Калык Ибраимов: Айша, кел! - 2

  • 30.11.2020
  • 3310

Сүрөттө: Бекташ Шамшиев, Калык Ибраимов

Эсил кайран каркыбар Салижан  Жигитов агайымын жаркын элесине

НОВЕЛЛА

Пролог

Он сегиз миӊ аалам деп эсебин мынчалык ким так чыгарып алганына эмгиче түшүнө албайм. Азыркынын астрофизиктери аларга сан жетпейт, чексиз дешет ко. Ал сансыз ааламдарда да акыл-эстүү, киши сыктуу, а балким, табияты башкача бир макулуктар бар дешет. Табияты башкача болгондо – кандай? Сүйүшүп-күйүшүп, адам пендеси сыӊары табигый-биологиялык тубаса оргазм ырахат инстинкти аркылуу укум-тукумун улабаса, анан алар бизден ашып кеткен кайдагы цивилизациясын кандайча өркүндөтүп-өөрчүтүп атты экен деп кээде башым маӊ.

Эротикасы, секси, оргазмы жок жашоо да - жашообу дейм. Муунактуу курттардай бири-биринин муун-жүүндөрүн кыртылдата бөлө жеп же ар кимиси өзүнүкүн өзү өлө жеп, ошо менен уругун улап көбөйө берген сезимсиз көкмээ бир байкуштар окшойт деп, а бечараларга боорум ачып да кетет. Алар бизден өтүп өнүп-өсүп кеткен макулук цивилизациялар болсо, ал макоо-пестерге анысы өздөрүнө буюрсун, ошо өз жолу менен өз күнүн өздөрү көрө беришсин. А көрөкчө биз, баарын коюп, өзүбүздүн тоо боорундагы ышкы кумар-сезимдер шакардай кайнаган “Ылай-Талаа” менен “Шаркыратмабызга” кайталы. Айтмакчы, жергиликтүү бийлик шаркыратмалыктарды күчкө салып атып, акыры өөндөгү “Тар” дарыясынын кеӊ сайына көчүрүп тынды. Акча каражат, курулуш материалдары жагынан колхоз көмөк көрсөтүп, жыл сайын жайында шаардан жардамга келчү студенттик курулуш отряды аларга там-таш, үй жайын салып берди.

Асандын баяны

Айша айтканыма көнбөй, борбор калаага окуйм деп оолугуп кетип калганы - башыма каран түн түштү. Атамдын да башын жуткан “кургак учук” илдети сүзөктөй берип, апам ооруканага жатып калды. Күндө велосипедими тээп алып, эртели кеч кабар алып турам. Бир күнү барсам, апамы сыртка бак арасына керебетин чыгарып, өзүнчө жаткырып коюшуптур. Бул эмнеси деп, эсим эки болуп, башкы врачтан сурасам: “Асан үкам, акыл-эстүү, билимдүү жансыӊ, колдон келгендин баарын жасадык, өтүшүп кетиптир, болбой калды”, - деди. Оо ошондогу апамдын мойнуман кучактап алып, кулунтайым, чырагым, кубатым деп өөп-жыттап, өрөпкүп ыйлаганы. Апакебайым, алтыным деп аптыгып, көздөрүбүз көл-шал жашка толуп, коштошо албай турганыбыз. Апам кайра-кайра акыркы айтаар керээзим: “Атаӊдын үй-жайын таштап кетпе, аны жаӊыла, урук-тукумун ула! – деп көз жашын көлдөтөт. Ал ансайын эбедейим эжигейдей эзилип, бурукурап боздойм.

Колхоздун бүтпөгөн иштеринен бүткөн боюм чарчап чаалыгып, кеч күүгүмдө кезерип үйгө баш бакканымда: “Келдиӊби, садагаӊ болоюн, алдыӊа кетейин, өпкөмү чабайын”! - деп жалынып-жалбарып, тер жыттанган мойнуман искеп-искеп күтүп алчу апам жок. Апамдын он сегиз миӊ ааламдан кезикпеген эне мээрими, кайталангыс керемет жыты жок. Мен үчүн Кудайыӊ да, ааламыӊ да, жашоо-турмушуӊ да, адамыӊ да - баары бир болуп калды. Көрсө, ушунун баары апам бар үчүн жан дүйнөмдө жашап жүргөн турбайбы деп, эт жүрөгүм эзилет. Түндө апам жок ээн тамда жетимсиреп жалгыз жатканымда оюма ар нерселер келет. Ар кайсыны көп окуп алган жаным, апамын өлгөнүнө такыр ишенгим келбей кетет. “Летаргия”, “Клиникалык өлүм” дегендерди эстейм. Апам азыр кокус өзүнө келип, тирилип алып, караӊгы көр түбүндө топуракты тырмалап, карайлап жатпасын деп, жүрөгүм оозума тыгылат. Төшөгүмдө ооналактап, эмне кылаарымы билбей эчкирип ыйлайм...

Башка багаар-көрөөрү жок оорукчан апасы бар экен, жүйөлүү себеп деп, аскерден военкомат отсрочка берген эле. Апам кайтыш болгондон кийин эч кандай “призыв” убактысы боло элек беймаал жай айларынын башында “повестка” алдым. Өӊкөй Орто-Азия улутундагылар чакырылган экенбиз. Түркмөнстандын “Кушка” шаарынын жака белинде жайгашкан аскер бөлүгүндө кызмат өтөй баштадык. Алты ай аралыгында жалпы аскердик даярдыкка кошумча БТР, БМП, атайын жүк ташуучу автомашина башкаруучу механик-айдоочу адистигин өздөштүрдүм. Кийинки жылы жайдын думуктурган аптаптуу түндөрүнүн биринде бизди “Тревога!” деп, түп көтөрө колоннага тизип алып жөнөштү. Каякка, эмнеге баратканыбызды билбейбиз. Элеӊдеп, бири-бирибизден сурап атсак, кабинада жанымда олтурган сержантыбыз: “Бир айлык учениеге”, - деп койду. Түнү бою эч кандай привалсыз тынбай жүрүп олтурдук. Эртеси күн шашкеде көкнар кучактап көйкөлгөн апийим талаалары көзгө уруна баштады. БТР, БМП, грузовик машиналарыбыз менен белчеден келген боз топуракты чаӊдатып, катуу ылдамдыкта салып-уруп баратсак биздин айыл-кыштактарыбыздагы малкана чаркарларга окшогон жалпак сокмо тамдар менен ылайдан чампаланган жапыс коргон короолордон жабыла чыга калышкан ак дамбалчан сакалдуу чалдар, чамбыл ала кир баскан жаш балдар “Шурави, шурави!” деп кыйкырышып, аркабыздан таш-кесек атып калышат. Мамлекеттик чегараны кесип өтүп, Афган өлкөсүнө киргенибизди ошондо бир билдик. Сапырылган боз чаӊдан жолдун нугу көрүнбөй, рулга өбөктөп баратып: “Бу Ооганстанда, эмне, жалаӊ чалдар менен жаш балдар жашайбы, а жаштары, катын-кыздары кайда?”- деп ойлоп коём. Афгандыктар кары-жашы дебей бүт баарысы теӊ тегиз сакал өстүрөрүн, тескерисинче, сакалы жоктор алар үчүн өөн көрүнүш экенин, а ургаачыларын эркектаналарга көрсөтпөй, чүмбөттөп үйгө камап кайтарышарын а кезде кайдан билипмин. Ошо менен “Мазари-Шарип” калаасына жакын бир какыраган ээн жайыкка жетип токтодук. Чатырларыбызды тигип, техникаларыбызды сапка тизип, тегерете кароол постторду коюп, өзүнчө аскер лагери болуп жайгашып жатып калдык.

Бир күнү өзүм айдаган грузовиктин капотун ачып, моторун чукулап текшерип атсам аркаман: “Рядовой Асан Жолдошов!” деп демиткен айбаттуу үн чыкты. Шарт бурула калып карасам, биздин бөлүктүн командири полковник Савельев экен. “Смирно!” деди. Маш буурчак жеген короздой  какайып каттым да калдым. “Вольно” деп, соӊуман жүр дегенсип колун жаӊсады. Жайгашкан чатырына кирсек, ортодо орношкон столдун босого жагындагы стулда кырмызы күрөӊ коюу сакалы көкүрөгүн көмө жапкан бир афганчы олтурганын көзүм чалды. “Таанышып алгыла, бу киши генерал Дустумдун атайын тапшырмаларын аткаруучу ишенимдүү адамы, мындан ары, рядовой Жолдошов, сен дагы менин атайын тапшырмамды аткаруучу кызматта болосуӊ. Бүгүндөн тартып экөөӊ чогуу иштейсиӊер, алдагы советтик аскер формаӊы чечесиӊ, афгандарча кийинесиӊ, аны сага прапоршик Данилов камдап берет”,- деп катуу буюрду. Полковник Савельев мага тааныштырган  адам СССР менен Афган мамлекетинин мамилеси жакшы болуп турган кезде Самаркандагы кооператив институтунан окуп келген, Афгандагы баардык улуттардын, ага кошо орус тилин да дурус билген Махмуд Усман аттуу билимдүү инсан экен. Өзүбүзчө калганда, Самарканда институттун жатаканасында Кыргызстандан келген Алабай, Балабай деген эгиз туушкан кыргыз балдар менен беш жыл бир бөлмөдө чогуу жашадык. Жакшы окушчу. Азыр алар мамлекетиӊерде бири түндүк, бири түштүк бажы кызматтарыӊарды башкарып, силердин президенттериӊердин кошелоктору болуп алган дешет го-деп менден суроолуу көздөрү менен жооп күтүп калат. Анысын билбейт экемин ака деп, таӊ калгансып тайсалдап кутулам.  Экөөбүз бат эле ака-үка болуп тил табышып иштеше баштадык. Айына эки-үч жолу курал-жарак, ок-дары салынган жашыл жашиктерди жүктөп алып “Мазари-Шариптеги” генерал Дустумдун аскер гарнизонуна каттайбыз. Махмуд ака ал жерден жүктөрдү тапшырып, алыш-бериш алака соодасын бүтүргөн соӊ, бошогон жашиктерди кузовго салып, келген жагыбызга кайтып жөнөйбүз. Башында жашиктерди бош деп ойлочумун. Кийинчерек бошогон жашиктерди афган жоокерлери ар бирин экөөлөп көтөрүп жүктөгөнүн, өзүбүздүн лагерге жеткенде биздин солдаттар да төрт колдоп түшүрүп атканын байкап калчу болдум. Анан ошондой бир жолку сапарыбыздын жүрүшүндө кызыгуу сезимим кычап чыдатпай баратканынан Махмуд акага көптөн бери тынчымды алып, көӊүл-көйүмдө жүргөн күдүгүмдү айтсам, унчукпастан чөнтөгүнөн кере карыш желим пакетти сууруп чыгып, бир бурчун бычагы менен чырт кести да, алаканына чымчым ак порошокту төгүп, тумшугуна такаган бойдон кош таноосун шуулдатып ичин карай дем тартып, искеп-искеп алды. “Вах, жаным жыргап, жаннатка кирип баратам”,-деп ордунан обдула чалкалай берип, мамлекеттик чоӊ жашыруун сырды ачып салгансып, эми түшүндүӊбү дегендей кыязда көзүн кысып, баш бармагын чычайтып, чырт түкүрүп компоюп койду. Бир саамга кулачын жазып магдырап жатып, аӊгыча түшүнөн чочугансып ойгоно калып, мени ой баскан алагар көздөрү менен тикчийе тиктеп калды. Башын чулгуганча шуу үшкүрүп: “Ээ Асанжан үкам, билгениӊден биле элегиӊ, көргөнүӊдөн көрө элегиӊ көп мадыра баш балакайсыӊ да. Силер бизлерге курал-жарак, ок-дары бересиӊер, биз сизлерге акысын ак порошок баӊгизат менен кайтарабыз. Силерге да, бизге да пайда. Буердеги офицерлериӊерди мындай коёлу, оо Москвада олтурган генералдарыӊарга чейин афгандын наркотиги менен байып, заӊгыраган дача-сарайларды салып, сайрандап атышпайбы. Жанагы ар апта сайын курал-жарак ташып келген тик учактар, канча жашик ок-дары алып келишсе, кайра ошончо жашик баӊгизат жүктөп кетишет. Ол кумарзат бүт Союзуӊарга таркатылат, калганы Европага, андан ары Америкага чейин кетет. Мына, биз сен экөөбүз кандай маанилүү мамлекеттик купуя ишти бажарип жүргөнүбүздү эми аӊдадыӊбы?”-дегенсип, өз сөзүнө өзү корстон болгондой манчыркайт. Эч кандай мамлекеттик жашыруун сырга күбө болбогон таризде мен да бөөшсүнүп, кайдыгер гана “да-а” деп демимди басып, таӊ калганымды билгизбей ичиме катып, кара күчкө калп эле улутунгансып калам. Ошентип, өзүбүздү өзүбүз жооткоткон өктөлүү күндөр өтүп атты.

“Ошол ошо болду, бойоосу канды” демекчи, бир күнү кезектеги жүгүбүздү ташып афган аскерлеринин казармасына келсек, товарыбызды кабыл алып, акысын эсептешип берчү офицер аскер башы Дустумдун тапшырмасы менен Кабулга кетиптир. Эртеӊ келет дешти. Кеч кирип кеткендиктен, түндө жол жүрүш кооптуу экенин эске алып, анан эртеӊ да убара болуп кайта келип жүрмөк белек деп, казарманын короосундагы убактылуу командировка учурунда офицерлер жатчу комсоо конок үйдө түнөп калдык. Таӊга жуук үрүл-бүрүлдө бейшебим кыстап, какжыраган каалганы “кайч” эттирип эшикке чыга калсам, Махмуд ака бастырмада байлануу турган ургаачы көк эшектин көтүнө жабышып “эметип” аткан экен. Мени көрө-сала ычкыр кашатын чала-була көтөргөн боюнча селейе катты. Көрмөксөн болуп, там аркасына өтө бердим да, ары обочодогу ажатканага кирип кеттим. Заара ушатып чыгып, каш карайган караӊгы бөлмөдө уктай албай шыпты тиктеп көпкө тунжурап жаттым. Бир оокумда Махмуд ака өзү жаткан диван керебетти кайчылдата мени карай оодарылып: “Оо Асанжан үкам, жанагы көзүӊ көргөндөн жазганып, уялбагандан өзүӊ уялып жатасыӊбы?-деп үн катты. Унчуккан жокмун. ­  --- Уялбай эле кой, бизде анын эч эрөөн-төрөөнү жок, боло жүргөн көнүмүш иш”,-деди. Ону бир эле биз эмес, эшек курту козуй баштаган бозойлор менен катын-кызга колу жетпей көзү бозоргон бойдоктордун баары кылышат. Бизде катын маселеси жүда кыйын, калыӊы каттик огур-кыйбат, машакат-мүшкүлү көп. Мына мен, жашым кырктын кырына келди, эмдигиче аял алалбай жүрөм. Арбын акча чогултуп, чырайлык бир 13-14 жашар кызды катын кылсам экен деп баӊгизат менен шугулданып жүргөнүмдүн бирден бир себеби да ушул деп улутунду. Көпчүлүк кедей-кембагалдарыбыз өмүр бою катын-кыздардын этин эмес, бетин көрбөй, тулку боюн чылк чулгаган хиджабынын жылчыгынан көзүн да  көрө албай хаяттан так өтүп куурап өлүшөт. Анан биз бечаралар эшекти сүйбөгөндө, кимди сүймөк элек”- деп өӊгөчүн тартып оор онтоду. ---- “Байларга жыргал, кааласа жардылардын 10-13 жаштагы сулуу кыздарын сураган калыӊына ата-энесинен сатып алып, дырдай жылаӊачтап, өөп-жыттап койнуна алып жатып, алар менен каалаганынча бу дүйнөнүн ырахат-лаззатын татышат, ошонун шарапаты менен жашарышат; жашоосун, өмүрүн узартышат. А биз шордууларга Кудай-таала жок дегенде ушу менен дене кумарын кандырышсын деп өзү боору ооруп, мейличи деп, эптеп энчилемиш эткен эшек байкушту эле буюрган окшойт”,- деп ичинде кайнаган армандуу бугун чыгара албай буулуга түштү. Эмне дээримди билбей, алаксытып көӊүлүн улайын деген ой менен: “Ээ Махмуд ака, силерде эмне эле киши башына эшек көп десе, көрсө, иш башкада турбайбы деп, тоолук тоӊ кыргыздарда эшек жокко эсе, бирок катын жандуу жоруктар илгери замандарда бизде да боло келген. Кыргыздын сан миӊ малдуу сасык бай чалдары көзү көрүп, сугу түшкөн кедейлердин сулуу кыздарын тизип коюп, башындагы казанбактай калдайган  суусар бөркү менен төш талаштыра бир урганда кимиси жыгылбаса, болду, токол кылганга толук жарайт деп калыӊын төлөп ала беришкен. Алар да сиз айткандай бу дүйнөнүн ырахат-лаззатын татып, ууз жыттуу наристе ургаачынын илебин искеп, этинин ысыгына жылынып, жыргап-куунап өтүшкөн го”,-дедим. ---“Ээ үкам, эртегини айтып не кыласыӊ. Ушу бүгүӊкү заманда шуравилер силерге жаннатагыдай эле жагдай-шартты түзүп берди да. Ошонун да баа-баркын билбей, силерде да азыр атасынан мурда сакал койгон жаштар, биздин катын-кыздарды туурап хиджап кийип  чүмкөнгөн ургаачылар көбөйө баштаганын угуп атабыз. Антип олтурсаӊар, эртеби-кечпи, биздин кейпибизди кийесиӊер. Силерге дагы эмне керек дейм да: катын-кыздарыӊар ээн-эркин, этектери жоон сандарына, а кээ бирлериники киндигинен көтүнүнүн башына чейин ачык, бөдөнө тумшук кош мамактары төштөрүнөн бөрсөйүп, болоор-болбос башбагып эсиӊди эӊги-деӊги кылат. Оо, андайдын четин Самарканда окуп жүргөндө мен дагы анча-мынча көрүп калгамын. Орустун ойноок оосар кыз-келиндери менен чер жазышкан ол ажайып күн-түндөр эсимден кантип унут калсын деп каӊырыгы түтөп кетти. ---Ээ Махмуд ака, коюӊчу, көп эле кейий бербеӊизчи деп, капасына кошо кайгыргандай түр көрсөттүм. Эртеси Дустумдун өкүлү менен ишибизди бүтүрүп, лагерге кайтканыбызда: “Ээ Махмуд ака, силердин Афганда эми сиз эӊсегендер эгерим эч качан болбойт да, андан көрө бир жаралган кайталанбас өмүрдө өкүнбөй жашаганды кааласаӊыз, күүдөн тайып картая элек кезиӊизде качкын болуп, саясий башпаанек сурап кечикпей бизге келиӊиз, Кыргызстандын жарандыгын алыӊыз, чырайлуу жаш келин-кыздар толтура, чекесинен чертип тандап туруп бир эмес, азирети пайгамбарыбыз өзү өрнөк калтыргандай, төрттасын алып беребиз деп, дембил болчу кезим жакын калгандыктан, дагы көрүшөбүзбү-көрүшпөйбүзбү, ким билет деген тейде аны менен биротоло кайыр-кош айтыштым. 

Айшанын аӊгемеси

Бир күнү Советтер союзу ыдырады, СССР мамлекети дүйнөлүк геосаясат картасынан жоюлду деген мен үчүн ойго келбеген жомок сыяктуу сезилген жоболоӊдуу жаӊылык кабарлар массалык маалымат каражатттары аркылуу жалпыга жайылып, заманабыз куурулуп, жашообуз аӊтар-теӊтер болду да калды. Анан “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегендей кымгуут кыйсыпыр күндөр башталды. Фабрикабыз жабылып, ичи-тышы бүт тонолуп, чалдыбары чыкты. Анда эмгектенген 200-300 кыз-келин иши жок темселеп көчөдө калдык. Мамлекеттик ишкана жеке менчикке өтүп, кожоюну алмашкандан кийин, жаӊы ээлери бир айлык мөөнөт берип, фабрика менен ага тийиштүү жатакананын ордуна заманбап соода борбору курулат, болбосо күч менен айдап чыгабыз деп  айлабызды кетиришти. Эми эмне кылабыз, каякка барабыз, кантип жан багабыз деп жашаган жатаканабыздын бөлмөсүндө мүӊкүрөп олтурсак, бир маалда баятан бери башын чеӊгелдеп тунжураган таежем: “Ээ, Айша деди, эсиӊдеби, фабрикада профком болуп иштеген Майраш деген эже бар эле го, ошо киши азыр цирктин күн чыгыш жагында узатасынан салынган түнөк акысы арзан “Кыргызстан” деген бир кабат гостиница бар эмеспи, ошону арендага алып, иштетип атыптыр деп уктум эле. Эжекелеп жалынып, ошого убактылуу башпаанек сурап барсак кантет?- деп жалооруй карады. Эмне демек элем, караӊгы тунелдин аягынан бир учкун ак жарык көрүнө калгандай, кабак-кашым ачыла түшүп, барса бара көрөлү деп улутундум. Эже бизди эски тааныштарындай жадырап-жайнап жакшы кабыл алды. “Бирок, бир несени билип койгула деди. Мен клиенттердин эсебинен ижара акысын төлөп, бизнес ишими жаӊыдан жолго коюп атам. Ким көбүрөөк клиент алып келсе, мага ошол пайда. Цирктин жанында “Байтал базар” деген ачылган. Фабрикадан бошогон кыз-келиндин баары азыр ошо жерден өздөрүн соодалап, оокат кылып атышат. Чөнтөгү жукалары эки-үч саатка, жарым күнгө макулдаштык деп ээрчишип келишет. Арасында күн-түнгө заказ кылып, төлөп койгондору да болуп калат. Мага киреше киргизгендер ошондой клиент таап келгендер. Ушуга жарасаӊар, кадырыӊар жам болсун, жатып иштей бергиле; жашсыӊар, өӊдүү-түстүүсүӊөр, силерден клиент үзүлбөйт болуш керек; тапканыӊардын жарымы меники, калганы өзүӊөрдүкү; жок, макул эмеспиз десеӊер, төрт тарабыӊар кыбыла, кете бергиле”,- деп маселени кабыргасынан койду. Эркек-ургаачынын жыныстык катнашын кезинде башыман кечирип, бир базардан өтүп калган кыйды жаным башында анча деле иренжип кыйналбадым, жаӊы кесибиме бат эле көнүп кеттим. Баягы кыздыгымды алып, боюма болтуруп койгон мугалим агай “Декамерондон” айтып берген аӊгемелердин арасында Элиза деген бир жаш айым боло турган, ошол эсиме келип, кардар менен таанышканда чын ысымымды жашырып, атым Элиза деп коём. Клиенттер ар кандай: карысы бар, жашы бар, кедейи бар, байы бар дегендей. Байлары тандем болуп иштеген таежем экөөбүздү кээде саунага алып кетишет. Аерде улам оолашып, бири-бирине салып беришет. Закускасына туздалган бадыраӊ, помидор, капуста, колбаса, балык жеп, шарактап шарап ичебиз, дембе-дем сигарет чегебиз. Анан каалашынча кумарын кандырып, черин жазышкан соӊ акыбызды берип, таксиге салып коюшат. Майраш эже бир күнү мага кардар көп чыгып, бизнесине кыйла киреше киргизип атканыма ыраазы экенин айтканча: “Алтыным Айша, Жогорку Кеӊештин аты белгилүү олигарх депутатынан өзгөчө маанидеги атайын заказ түштү; аны аткарууну сага тапшырайын, буюрса, ал акысын доллар менен арбын төлөөрүн убадалап атат, бул олжону колдон чыгарып ийсек болбойт да”,-деди. Ал анчалык эмне болгон өзгөчө заказ экен деп таӊ кала карасам, эже: “Эмне болмок эле, өмүрүн жалаӊ китеп окуу менен өткөрүп, кичинесинен эле көз айнек тагынып калган, башка эчтемеге кызыкпай, тарки дүйнө кечилдердей болуп кыз-кыркын менен мамиле кылганды да билбеген жалгыз уулу жакында Университетти аяктаптыр. Бирок анысынын турмуш университетинен ыпым маалыматы жок экен. Болуп-толуп турган чагымда кечиктирбей үйлөп, небере-чөбөрө көрсөм экен дегенде эки көзүм төрт. Бирок, кысталактын баласы, биринчи нике түнүндө катынын кантип кылышты билбей, шейшепти актай калтырып куда-сөөктүн алдында эл көзүнө уят кылабы деп чочулап турам. Ошон үчүн аны ошого даярдап, үйрөтүп койчу устат ургаачы керек болуп турат”,-дейт. Мындай күтүүсүз заказдан оозум ачылып, атургай аял менен жатып көрбөгөн бозой менен төшөктөш болуп, төш жабыштыруу, көт кабыштыруу кандай болот болду экен деп, өзүмчө кыялданып кызыгып да калдым. Эртеси депутат байке айнектери карайтылган аппак “Жип” машинеси менен келип, мени “Чаар-Таштагы” хансарайына жеткирди. Олигарх: “Эми, Элиза айым, айып этпесеӊиз, уулум менен тааныштырардан алдын агаӊдын арзыбаган чарбагын, кышкы паркын көрсөтүп койойун”,-деп ээрчитип жөнөдү.  Өмүрүмдө өӊүмдө эмес, түшүмдө да көрбөгөн керемет жасалга-көрк, көлмө-бассейн, түркүн түс тропикалык өсүмдүк-гүлдөр жайнаган бейиштин багындай болгон кооздуктан башым айланып басып баратсам, кашымда менин боюм менен барабар карышкыр азууларын арсайтып тап берип турган экен, коркконуман “апа-а-а”! деп бакырып ийсем, депутат байке: “Ой, чочуба карындашым, ал деген биздин “Бөрү” уруусунун тотеми, мени бала-бакырам менен ар дайыма колдоп-коргоп жүрсүн деп ырымы кылып, атайын айкелин жасаттырып орнотуп койгомун”,-деп апаптагандай көөнүмдү жайгарды.  “Аялым Улуттук банктын аткаруучу директору кызматында, ошого байланыштуу иштери менен учурда Швейцарияда узак мөөнөттүү командировкада; мен да кечинде артынан учканы атам. Холодильникте эмне кааласаӊ, баары бар. Акча керек болуп калса, уулумдан аласыӊ, биз жокто үйдүн кожейкеси эми сенсиӊ, Элиза чырагым, а балам менен эмне кылышты Майраш эжеӊ айтса керек, а жагын өзүӊ билгендей эптей бер”,-деди. Баласы менен учкай тааныштырып, уулуна: “Апаӊ экөөбүз келгенче сени Элиза эжеӊ тейлеп турат, айткан-дегенин аткарып, тилинен чыкпагын”,- деп катуу эскерткен бойдон кетип калды. Атасы кеткен соӊ, ишти эмнеден баштасам экен деп ойлонгончо холодильнигин ачсам, айтканындай эле, азык-оокат менен ичкиликтин албан түрү бар экен. Ашканасына дасторкон жайып, икра баштаган закускаларды жайнатып, жалтырак этикеткалуу кооз шишелерге куюлган, мен эзели даамын татып көрбөгөн импорттук ичимдиктерди столго коюп, бирөөсүн ачып бокалдарды толтурдум да: “Кана, Канат, таанышканыбыз үчүн бирден алып жибербейлиби”,- деп дароо лактырып ийдим. Аял башым менен озунуп ичип ийгениме оӊтойсуздандыбы же эркектик намысы ойгонуп, осол болбойун деп ардандыбы, айтор, ал дагы апкаарып ууртай баштаганда, университеттин баягы мени ой-боюма койбой кыстап шампан ичирип мас кылган мугалиминин орусча сөзү менен “до дна, до дна” деп бокалды оозуна такап, түп калтырбай жуткуруп салдым. Бир убакта бүткөн боюм чымырап, эки бетим дуулдап албырып чыкты. Карасам, Канат да калемпирдей кызарып, очкисин улам-улам көтөрүп, тер чыбырчыктаган көзүнүн астын кайра-кайра жүз аарчысы менен сүртүп, сүзүлүп калган экен. Атайын миссиямды аткарчу учур жакындап калганын астыртан аӊдап, уялчаак бала такыр тартынып туруп албасын, анысын биротоло мокотоюн деген ой менен аялдык амалыма салып: “Чоӊ жигит деп чоюштап, бокалдарды мелт-калт толтуруп, тостубузду жалгыз кылбай жубу менен көтөрөлү, ошондуктан ортодогу мындан аркы мамилебиз ойдогудай ысык-ынак болсун деген таттуу тилек менен дагы бирди шыӊгытып койбойлубу”, -дедим. Оборубуз ачылып калгангабы, бокалдарды шыӊгыр эттире кагыштырып, шарт алып ийдик. Ошо менен эӊги-деӊги эс-мас болуп ээрчишип уктоочу бөлмөгө кирдик да, келишкен кенен керебетке кериле сулк куладык. Жүдөбөй жеӊил жат деп сырткы кийимдерин чечип, өзүм да ич көйнөкчөн жанына жамбаштап, кучактай калып имере тартсам, дене-бою титиреп кетенчиктейт. Колуму турсигинин астынан ачакайына сала койсом, кызыган темирдей ысып-күйүп, катуу чыӊалган эки тутамдай жоон “кайбары” уучума толо түштү. Бу кибиреген кичик балада мынчалык килейген “байлык” барын күтпөгөн жаным адегенде абдаарып калдым. Анан эс токтотуп, анысын акырын сылап-сыйпап ушалаганча өзүм да дүүлүгүп, өнө боюм чымырап балкып атсам, баланын аспабы дирт-дирт этип, эрендик суусу бырт-бырт атылып алаканыма жая берди. Биртике эс алгандан кийин булганган турсиги менен майкасын шыпырып, өзүм да жылаӊачтанып, короюп кооп калган “кайбарын” жан жериме акырын абайлап киргизсем, эки-үч өпөӊдөп эле суусу бүркүлүп болбурап жатып калды. Ичкиликтин таасиринен көзүм илинип, тарс уктап калган экемин, таӊга жуук албарсты баскансып үстүм оорлошуп, демим кыстыкканынан ойгонуп кетсем, Канат эки аягымы талтайта керип алып, боорума боюн чаптап күшүлдөп-бышылдап итерип атыптыр. Мунусун мен өлгөн кишидей эс-учум жок уктап жатканымда канча жолу жасаганын билбейм, бирок дасыган катынпоздордой кадыресе каныгып калыптыр; узакка узанып, үстүмөн дегеле түшкүсү жок. Болдучу эми деп тескери оонасам, көтүмө ачкемердей жабышып, таштай каткан “кайбарын” кайра-кайра ныктай-ныктай ныгырып жанымы койбойт. Түшкө чейин чалкаман да, көмкөрөмөн да ала салдырып, өзү да көл-шал терге чыланып, эсимди оодарды. Башка аял албайм, сизди кетирбейм деп эртеден кечке жалынып-жалбарып, жаталычы деп кыйнайт. Бассам-турсам аркаман ээрчип алып баса калат. Мен деген байыркы кесип менен шугулданган байкуш шуркуямын. Атаӊ сага бажыда иштеген миллионердин суйкайган сулуу кызын эчак эле  кудалашып энчилеп койгон. Сен андан көрө күчүӊдү ошо бийкечке сакта дейм. Акыры, депутат аялы менен эртеӊ келет деген күнү Канат экөөбүз кечке эстен тангыча бири-бирибиздин кумарыбызды кандырып, ал колума 500 доллар, 2000 сом карматып, чакырып берген такси менен өз түнөгүмө кеттим.  

Майраш эже бир күнү оо өткөндөгү олигарх депутат келип кетти, сага чексиз ыраазы экенин айтып, эки-үч жылдык эмгек акыӊы төлөп койду; баламды жакында үйлөдүм эле: “Магдырай түштү жаш айгыр, байталдын жалын жазданып”,- деп Байдылда акын жазгандай, катынынын жанынан карыш чыкпай жыргап жатканын жетине албай сүйүнчүлөп, каркылдап күлдү дейт. “Уулуна практикалык сабактарды жакшылап берген окшойсуӊ, айтор бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой чечекейи чеч, сага кайра-кайра саламын жолдоп алкады”,-деп эже эркелеткендей далыман таптап койду. ---“Мен азырынча сени баштагыдай күн сайын “Байтал базарга” чык деп мажбурлабайм. Кызматыӊ өттү, эмгегиӊ сиӊди, эми эки-үч апта өзүӊө келип эс ал, калганын кези келгенде көрө жатарбыз”,-деди көзүн сүзүп. Кеч күздүн ак жааны эртеден кечке басылбай себелеп, паанайым пас, терезеден көзүмдү албай телмирем. Кантип атышты экен деп айылды, апам менен атамды, Асанды эстейм. Мектептин жогорку класстарында окуп жүргөнүмдө ыр жаза койчу ышкым козголуп: “Жаа-жаа жамгырым, оо Көк Теӊир, Көк Теӊир, эле-эле калбырыӊ”,- деп эргип кетем. Бала чакта жаанда: Өткүн-өткүн өтүп кет, Кара сууну кечип кет, калмактын үйүн чечип кет” деп кыйкырып, чачыбыз өсөт деп жамгырга башыбызды тосуп кубалашкан күндөр көз алдыма элестейт.

Ошентип кеч күүгүмдө өзүм менен өзүм болуп, оо кайдагылар эске түшүп, кусаланып-туталанып олтурсам таежем менен Майраш эже кирип келишти. “Ии, кандай эс алып атасыӊ, жакшы болуп калдыӊбы?”,- деп ал-акыбалымы сураганча, эже: “Айшаке, тынчыӊы албайын дедим эле, бирок өзүбүзгө пайдалуу бир иш чыгып калды; эки клиент келди, Россияда курулушта иштеп, үй-бүлөсүнөн кабар алганы айылына баратышкан мигранттар экен. Бизге бир түнгө жашынан, сулуусунан таап бериӊиз, акысын эселеп төлөйбүз деп атышат;  мен бул заказды башкаларга ыраа көрбөй, өзүмө жакын силерди эле сунуштасамбы дейм; жүргүлө, башыӊарды кошуп койойун деп ээрчитип жөнөдү. 10-унчу бөлмөдө ортодогу столдун үстүнө арак, пиво, закускасын жайнатып, бурулдата чылым чегип, комнатаны койуу ыш-түтүнгө чулгап, эки адам ыстакан кагыштырып арак ичип олтурушкан экен. Биз кирээр замат тура калышып, терезенин дарчасын ача сала кол булгалап ачкыл-кычкыл сасык аваны желпип күймөлө түшүштү. Түтүн тарап, ортобуз ачыла калган оокумда арык чырай узун бойлуусу мени тикчийе тиктеген тейде: “Ойпурурум о-ой, сен кайдан, Айшасыӊбы?-деп чок баскандай чочуп кетти. Карасам, Ысман агайдын бизге физкультурадан сабак өтчү бир тууган үкаси Ыман спортчу экен. “Баа” деп бакырган боюнча шарт бурулуп, эшикти карай бой урсам, Майраш эже: “Каякка качасыӊ, тур нары”,- деп алка жакадан алып бош керебетке жапшыра түрттү. Житейин десем жер жарылбай, өлбөгөн төрт шыйрагым калып, жалдырама тийген эмедей нес болуп, озоӊдоп ыйлап отуруп калдым. Ыман агай капылет кездешүүдөн өзүн күнөөлүүдөй ыӊгайсыз сезип: “Айша, кой эми, уялба; айып сенде эмес, заманда-заманда, азыр эмне, бир эле сен бекенсиӊ, денесинен башка сатаар эчтемеси жок жумушсуз жаш келин-кыздын көбү көр оокаттын айынан ушул иш менен жан багып калбадыбы,  капа болбо, бул күндөр да өтөт деп сооротуп, таежеми ээрчитип бөлөк бөлмөгө кетти. Майраш эже: “Акчасын ашыгы менен төлөп коюшкан, акысын актап, кулжуӊдабай жөн жатып бер”,- деп, каалганы сыртынан карс эттире катуу жапты. Ал кетээри менен жанатан бери үн-сөзсүз үӊкүйүп турган бука сындуу булчуйган неме эшикти лып ичинен беките калып, жаныма келди. Дасоромолу менен көз жашымы аарчып, жеӊилдеп каласыӊ, мынабу аракты ичип ий деп ыстаканды оозума такады. Арбайган колдору менен эки жаагымды капшыра кармаганча оозуму аӊырдай ачып, аракты кулкунума кулкулдатып куйганда какап-чакап кантип жутуп жибергенимди өзүм да билбей калдым. Арак ичегимен сызылып өтүп, аш казаныма жеткенде ичим ысып, каным кызып, дене-боюм дүүлүгүп дүрүлдөп магдырап бараттым. Көӊүлүм көлкүп, көшүлө баштаганымы байкаган “букачар”, көзүн сүзгөн кунаажынын көргөндөй шашып-бушуп бир заматта мени дырдай жылаӊачтап, өзү да энеден туума чечинип, керебетке жалпайта басып жыгылды. Таштай катып солдойгон узун-жоон “союлун” чыдатпай чымыраган алама жылаандай сойлотуп, күч менен солоп, түбүнө чейин суктуруп ыйкагылап, ысык суусун  бүлк-бүлк бүрккөндө ырахат-лаззаттын туу чокусуна чыкккандай жаным жыргап, охулап-ахылап, каӊшылап-кыӊкыстап, онтолоп ойдолойм. Эми бираз эс алалы дейт да, арак-пиводон сеп этип, мага да кыйнап ичирип, тырмагыман чачымын учуна чейин тытмалап жалап-жуктап, өөп-жыттап,  ар өнөрдү көрсөтүп, эӊкейтип-тоӊкойтуп, желимдей жабышып, баягысын кайра баштайт. Өлүӊгөрөйүн, өгүздөй күржүӊдөгөн күчтүү неме экен, түнү бою доӊуздай коркулдатып, тай букадай тарсылдатып, бээ көрбөгөн айгырдай бир да уктатпай улам-улам аша берип ышпалдамды чыгарды; камырдай ийлеп, этимди эзип, жанчып салды, шүмшүк айбан.   

... Эртеси кайсы маал экенин билбейм, эшиктен: “Оо Айша, турбайсыӊбы, күн түш болду го”,- деп таежем кирип келгенде араӊ көзүмдү ачып ойгондум. Жаӊы эле жуунуп-таранып чыккан окшойт, дене-боюнан, чачы-башынан сергиткен серүүн илеп келип, көӊүлү куунак. “Ыман агайыӊ атына заты жарашкан жакшы киши экен, мени көп кыйнабай сылык-сыпаа эркелетип, болгону таӊ атканча үстүмө төрт эле жолу ашты; ара-чолодо аны-муну сүйлөшүп жаттык; атаӊ-апаӊдар аман-эсен турушуптур, “Шаркыратмадан” сайга көчүшүптүр, колхоз үй салып берген дейт. Асан дагы эле бойдок дейт, ар жыл сайын төштөгү апай бетке: «Айша кел!» – деп , соко менен жер айдап жазуу жазган күн карамалары тирелип коюу чыгып, тегиз гүлдөп, күн таажысындай болгон сапсары желекчелерин желге желбиретип, кырга тоголонуп чыккан кызыл куяш сыӊары салкын көлөкөгө басылып турган ой-тоого  жайдары күлө багып, калдайган күн карама себетинен куралган алтын түстүү : «Айша, кел!» деген чакырык жазуу жай бою сени күтүп айгайлап турат экен. Ыман Асан экөөӊөрдүн сүйүү тарыхыӊарды айтып, аттиӊ, тагдырдын тамашасын карабайсыӊбы деп, кошула албай калганыӊарга аябай кейип-кепчиди. Таӊ супа садык салганда, жагып калган окшойм, мени менен кымбат адамындай кыйыла коштошуп, буюрса, дагы келем”,- деди деп, таежем тим эле өмүр бою эӊсеп күткөн ашык жарын тапкансып, жүзү жайнап тамылжыйт. Асандын менден дагы эле күдөрүн үзбөй күтүп жүргөнүн угуп, жүрөгүм сыздап, көз жашым сыгылып, улуп-уӊшудум. Алда байкуш Асаным ай, мени кел деп күн карама жазуу жазып не кылат; боюман алдырып туубас аялга айланганымы, ар эркек жыныс кумарын кандырыш үчүн эрмек кылган мади-эшек болуп калганымы билбейт да деп каӊырыгым түтөп кетти. Ордуман араӊ очорулуп туруп, терезени карасам: айнекке чаба жааган жамгырдын мөлтүр тамчылары менин кашайган көзүмөн салаалап куюлган ачуу жаш сыӊары жол-жол болуп агып аткан экен. Аны көрүп, демейкимен аруу-таза болсом деп, өзгөчө бир шарапаттуу иштер кылсам деп, адамдарга  бир башкача кубаныч тартууласам деп, катуу самап-дегдеп кетем. Өрөпкүгөн кыялым алда кайда ала качып, эргиген тула боюм бир жерге жай тура албай, толкундап ары-бери теӊселе басам. Аӊгыча, көлдөгөн көз жашым менен сырттагы көнөктөп жааган жамгырдан ала чакмактап көрүнүп, сур булут каптап сумсайган боз чаӊгыл асманга акыйып карашка аргасыз болом. Көз кырыма каз-катар тизилген үйүр-үйүр канаттуулардын жайма-жай каалгып, кайдададыр убай-чубай учуп баратышкан карайган караандары урунат. Алар эмнегедир мага Асанды карай бараткансып сезилет. “Оо каркыра-турна-ла-а-а-р, Асаныма салам айткы-ла-а, менден белги-белек болсун, ага канатыӊардан таштап кет-к-и-л--ее” деп делөөрүп кыйкырып атсам, таежем, өла ботом, жинди болгондон соосуӊбу, ушунуӊду койгунуӊ деп сага канча айтам, какшатып бүттүӊ го, алар каркыралар эмес, тээ шаардын таштанды жайынан тоюп алып, тоону көздөй кетип бараткан карга-таан-д-аа-р, ээликпей эсиӊе кел деп, кулагымды чойгулап, башымды селкилдетет. Ого бетер  озоӊдоп, буркурап боздойм. 

Эпилог

Асан аскерден келгенден кийин мурдагы эле ишине киришип, бир топ жыл колхоздо тракторчу кызматын аткарып жүрдү. Ош педагогика институтунун филология факультетин сырттан экстерн артыкчылык диплому менен бүтүрүп, кийинчерек өзү окуган мектепке кыргыз тили-адабияты сабагынан мугалим болуп орношту. Союз тарап, аны менен кошо “Ленин” колхозу да жоюлуп, жер-суусу, мал-мүлкү талоонго түштү. Чүйгүндөрүн башкарма, парторг, профком, бугалтыр, бригадир-табелчилер баштаган башчылар талап алышып, энчисине эл катары үлүш жер, анан өзү айдаган трактору тийди. Ар кимдин жерин айдап, эгин-тегинин, чөп-чарын ташып, акысына баа койбой, бергендерин алып, өз тиргилигин өткөрүп атты. Тун сүйүүсүн унуталбай, жыл сайын апай беттеги “Айша кел!” деген күн карама гүл жазуусун жазган адатынан тайган жок. Иштеп тапкан акчасына кошо “Айыл банктан” алган кредитине атасынын эски үйүнүн ордуна жаӊыча төрт бөлмөлүү үй салып, короо-жайын оӊдоду. Интернеттен дыйканчылык сырларын үйрөнүп, менчик жерине заманбап күнөскана салып, анда помидор-бадыраӊ, апельсин-лимон жемиштери жыл бойу мол түшүм берип, кардарлардын аягы суюлбай, өздөрү келип жыйнап, дүӊүнөн сатып алып кетишкен сайын байманасы ташып, бир айылдын белдүү байына айлана баштады. Эми аны эмне кылмак элем деп тракторун да сатып, ордуна жол тандабас “Нива” алды. Атамдан калган мурас деп күчү адал, эти арам аӊги эшегин гана сактап калды. Аптасына жогорку класстарга жарым ставка менен эки саат адабият сабагын өтөт, калган убактысында көбүнчө өз чарбасы менен алек. Ошондой беймарал күндөрдүн биринде ачык күндө добул ургандай суук кабар айылга желдей тарады. Айша абийирсиз безери бетбак, баарыбызды жаманатты кылып сойку болуп кетиптир, ага “Келе гөр эле келе гөр” деп, жыл сайын күн карама жазуу жазып жарлаганыӊы токтот; ушуну көрмөксүӊ деп, эми, эмне, “Айша кел”! деп сойкуну чакырасыӊбы  деп чакчаӊдап келекелегендер кекээрдей башташты. Айыл ичинде Айша экөөнүн махабаты башкы темага айланып, ар кайсы булуӊ-бурчта алардын эле ашыктык аӊызы күбүр-шыбыр кеп болуп  атканына Асан да аӊ-таӊ, эч ишенгиси келбейт. Ишендиргени: бир күнү Ыман  агайы өз көзү менен көрүп, күбө болгонун айтып бергенден кийин айкын болду. Көӊүлү көксөгөн ашыгынан көк таштай калып, 11-класста окуган Найча аттуу кызга ойу-каалоосу оой баштады. А кыз кудум Айшанын өзү: тармал чач, коймол көз, ак саргыл, сабак бүткөнчө жаагын кош колдоп таянып, өзүнө көз тигип, алда нерселерди кыялданып отурганын Асан да байкайт. Сабактын соӊунда суроо барбы десе: “Агай, менин өзүмчө бере турган соболдорум бар, уруксат болсо, аларды мага кошумча сабак өтсөӊүз, өзүӊүзгө өзүнчө айтат элем деп  артынан ээрчип алат. Эдигей Каранарын айбансыӊ деп эмне үчүн сабады дейт, ал эмне, айбан болуп жаралганы үчүн күнөөлүүбү дейт. Зарипа балдарын алып эмнеге Эдигейден качып кетти дейт. Анда Асан туюк гана Каранардан коркту да деп жооп узатат. Менин деле атамдан калган аӊги эшегим бар, аспабын чандырына чапкылап айкыра бергенде солкулдаган көк чыбык менен мен дагы аны аябай сабайым, антпесе кутуруп кетет да дейт. Агайынын нени кыйытып атканын түпкүрүнөн түкшүмөлдөп түшүнгөн кыз эки бети кызарып, көзүн ала качып жер тиктейт.  Агай, мен дагы сиздей адабиятчы болгум келет, окууну бүтсөм, Ошмунун филфагына тапшырам дейт. Мени ошого даярдап, көбүрөөк кошумча сабак бериӊиз дейт. Эч кандай кошумча сабак өтпөйм, окууга да барбайсыӊ дейт. Эмнеге деп кыз түшүнбөй калат. Анда Асан сен чырайлуусуӊ, сулууга суктангандар, кызыккандар көп болот, ошолор сени бузуп, булгап коёт, Айша эжеӊе окшоп сойку болуп кетесиӊ; азыр аны уккан ата-эненин баары кыздарын шаарга жибербей, мектепти бүтөөрү менен күйөөгө узата башташты. Экинчиден, мен уруксат бербейм, ата-энеӊ менен да сүйлөшүп койгомун, алар макул. 11- классты бүт, 18 ге чык, ошондон кийин сени өз колума алам, кошумча сабактарды  күнү-түнү практикалап баштайбыз, куда кааласа, баарын иш жүзүндө көрсөтөм;  менде эми, баары бүтүп калгансып, апай бетке “Найча кетпе!” деп күн карама жазуу жазаарым калыптырбы, ансыз да Айша экөөбүз бүт айыл-апага шерменде болдук.  Мен эми андайды сени менен кайра кайталашка жол бере албайм деп так кесе айтат. Кыз да ага ынап, тезирээк эле мектепти бүтүп, он сегизге толсом экен, агай менен практикалык сабактардан өтүп, өзү айткандай, апасынын акыркы керээзин аткарып бала-чакалуу болуп, ата-энесинин урук-тукумун уласак, турмушта андан өткөн бакыт барбы, бакыт деген ошо да деп өзүнчө таттуу кыялдарга берилет. Асан “Айша кетпе!” деп күн карама жазчу апай бет азыр эски бейит толуп калып, анын ордуна ит-куш кирбесин, мал-кал аралабасын деп айланасы темир тор менен курчалган жаӊы көрүстөн болуп калган. Ага күн алыс төштүн секисине машинелерин токтотуп коюп, өлүк көтөрүп убай-чубай көргө көмгөнү бараткандарды көргөн сайын Асан: “Атааӊ гөрү, бу беш күндүк жашооӊ “Манас” дастанында айтылгандай бүгүн көргөн эртеӊ жок, ушундай экен дүйнө бок дегендей эле бир жалган нерсе турбайбы. Мына, биз Айша экөөбүз азырынча тирүүлүктө барбыз, бирок сүйүүбүз өлдү да. А биз өлгөндө бул жашоодо башыбыздан өткөргөндөрдүн баары биз менен кошо өлөт да. Биз көргөндүн баарын балдарыбыз да кайра  көрөт да, ошентип  бу түбүӊ түшкүр дүйнө-күн улам мурункусун кайталап, андан эч сабак албай түбөлүк айлана берген бир жин даарыган дайынсыз  дөӊгөлөк окшойт, Найча он сегизге толсо, аны менен миӊ бир түндөрдү ырахат-лаззатта өткөрүп, урук уласак, анан аргасыз акка моюн сунуп кете беребиз да деп өзү ар жыл сайын соко менен жер айдап, ага күн караманын уругун сээп, анысы тегиз коолап өсүп, гүл таажыларын ачканда жай бою күн карама себеттеринен куралган “Айша кетпе!” деген алтын түстүү жазуу сүйүүнүн улуулун, ыйыктыгын жар салып, асмандагы куяш-күн сыӊары Көк Теӊирге таазим эткендей үлбүрөк желекчелерин желге желбиретип турганы – мунун баары бир көргөн түш сыяктуу утурумдук элес экен го”,- деп эси эӊгирейт...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз