Ойлодуӊбу, бир жаралган жашоодо:
Убакыт аз, көз ирмемдей болорун.
Бирок анын баасы жок кымбатын –
Адам сезбей, тез унутат оёнуӊ.
Ошон үчүн түштөн кийин түшүнөт:
Туулбасын бул турмушка эки ирет.
Жүрө берип ар кайсыга алаксып,
Өмүрүнүн көбүн текке кетирет.
Жашы короп арзыбаган иштерге,
Оюн салып, каалашынча кутурат.
Акысына алтын эмес, акыры –
Бүт өмүрүн берип анан кутулат...
КӨРӨР КҮН
Мен жаралып жайдын толук күнүндө,
Ысык Күндүн илебине бөлөнгөм.
Коӊур салкын мүнөзүм да ошондон,
Ал анткени саратанда төрөлгөм.
Ошон үчүн сүйөм мээлүүн салкынды.
Жулунбаймын атакка да, даӊкка да.
Өзүмдү өзүм кандай көрсөм өмүрдө,
Мамилем түз доско дагы, жатка да.
Өмүрдө – күз, эмнегедир көӊүл – суз.
Жашоодомун жайбаракат калыпта.
Бирок оюм опурулат биле албай,
Көрөр күнүм канча экенин Жарыкта...
КЕП ОШОНДО
Эгер мен атан эмес, айгыр болсом,
Карабай жашоонун ар капшабына –
Өзүӊдү өмүр бою өӊөрмөкмүн,
Өкүртө басып алып ат жалына.
Эгерде анаконда жылаан болсом,
Денеӊе кыл аркандай оролмокмун.
Өзүӊдү улам сыгып, соро берсем,
Тирүүлөй сен ичимде жоголмоксуӊ.
Непада кийик болсом аска-зоодо,
Зыр коюп качаар элем бир өзүӊөн.
Анткени, ким болсо да шону кылмак,
Чыдабай ит көтөргүс мүнөзүӊө.
А бирок, оо жан айым, аттиӊ арман!
Мейли күл, мейлиӊ өкүр, мейли озоӊдо.
Алдагы касиеттин бири да жок,
Боло албайм мен алардай: кеп ошондо...
СЫЙЛАШУУ
Жашоо-турмуш ага берет ар кандай,
Ар ким өзүн болушунча каржылайт.
Эӊ башкысы: сен сүйгүнүӊ бирөөнү,
А калганы эч нерсеге арзыбайт.
Өмүр кыска, өкүнүч көп жашоодо.
Болот анда жолугушуу, ажыроо.
Эӊ башкысы: сен сүйгүнүӊ бирөөнү,
Сени сүйсүн жаны менен да бирөө.
Тагдыр жиби ийирилип бүткөнчө,
Адам ашат өмүрүндө кыйла ашуу.
Жашоодогу эӊ бир асыл зор бакыт:
Бирин бири сүйүү жана сыйлашуу.
КИШИЛЕР
Жалбырактар үзүлүп сабагынан,
Күбүлүшөт күзүндө дарагынан.
Киши деле ошондой, күнү бүтсө,
Өчүрүлөт өмүрдүн барагынан.
Кубаттанып куяштын чубагынан,
Азык алат жашоонун булагынан.
Аз өмүрдүн акырын ойлогондо,
Жаны кейийт кечигип убагынан.
Башын ийип карылык курагына,
Камданышат акырет сурагына.
Ал аӊгыча аӊдыган ажал жетип,
Алып кетет түбөлүк турагына.
Ага адамзат көнүккөн, жүрө берет.
Бирөө өлсө бири ыйлап, күлө берет.
Аба, күнү, жер-суусу болсо, болду:
Кудай берген жашоосун сүрө берет...