Калык Ибраимов: Хронос жана Эрос

  • 08.11.2020
  • 3322

Жашоо бүтпөй жаңыланып турмагы,
Жаратканга жадыбалдай керек ко.
Жатып албай жан бүткөндүн бүт баары,
ошон үчүн баш урат да Эроско...

Жаралгандан кудуреттүү Демиург:
“урпак ула, тукумуңду курутпа”,-
деген үчүн дээринде бүт баарын
баш үйүртмө кылган тура урукка...

Бул жашоонун экстазы эрос деп,
жазылган соң Жараткандын жарлыгы,
Ошон үчүн турмуш турат токтобой,
Ошон үчүн жанталашат баардыгы.

Адам баштап ар макулук-жандыктар,
ошон үчүн оргазмга батышат.
Анан балкып лаззатында кумардын
бала болчу уруктарын чачышат.

Эзелтеден Эрос менен Танатос,
эриш-аркак келатышат бөлүнбөй.
Ал анткени тагдыры ошо, жолу ошо:
Алар эгиз - өмүр менен өлүмдөй.

ПРЕЛЮДИЯ

Ызаланган ыйлаак баламдай
ырахатка ырас каналбай,
ыбырсыган ышкы-сезимдер
ызырынат ызгаар шамалдай.

Ээсинен үмүт үзгөндөй,
ээ-жаа бербей үрүп иттердей,
опурулган ошол сезимдер –
Океанды кезген киттердей:

Октой учуп жээкке бой урат,
окторулуп ташка согулат.
Оргуштаган ошол сезимдер –
билбейм эми кантип соолугат...

КУЯШ

5 миллиард жыл болду  нур чачып турганына.
Чайындырып ал арада нурларына: Жерди-Сууну,
Фауна, флораны, фото-синтез, ава-бууну –
жаратты - акырында “адам-заттай” ашкан кууну.

Аны айтышат темоядролук реакция чордону деп.
Гений дешет водороддон, гелийден кубат тууган.
Азырынча орбитада атаандашар башка күч жок,
бир гана адамзат бар – атаандашса кубаттуудан.

Алам азыр күч топтогон атом, водород, ядродон –
кубаты-кудурети куяш-күндөн эч калышпайт.
А бирок аны кимдер кай максатта пайдаланат?
Бул суроонун жообу жок – эске алышпайт...

Куяшка теӊ чамалаш ал-кубаттуу кудурет-күч,
согуштук курал катар топтолоору-октолоору –
токтолбосо, анда эле айдан ачык: адамзаты
акыры Жер үстүнөн биротоло жок болору.

ТУРМУШ-ДЕҢИЗ

Турмушту деңиз десек чалкып жаткан,
эки жаш – анда сүзгөн кеме болот.
Экипаж башында экөө, бирок кийин
ал экөө балдарга ата-эне болот.

Деңизде сүзүү оңой-олтоң эмес,
деңиз – ал чалпоо мүнөз долу аялдай.
Опколжуп жүрөктөрү ошон үчүн,
калтаарыйт канча адамдар жолой албай.

Деңизге чыккандан соң тобокел деп,
тоо суусу жардан ылдый шар аккандай,
токтобой толкун жиреп сүзүү керек,
Махабат аралына бараткандай...

Бой тосуп бороондорго, тайфундарга,
палуба, мачталарың урап калбай,
бек кармап штурвалды, парус жайып,
ал анда жүрүүң керек пираттардай.

Деңизге аттанган соң кол кармашып,
бошошуп орто жолдон солуп калбай.
Сүрдөбөй сүзүү керек Америка ачкан
Америго Веспуччи, Колумбдардай.

Бой тосуп бороондорго, тайфундарга,
палуба, мачталарың урап калбай.
Деңизге аттанган соң кол кармашып,
жан үрөп сүзүү керек пираттардай...

КЫЗ-ЖИГИТ

Тестестерон-гормондон каны кызып,
кыз-жигиттер каалашып ашык болот.
Ынтык кылган ышкылуу сезимдерден
ээлигишип потенция ашып-толот.

Анан болот өмүрдө миӊ бир түндөр,
эс оодарган оргазм-ырахаттар.
Эгеӊ сенин энчиӊе жазып койгон –
андан ашкан дагы кандай ырахат бар?..

Ошо менен ыбырсып күндөр өтөт.
Бала багып, оокат деп каржаласыӊ.
Анан бир кез өзүӊ да аӊдабастан,
акырындан алсырап картаясыӊ.

Организм, оргазм күүдөн тайып,
Шай оодарса простатит-аденома -
ошондон соӊ  кайдагы жыргал жашоо,
кайдан болуш кайрадан – Казанова.

Ошо менен кетесиӊ бу дүйнөдөн,
А артыӊда бала-чака урук калат.
Ошолор кайра улашат ушул жолду –
ал ансыз турмуш жүрбөй туруп калат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз