткөндөй, өзүм оорлошуп тургандыктан аны бираз кийинкиге жылдырган элек. Ошентип тирилик менен болуп агайдан кабар ала албай калдым, ии баса бая кездешүүдө мен коштошуп жатып агайга тамашалап, «эгер уулду болсок, сиздин ысымыңызды ыйгарсак уруксат бересизби», – дегеним эсимде... Агай жылмайган боюнча жаркып узатып калган. Кийин Айпери сүйүнчүлөп, кыздуу болушту десе атын Аяна койбойбу деп айткан экен. Туугандардын кыздарынын аттары болгондуктан, кызыбызга агайдын Аруузатына окшошуруп, Арууназ деген ысым ыйгардык.

Эки сааттай созулган баарлашууда Агайдын керемет дүйнөсүнө кирип чыккандай болдум эле, жан дүйнөм толуп, таланттын керемет кептерине муюп кайткам... Маектин жүрүшүндө агайга бир топ эле суроо бергенге үлгүрдүм, арасынан төмөндөгүлөрү өтө өзгөчөдөй сезилди:

«- Агай тирүүлүктүн маңызы эмнеде деп ойлойсуз?

- Тирүүлүктүн маани-маңызына чынында бүткүл дүйнөнүн акылын чөнтөгүнө салып жүргөндөр дагы так кесе жооп айта алган эмес. Бул эми кудайга гана таандык нерсе.  Жеке менин өзүмө тирүүлүктүн мааниси, менин өзүмө арналган нерсе бар да, ошого арналып жашап тынымсыз бир да мүнөт алаксып кетпей, ошондой жашап өтсөм арманым жок. Анан өмүрдө эч ким максатына толук аягына жеткен эмес, Напалеон да, Чыңгыз хан да, Айтматов да жеткен эмес. Кыскасы, максаттын аягына жетип, мына мен максаттын аягына жеттим деген нерсе жок экен. Бирок бакыт эмнеде? Бакыт - жаркын максатка бара жатып өлүүдө!»,- деп улам улам баса белгилеп айтканыңыз бар. Ушул сөзүңүз абдан жакты эле. Кийин маектин аталышын дагы ушундай бердим. Сиз чындап бакытка балкыган инсан экенсиз, өзүңүз да жаркын максатка бара жаткан тейде кете бердиңиз...

«- Кеп нугун негативден бир аз башка өңүткө бурсак, кайрадан жашоого жаралып калсаңыз кайсы жолду тандамаксыз?

- Мен жашоого кайра келсем, мен ушул өзүмдүн аркалап жүргөн кесибимдин, алып жүргөн өнөрүмдүн толук барк-баасын убагында сезип, бардыгын токсон, жүз пайыз жакшы асырадым, алып жүрдүм, өстүрдүм деп айта албайм. Моюнума алайын, өкүнүчтөрүм, өкүттөрүм, атаң гөрү ай... мындай кылганымда болмок экен, мына мынча убакытты, ушунча жаштыгымды уурдаткан экемин, ошону башкачарак жасайт элем деген өкүнүчтөрүмдүн барынын негизинде, эгерде кайрадан мага тандоо берсе жараткан, эми андай болбойт, ошондой болуп калса мен кайра эле ушул жолумда, ушул өнөрүмдө, ушул кесибимде болгум келет»,- дегенсиз. Бир керемет укмуш болуп, кайрадан жашоого жаралып калсаңыз эмне!?.

Эээх... оор үшкүрүк... Ким билиптир ошондо сизден айрылаарыбызды... Сизди дал ушундай жансыз маектерден эскерип калаарыбызды... Сиз менен баарлашып, бетме-бет кез келип, омоктуу ойлоруңузду угуу мага да насип эткен экен, бул жагынан менде арман болбостур... Эмне дейм эми, айла жок, арман дүйнө...Жараткан бейишиңизди берсин, Элмирбек Ага!!!!

Сиздей уулун жоготуу кыргыз эли үчүн өтө эле оор болду. Бир жыл бою сиз тууралуу эмнелер гана жазылбады, жазыла да берет. Анткени сиздин экинчи өмүрүңүз башталды.  А бирок тирүү болгонуңузда го, эскерүү эмес ээх... куттук айтып турмакпыз...

Элмирбектин видео маегин бул жерден көрө аласыз>>>>>

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз