Калык Ибраимов:Табигат белгилери

  • 21.10.2020
  • 3278

Жалбырактар жабыла жерге түшүп,
Жылдыз учуп асмандан жылас болсо.
Таӊда-кечте кызарган Күн нурлары,
Булут басып өчөөрү ырас болсо –

Гүл жайнаган керемет жайыктар да,
какжыраса айланып такырларга.
Закым өӊдүү өзгөрмө бу дүйнөдөн,
Анык болсо өтөөрүӊ акыр жайга -

Анда неге кынжылып кыйналасыӊ?
Кудай берген өлчөлүү жашыӊ барда –
Өзүӊ каалап билгендей жашаганга,
Сенин дагы табигый акыӊ бар да...

КАРАӉГЫЛЫК

Көрмөксөн боло берип көп ичинен,
Жакшыны, асылдыкты, адамдыкты.
Көрбөстөр көрө албаска айланышат,
Туу тутуп жалаӊ гана жамандыкты.

Көзүнө кара таӊуу тагып алып,
Акты да, асылды да каралашат.
Асылып  көрүнгөнгө ач кенедей,
Көптөрдүн көкүрөгүн жаралашат.

Улутка, динге бөлүп адамдарды,
Караӊгы капасына камагандар -
Азгырып караламан калайыкты,
Жүрүшөт азыр деле араӊарда.

Көр болбой ошон үчүн көзүӊдү ач,
Ааламда ар адамдын туругу бар.
Өзүнөн башкаларга окшобогон,
Өзгөчө ыйык деген кумири бар.

ЖАН-ЖАНЫБАР

Баардык тирүү макулуктун жаны бар.
Ошон үчүн кыргыз айтат - “Жаныбар”.
Алардын да жашоосунда Жараткан –
Алдын ала жазып койгон заӊы бар.

Айбандар да биз сыяктуу сүйүшөт.
Бирде күлсө, бирде ыйлап жүрүшөт.
Урук-жаатын кастарынан сакташып,
Жакынына жан тартышып күйүшөт.

Биз билбейбиз айбанаттын акылын
Арийне алар бир тууганын, жакынын –
Адамга окшоп эч убакта сатышпайт,
Шундан улам билсе болот асылын...

Көргөнүмдө моюндашып көрүшкөн:
Жан-жаныбар, ак кууларды өбүшкөн.
Эмнегедир жаным ачып, адамды -
Уяламын “айбансыӊ!” деп сөгүштөн...

АСКЕТ

Сүкүт салып диетада ачкарын,
Сугун артат аталага-жармага.
Кыялданып өӊүндө да түшүндө,
Аӊсаганы – ал ажайып Нирвана.

Унут кылып тирүүлүктү - дүйнөнү,
Арыгынан: ач арбактай – сүлдөрү.
Көксөгөнү - үчүнчү көз ачылбай,
Дебил болуп, өтүп жатат күндөрү.

Денесинин дем-кубаты, күчү өлгөн.
Ышкы-кумар либидосу бүт өлгөн.
Буга окшогон евнухтан жашоонун –
Качан, кайсы тешиктери бүтөлгөн?..

Опоосу жок ошол жалган Нирвана,
Ой-сезимден жоголуучу күн кана.
Андан көрө жырга-кууна, кубангын,
Бул дүйнөгө жаралгансыӊ бир гана.

АТЕИСТТИН ЖАН СЫРЫ

“Аркы дүйнө, кудай, бейиш, тозок жок.
Анын баары ойдон чыккан жалган сөз.
Жомок болуп, аӊыз болуп айтылып,
Байыртадан баш айлантып калган сөз”.

Бул акыйкат илим-билим окуудан -
Суу сыӊары сиӊген мага жашымдан.
Ошентсе да, кээде күдүк ой келет  –
Аӊ-сезимдин түпкүрүндө жашынган:

А эмне экен, кокус кудай чын эле –
Бар болсочу, анда кандай? Балээ да.
Биз ошондо баардыгынан кур жалак,
Калабызбы жалгызсырап - талаада?

Бирок кантип ишенесиӊ бар-жогу –
Билинбеген белгисиз бир кайыпка?
Кана ал айткан кабарчылар - периште,
Калп сөзү үчүн жыгылбайбы айыпка?

Анан дагы кеп кылышат бал сүйкөп:
Будда, Христ, Кришналар тууралуу.
Алар өзү күндөштөрдөй урушса,
А биз кандай амал-арга кылалы?..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз