Жемкор бийликтегилер жөнүндө икая

  • 01.02.2021
  • 3251

Кай бир өлкөдө Кыйкымчыл Адам жашаптыр. Ал дайыма өкмөттүн күмөндүү иштеринен шек санай берчү экен.

Өлкөдө чач үрпөйткөн террористик жарылуулар күчөй баштайт. Кыйкымчыл адам буга өкмөттүн да катыштыгы барынан шектенет. Анан муну коомчулукка жайылтат да, өз тегерегине тилектештерин жыйнап, бийликке каршы кыймылдуу топту түптөйт.

Бийликке каршы уу-дууну күчөткөндөн тартып өзүнүн да ити чөп жей баштаганын туюп, буга анын көңүлү курсант. Кыйкымчыл Адам анан мунун баары бийликтегилердин оппозициялык партия түптөө планы экенин түшүнөт. Эми мындан аркы аракеттерди ойлоп, кылдан кыйкым издегени күчөйт. Себебин табат: көрсө, мындан бийликтегилердин чөнтөгү толуп, эл болсо терроризм менен бийликтегилер табакташ деп ойлойт экен. Мынан ошентип ал жемкор бийликтин айыбын ашкерелеген жаңы партия түптөйт.

Арийне, жарандык согуш чыгат. Адегенде Кыйкымчыл Адам муну караламан калктын бийликке нааразчылыгынан чыккан согуш деп ойлойт. Бирок согуш бийлик тарабынан уюшулгандыгын кийинчерек түшүнөт.

Кыйкымчыл Адам ошондо бийликке каршы аскер күчүн башкарып, кыл чайнашкан кармашта президенттин кансарайын басып алат. Бирок ал президенттин кабинетине кирер замат, ачылган оозун жабалбай таңгалды: үстөлдө мурда-кийин эчкимге белгисиз кодойгон бирөө отурат. Көрсө, өлкөнү ошол башкарчу экен. Баардык окуя, баардык пландар элди уу-дуу түшүрүп, ал эмес Кыйкымчыл Адамды да жумурткадан кыр издеткен иш-пландар ушул кабинетте уюшулчу тура.

Арийне, баарын башкарган кодойгон адамдын чыныгы жүзүн эч ким билбептир. Кыйкымчыл Адам өзү божомолдоп келгендин баарын тигинин өз оозунан сурап, тактай келгенде – көшөгө толук ачылды: эч бир саясый сыры калган жок, бийликтин бетпардасы сыйрылып калды.

Кыйкымчыл Адам анан артына кайрылды да, сыртка жөнөдү. А тиги кодойгон киши болсо арттан шыбырап турганы:

– Сен кандай жыйынтыкка келбе, мунун баары биздин гана план.

Урматтуу окурман, албетте, бул притчанын автору Андрей Якушев, тек биздеги реалдуу чындык ушундай: караламан калк таламын талашкан кайсы партия, кайсы саясый топ чыкпасын, Кыргыз бийлиги эбак эле геосаясый кылтакка мойнунан илинип калган үчүн биздеги бийлик башкаруу, бийлик талаштын артында геосаясый оюнчулар турат. Мүмкүн алардын бойлору кортогойдур, бирок ойлору менен албан-субандай алдуу-күчтүүлөр мурдубуздан жетелеп алганын икаянын маани-маңызынан аңдоого ашкан акылдын деле анчейин кереги жок.

Өлкөбүз сырткы күчтөрдүн башкаруусу менен Сен же мен каалагандай болбой атканы ошондон...

О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз